Categories

И. Карамушкина Юстиция министрлиги С. Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттаганын айыптады

Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында депутат Ирина  Карамушкина Юстиция министрлиги “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттаганын айтып чыкты.

Депутат И, Карамушкина: “Менин кайрылуум президентке жана президенттин аппаратына багытталат. Юстиция министрлиги А. Атамбаевдин ордуна С. Абрахмановду КСДПнын лидери катары каттады. Партиянын  жайгашкан жери да өзгөрүптүр. Юстиция министрлигин партияны кайрадан каттаганга аргасыз кылды. Биздин талапты аталган министрлиги көзгө илген жок”,-деди.

Андан соң “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы эч жерде катталган эместигине, кайсыл документтин негизинде катташкандыгын айтып, Юстиция министрлиги жооп берүү керектигин өтүндү.

Ушул эле учурда айрым маалымат каражаттарында Юстиция министрлигинде КСДПнын лидерлигине Сагынбек Абрахмановдун катталгандыгы ачыкталган күбөлүктүн сүрөтү да жарыяланды.

 
Categories

А. Исмаилова: Ооганстандан келишкен бир боорлорубуздун суроолоруна жооп бере албай калдык

Учурда Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан ар кандай маселелер айтылууда.

Депутат Аида Исмаилова: “2017- жылы Афганистандан биздин бир боор кыргыздарды Нарын облусуна көчүрүп келишкен. Жакында биз алар менен жолугушуп келдик. Баары 50 адам экен. Бизге бир топ көйгөйлөрүн айтышканда аларга жооп бере албай калдык. Балдарын окутууда жана жеке жашоолорунда көйгөй болуп жатыптыр. Алар биздин атуулдар эмес экен. 2 жылдан бери эмнеге атуулдукту ала албай жүрүшөт?

Алар укуктарын билбейт. Эмнеге жергиликтүу бийликтер жардам бербей жатышат? Гуманитардык жардамдар барып жатат. Бирок, үй менен аларды камсыздаш керек. Башында аларды алып келгенде пиар кылышып,  ошондон кийин көңүлдөн сырт калышты. Анда  аларды эмнеге алып келишти”,-деди. Андан соң депутат  алар тууралуу атайын комиссия түзүп, тешкерүү керек экендигине токтолду.

 
Categories

И. Масалиев Башкы прокурорду жарга такады

Өткөн жылы 920 кылмыш иши ар кандай себептер менен кыскартылган. Бул эмненин белгиси? Айрыкча 411 кылмыш иши Фин полициядан кыскарган. Биринчи козгоп анан кыскарткан сооданын иши. Бул жаман нерсе. Муну баарыбыз түшүнүп турабыз. 73 пайыз кылмышкерлер жумушу жоктор экен. Мындай пикири менен депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду жарга такады.

Андан соң УКМКнын курамындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мурдагы президенттин указы менен түзүлгөнүн, ал Баш мыйзамга каршы келээрин айтты.

И. Масалиев: “Силер коркпостон Президентке, Жогорку Кеңешке сунуштап Финполицияны кошуп, коррупция менен иш алып баруучу өзүнчө мекеме түзөлү”,-деди.

 
Categories

Ө. Жамшитов: Азиз Батукаевдин иши январдан бери жанданган

Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өткөн жылы жасалган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: “Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши январдан бери жанданган. Бул иш боюнча тийешелүу адамдар суралган.  Дагы суралып жатат”,-деди.

 
Categories

Ө. Жамшитов: 1700 дөн ашык жарандарыбыз чет өлкөлөрдө түрмөлөрдө жазаларын өтөп жатышат

Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өткөн жылы жасалган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов:  “Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 1700 дөн ашык жарандарыбыз чет өлкөлөрдө жазаларын өтөп жатышат. Россияда 1453  киши түрмөлөрдө отурушат.  Казакстанда 212 киши, Тажикстанда 34, Түркияда 8,  Өзбекстанда 19, Кытайда 18, Германияда 14 жараныбыз түрмөдө.

Булар боюнча атайын иштерди жүргүзүп жатабыз.

Анын ичинен 124 биздин жарандар Кыргызстанга жазасын өтөгөнгө  алынып келинди”,-деди..

 
Categories

Депутат Т. Икрамов “Азия Молл” соода борбору жайгашкан жер кандайча жеке менчикке өтүп кеткенине кызыкты

Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өткөн жылы жасалган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

Ө. Жамшитовдун маалыматынан кийин жыйын суроо- жооп иретинде уланууда.

