Categories

Айгүл Текебаеванын апасы көз жумду

Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын апасы көз жумду.

Маалыматка ылайык, Текебаеванын энеси ооруканада жаткан, ага операция жасалган болчу.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев сегиз жылга эркинен ажыратылган.

 
Categories

Бишкекте тез татым сатуучу жай өрттөнүп кетти (видео)

Бишкектин Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тез татым сатуучу жайлардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу  окуянын күбөсү билдирди.

Тилсиз жоонун 19:30дарда башталганы болжолдонууда.

Азырынча өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы жөнүндө маалымат жок.

 
Categories

Алайда уурулукка шектелип жаткан жоокер асынып алды

Кечээ, 1-июль күнү Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында 92843-аскер бөлүгүнүн ефрейтору (Б. у. Г.) туугандарынын үйүндө асынып алды. Бул туурасында  Кыргызстандын Башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум быйыл май айында телефон уурдоого шектелип, облустук ички иштер органдары ага карата уурдоо фактысы боюнча иш ачып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатышкан.

 
Categories

Караколдо сууга агып кеткен наристенин сөөгү табылды

Каракол шаарында 3 жашар бала Каракол суусуна агып кетип, жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгондон соң  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы жарым сааттан соң Жолголот айылына жакын арыктын жээгинен наристенин сөөгүн табышкан. Каргашалуу кырсык болгон учурда наристенин жанында 5 жашар агасы болгон. Ал куткарууга аракет кылып, бирок алы келбей, шар аккан сууга жулдуруп жиберген.

 

 
Categories

Атамбаевдин айыбы (видео)

АТАМБАЕВДИН АЙЫБЫ // ОЙ-ПИКИР

Депутат Талант Мамытов: “Мыйзамдагы ууру” Батукаевдин бошотулушу  боюнча экс-президент Атамбаев буйрук берген деген  көрсөтмөлөр бар.  Бул айтылгандар териштирүүнү талап кылат. Ал эми териштирүүнү экс-макккамын албай туруп жургүзүү мүмкүн эмес. Ошондон кийин гана ага айып коюлушун башкы прокурор Жамшитов айтты…

 
Categories

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Жаңы жолдогу созолонгон эски ырлар” (маек)

Матраимовдордун байлыгы, Манас Арабаев, Шамиль Атаханов, Аида Салянованын камалышы сыяктуу өңчөй саясий окуялар коомчулуктун көңүл чордонунда. Өлөсөлүү экономиканы эстеген жан жоктой сезилүүдө. Белгилүү аграрчы экс-министр менен ушул жаатта маек курдук.

АЙЫЛ ТАГДЫРЫ. ӨТКӨНГӨ СЕРЕП

— Бекболот мырза, акыркы айда «Азаттык» радиосу экономикалык эки маалымат таратты. Алар — ​Тажикстандагы мал этинин тартыштыгы жана Түркмөнстандагы азык-түлүккө узун кезектер. Себептери эмнеде? Негизи, кыргыз айыл тагдыры да көптөн бери олуттуу талкууга түшө элек. Адис катары тарыхый сереп жасап, айыл акыбалын түшүндүрүп берсеңиз?

