Categories

Жогорку Кеӊеште жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жөнүндө токтом долбоору каралды

Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо максатында “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө”  мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу”  Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу   Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Токтом долбоору жапайы жаныбарларды коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана республиканын жаратылыш-корук фондунун чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө көӊүл буруу максатында иштелип чыккан. Долбоорду иштеп чыккан жумушчу топ биологиялык ар түрдүүлүк, айрыкча, жаныбарларга аӊчылык кылуу системасында мамлекеттик саясат жүргүзүү жаатына түзөтүүлөр жана фауна менен флораны колдонууда илимий негиздүү мамилелерди кайра кароо зарылдыгын белгилешкен.

Даярдалган токтом долбоорунда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине, КР Башкы прокуратурасы баштаган күч органдарына, Улуттук илимдер академиясына бир катар тапшырмалар белгиленген. Анда тиешелүү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, броконьерликке каршы күрөшүүдө коррупцияны алдын алуу иштерин активдештирүү, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан жаныбарларды көбөйтүүнүн үстүндө тыкыр иш-чараларды жүргүзүү башка бир катар маселелер камтылган.

Жыйынтыгында аталган Жогорку Кеӊештин токтом долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

 
Categories

Баткен облусунун аймагына себилген кара сөксөүл жакшы өнүп чыкты.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Баткен облустук башармалыгынын кызматкерлери 2018-жылдын күз-кыш айларында жалпы аянты 1020 гектар жерге кара сөксөүлдүн уругун себишкен.

Кара сөксөүлдүн уруктары Арка токой чарбасынын Мамлекеттик токой фондусунда-275 га, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына-420 га, Баткен токой чарбасынын Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына 100 га, Үч-Коргон токой чарбасынын Кадамжай районунун Халмион айыл аймагына 200 га, Актурпак айыл аймагына 200 га, Алга айыл аймагына 100га.

Бүгүнкү күндө кара саксаул уругунун өнүмдүүлүгү жакшы.

 
Categories

Токой агенттигине “Ширшовдун схемасын” алып келебиз дегендер кимдер?..

Деги ушу жердешчилик, тууганчылыктын арты менен кызмат, байлыкка жетүү деген балээден кутула албай койдук. Бул оору элибиз эгемендик алган күндөн баштап эле кулачын жайган. Анан гүлдөдү, өстү, өндү дегендей азыр деле туу чокусуна жетип турган учуру. Кыргыз бийлигин, элин ичинен иритип, жеп түгөтө турган абалга келип калды.

Учурда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин жетекчилигинин ишине тоскоол жаратып,  дал ушул оору бутунан тушап, жүдөтүп туру. Жердешчиликкке таянган бир ууч топ Коопсуздук кеңешинен баштап, вице –спикер, Мамлекеттик кадр кызматын кучагына алып  акыркы эле эки ай аралыгында агентикти текшерүү максатында үч комиссия түзүлгөнү мунун далили.

Мынчалык дуу түшүп комиссияны түзүүгө эмне себепчи болду десең? Баягы эле бийлик, байлык талашмай. Эки жолку революциянын каарманы, демократ, учурда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин директору Рустамовду кандай жол менен болбосун кызматтан шыпырып түшүү. Андан соң аталган министрликке өз адамдарын алып келүү, белдүү орундарга жайгаштыруу, коррупциялык схеманы түзүү. Жакынкы аралыкта Токой агентигине келчү гранттарына ээлик кылуу. Кыргызстанда сейрек кездешкен тоо жаныбарларына чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кыргын уюштурууну мурдагыдай эле улантуу. Бул тармакта ири кызыкчылыктар бар экендиги талашсыз.

Себеби, Токой агентигинин жетекчилиги тарабынан тарабынан 7миллион гектарга аңчылык кылууга толук тыйуу салынган. Ошондой эле жергиликтүү тыйуу Марко Пола, теке, каман, эликке 2020-жылга чейин салынган. Мындай жапайы жаныбарларды сактоого болгон аракеттер кимдир бирөөлөрдун кызыкчылыктарына жолтоо болуп келет.

