Categories

Диктор жаңылык окуп жатып каткырып жиберди (видео)

Орусиянын телеканалдарынын биринде диктор жаңылык окуп жатып каткырып күлүп жиберди.

Ал күлкүсүн кармай албай калгандыгын айтып бул үчүн кечирим сураган.

Теле алып баруучу түз эфирде льготниктердин пенсиясы боюнча маалымат окуп жаткан.

Диктор жаңылык окуп жатып каткырып жиберди (видео)

 
Categories

Шевченко Жээнбековго ыраазычылык билдирди

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко өзүнүн инстаграм баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирген видеосун жарыялады. 

Шевченконун айтымында, Жээнбеков телефон чалып куттуктап, жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырган. Президенттин куттуктоосу мушкер кызга жагымдуу болуп, чоң мотивация бергенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 9-февралга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, чемпиондук наамын коргоп калган.

 

 

View this post on Instagram

So happy and proud to get a call from the President of Kyrgyzstan Zheenbekov Sooronbai! It’s a huge motivation for me to keep training hard and continue my journey through Martial Arts ! 👊🏻👊🏻👊🏻🏆 Очень рада получить звонок от президента Кыргызстана Жеенбекова Сооронбая Шариповича после защиты своего чемпионского пояса на ЮФС 247 в штате Техас !!!Спасибо дорогой Сооронбай Шарипович за тёплые поздравления! Мы обязательно приедем на Иссык Куль ! 🙂🏆🏆🏆 Muy feliz y orgullosa recibir la llamada del presidente de Kyrgyzstan 🇰🇬 Zheenbekov Sooronbai! Es una motivación increíble para mi para seguir entrenar duro y continuar mi camino dentro de los Artes Marciales Mixtas ! 👊🏻👊🏻👊🏻🏆 @sooronbai_zheenbekov_official

A post shared by Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) on

 
Categories

Казактар менен дунгандардын ортосунда чыккан жаңжалдан 8 адам көз жумду

Казакстандын ички иштер министри Эрлан Тургумбаев Жамбыл облусунун Масанчи айылында  чыккан жаңжалдан 8 адам көз жумгандыгын кабарлады. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыкты.

Министрдин айтымында, казактар менен дунгандардын ортосунда чыккан чырдан 40 тан ашуун адам ар кандай жаракат алган.

“7-февраль күнү саат 19:00 чамасында Жамбыл облустук милициясына билдирүү келип түшкөн. Анда Масанчи айылында 70тен ашуун адам катышкан массалык жаңжал болуп жаткандыгы айтылган. Укук коргоо органдары окуя болгон жерге келгенче, жаңжалдын ичинде жүргөн адамдар видеого тартып соцтүйүндөргө таркатып жиберген. Анын кесепетинен башка айыл тургундары да келип 300дөн ашуун адам ызы-чууга аралашып кеткен. Эки тарап алгач бири-бирине таш ыргытып, таяк менен уруп, мындан сырткары курал дагы колдонулган. Анын кесепетинен 30дан ашуун турак жак, 15тей соодай түйүндөрү жана 25 автоунаа өрттөнүп, 8 адам каза болгон”,-дейт Казакстандын ички иштер министри Эрлан Тургымбаев.

Учурда Масанчи айылында абал туруктуу. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

 

 

 

 
Categories

4-февралга карата аба ырайы

4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -26…-31, күндүз -13…-18;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-3, күндүз -13…-18 градус суук болот.

4-февралда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1°, күндүз 5…7° жылуу болот.

 
Categories

“Франкфурт жана Майне”. Бул ирет Мирлан Бакиров тилинен жаңылды (видео)

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикери Мирлан Бакиров  “Франкфурт-на-Майне” шаарынын аталышын туура эмес айтып алды.

Бакиров 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун окуп жатып, “Франкфурт жана Майне” деп айтып алды.

Жыйында отурган эл өкүлдөрү вице-спикердин бул айтканына каткырып күлүп жатышканын жыйынды көрсөтүп жаткан түз эфирден көрүүгө болот.

Мирлан Бакиров бүгүн ЖКда “Кыргызстанда жашоо начар дегендерди Памирге жөнөтүш керек” деп, интернет айдыңында талкууга калган болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган шаарды Дастан Жумабеков бир нече ирет туура эмес айтып, коомчулуктун сынына кабылган. Спикер бүгүн туура айтты деп, соцтүйүн колдонуучулар какшык иретинде жазып жаткан.

 

 

 

 
Categories

Кыргызстандык кыз эл аралык сулуулар сынагында жеңүүчү аталды

Орусиянын Пенза шаарында өткөн эл аралык сулуулар сынагында кыргызстандык Нагима Жыргалбек кызы жеңишке жетишип, “Дүйнө берметтери” аттуу сынакка жолдомо утуп алды.

Аталган сынакка сынакка Кытай, Египет, Тажикстан, Судан, Украина, Кыргызстан, Индия, Түркмөнстан, Индонезиянын кыздары катышкан.

