Categories

Тажикстандын элчисине КР ТИМдин нааразычылык нотасы тапшырылды

8-май күнү Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган чырга байланыштуу 9-май күнү КР Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакырылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

“Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана жарандарына карата гранатомет найлуу автоматтардан, анын ичинде топтук минометтук куралдан бутага алып ок атууга байланыштуу тажик дипломатына КР Тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасы тапшырылды. Ок атуунун натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын үч аскер кызматчысы жана бир жергиликтүү тургун оор жаракаттарды алышкан. Тажикстандын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын кыргыз-тажик чек арасында кырдаалды туруксуздандырууга алып келүүчү ачыктан-ачык деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануу билдирилди”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Министрликтен билдиришкендей, тажик тарабынын жогоруда аталган мыйзамга каршы аракеттери элдердин биримдигин жана тынчтык менен бейпилдикти сактоонун символдору катары саналуучу Улуу Жеңиш майрамынын алдында жана ыйык Рамазан айында болуп жатканы абдан эле өкүнүчтүү факт болуп жаткандыгы белгиленген.

“Кыргыз тарап чек арага чектеш райондордогу кырдаалдын курчушу үчүн бүт жоопкерчиликти толугу менен тажик тарапка жүктөйт. Кырдаалдын андан ары курчушун болтурбоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылат”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, ок атылган.

Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы жана бир жергиликтүү тургун жарадар болгон: учурда үчөө ооруканада жатат, бирөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

 
Categories

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга пандемияга каршы күрөшүүгө 121,1 млн доллар бөлдү

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстанга таажыллуу вируска каршы күрөшүүгө кошумча 121,1 млн доллар бөлдү.

Бул тууралуу аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эл аралык валюта фондунун аткаруучу кеңеши Ыкчам каржылоо инструментинин алкагында Кыргызстанга 80,7 млн доллар, Ыкчам насыялоо механизминин алкагында 40,4 млн доллар каражаттын берилишин жактырды.

Эл аралык валюта фонду экинчи ирет Кыргызстанга акчалай каражат бөлүп жатат.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде ЭВФнын аткаруучу кеңеши Кыргызстанга 120,9 млн доллар бөлүп берүүнү жактырган. Андан кийин 6-апрелде ыкчам каржылоону эки эсеге көбөйтүү боюнча чечим чыккан.

Таажылуу вируска каршы күрөшүүгө Кыргызстанга насыялык ресурстардан бөлүнгөн акча каражаттын суммасы 242 млн долларды түздү.

ЭВФ тарабынан көрсөтүлгөн ыкчам колдоо өлкөнүн саламаттык сактоо жана экономика тармагына келтирилген зыянды жоюу боюнча иш-чараларды каржылоого багытталат.

 
Categories

Жеңиш аянтында митинг-реквием өттү

Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

 
Categories

Жеңиш күнүнө карата Ала-Тоо аянтында майрамдык салют атылат

Бүгүн, 9-майда саат 22:00дө Жеңиш күнүнө карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында майрамдык салют атылат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеңиш күнүнө карата салют атуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан уюштурулат.

Ошол эле учурда мэрия таажылуу вируска байланыштуу 9-майга карата белгиленген иш-чаралар өткөрүлбөй калганын эскертет.

“9-майга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн 2,5 млн сом каралган. Ал каражат шаар бюджетинде калып, борбор калаанын алдыдагы башка керектөөлөрүнө жумшалат. Жеңиш күнүнө карата майрамдык салют уюштуруларын айта кетели. Бирок ага шаар тургундары катышпайт”, – деп айтылат маалыматта.

 
Categories

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьерлери чек арадагы чыңалууну басаңдатуу боюнча сүйлөшүштү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында ок атуучу курал колдонулган окуяга байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кырдаалдын курчушун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Тараптар ок атуучу курал колдонууга жол берилбестигин белгилешип, чек ара аймактарындагы чыңалууну басаңдатуу жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүү маанилүү экендигин белгилешти.

