Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, сайга оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болуп, бир жаран жаракат алган. “Жерине ӨКМден 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адам “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп берилди”, – деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.