Categories

Алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 адамга издөө жарыяланган

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети алименттик милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлгө алган “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.  Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Андагы маалыматтарга караганда, 2017-жылы “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилген. Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыкты. Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө.

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин маалыматына караганда, ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланган.

 
Categories

ЖКда аңчылыкка тыюу салган мыйзам каралат

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 11-февралда аңчылыкка тыюу салган мыйзамды карайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында жарыяланды.

Эскерте кетсек,өткөн жылдын 26-октябрында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн. Анда аңчылыкка чек коюп, жапайы жаныбарларды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталган. 

 
Categories

Трамптын таңкы чайына чакырылган эл өкүлдөрү

АКШ Конгресси тарабынан президент Дональд Трамптын салттуу эртең мененки тамагына Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Алимбеков,Улугбек Ормонов, Алмамбет Шыкмаматов Жылдыз Мусабекова жана Абдыбек Дюшалиев чакырылды. Бул тууралуу эл өкүлдөрү өздөрүнүн соцтармактардагы баракчаларына жарыялады.

Маалыматка ылайык, аты аталган депутаттар 3-февралда Америкага учуп кетишкен.

Жыл сайын АКШ президенти февраль айында улуттук таңкы сыйынуу тамагын өткөрүп, ага дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинин эл өкүлдөрү чакырылат. Мындай жөрөлгө 1953-жылдан бери уюштурулат

Трамптын таңкы чайына чакырылган эл өкүлдөрү Трамптын таңкы чайына чакырылган эл өкүлдөрүТрамптын таңкы чайына чакырылган эл өкүлдөрү

 
Categories

ИДП мигранттардын эсебинен өсүп жатабы?..

Учурда Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан ар кандай маселелер айтылууда.

Депутат А. Карашев: “Өткөн жылы түз инвестиция азайды. Жумуш орундары түзүлгөн жок. Бир гана сырттагы эмгек мигранттарыбыз өлкөбүзгө өткөн жылга салыштырмалуу 200 млн. долларга көп каражат которгон.  Балким, Ички Дүң Продукциянын өсүшү сырттан келген каражаттын эсебинен болуп жаткандыр. ИДПнын өсүшүнө эмне себеп болгонун өкмөт так изилдеп, айтсаңыздар” – деди.

Эске сала кетсек, атайын маалыматтарга таянсак, өткөн жылдын акыркы он айында башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 2 млрд 242,9 миллионго жеткен. Бул көрсөткүч 2017 – жылга караганда, 160,2 млн долларга көп болду. 90 пайыздан көп каражат Орусиядан которулуп, анын көлөмү 2 млрд 203 млн долларды түзгөн. Андан кийин турган АКШдагы эмгек мигранттарыбыздан  21,8 млн доллар которулган.

 
Categories

Депутат Кожобек Рыспаев: «Өкмөт паспорттогу «улуту» деген графаны ордуна койсун»

Жогорку Кеңештин жыйынында паспорттогу улуту деген графанын алынып салынышы боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев: “Өзүӊөр жакшы билесиӊер, кезинде паспорттогу «улуту» деген графа боюнча калк арасында катуу талкуу болгон. Тилекке каршы, Өкмөт коомчулуктун, анын ичинде депутаттардын пикири менен эсептешпей, өз токтому менен биометрикалык паспорттон аны алып салган. Өтүнөрүм, жарандардын улутун жайына койгулачы.

Жарандын улуту жөнүндөгү маалымат чипке түшүрүлгөн дешет, анын эмне кереги бар. Коомчулук талап кылып жатат, паспорттогу «улуту» деген графа көрүнөө турушу керек. Ошондуктан, Өкмөткө аны ордуна коюу боюнча протоколдук тапшырма бериш керек», – деди.

 
Categories

Бир эле курулуш компаниядан жабыр тарткандар 800 гө жакын…

Аида Исмаилова бүгүн “Парламент” радиосуна маек куруп, курулуш тармагындагы бир топ көйгөлөргө токтолду. Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жеке салымын кошуп, турак – жайлуу болууну каалагандардын арасында тилекке каршы көйгөйгө кабылгандары да жок эмес. Мындай абалга туш болгондор парламентке кайрылып, арыз – армандарын айтып келишет.

Аида Исмаилова: “Иликтеп көрсөк, бир эле курулуш компаниядан жабыр тарткан тургундардын эсеби 800 гө чамалаптыр. Жалпы эсептей келгенде 4 миңдей жарандар үй куруудагы үлүштөрүнөн кур жалак калган деген мисалдарды да санап берген эксперттер бар”, – деди.

Анын маалыматтарына караганда, кырдаалдын картинасын көрүп, турак жай сатып алууда алданган жарандардын укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы иштелип жатат. Бул багытта өкмөт өкүлдөрү, курулуш тармагындагы адистер, юристтер жана тиешелүү тараптар менен биргеликте иш жүргүзүлүүдө.

Бирок, курулуш компаниялары сунушталып жаткан мыйзам долбоорунан чоочулашууда. Мындай аракет курулуштун  алсызданышына, экономиканын басаңдашына алып келиши мүмкүндүгүн айтышууда. Бирок, андай тынчысданууга негиз жок.  Мыйзам долбоорунда эки тараптын тең кызыкчылыктарын тең салмактай турган сунуштар камтылып, бардыгына өкмөт өзү көзөмөлдүк кыларын айтат.