— Биз совет доорунда 70 жыл жашадык. Демек, алгач СССРдеги айыл тагдырын алып көрөлү. Большевиктер бийликке келген 1917-жылы «жер-мамлекеттин менчиги» деп жарыяланган. Алар айыл тагдыры боюнча үч ири саясат жүргүзүштү. Алгач, «продразверстка» саясатына ылайык, дыйкандар өндүргөн продукция мамлекетке күч менен алынып турган. Бул саясат зор зыян тийгизди. 1921–22-жылдары орус эли катастрофага кабылган. Ачарчылык азабын 35 млн адам тартып, 5 млн адам каза табат. Совет бийлиги айыл саясатын өзгөртүүгө мажбур болот. Экинчи ири саясат Ленинге тиешелүү. Ал НЭП (жаңы экономикалык саясат) деген наам алган. Дыйкандарга соода эркиндиги берилип, айыл кооперациясы өскөн. НЭП жакшы жемиш берип, 1922–27-жылдары айыл чарба тынымсыз өсүп турган. Үчүнчү ири саясат Сталинге тиешелүү. Ал 1927-жылы НЭПке чекит коюп, айылда коллективдештирүүнү кескин баштаган. Учурунда ал курсту М. Шолохов граждандык согушка теңеген. Дыйкандар айыгышкан каршылык керсөтүшөт, он миллиондогон малды союп жоготушат. Сталин атайын мыйзам кабыл алдыртып, каршыларга катаал жаза киргизет. Алгачкы беш айда эле эки миңден ашык дыйкан атууга кетет. Жалпы беш жарым миллион дыйкан Сибирге сүргүнгө айдалган. Ортоктоштуруу кайрадан ачарчылык жаратты. Өзгөчө Украина («голодомор»), Поволжье, Урал, Казакстан калкы азап чеккен. Бул аймактарда беш миллион адам каза болгон. Ачарчылык азабынан казактар кыргыз жерине ооп келгени белгилүү. Ошентип, СССРде колхоз-совхоз системасы толук орнотулган. Сталин артыкчылык берип, мамлекеттин фундаментин түзгөн багыттар — ​өнөр жай, армия, илимий-техникалык прогресс болгон. Айыл эли ушул багыттар үчүн баш көтөрбөй иштөөгө мажбурланган. Жыйынтыгы: Сталин, Черчиллдин баасы боюнча, «соко сүйрөгөн, калкы чала сабат Россияны атом бомбалуу, өнөр-жай, илим-билими зор бийиктикке жеткен СССР ири державасына айлантты».

МАМЛЕКЕТТИН «БРЕЖНЕВДИК МОДЕЛИ»

— Көпчүлүк пикирде, 1970–80-жылдары колхоз-совхоздор жакшы өсүп-өнүккөн деп эсептелет. Алардан баш тартууга кандай зарылчылык бар эле?

— Туура суроо. Эгер ага жооп издебесек, анда реформа маңызын түшүнүү кыйын. Хрущев заманында экономика, анын ичинде айыл чарба тынымсыз начарлап турган. Хрущев да биздин Атамбаевдей демагог, самодур болчу да. Жогорку партжетекчилер уюшуп, Хрущевду кызматтан кетиришет. Анын ордун ээлеген Брежнев 1965-жылы Март пленумун өткөргөн. Айыл-чарбасы мамлекеттин артыкчылык багытына айланат. Аны өнүктүрүүгө эбегейсиз зор каржы, капиталдык салымдар каралат. Сиз айткан жылдары колхоз-совхоздор толук электрлешкен. Аларда механизация, химизация, селекция боюнча ири иштер жасалган, инфраструктура жакшырды. Колхоз-совхоздордо мал башы, талаа продукциясы көбөйдү. Айыл элинин жашоосу оңолгон. Жакшы болуп жаткан. Бирок, өзөктүү бир маселе бар эле. Элде: «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» деген накыл сөз бар. Совет жетекчилиги ошол «ооруну» элден жашырып келген. Ал «оору» — ​колхоз-совхоздордун эбегейсиз чыгашалуулугу. Советтик айыл чарба натыйжалуулук боюнча дүйнөдө артта калган тармак. Фактыга өтүп, алгач СССР менен АКШны салыштыралы. Совет калкы 270 млн айыл чарбада иштегени 45 млн адам. Совет өлкөсү айыл чарба продукциясы менен өз калкын эч убакта толук камсыз кыла албаган. АКШ калкы 230 млн адам, фермерлердин саны болгону 3 млн. Алар өлкөнү толук камсыз кылып, ал эмес экспорт кылышкан. 1970–80-жылдар америкалык фермерлердин «алтын доору» деп аталат. Анткени алар ондогон млн тонна эгинди СССРге экспорттоп турушкан. Кийинки факт. Айыл чарбада иштеген бир кызматкер Англияда, АКШда 90–100 адамды, Батыш Европада 50–60 адамды, ал эми СССРде болгону 10–15 адамды өндүргөн продукциясы менен камсыздап турган. Совет өкмөтү колхоз-совхоздорго сан жеткис дотация (кайтарымсыз бекер акча, каражат) берип, ал эми ири кредиттерди кечип турчу. Жыйынтыгы: СССР 1980–90-жылдары өнүккөн АКШ, Батыш Европа, Япониядан эле эмес, чакан өлқөлөрдөн да (Түштүк Корея, Гонконг ж. б.) 15–20 жыл артта калды. Тилекке каршы, Брежнев курган мамлекет эртели-кеч куламак. Бул чындыкты коммунисттерге түшүндүрүү мүмкүн эмес. Брежневдин ордуна Андропов келгенде совет эли ири өзгөрүү күткөн. Андропов күчтүү тартип орнотту, талап, көзөмөл күчөдү. Бирок, жылыш болбоду. Анткени ал «Брежнев моделин» өзгөртпөгөн. Ошондо Андропов: «Мы глубоко не знаем то государство, в котором мы живем» — ​деп кейиген. Аны күнөөлөй албайбыз, ал күч-кубаты тайыганда жетекчиликке келди. Ал эми Горбачевду кантип кечиребиз? Ал бийликти колго алганда коммунисттик өлкөдө кантип жемиштүү реформа жүргүзсө болорун кеменгер Дэн Сяопин Кытайда жети жылдан бери далилдеп келе жаткан.

