Categories

Парламент чукул жыйынга чогулат

Бүгүн күндүзгү саат 14.00дө Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулат. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, бул жыйынга парламент таңдан бери даярданып жатат.

 
Categories

Депутаттар эс алууга кетишти

VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V сессиясы өз ишин аяктады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кечээ жыйын соӊунда  расмий жарыя кылды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы депутаттар сессия мезгилинде кыйла алгылыктуу иштөө менен, өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан бир катар өтө маанилүү мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынганын, өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн орчундуу иш-чараларга өткөрүлгөнүн баса белгилеп, алгылыктуу аракеттери үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.

Ал эми Жогорку Кеӊештин келерки сессиясы, мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.

 
Categories

Аида Касымалиева Атамбаевге кайрылуу жасады.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

Анда Атамбаев шайлоодо партияга жардам берүүсүн суранганын, маалымат катчы болуу үчүн чакырганын, депутат дымагы болбогонун, партиянын да ылдыйкы тизмесине жайгашканын айтты.

“КСДП менен сени алып келдим эле. Эмне үчүн сатып жатасың?”-деген маселенин коюлушу туура эмес. ЖЭБди модернизациялоо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинде менин зээним кейиген. Кой-Ташты аралап барсам, мага кызыктай сезилди. Кечээ атчандарды чакырып, таш чогултуп, курал колдоном дегендери туура эмес. Атамбаевдин түндүк-түштүк маселесин көтөрүп жатканы уят жана тарых муну кечирбейт. Алмаз Шаршенович, эгер сизге өлкөнүн келечеги керек эмес болсо, менин кызыма, балама, балдарыбызга керек”,-деди Касымалиева. 

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште 103 депутаттын добушу менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынды. Атайын депутаттык комиссия түзүлүп , Атамбаевге 6 айып тагылган. Башкы прокуратура анын бешөөсүн негиз бар деп чечим чыгарган.

 

 
Categories

Атамбаевди “экс-президент” макамынан ажыратууга добуш берген эл өкүлдөрү. Тизме

Экс-президент Алмазбек Атамабевди кол тийбестик макамынан ажыратууга добуш берген депутаттардын тизмеси. Аталган маселе боюнча чечимди 103 депутат колдоп, 6 депутат каршы болгон.

Мыйзам боюнча мамлекет башчыларын “экс-президент” статусунан ажыратуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү добуш бериши керек.

Результаты голосования Жогорку Кенеша за лишение Алмазбека Атамбаева статуса экс-президента

 
Categories

Атамбаевдин кол тийбестиги депутаттардын 103 добушу менен алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин карашты. Алгач Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берди.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган дооматтардын бешөөнү негиздүү деп тапкандыгын айтты.

Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми бийликти узурпациялап алган, саясатчыларга мыйзамсыз куугунтук жасаган деген доомат жабыр тарткан адамдар тарабынан арыздануулардын негизинде жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу каралышы мүмкүндүгү айтылды.

Жыйынтыгында депутаттардын ачык добуш берүүсүнүн негизинде  Атамбаевден кол тийбестиги 103 депутаттын добуш берүүсүнүн негизинде алынды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан.

 
Categories

Жанар Акаев: Украинанын мурдагы президентти Януковичтин унитазы алтын экен

Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин карашууда.

Депутат Жанар Акаев: “Бул иште баары мыйзам чегинде жасалышы керек. Эч кандай саясий көз караштары ар башка адамдарга карата жасалбашы керек. Экс-президент дагы ызы-чууларга жол бербей өзүнүн статусуна татыктуу болушу зарыл.

Өткөндө түштүк кореяда 8 президенттин камалдгандыгы тууралуу бекер айткан эмесмин. Мындан кийин президенттерге сабак болгудай таза иш жасайлы.

Украинанын мурдагы президентти Януковичтин унитазы алтын экен. Аны азыр музей кылып алышты. Дүйнө эли билсин дешип, туристтерди тартып жатышат”,-деди.

 
Categories

Депутат Мадеминов: Атамбаевдин талкаланып жаткан учурдагы эмгеги эске алынбай чечим болуп жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин карашууда. Алгач Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берди.

Жыйын суроо – жооп иретинде уланууда.

Депутат Мурадыл Мадеминов: “Сиздин сөздөн кийин мамлекет демократиядан кетип жаткандыгын түшүндүм. Экс-президент Атамбаевдин талкаланып жаткан учурундагы эмгегин эске албай чечим болуп жатат. Бул айыпты уюшкан топ катары баалаганыңызды убакыт көргөзөт. Муну кийинки парламент тактайт”,-деди.

 
Categories

ЖК: Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси каралууда. Түз эфир

Учурда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси каралууда.

 
Categories

Парламентте Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси каралат

Парламентте бүгүн, 27-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси каралат.

Токтом долбоору күн тартибине бешинчи маселе болуп кирди.

Буга чейин Башкы прокуратура Атамбаевге атайын комиссия тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканын билдирген.

 

 

 
Categories

Өлкөнүн тышкы карызы боюнча жумушчу топ түзүлдү

Бүгүн, 25-июнда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулду. Бул маселе депутат Каныбек Иманалиев тарабынан демилгеленген. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Комитет жыйынында аталган маселе боюнча  Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов, илимпоздор Асылбек Айдаралиев жана Кулубек Бөкөнбаев баяндамалары менен чыгышты.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү өлкөнүн тышкы карызы боюнча жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле 2019-жылдын октябрында бул маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүү пландаштырылды.