Categories

“Фрунзе Гипермаркетиндеги көз боемочулук”

Бул видео биздин www.newtv.kg веб сайтынын ‘Мобилдүү репортер’ рубрикасына келип түшкөн.
Жогорудагы тасмада кардар элди алган товарларына көңүл буруп, алданбоого чыкырат.

 
Categories

Токтогулда “Парк жүрүшү” болду

Бүгүн Токтогулда 300 чакты тургун “Парк жүрүшүн” өткөрүштү. 

Алар шаардын башкы аянтына чыгышты. Бул жүрүш  башка тургундардын токойлорду мыйзамсыз кыйуусуна бөгөт коюу, малды туура эмес жаюу, браконьердик жана жайыттарды жоголуудан сактоо сыяктуу маселелерге көңүл бурдуруу максатында өткөрүлдү. 

Уюштуруучулардын айтымында, жүрүшкө чыккандар баалуу жана кайтарылган жаратылыш аймактарына колдоо көрсөтүүнү, парктарды булгабоону талап кылышты. 

 

Булак: NewTV

 
Categories

Токмокто “Сары Өзөн Чолпондору” сынагы өткөрүлөт

Токмок шаарындагы маданият үйүндө 25-апрелде “Сары -Өзөн Чолпондору” сынагы өткөрүлөт. 

Бул тууралуу уюштуручулар маалымдашты. 

Алар билдиргендей, сынак аймактарды өнүктүрүү жылына арналган жана Чүй облусундагы таланттуу балдардын шык-жөндөмүн арттырып, колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлөт. 

Анда негизинен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизиндеги спектаклдер тартууланат. 

Булак: NewTV

 
Categories

Аксыда кайрадан кар жаады

Аксы районунун бир нече айылына кечээ кайрадан кар жаады. Бул тууралуу Кербен шаарынын тургуну билдирди. 

Кар Кашка-Суу, Кызыл-Суу, Кара-Суу жана Жерге-Тал айылдарында жааган. 

Аксыда кайрадан кар жаады

“Кар түнү жаап баштады, кийинки күндүн кечине чейин уланды. Болжол менен беш сантиметрдей кар түштү. Алма, өрүк, алчалар гүлдөп калышкан эле, үшүк уруп кеткен болуш керек”, – деди жергиликтүү тургундардын бири. 

Белгилей кетсек, 11-апрелге караган түнү Каракол шаарында да 10-15 см калыңдыкта кар жааган. 


Булак:NewTV

 
Categories

Айрып алгыс эгиздер Аман менен Эсен

Эралы уулу Аман менен Эсен Аксы районунун Жерге- Тал айылындагы Абдыжапар Эрматов атындагы Миң-Булак орто мектебинин 10-классында окушат. 

Эгиздерди мугалимдери менен классташтары да оңойчулук менен айырмалай алышпайт. Экөөнүн өн-түспөлү, боюу турмак, мүнөзү да окшош. Мугалими Миргүл Ташмаматованын айтымында, Аман да, Эсен да абдан жоопкерчиликтүү, намыскөй,  өжөр өспүрүмдөр. 

“Амандын бетинде кичинекей калы бар. Ал алыс жактан көрүнбөйт. Жанында жакын турганда гана көзгө илешет. Ошондуктан, кимиси ким экенин жакын турганда гана айырмалай алам. Эгер Аман бир күн сабакка келбей калса, эртеси жолубуздан биринчи Эсен кезиксе, “Кечээ эмнеге сабакка келбедиң?” – деп аны “суракка” алып жатып калабыз”, – деп күлөт мугалими. 

Өспүрүмдөрдүн экөө тең кыргыз тили жана адабияты сабагына кызыгаарын да мугалими кошумчалады. 

Айрып алгыс эгиздер Аман менен Эсен

Булак: NewTV