Анда Кадр кызматы тарабынан түзүлгөн комиссиянын маңызына бир аз токтолсок. Комиссиянын түзүлүшүнө мурда Токой агентигинде кадр бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийин кызматтан кеткен Нурмамат уулу Нурдөөлөттүн арызы негиз болгондугу иштин чоо – чайы менен таанышкан адамга дароо эле байкалат. Нурдөөлөт мырзанын агенттикке кызматка келиши да бир топ талаш-тартыш  менен коштолгондугу тууралуу маалыматтар жок эмес. Тилекке каршы, түшүнүксүз жагдайлар менен Нурдөөлөт кызматка алынган. Бул иш Кадр кызматы тарабынан мыйзамдуу деп табылганы да суроо жаратат. Ошону менен катар эле агенттик Кадр кызматына бош турган үч кызмат орундарына конкурс жарыялоону өтүнгөн кат жөнөткөн. Негедир Кадр кызматынын сайтына  Кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматы жарыяланган эмес. Мында да кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары жаткандыгы байкалбай койбойт.

Баягы эле буга чейин айтылып келген Ширшовдун электр энергиясы тармагындагы коррупциялык схемасы элдин эсинде болсо керек. Андай схема  аталган тармакта азыр деле жашап жана айрымдардын жеке капчыгын кампайтып келе жаткандыгын жокко чыгара албайбыз. Тилекке каршы мындай схемалар мурда жеке кызыкчылыктарын көздөшкөн «башковитый» чиновниктерди кучагына тартса, азыр жердешчилик, тууганчылыкка ыктап, жолдору куушуп бара жаткандыгы байкалат.

Ошондой эле мындай коррупциялык схемалар Бажы, салык тармагында орун алып, алардын жойуу мүмкүн болбой келет. Учурдагы статмаалыматтарга караганда, Бажы тармагындагы дал ушундай коррупциялык схемалардын айынан  50 млрд. доллар Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуулардагы эсептөөлөрдө айырма берип келет. Коңшу Казакстан, Россия Кыргызстандын Бажы тармагына ишеним билдиришпей келе жаткандыгы да бекер эмес.

 
Categories

Радиоактивдүү элементтерди изилдөө жана иштетүү иштерине тыюу салынды

Радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мындай буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаттары да ушундай эле токтом кабыл алган.

 
Categories

Депутат Эргешов Сары-Челек коругунан Аркыт айылын чыгарууну сунуштады

Учурда Жогорку Кеңеш жыйынында эл өкүлдөрү тарабынан ар кандай маселелер айтылууда.

Депутат Алмазбек Эргешов: “Сары – Челек коругу быйыл 60 жылдыгын белгилейт. 1000 ден ашык дарактын түрү өсөт. Жаныбарлардын 6, канаттуулардын 9 түрү кызыл китепке жазылган. Сары-Челек деңиз деңгээлинен 1900 метр бийктикте жайланышкан.

Ал жерде союз таркагандан кийин элдин малы көбөйгөн. Жакында 60 жылдык боюнча илимий жыйын болуп, коңшу мамлекеттерден, Россиядан окумуштуулар келишти. Окумуштуулар Аркыт айылын коруктан чыгарып, малды азайтуу керек деген пикирлерди айтышты. Болбосо корук жоголуп кетүү коркунучуна кабылып турат.  Корукка эс алуучулардан жылына 6-7 млн. сом түшөт экен. Эл ошол каражатты бизге калтырып берсеңиздер малды азайтканга даяр экендиктерин билдиришүүдө.  Өкмөт айылды коруктан чыгарууну карап берсеңиздер. 280 түтүн эл жашайт”,-деди.

Мындан сырткары эл өкүлү корук боюнча комиссия түзүүнү сунуштап, ал жакка браконьерлерге айып пулдарды жогорулатуу зарылдыгына токтолду.

 
Categories

Африка коругунда Шимпанзелер ташбаканы жеп башташты(видео)

Габондогу Лоанг паркында окумуштуулар шимпанзелер дарактарадын башына отуруп алышып, ташбакаларды кармашып жеп жатышканын байкашкан. Бул тууралуу   kratko-news.com. жазды.