Депутат Тазабек Икрамов:

-«Азия Молл» соода жайы  турган жер футбол ойночу стадион эле. Кандай себептен соода борборуна айланып кеткен. Жеке менчикке ким аркылуу өткөн. Ошол эле учурда футболго жаңы стадион куруш үчүн жер издеп жүрөбүз?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов:

-Ал жер учурунда жеке менчикке өтүп кеткен. Бул маселе Жогорку Сотко чейин жетип, жеке менчикке калтырылган. Жогорку Соттун чечими акыркы чечим.

 
Categories

Бүгүн башкы прокурор Ө. Жамшитов ЖКда маалымат берет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өткөн жыл ичинде жасалган иштери тууралуу маалымат берет.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин коррупция менен күрөшүүдө Башкы прокуратура жетекчилигине карата коомчулукта нааразычылыктар пайда болуп келгендиги маалым.

Эске сала кетсек, кечээ Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде Башкы көзөмөл мекемесинин 2018-жылдагы аткарылган иштери тууралуу маалыматы угулган.

 
Categories

З. Аскаров: Бир машине айнегин караңгылатканы үчүн 400-500 доллардын тегерегинде акча төлөйт

Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, өкмөт автоунаалардын айнегин караңгылатууну («тонировка») мыйзамдаштырууну карап жатат.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Бюджетке кошумча каражат түшүрүү үчүн «тонировка» боюнча депутаттардын сунушун эске алуу менен биз өкмөттө маселе көтөрдүк. Бир машинеге жылына 400-500 доллардын тегерегинде деп мыйзам долбоорун карап жатабыз. Мындан кошумча каражат түшөт», – деди.

Буга чейин парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Исхак Пирматов «тонировканы» мыйзамдаштырууну сунуш кылышкан. Бекешев жыл башында тиешелүү мыйзам долбоору да даяр экенин билдирген.

Мыйзам боюнча автоунаасынын айнегин караңгылатып жүргөн айдоочуларга салынчу айыппулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 3 миң сом болсо, юридикалык тараптар үчүн 13 миң сом.

 
Categories

М. Абылгазиев:  “Экономикабыздын “Кумтөргө” байланып калганы чоӊ жаӊылыштык

Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты. Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн 2018-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди.

Экономикалык өсүшү 3,5 пайыз деңгээлинде түзүлүп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДПнын өсүшү боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДП өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3,0 пайызды, инфляциянын деңгээли 100,5 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болду. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Премьр-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:  “Экономикабыз “Кумтөргө” байланып калган экен, менимче бул чоӊ жаӊылыштык болгон, муну оӊдошубуз керек. Өткөн жыл кыйла сынаакы мезгили болду. Өкмөт өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүш камсыз кылынды.  Өкмөттүн башкы милдети макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын Өкмөткө карата ишенимин бекемдөө болуп саналат», – деди.

 
Categories

Абылгазиев: Быйыл 12 ири ишкананы ишке киргизебиз

Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк фракциясынын депутаттарына премьер-министр  М. Абылгазиев өкмөттүн жасаган иштери тууралуу маалымат берүүдө. Жыйын суроо-жооп иретинде уланууда.

Депутат Кубанычбек Жумалиев:

– Быйыл Кыргызстандын Ички Дүң Продукциясынын 3,3 пайызга өскөнү жакшы көрүнүш. Бирок, Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү мындан да  чоң. Кумтөрдү алмаштырчу ишканалар барбы? Быйыл өлкөбүздө канча ири ишканаларды ишке киргизгенге максат кылып жатасыздар?

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев:

– Быйыл кудай буюрса Чаткалда “Кичи – Чаарат” алтын кен ишканасы, Кайыңдыдагы металл иштетүүчү завод ишке кирет. Ага  70 млн. АКШ доллары инвестиция жумшалат.  Таластагы “Жер – Үй” алтын кенине Орусия тарап 600 млн. доллар жумшаганы турушат. Анын бир бөлүгү ишке кирет. “Макмал” алтын кени, Эркин Экономикалык Зонада дагы эки ишкана жана башка  12 ишкана ишке кирет.  Ошто текстил фабрикасы курулуп жатат. Ага 50 млн . доллар жумшалат.