Categories

“Ата, мен сенин кайда көмүлгөнүңдү билбейм”

Жеңиштин 73 жылдыгына карата Нарын шаарында бир катар саясий жана маданий иш чаралар мерчемделүүдө. Аларды таң эрте "Өлбөс полктун" катышуучулары жөө жүрүш менен баштамакчы. Теңир-Тоодон кан майданга 18 миң 881 эр азамат аттанып, алардын 12 миңи уруш талааларында баатырларча курман болушкан жана айрымдарынын дайыны алигиче белгисиз. Алардын бири Нарын районундагы Эмгек- Талаа айылынан чыккан Абдрасул

 
Categories

Мал союлуучу жайдагы көйгөй

Кадамжай районундагы эт комбинатында санитардык абал талапка жооп бербейт. Жергиликтуу жашоочулардын айтымында, комбинаттын айланасы акыр- чикирге толуп кеткен.

 
Categories

Улуу жеңишке арналган веложүрүш

“Мен атамды, агаларымды эскерем”. Мына ушундай ураан астында Жалал-Абад шаарынын тургундары веложүрүшкө чыгышты. Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган бул веложүрүшкө шаар калкы, студенттер гана эмес, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да катышышты. Велосипедчендер жамааты шаардагы борбордук Ленин көчөсүнөн өтүп, “Жеңиш” эс алуу багына чейин келишти.

 
Categories

“Каухар” бизнес- борборун өрт чалды

Борбор калаадагы Орто-Сай базарында жайгашкан “Каухар” соода борборун тилсиз жоо каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкү саат 11:30дар чамасында өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. Кырсык болгон жерге 3 өрт өчүрүүчү унаа жана 30 метрлик бир автошаты тартылып, өрт өчүрүлдү.

 
Categories

Жеңиш күнү кандай майрамдалат?

9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына карата отуучу митинг-реквиемге даярдыктар кызуу журуудо. Борбор калаадагы жеңиш аянтындагы “очпос отто” аскер болуктору марш тээп, аскердик сый тамак бериле турган чатырлар тигилип, даярдалууда.

 
Categories

Күнжүрүш: Ысык-Көлдө ууланган спортчулар