Буга чейин белгилүү болгондой дүйнө жүзүндө ташбакалар менен шимпанзелер чогу эле жашап келишкен. Бири – бирине тийген учур катталган эмес.

Окумуштуу Тобиас Дешнердин маалыматына караганда, шимпанзелер ар кандай майда жан – жаныбарлар менен тактанат. Бирок, сойлоочу жаныбарларды жегендери байкалган эмес. Лаонгодогу шимпанзелер дүйнөдө кездешпеген, аталган паркта гана өскөн жер-жемиштер менен тактанып келишкен. Ал өзүмдүктөрдүн жемиштери сырты катуу кабык менен капталып, ичинде маймылдар үчүн жагымдуу жемиш бар. Алар аны чагып, анан тамактанышат.

Ташбаканын да ал жемишке окшоштугу бар. Балким ошондуктан болушу да мүмкүн. Шимпанзелердин ташбаканын этин жегени алардын жашоо шартында өзгөрүүлөрдү алып келгени да окумуштууларга байкалган. Кызык?..

 
Categories

Эверест чокусу адамдардын өлүгүнө эле эмес таштандыларга да толду

Эверест чокусунан таштандыларды тазалоочу компания 10 тонна акыр-чикир чогултту. Таштандыларды жыйноого Непалдын армиясы да тартылган. Алар мындай иш-чараны 14-майдан бери өткөрүп келе жатышат. Тазалоо иштери  дагы бир жума уланат. Андан кийин чокуда каза болуп калышкан адамдардын сөөктөрүн алып түшүүгө кам көрүшөт.

Аталган компания бул иш-чарага 22,7 миллион доллар короткон. Андагы маалыматтарга караганда, Эверест чокусунун акыр-чикирге толушу ири көйгөйгө айланууда. Булганууга эс алууга келишкен туристтердин жана альпинистердин таасири күч болууда. Алар аркасынан тамак аш калдыктарын жана башка жараксыз буюмдарын калтырып кетишет.

Андыктан Непал бийлиги Эверестке чыгуучу экспедицияга, альпинистерге 4420 евро калтырып кетүүгө милдеттендирүүдө. Алар ал акчаны кайра кайтып келгенден кийин тийешелүу бийлик өкүлү  таштанды калтырышпаганын тактагандан кийин гана кайтарылып берилет. Ал жакты ар дайым таза кармоо үчүн ар бир альпинист өзү менен кошо 8 кг. таштанды алып кетиши керек.

Эверест чокусу: Бийиктиги: деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте.Гималай, Махалангур-Химал чокулары менен чектеш. Түштүк тарабы Непалдын жана Тибет автоном облусу(Кытай) менен чектешет. Түндүк тарабы Кытайдын аймагында жайгашкан. Дал ушул тарабы 8848 метрди түзөт.

Климаты: Эверест чокусунда аябай катуу шамал, бороон болуп турат. Шамалдын ылдамдыгы 55 м/с түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн – 60*С ге чейин төмөндөп кетет. Анын чокусун биринчи жолу 1953-жылы 29-майда Тенсинг Норгей менен Эдмунд Хиллари биргеликте багындырышкан.

Стат маалыматтарга караганда, 1920-жылдан бери Эвересте 200 альпинист каза болгон. Алардын айрымдарынын сөөктөрү азыр да белгисиз болуп келет.

 
Categories

Дарыялардагы суулардын көлөмү коркунучтуу эмес

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң дарыясынын коркунучтуу деңгээли 49,8 м3/с, азыркы учурда 10,4 м3/с (+2см) суу агууда, Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын коркунучтуу деңгээли 30,2 м3/с, азыркы учурда 4,00 м3/с (+1см) суу агууда, Каракол дарыясынын коркунучтуу деңгээли 43,8 м3/с, азыркы учурда 7,20 м3/с (+2см) суу агууда. Мындай маалыматты ӨКМ билдирди.

