Күндун ысыгында кургап мемиреп жаткан айдоо талаасы. Бул жерде жүздөгөн дыйкандардын кулпунайы, помидору, бадыраңы, балгар калемпири, айтоор жашылча жемиштен баштап, жер жемишке чейин баары эгилген. Дыйкандардын айтымында дээрлик алардын басымдуу бөлүгү жамгыр жааганда эле нымдалганы болбосо, суугарылган эмес. Кабарчыбыз Айсара Тыналы кызы Лебединовка айылына караштуу талааларда эмгектенип жатышкан дыйкандарга суунун жетишсиздиги болуп жатканы тууралуу маалымат алып келди.
Жалынбек Абжалбеков дыйкан:
“Дыйкандар суугат суусуна 1 гектар аянтка жылына 4000 сом төлөшөт, андан тышкары жердин ижарасы бир сезонго эле 20-25 миң сомду түзөт. Мурдагы жылдары эгилген жемиштер бышкандан баштап, дыйкандар калаанын базарларына жана коңшу Казакстанга барып өткөрүп келишкен. Быйыл суунун жоктугунан улам кожагат менен кулпунай майда болуп, сатылбай да калышы мүмкүн. Быйылкы жылга чейин анчейин суу тартыштыгы көп деле билинбей келген. Дагы суунун жетишсиздиги уланса, киреше эмес, кеткен чыгымдарыбыз дагы акталбай калат”- дейт.
Ал эми Суу пайдалануучулар Ассоциацияларынын директору Исламбек Конокпаевдин айтымында суу каналдарында суунун жок болушу мөңгүлөрдүн эрибей, күндүн суук болуп жатканында.
Аламүдүн районунун суу чарба башкармалыгынын башкы инженеринин айтымында, мындан бир канча күн мурун бетон арыкта суу ташкындап агып турган. Ал убакта дыйкандар эгинин чаап, чөбүн отоп, суугарганга өздөрү жетишпей калган.
Ошол эле учурда экинчи тарап суунун токтогонуна эки күн эле болду десе, биринчи тарап жаздын башынан баштап эгиндерине суу жетпегенин айтат.
Дыйкандардын суу сураган суроо-талаптарына тийешелүү жетекчилер Орто-Токой суу сактагычынан суу эми ачылганын эртең, бүрсүгүнү дыйкандар суу менен камсыз болорун айтышып, тил эмизип, тим болушту.
Булак: NewTV