«Тараптар буга чейин жетишилген келишимдерге жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамиле жасоого даярдыгын билдиришти. Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкө ортосундагы сүйлөшүү процессинин улантуунун маанилүүлүгү баса белгиленди»,- деди Акрам Мадумаров.

Вице-премьер-министр укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик органдарына коопсуздук чараларын күчөтүү жана коомдук тартипти сактоо, чек арага чектеш айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

«Баткен облусундагы кырдаал Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө», – деп белгиледи Акрам Мадумаров.

 
Categories

Жээнбеков Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!

Урматтуу ооруктун эмгекчилери!

Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары бизден алыстаган сайын, Улуу Жеңиштин мааниси, баасы, баркы мурдагыдан да даана көрүнүүдө.

Жениш күнү — кубаныч менен кайгы, күлкү менен көз жаш аралашкан, өткөн тарыхыбызды сыймыктануу менен эстей турган күн.

9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн.

Ушул күнгө жетүү үчүн кандуу согушта 27 миллионго жакын советтик адамдардын өмүрү кыйылган.

Жалпы СССР элдери менен бирге, Мекенди коргоого кыргызстандыктар да түп көтөрүлө катышты.

Согуш апааты Кыргызстандагы бир дагы үй-бүлөнү жандап өткөн эмес.

Ар бир төртүнчү эр-азамат согушка аттанган.

Жеңиш үчүн биздин республикабыз да оор жоготууларга туш болуп, 90 миңден ашык жердешибиз кан майданда баатырларча каза болгон.

Бүгүн, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилеп жатып, согуш талаасында курман болгондордун элесине башыбызды ийип, таазим этебиз.

Жеңиш күнүн жакындатып, фронттогу зарылдыкты камсыз кылып турган энелерибиздин, ошол кездеги бели ката элек балдардын, оорукта күн-түнү иштегендердин эмгегине, кайратына терең ыраазылык билдиребиз.

Советтер Союзунун башка шаарларынан келген, ата-энесинен ажырап калган балдарды — апаларыбыз кучак жайып тосуп алып, өз баласындай багып алган.

Согуш мезгилинде биздин республиканын аймагына эвакуацияланган жарым миллиондон ашык жарандын көпчүлүгү Кыргызстандан экинчи үйүн тапкан.

Совет элинин баатырдыгы, анын биримдиги, өз мекенине чексиз берилгендиги — фашизмди жеңүүнүн чечүүчү фактору болгон.

Бүгүнкү урпактардын эркин жашоосу үчүн — аталарыбыз канын төгүп, өмүрүн, ден соолугун курмандыкка чалган.

Ошондуктан Жеңиш күнүнүн бийик маанисин коргоого, Улуу Ата Мекендик согуштун сабактарын унутпоого милдеттүүбүз.

Урматтуу мекендештерим,

Бүгүн, Жеңиш күнү, Манас бабабыздын жолун улап, элин коргогон аталарыбыздын эрдигин сыймыктануу менен эстейбиз.

Согуш жылдарын башынан өткөргөн ардагерлерибиздин катары, тилекке каршы, жылдан жылга суюлууда.

Курман болгондордун жана кан майдандан аман келип, кийин арабыздан өтүп кеткендердин элесине таазим этебиз.

Урматтуу согуштун ардагерлери,

Урматтуу ооруктун эмгекчилери!

Сиздерди сый-урмат менен кадырлоо — ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети!

Дагы бир жолу Улуу Жеңиш Күнү менен куттуктайм! Ар бириңиздерге бекем ден соолук каалайм. Арабызда аман болуӊуздар!

Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!

Жараткан Кудай Өзү сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

 
Categories

Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, 3 аскер кызматкери жаракат алды

Кечээ, 8-май күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында атышуу болуп, 3 аскер кызматкери жаракат алды.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынын билдиргени боюнча, Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Аталган жер тактала элек болгон, бирок аны иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып келген.

Кыргызстандын 30-40 жараны жана Тажикстандын 30-40 жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Чыр учурунда аңчы мылтыгынан ок атылган. Чырдын курчушун болтурбоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан.