Чүй облусунда Чоң-Кемин дарыясынын коркунучтуу деңгээли 144 м3/с, азыркы учурда 19,5 м3/с (+2см) суу агууда, Ала-Арча дарыясынын коркунучтуу деңгээли 44,2 м3/с, азыркы учурда 2,96 м3/с (+1см) суу агууда, Сокулук дарыясынын коркунучтуу деңгээли 40,5 м3/с, азыркы учурда 4,00 м3/с (+1см) суу агууда, Чоң-Кайынды дарыясынын коркунучтуу деңгээли 14,0 м3/с, азыркы учурда 1,90 м3/с (+1см) суу агууда.

Талас облусунда Талас дарыясынын коркунучтуу деңгээли 168 м3/с, азыркы учурда 1,60 м3/с (+2см) суу агууда.

Нарын облусунда  Кичи-Нарын дарыясынын коркунучтуу деңгээли 407 м3/с, азыркы учурда 32,6м3/с (+2см) суу агууда.

Ош облусунда Тар дарыясынын коркунучтуу деңгээли 310 м3/с, азыркы учурда 63,0 м3/с (+3см) суу агууда, Жазы дарыясынын коркунучтуу деңгээли 228 м3/с, азыркы учурда 45,1 м3/с (+3см) суу агууда, Кара-Кулжа дарыясынын коркунучтуу деңгээли 149 м3/с, азыркы учурда 56,3 м3/с (+3см) суу агууда, Араван-Сай дарыясынын коркунучтуу деңгээли 70,0 м3/с, азыркы учурда 11,0 м3/с (+5см) суу агууда,

Каракол дарыясынын коркунучтуу деңгээли 53,0 м3/с, азыркы учурда 3,94 м3/с (+2см) суу агууда.

Баткен облусунда Исфайрам-Сай дарыясынын коркунучтуу деңгээли 129 м3/с, азыркы учурда 16,2 м3/с (+1см) суу агууда. Ал эми калган дарыялардагы суулардын деңгээлдери нормада. Эскертүү: маалымат суткада бир жолу берилет.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Кызыл-Омполдогу окуя жөн жерден саясатташып кетти

“Кызыл-Омполдогу окуя жөн жерден саясатташып кетти. Анын артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу – туризм тармагына балта чапкандай эле болду. Өкмөт дагы убагында аракеттерди жасабай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, бул козголбой турган нерсе болчу”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, эл кабатыр болгонун эске салып, уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи. Президент Кызыл-Омполдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили деди.

Сооронбай Жээнбеков: “Президенттик кызматка киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап кое баштадым. Лицензия берүүдө кадимки базардагыдай эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Азыр бул боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2018-жылы лицензия берүү тармагын кылдат текшерип, инвентаризация кылуу сунушталган, мораторий жарыялаганбыз. Биздин келечек таза экологияга байланышкан. Биз таза экологиялык азыктарыбыз менен дуйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Аны өндүрүү жана сыртка сатыкка чыгаруу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз.  Кыргызстандын экологиясын сөзсүз таза сактап калабыз”, – деди.

Мамлекет башчысы учурда кум, шагыл, топурак казуу боюнча региондорго эң керектүү кендерге лицензия берилип жатканын, бирок чоң кендерге лицензия берүү токтотулганын айтты.

 
Categories

30 тонналык кит балык уулаган кайыктын жанынан секирип, жүрөк үшүн алды(видео)

Сүрөтчү Дуглас Крофт Калифорнияга жакын Монтерей булуңунан 30 тонна салмактагы киттин балык уулаган кайыктын жанынан секирип жатканын тартып алып, көпчүлүктү таң калтырды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Монтерей булуңу сүт эмүүчү көптөгөн деңиз жаныбарларынын мекени болуп эсептелет. Өркөчтүү киттер бир жерден экинчи жерге которулганда ушул булуң аркылуу өтүшөт. Андыктан деңиз жаныбарларын байкоочулар үчүн бул аймак ар дайым кызык. Алар бул жерди ар дайым көзөмөлгө алып турушат.