Categories

ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери көлгө чөгүп бара жаткан эки жаранды куткарып калды

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан санаторийлердин биринде Ош облусунун тургундары А.Ш. жана З.Ш. аттуу бир тууган эже-сиңдилер көлдүн жээгинен сууга түшүп жатып чөгө баштаган. Сыртта карап турган кызы жардамга чакырып кыйкырган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ошол учурда, ошол жерде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери, №2 батальондун №1 ротасынын командиринин орун басары Тынчтыкбек Борбиев сууга чөгүп жаткан адамдарга жардам берүүгө умтулуп, аларга чейин сүзүп барып, жогорудагы көрсөтүлгөн жарандарды куткарып, суу жээгине алып чыккан. Андан соң, 102 кызматына чалып, ыкчам топ чакырылган. Ыкчам топ келгенче жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ыкчам топ келген соң, жабырланган жарандар эч кимге болгон окуя боюнча арыз дооматы жок экендигин, эч кандай медициналык жардамга муктаж эместигин түшүндүрүшкөн. Куткарылган жарандар милиция кызматкерине ыраазычылык айтышып, ошол жерден эс алган ордуларына тарап кетишти.

 
Categories

Билалидин ажы Сайпиев Бишкектеги майып адамдарга 45 000 сом битир-садака таратты

Бишкек шаарындагы 6 кичи районунда жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын даават, үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев битир-садака таратты.Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган райондон ыйык Рамазан айында I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптар жалпы 90 адам арыз жазып, жардам сурап Муфтиятка кайрылган. Мунун негизинде КМДБдан түзүлгөн атайын комиссия 45 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп, аны Билалдин ажы Сайпиев майыптар жашаган районго барып, өз колу менен ар бир жаранга 500 сомдон тапшырды.

6 кичи райондун № 2\2 үй комитетинин башчысы Жаңыл Караеванын айтымында, бул үйдө көзү азиз, жардамга муктаж үй-бүлөлөр жашаарын, жыл сайын аларга Муфтият жардам берип, көмөк көрсөтүп келээрин белгиледи.

 
Categories

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Атамбаевдин кол тийбестиги каралууда

Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин карашууда. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берип жатат.

Эске сал кетсек, Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Парламенттин токтомун 100 депутат колдогон. Бул ирет 80 депутаттын макулдугу менен кол тийбестик алынат.

 
Categories

Бишкекте 17 жаштагы Нурия Кашкинова изделүүдө

Бишкек шаарында 2002-жылы туулган Нурия Кашкинова изделүүдө. Ал үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда “Ак-Босого” конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Бою 167 см, салмагы 50 кг, өзгөчө белгилери: чекесинде так бар.

Жоголгон кызды көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номурларга чалып билдирип коюңуздар: +996 (755) 84 44 47, +996 (507) 70 70 78.

 
Categories

Муфтият 575 жаранга 1 миллион 725 миң сом битир-садака таратты

Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармасы улуу Рамазан айында элден чогулган битир-садаканы жардамга муктаж 575 жаранга таратты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Муфтиятка калктын аярлуу катмарынан жардам сурап, Рамазан айында арыз менен кайрылгандардын саны 575 адамды түздү. Мунун негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен колунда жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир жаранга 3 миң сом өлчөмүндөгү жардам чегерилип, жалпы суммасы 1 миллион 725 миң сом таратылды.

Белгилей кетсек, чогултулган битир-садаканын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда, 15 пайызы облустук казыяттарда жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт.

 
Categories

100 үй-бүлөгө 300 000 сомдук жардам берилди

Каракол шаарындагы «Иброхим ажы» атындагы мечитинде, шаардык баш имам хатиб Талант ажы Сабриковдун демилгеси менен  аз камсыз  болгон муктаж γй-бγлөлөргө тамак-аш азыктары таратылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

100 үй-бүлөгө  ун, кесме, кум шекер, күрүч, чай, суу май жана башка турмуш тиричиликке керектелүүчү азыктары таратылып, жалпы 300 000 сомдук жардам берилген.

Баш имам хатиб Талант ажы Сабриков:  «Мындай иш-чараларды жылына уюштуруп келебиз. Ыйык Рамазан айы жакшылыктын айы, кайрымдуу бир туугандарыбыздын демөөрчүлүгү менен мындай соопчулук иштери салт катары өткөрүп турмакчыбыз”,- дейт.

Эскерте кетсек, кайрымдуулук ишин толук демөөрчүлүк кылган мекендештерибиз өз аттарын айтуудан баш тартышкан.

 
Categories

Каракол шаарынын 65 пайыз, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган  Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана Гранттык макулдашуулардын долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысынын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41,87 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12,84 млн доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртыларын айтты. Долбоордо суу түтүктөрүнүн сапатына өзгөчө көӊүл бурулат. Андан тышкары, кийинчерээк ушундай эле долбоор Нарын шаарында да ишке ашырыла турганы белгилүү болду.

 
Categories

4 медресеге бир жарым милион сомго жаңы жабдуулар тапшырылды

Араван районунун  «Ал Бухари» медресесинде «АВЕП» Коомдук фонду «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында, түштүк аймагындагы 4 медресеге кесип үйрөнүүгө шарт түзгөн жалпысынан бир жарым милион сомго жакын  жаңы жабдууларды  өткөрүп берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнөн башкы адис Адилбек уулу Фуркатбек, «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Токонов Нурлан жана «АВЕП» коомдук фонду менен жаны келишим түзгөн 4 медресенин жетекчилери  катышышты.

Жыйындын  алкагында медресе жаштары  бир тараптуу болуп калбастыгы үчүн аларга кесиптик шыктарды үйрөтүү жолдорун талкуулашты. Иш-чаранын жыйынтыгында «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Токонов Нурлан кийинки жылы түштүк аймагында дагы 4  же 5 медресе менен келишим түзүп,  иш алып баруусун билдирди.

 
Categories

Ош облустук казыяты 130 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү

Ош облусунун мусулмандар казыяты Рамазан айында 130 жардамга муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Ыйык айда облус казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөрдү ар бир оор иште сабырдуу болуп, Алла Тааладан үмүт үзбөй алдыга умтулууга чакырышты.

Самидин кары Атабаев: “Рамазан айында кайрымдуу жарандар менен биргеликте 130 оор шартта жашаган үй-бүлөгө күнүмдүк жашоого керектелүүчү азык-түлүктөр таратылды. Мындай кайрымдуулук иш-чаралары мындан ары дагы улана бермекчи”,-деди.

 
Categories

Балыкчыда 100 үй-бүлөгө 174 миң сомдук азык-түлүк таратылды

Балыкчы шаардык  хатибияты демөөрчүлөрдүн көмөгү менен биргеликте шаардагы  жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө тамак-аш түрүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Бул күнү ар бир үй-бүлөгө ун, кесме, кумшекер, күрүч, суу май сыяктуу азыктар таратылып, жалпысынан 174 000 сом сарпталган. “Кайрымдуулук иш-чара ыйык Рамазан айына карата уюштурулуп,  жакшылыктын айында колубуздан келишинче жардам бердик”,-деди Балыкчы шаарынын баш имам хатиби