Categories

Жалал – Абад – Балыкчы  жолу тууралуу  тасма – коррупцияны жашыруубу..? 

Кытайдан 1 млрд. долларга жакын насыя алып түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салабыз дегендердин коррупциялык иштери ашкереленип, анын башында тургандардын айласы кетип турган чактары. Килограммы 5 сомдук цементти 77 сомдон алды кылып документтештирип, акчаны башка тармактардан да уурдагандар бүгүнкү күндө элдин башын айлантууга өттү.

Маселен, жакында эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арыгын чапкан АKИpress сайты “Түндүк-түштүк – келечекке жол” деген жарым сатттык тасма тартып, аны болушунча таратып жатат. Бул сайттын ээси Марат Тазабеков Фарид Ниязовдун жакын кишиси жана аталган тасманы анын “кожоюуну» заказ берип тарттырганын ишенимдүү булактар кабарлады. Ал эми анын тиешелүү интернет сайттары, телеканалдар күнү-түнү көрсөтүп “жол салуу оңой эмес, түндүк-түштүк жолу ушундай азап менен курулуп жатат, андагы коррупциялык иштерге көңүл бурбаш керек” деген ойду элге таңуулоодо.

Буга чейин экс-президентке таандык деп айтылып келген “7-канал” да 26-августтун кечинде дал ушул тасманы көрсөттү. Болгондо да кыргызча вариантын.
Эми бул — кыргыз элин келесоо ойлоп башты айландырып жаткан абдан жийиркеничтүү көрүнүш. Жол салуу кандай болорун, туннел курууда кандай каражаттар кетип, ага керектелүүчү шаймандар кайсы жактан ташылып келерин эл деле жакшы билет. Андыктан түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы коррупциялык иштерди мындай жасалма тасмалар менен жаба албайт. Насыядан уурдагандардын абийири жакында ачылат.
Баса, ар бир жасалган иштин өзүнүн баасы болот. Ушул эле альтернативдүү жолдун түйшүгүндөй түйшүгү бар жолдор башка мамлекеттерде да курулган, курулуп атат. Ошолорго салыштырмалуу бизде курулуп аткан альтернативдүү жолдун курулушуна алдаканча көбүрөөк каражат сарпталып атканы ачыкка чыга баштады. Ал каражаттар кимдердин чөнтөгүн кампайтып келгени да жашыруун болбой турат. Андыктан эми “жол куруу деген азап жумуш, андагы коррупциялык иштерге көңүл бурбай эле коюш керек” деген сыяктуу маалыматтык саясат жүргүзүү башталганын көрүп турабыз. Мындай аракетке жол бербешибиз керек. Мамлекетке келтирилген ар бир тыйын зыян үчүн жоопкерчилик каралууга тийиш.

Жаныбек Атамбек

 
Categories

Москвада тажик мигранты полициядан кишенчен качып кетти

Мигрант кашылык көрсөткөн эмес, тартип сакчылары аны жерге жаткырып, колуна кишен салууга аракет жасашкан. Полиция унаасынын жанында колу кишенделген дагы бир мигрант турган. Окуяга күбө болгон башка мигранттар бул учурду видего тартып алышкан.Алар колу кишенделүү мекендешине эгер документтери жайында болсо, качып кетүүгө кеңеш беришкен. Көпчүлүктүн сөзүнө макул болгон киши тосмодон секирип, кишенчен качып кеткен.Видеону  жиберген

 
Categories

Кыргыз сомуна быйыл 25 жыл!

Бүгүн улуттук валютабыз – сомдун жүгүртүүгө киргизилгенине 25 жыл толду. Кыргызстан Борбор Азия жана КМШда биринчилерден болуп рубль аймагынан чыгып, өз акча бирдигине өткөн. Тагыраагы, 1993-жылдын 3-майында Жогорку Кеңешинин депутаттары улуттук валюта – сомду киргизүү үчүн добуш беришип, 10-майда – дүйшөмбү күнү таңкы саат төрттөн тарта жүгүртүүгө чыгарыла баштаган.

 
Categories

Кандуу согуш, каардуу саясат курмандыктары

Кандуу согуш учурундагы каардуу саясаттын запкысын Кавказ чолкомундо жасаган улуттар, турк-месхитиндер, чечен-ингуштар, кырым татардары озгочо тартышкан. Грузия менен Туркиянын чек арасына жакын жашаган бул улуттар советтик тузулушко кутум жасашы ыктымал деген кооптонуу менен 1944-жылы бир тундо уй-оокатын таштатып жук салган вагондор менен Орто Азиядагы советтик республикалардын аймагына кочурулгон. Жалпысынан 125 мин адам мажбурлап кочурууго дуушар

 
Categories

Согушту балдар көрбөсүн!

9-Май майрамы жаш балдардын көз карашында кандай сүрөттөлөт? Майрамдык иш чарада балдардын айрымдары жеңиш күнүнүн маанисин түшунүшсө, айрымдары бул күнү эл катары эле майрамдап, эмне иш чара экенин деле билише бербейт

 
Categories

“Өлбөс полк” Жалал-Абадда

Ал эми Жалал-Абад шаарында Улуу жеңиштин 73 жылдыгынын урматына “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулуп, ага шаардагы мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, шаар тургундары, окуу жайлардын студенттери, ар кайсы улуттук диаспоралардын жамааттары, баары болуп 3 миңден ашуун киши катышты. Жүрүшкө чыккандар шаардын батыш кире беришинен, борбордук Эркиндик аянтынан жана Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигинен “Жеңиш”

 
Categories

“Өлбөс полк” акциясы эскерүүбү же саясатпы?

Бүгүн, борбор калаада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү максатында "Өлбөс полк" жүрүшү орун алды. Ага кандуу майданга салгылашкан жоокерлердин балдары, неберелери, туугандары жана шаар тургундары болуп миңдеген адамдар катышты. “Олбос полк” акциясын откорууго КМШнын айрым олколорундо тыюу салынган болсо да Кыргызстанда 5-жыл катары менен откорулуп жатат.

 
Categories

Жоокерлерди эскерүү митинги

Бүгүн 9-май- Улуу жеңиш күнүнө 73 жыл толду. Анын урматына борбор калаа Бишкек шаарындагы жеңиш аянтында согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү митинги өтүп, ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баш болгон премьер-министр, шаар мэри, жогорку бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты. Иш чаранын расмий бөлүгүндө прзидент Кыргызстандыктарды жеңиш күнү менен куттуктап, андан соң ардагерлерге ысык тамак

 
Categories

“Ата, мен сенин кайда көмүлгөнүңдү билбейм”

Жеңиштин 73 жылдыгына карата Нарын шаарында бир катар саясий жана маданий иш чаралар мерчемделүүдө. Аларды таң эрте "Өлбөс полктун" катышуучулары жөө жүрүш менен баштамакчы. Теңир-Тоодон кан майданга 18 миң 881 эр азамат аттанып, алардын 12 миңи уруш талааларында баатырларча курман болушкан жана айрымдарынын дайыны алигиче белгисиз. Алардын бири Нарын районундагы Эмгек- Талаа айылынан чыккан Абдрасул