Чыр басаңдаганда эки өлкөнүн жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштаган

Бирок Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүздөн миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок ата баштаган.

Маалыматка ылайык, атышуу учурунда КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 3 аскер кызматкери ар кандай даражадагы жаракат алып, аларга өз убагында тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

 
Categories

Республикада өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат

Жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков айтты.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бүгүн өлкө башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

Анда президент азыркы учурда, бир тарапта — таажылуу вирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында — экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турат, – деп айткан.

“Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элибизди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу, жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин киргиздик. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, дарыгерлерибиз, милиция жана аскер кызматкерлери күнү-түнү эмгектенишип, калкыбыздын өмүрүн сактоо үчүн болгон аракетти жасашууда”, – деп баса белгиледи президент.

Анын айтуусуна караганда, айыл, район, облустардын жашоочулары жеринде тартипти кармап, кирген-чыкканды көзөмөлдөп, илдетке каршы күрөштө чоң жардам беришүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө айткандай, жалпы эл кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулук жана жоопкерчилик менен мамлекеттик органдардын аракеттерин колдоп, талап кылынган эрежелерди сактап берди.

“Чогуу жасаган ушул аракеттер — оорунун андан ары жайылышына бөгөт болду. Эми экономикабызды жандандыруу үчүн, ишкерликтин айрым багыттарына уруксат берилди. Алар өз жумушун кайрадан баштады. Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок, адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан, жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат”, – деп билдирди Жээнбеков.

Өлкө башчысынын айтуусунда, өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат.

“Ишканалардын иши жанданып, карым-катыш ачылган шартта да бул талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз. Коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу. Бирок, оорунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн, мамлекет менен катар ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү. Ыктыярдуу жоопкерчилик мурдагыдан да күчтүү болушу керек. Иш берүүчүлөр жана жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, зарыл чаралардын баарын аткаруусу абзел. Коомдун, өзүбүздүн, балдарыбыздын, жакындарыбыздын ден-соолугу жана өмүрү үчүн мамлекет менен чогуу — ар бирибиз жоопкерчиликти моюнга ала турган учур келди”, – деди ал.

Жээнбеков баарына бүгүнкүгө чейин тартипти сактап, медициналык талаптарды аткарганыңар үчүн терең ыраазылык билдирди.

“Мындан ары да бекем тартип, биримдик менен, бул аракеттер улантылат”, – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 
Categories

Ысык-Ата районунда 66 окуучуга смартфон берилди

Бүгүн, 8-майда Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы Байыш Жантаевичтин демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан 66 окуучуга заманбап смартфондор белекке берилди.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, министрлик дистанттык окутуу башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат.

Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен аларга көмөк көрсөтүүдө.

 
Categories

“Айыл Банк” насыяларынын мөөнөтүн жылдырды

“Айыл Банк” 10 миңден ашык кардарынын насыясынын мөөнөтү жылдырды.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын токтомун аткаруу үчүн кыйын абалга туш болгон кардарлардын насыяларынын мөөнөтүн жылдыруу жана реструктуризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

“Бүгүнкү күнү 10 миң 153 кардардын насыясынын мөөнөтү жылдырылды жана ал портфелдин жалпы суммасы 5 млрд сомду түздү. Ошондой эле насыянын мөөнөтүн жылдыруу жана реструктуризациялоо боюнча арыздарды кабыл алуу уланууда”, – деди ал.

Аны менен бирге ал, карантинден кийинки иш-аракет катары кардарлар үчүн жеңилдиктер каралган кредиттик продукттар иштелип чыгып жатканын айтып берди.

“Ал насыя продукттарынын пайыздары рыноктогуга караганда төмөн болору каралууда. Алар 5-6 пайызга төмөн болот. Бул кырдаалда көбүрөөк жапа чеккен чакан жана орто бизнеске басым жасалат. Ал насыялар өкмөттүн экинчи антикризистик планынын алкагында берилет”, – деди ал.