 
Categories

Депутат Экмат Байбакпаев: «Быйыл суу аз болот»

Качанга чейин күтүп отура беребиз, жаӊы энергетикалык кубаттуулукту киргизүү жөнүндө убада кылынганына карабастан, ал ушул кезге чейин ишке ашырылган жок. Өкмөт тезинен тендер жарыялап, заманбап жабдууларды сатып алышы керек. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетте энергетикалык тармактын абалы, келечеги жана аны өнүктүрүү боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кенештин Басма сөз кызматы билдирди.

Экмат Байбакпаев: «Алдынала болжолго караганда, быйыл суу аз болот, ишти тезинен башташ керек. Биз кетебиз, каржы таӊсыктыгы кала берет, аны менен кошо милдеттенме да аткарылбайт. Бул багытта азыртан иштиктүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Эгерде жаӊы энергетикалык кубаттуулук ишке киргизилбей турган болсо, энерготармактын жетекчилери отставкага кетиши зарыл. Алардын айынан келечек муун энергиясыз калып отурат», – деди.

«Биз деле ал маселе боюнча тынчсызданып турабыз, бул багытта иш жүргүзүп жатабыз. Өзүӊөр жакшы билесиӊер, шашылыш чечимдер кабыл алынганынан улам, энергетика тармагына жаӊы кубаттуулукту киргизүү жаатында көптөгөн каталар кетирилген, азыр абайлап иш кылбасак болбойт. Бирок, аны аягына чыгарабыз», – деп, жооп кайтарды биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

 
Categories

Кыргызстанда жаңгактын жаңы түрү өстүрүлөт

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов жаңгак өндүрүүчү түркиялык “Атлас” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Аталган компания Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында жаңгактын жаңы түрүн өстүрүү боюнча окутуу иштерин жүргүзүп, жергиликтүү элге семинарларды өткөрүүдө. Ага ылайык жолугушууда сунушталып жаткан жаңгак түрүнүн Кыргызстанда өскөн жапайы жаңгак токойлорунан айырмачылыгы жана анын артыкчылыктары талкууга алынды. “Атлас” компаниясынын өкүлү Сердал Ажардын айтымында сунушталып жаткан жаңгак дарактарынын айрымдары бир жылдан соң эле түшүм бере баштайт жана өтө бийик өспөйт. Мындан тышкары, отургузулган жаңгак дарактарын алгачкы беш жыл аралыгында аталган компания өзү көзөмөлгө алып, кеңешин берип турат.

Депутат Алмазбек Эргешов сунуш колдоого татыктуу экенин белгилеп, жаңгактан башка кара өрүк жана мисте сыяктуу жемиш дарактарынын да жаңы түрлөрүн жайылтуу зарылчылыгын айтты.

Алмазбек Эргешов: “Бизде жаңгак өстүрүүгө ылайыктуу аймактар арбын. Андыктан, анын түшүмдүү түрлөрүн өздөштүрүү аркылуу, Түркия сындуу өлкөлөргө экспорттоо жагын да чечишибиз керек”, – деди.

Кошумчалай кетсек, “Атлас” компаниясынын көмөгү менен Чүй облусунун Сокулук районуна жаңгактын жаңы түрлөрү отургузулган.

 
Categories

Алтынбек Сулайманов: «Көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун»

Бүгүн ЖКда депутаттар тарабынан ар кандай маселелер айтылды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Депутат Алтынбек Сулайманов: «Ушу тапта Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Анын артында кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүп турат. Баш мыйзам 9 жолу өзгөртүлүптүр, дагы качанга чейин өзгөртө беребиз? Буга чейинки конституциялык өзгөртүүлөр ар дайым бир эле максатты – бийлик рычагын бекемдөөнү көздөп келген. Менимче, Конституцияны өзгөртүү туура эмес. Референдумда элибиз парламенттик башкаруу жолун колдогон, анын эркин сыйлашыбыз керек

Жогорку Кеӊештин 80 жылдык маарекесине арналган иш-чарада «легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов Конституция өзгөртүүлөрдү киргизүү эртелик кыларын айткан болчу, мен ага кошулам. Биз Баш мыйзамдын иштешин камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун», – деди депутат.

 
Categories

Парламентте КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү шайланды

КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө Атыркүл Сарыбаеванын талапкерлиги колдоо тапты. Бүгүн, 30-январда парламентте дал ушул маселе көтөрүлүп, анда беш адамдын талапкерлиги каралды.

Бул ирет аталган кеңешке 2017-жылдын апрель айынан бери мүчө болуп келген Айгүл Жунушалиеванын ордуна Мирбек Мурзабековдун, Нургазы Мусаевдин, Маркабай Ааматовдун, Чынара Капарованын жана Атыркүл Сарыбаеванын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Түшкө чейинки добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова эң көп добушка ээ болгон. А бирок, депутаттардын талаш пикиринен кийин бул маселе түштөн кийинкиге калтырылып, Капаровага берилген добуштар жокко чыгарылган.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар.