Categories

Окуучулардын полигондо 6-республикалык спартакиадасы өттү

Марш тебүү, бурулуу, ок атуучуу куралдарды чачып, жыйноо автомат жана алыс аралыкка гранатта ыргытуу. Шаардын сыртындагы полигондо аскер бөлүктөрүнүн уюштуруусу менен 6-республикалык спартакиада өттү. Ага өлкөнүн баардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан келген окуучулар катышты.   Спартакиадага 9 команда катышты.

Аскерге чакыруу башкармалыгынын жетекчиси Арстанбек Керималиев”

“Бул мелдешке 72 адамдан турган 9 команда ат салышты. Алар Кыргызстандын баардык облусунан жана 2 шаардан келишкен.

Бул жылы спартакиада Кой-Таш полкунун 100 жылдыгына арналды.  Жыйынтыгы боюнча жогорку бал алган 4 команда жеңүүчү аталып, уюштуруучулар тарабынан баалуу белектерге ээ болушат” – дейт.

 Эржан Усенов №62 мектеп-гимназиянын окуучусу,  анын бүгүнкү  максаты мелдеште командасын алга сүйрөп, кандай болсо дагы жеңишке жетишүү. Эржан жана анын командасы райондук жана шаардык сынактардан биринчиликти алып, азыр республикалык деңгээлде таймашка чыгып отурат.  Катышуучулардын айтымында мелдешке 2, 3 жума кызуу даярдык көрүшкөн. Ага аскерге чейинки даярдык сабагын окуткан мугалимдер жардам берип, үйрөтүшкөн.

Эске салсак, өткөн жылкы спартакиада Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган. Анда Бишкек, Баткен жана Ош облусунан келген командалар мыкты аталган.

 

 
Categories

Ысык-Көл районунда кырылган койдун саны миңден ашты

Нарын жана Ысык – Көл облусунда эки күн мурда жааган кардан кырылган малдын саны күндөн кунго өсүүдө. Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев маалыматына караганда, 23-24-май күндөрү калың жааган кардын кесепетинен улам Ысык-Көл районунда кырылган койдун саны миңден ашкан.

Тактап айтканда, Тору-Айгыр айыл өкмөтүндө 38 баш уй, тогуз жылкы, 370 баш кой кардын астында калган. Тамчы айыл өкмөтүндө 400 кой, төрт уй, беш жылкы өлгөн. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө болсо 244 баш кой, эки баш жылкы, үч баш кулун кардын астында калган. Ошондо бардыгы 1014 баш кой, 42 баш уй, 19 баш жылкы өлгөн.

Акимдин белгилешчине, кырылган малдын саны мындан да өсүшү мүмкүн. Анткени бул сандар жогорудагы үч айыл өкмөттүн гана баштапкы маалыматы. Бүгүн калган аймактарда да тактоо иштери улантылат.

Буга чейин калың кардын кесепетинен Нарын облусунун Ат-Башы районунда кеминде 200 кой кырылганы кабарланган.

Булак: NewTV

 
Categories

Студенттерге беш пайыздык насыялар берилет

Мектепти жылына 60 миңден 65 миңге чейинки бүтүрүүчүлөр аякташат. Ошол мектепти аяктап жаткан улан – кыздардан тышкары атайын орто окуу жайларын аяктагандар дагы бар. Алардын эсеби да 28 – 29 миңге чукулдайт. Ошондо жалпысынан 90 миңдей жаштарыбыз жогорку окуу жайларына тапшырышып, студент болгулары келишет.

Депутат Аалы Карашаевдин “Парламент” радиосунун түз эфириндеги маалыматына караганда,

“90 миңдей жаштарыбыздын  5100ү гана гранттык орундарга илинбесе, калгандары келишимдик негизде окууга аргасыз. Бирок, барынын эле каражат жагынан көйгөйү чечилген – деп, айтуу кыйын. Ошондуктан, социалдык насыяларды берип, абалды жеңилдетүүгө болот. Ошонун бир ыңгайы катары “Билим берүү жөнүндөгү” КР мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз, – дей.

Насыя берүү максатында иштей турган банктар такталат. Алардын үстөк катары ала турган каражаты 5%дан жогору болбош керек. Кредит дагы студентке жылына жаңыртылып берилип турат. Ал эми төлөөгө келгенде 5 жылдык каникулдун тартиби сакталат.

Булак: NewTV

 
Categories

Ысык – Көл, Нарын облустарында калың кардан малдар кырылууда

23-майда калың жааган кардан Ат-Башынын Аксай жайлоосундагы Үч-Эмчек тилкесинде 200 кой кырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Аймактагы башка чабандардын абалынан кабар алыш үчүн ӨКМдин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү кар калың түшкөн жерге жөнөп кетишти.

23-24-май күндөрү жааган кардын айынан Ысык-Көл, Нарын облусундагы жайлоолордо мал чыгаша болду. Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш жайлоосунда 112 кой, 1 уй өлгөн.

Булак: NewTV

 
Categories

М. Абылгазиев «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшүн текшерет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Чүй облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул маалыматты Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө билим берүү жана спорттук объектилердин курулушун, ошондой эле «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун тилкесин реконструкциялоонун жүрүшүн текшерип чыгат.

Мындан тышкары Премьер-министр суу сактагычтардын абалы, балык жана дыйкан чарба ишмердиги менен таанышат.

Булак: NewTV

 
Categories

Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаады

Кечээги шамаал жана суук бир топ жерлерге катаал шарттарды пайда кылгандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Бир күн мурда Талас облусунун кээ бир райондорунда шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен жагдайлар катталган. Каттуу жаааган жамгыр тоолуу жерлерге карга айланган.

Ал маалыматтарга караганда, Жети-Өгүз районунун Тамчы айыл аймагына караштуу Кайкы жана Чок-Тал жайлоолорунда, ошондой эле Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл аймагына караштуу Ак-Сай, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Көк-Бел, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда кар калың жааган.

Аба ырайы катаалдашкан жаккаэрте менен Ысык-Көл райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы, Ак-Суу районуна КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, 10 куткаруучу жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен.

Булак: NewTV

 
Categories

ИИМ бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылуу жасады

Мындай маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирүүдө. 2018-жылдын 25-май күнү республиканын жалпы билим берүү мекемелеринде «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чаралары өткөрүлөт. Ошол себептен, ИИМ салтанаттуу иш-чаралар учурунда бүтүрүүчүлөрдүн, жалпы эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелерине кайрылат. Бүтүрүүчүлөр тарабынан салтанатуу иш-чаралар учурунда, коомдук жайларда укук бузууларга баруусун, спирт ичимдиктерин ичүүсүн же авто бейбаштыктарга жол бербөө максатында жана андан кийин балдарыңардын кайда, кимдер менен жүргөндүгүн көзөмөлдөгүлө – деп, айтылат.

Андан соң, Урматтуу ата-энелер! Балдарыңардын мектепти татыктуу бүтүп, эч кырсыксыз майрамдоосун колго алуу сиздердин милдеттериңиз.

Ал эми, милиция кызматкерлери биздин балдарды кылмыштуу иш-аракеттерден коргоо менен коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо тиешелүү деңгээлде иштерди алып барышат. Анткени, балдарыбыздын ден соолугу менен өмүрү башкы орунда турат.

Эгерде бүтүрүүчүлөр кандайдыр-бир укук бузууларга жол бере турган болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилилигине тартылып калышы мүмкүндүгүн эскертет.

Булак: NewTV

 
Categories

Чүйдө дыйкандар эмитен эле суу сурап башташты

Күндун ысыгында кургап мемиреп жаткан айдоо талаасы. Бул жерде жүздөгөн дыйкандардын кулпунайы, помидору, бадыраңы, балгар калемпири, айтоор жашылча жемиштен баштап, жер жемишке чейин баары эгилген. Дыйкандардын айтымында дээрлик алардын басымдуу бөлүгү жамгыр жааганда эле нымдалганы болбосо, суугарылган эмес. Кабарчыбыз Айсара Тыналы кызы Лебединовка айылына караштуу талааларда эмгектенип жатышкан дыйкандарга суунун жетишсиздиги болуп жатканы тууралуу маалымат алып келди.

Жалынбек Абжалбеков дыйкан:

“Дыйкандар суугат суусуна 1 гектар аянтка жылына 4000 сом төлөшөт, андан тышкары жердин ижарасы бир сезонго эле 20-25 миң сомду түзөт. Мурдагы жылдары эгилген жемиштер бышкандан баштап, дыйкандар калаанын базарларына жана коңшу Казакстанга барып өткөрүп келишкен. Быйыл суунун жоктугунан улам кожагат менен кулпунай майда болуп, сатылбай да калышы мүмкүн. Быйылкы жылга чейин анчейин суу тартыштыгы көп деле билинбей келген. Дагы суунун жетишсиздиги уланса, киреше эмес, кеткен чыгымдарыбыз дагы акталбай калат”- дейт.

Ал эми Суу пайдалануучулар Ассоциацияларынын директору Исламбек Конокпаевдин айтымында суу каналдарында суунун жок болушу мөңгүлөрдүн эрибей, күндүн суук болуп жатканында.

Аламүдүн районунун суу чарба башкармалыгынын башкы инженеринин айтымында, мындан бир канча күн мурун бетон арыкта суу ташкындап агып турган. Ал убакта дыйкандар эгинин чаап, чөбүн отоп, суугарганга өздөрү жетишпей калган.

Ошол эле учурда экинчи тарап суунун токтогонуна эки күн эле болду десе, биринчи тарап жаздын башынан баштап эгиндерине суу жетпегенин айтат.

Дыйкандардын суу сураган суроо-талаптарына тийешелүү жетекчилер Орто-Токой суу сактагычынан суу эми ачылганын эртең, бүрсүгүнү дыйкандар суу менен камсыз болорун айтышып, тил эмизип, тим болушту.

Булак: NewTV

 
Categories

Ак бараңдын кундагын аталбасаң сунбагын

Куралды колго алуудан мурун биринчи кезекте инструктордон кеңеш алуу керек. Максат Бакаев ок атууга келген кардарларына куралды кантип кармоону жана баардык эрежелерди айтып, түшүндүрүп берет. Ички иштер министрлигинин пенсиядагы кызматкери коопсуздук эрежелерин жакшы билет. Кабарчыбыз Аламүдүн районуна караштуу Кашка Суу айылындагы ок атуучу жайга барып келди. Анын маалыматына караганда, аймакка «Абайлагыла!», «Ок атуучу жай» деп жазып, эс алуучулардын коопсуздук үчүн камералар орнотулган. Ошондой эле коопсуздук эрежелери толук сакталган. Белгилей кетсек, чет өлкөлөрдө ок атуучу жайлардын саны көп. Ал эми ок атуу мадинияты Кыргызстанга жаңыдан гана жайылып келе жатат.

Максат Бакиев инструктор: “Ок атуучу жайында куралдын 4 түрү бар. Мындан тышкары айрым эс алуучулар өздөрү куралдарын колуна көтөрө келет. Атып көрүүгө ар бир октун баасы 100 сомдон 800 сомго чейин. Бул жерге күнүнө жок эле дегенде 10 адам келип кетет. Айрымдары чет жактардан келген туристер. Ал эми дем алыш күндөрү ок атуучулардын саны 50 ге жетет.

Ал эми ал аймактын ээси Сыргак Кадыралиевдин айтымында, бул жерди ачуунун максаты мергенчи, анчыларга бутага так тийгизүүнү үйрөтүү болуп саналат. Мындан сырткары күч органдарында иштегендер дагы тажрыйбасын терендетүү үчүн бул жерге келип ок атышат.

Булак: NewTV

 
Categories

Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга экскурсия уюштурулду

Нарын шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга экскурсия уюштурулду. Ага Нарын районундагы орто мектептерде билим алган 20 дан ашуун окуучу катышышты. Бул маалыматты облустагы кабарчыбыз Гулира Туратбекова маалымдады. Алар Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый этнографиялык музей жана Борбордук Азия университети менен таанышып чыгышты.

Негизги максат мындай өзгөчө камкордуктагы балдарга эстетикалык тарбия берүү болуп саналат.