Жыргалбек кызы аталган шаардагы  Белинский атындагы педагогикалык университеттин биохимия факультетинин 4-курсунда  окуйт. Ал Кыргызстандын Нарын облусундагы Ат-башы районунун тургуну.

 
Categories

Жээнбеков: “Биз мыкты мугалимдерди ар дайым сыйлайбыз, сыймыктанабыз”

Биз мыкты мугалимдерди ар дайым сыйлайбыз, сыймыктанабыз. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-январда мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде айтты.

Мамлекет башчысынын айтуусуна караганда, келечек ыймандуу жана билимдүү жаштардын колунда.

“Балдарыбызга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип жаткан мугалимдерибиз — терең урматка ээ. Элет жеринде эмгектенип, сапаттуу билим берген мугалимдерге өзгөчө алкышыбызды айтабыз”, – деген президент сыйлыкка татыган мугалимдерди мисал келтирди.

Мисалы, Жанузакова Ибадат Шакиевна — Токтогул районундагы Бөкөнбаев атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими.

Ал бардык күч аракетин, билимин, бай тажрыйбасын жаш балдарды тарбиялоого жумшап келүүдө.

Ибадат Шакиевнанын ар бир окуучунун психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алган иш тажрыйбалары райондук, облустук деңгээлде жайылтылган.

Өзүнүн автордук программасын түзүп, үзүрлүү эмгектенип жатканын Токтогулга барганда көрүп келдим.

Элеттик мугалим эжебиз „Эмгек сиӊирген мугалим“ наамына татыктуу болду.

Ал эми Стаханов Токтожума Мадиевич — Жумгал районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болуп иштейт.

Талыкпас эмгегинин натыйжасында бир катар кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

Тоолуу айылдагы мектептин мугалими кесиптештеринин арасынан суурулуп чыгып, өз эмгеги менен наамга татыктуу болуп жатат, – деген өлкө башчысы „Эмгек сиңирген мугалим“ ардак наамын алып жаткан — Бардагүл Качканакованын эмгегине токтолду.

Бардагүл Дүйшөновна — Таластагы Отунбаев орто мектебинин мугалими.

Окуучуларга билим берүүдө ар бир окуучунун жөндөмүн эске алып, сапаттуу сабак берет.

Ал директор болуп иштеген учурда Манас районундагы Кызыл-Жылдыз орто мектеби облуста 1-орунда турган, жыл сайын 3-4 окуучу мектепти артыкчылык менен бүтүрүшкөн, республикалык олимпиадаларга катышкан. Бардагүл Дүйшөновнанын чыгырмачылык менен иш алып барган тажрыйбалары белгилүү.

“Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун калеми менен дүйнөгө таанымал болгон — биринчи мугалим Дүйшөн агайдын кызы экенин айта кеткеним да орундуу болоор”, – деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

 
Categories

Күрүч маскасы он жылга жашартат

Күрүч беттеги бырышты кетирип, күндүн ачуу тийген нурларынан сактайт. Ошондой эле күрүчтүн курамында Е витамини бар болгондуктан, кандын курамындагы холестеринди азайтып, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Беттеги бырыштан, тактан арылуу үчүн күрүчтөн жасалуучу маска жардамга келет.

– 3 аш кашык күрүч

– 1 аш кашык сүт

– 1 аш кашык бал керектелет.

Күрүч маскасы он жылга жашартат

Даярдоо ыкмасы:

Алгач күрүчтү сууга бышырып алып, бышкан күрүчтүн суусун сактап коюу зарыл. Бышырылган күрүчкө аш кашык сүт, бал кошуп аралаштырып даяр болгон масканы таза, кургак бетке сүртүп он беш мүнөт коюу керек. Андан соң сактап койгон күрүчтүн суусу менен бетти жуу абзел. Бул беттеги тактарды кетирүүгө жардам берет. Мындай ыкманы апта сайын бир жолудан колдонсоңуз он жылга жашарууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Күрүч маскасы он жылга жашартат

 
Categories

Кыргызстанды кайсы өлкөнүн унаалары каптайт? (видео)

Үчүнчү мамлекеттерден келген унаалардан алынуучу бажы алымына берилген жеңилдик учурунда машине ташып иштегендер былтыр ашыкча алып келип алышкан. Андыктан азырынча нарктын кескин жогорулаганы байкалбайт. Болгону, унаалардын үлгүсүнө жараша 500 сомдон 2 миң долларга чейин кошулду. Бирок жылдагыга караганда сатып алуучулардын саны аз экендигин ишкерлер айтышууда. Өткөн жылы өлкөгө канча унаа ташылып келинди, алардынканчасы үчүнчү мамлекеттерге таандык?

 
Categories

Орусиянын премьер-министри болуп Мишустин дайындалды

Михаил Мишустин Орусиянын премьер-министри болуп дайындалды. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыкты.

Мамлекеттик Дума бир добуштан колдоп, макул болду. Мишустинди аталган кызматка президент Владимир Путин өзү сунуштаган.

Белгилей кетсек, кечээ 15-январда Дмитрий Медведев баштаган өкмөт толугу менен отставкага кеткен.