— Кытайдагы реформа айылдан башталды да?

— Айылдан башталганы менен реформанын келечек максаты өнөр жайдын, илим, техниканын өсүшүнө багытталган. Дэн Сяопин айыл калкына чарба жүргүзүү, соода эркиндигин берди. Айыл чарбаны мамлекеттин моюнунан алып түштү! Үнөмдөлгөн каражат келечектеги кубаттуу Кытайдын алгачкы өсүү точкаларына, «эркин экономикалык аймактарды» түзүүгө жумшалды. Айтмакчы, реформа шыр жүргөн эмес. Дэн Сяопинден эки-үч жыл соң, «Айылда реформа кандай жүрүүдө?» — ​деп сурашканда, ал, «Жаңы жолдо жаңы ыр менен бараткандар бар, эски жолдо эски ыр созгондор бар, алар аз, көбү эски жолдо жаңы ыр менен баратышат» — ​деп кыйынчылыкты билгизген.

ЭГЕМЕН ӨЛКӨ. АЙЫЛ РЕФОРМАСЫ

— Кийин 1990-жылдары оор мезгилди баштан өткөздүк. Авторлордун бири катары кыргыз айыл реформасына токтолсоңуз?

— Ал кезде Союз урай баштаган. Мен Эстониядан академик Бронштейн менен баарлаштым (илим кызматкери элем). Прибалтикада жер реформа документтери даяр экен. «СССРден бөлүнсөк, бизде реформа жарым жылда ишке ашат. Ал эми силерде айыл реформасына кырк жыл керек» — ​деди академик. «Эмне үчүн?» — ​деген суроомо уламыш айтып берди. «Шайтандар мелдеш уюштуруп, Европанын гүлдөгөн айыл чарбасын кыйратмай болушат. Алгач сары шайтан талааларды өрттөп жиберет. Фермерлер бир-эки жылда калыбына келтиришет. Анан көк шайтан топон суу агызат, фермерлер үч-төрт жыл кыйналат. Кийинкиси, кара шайтан, Европада колхоз-совхоз системасын орнотмой болот. Ошондо калыстар жеңишти дароо ага ыйгарат. Эмне себептен? Анткени, сары, көк шайтандар болгону талааны кыйраткан. Ал эми кара шайтан болсо Европа фермерлеринин акыл-эсин талкалоону көздөгөн. Мораль: менчик, эркиндикти билбеген, жоопкерчиликти өзүнө алып көрбөгөн, алтымыш жыл мамлекеттин айдагында, колхоз-совхоздо, жашап-иштеген советтик муун толук алмашканда гана кыргыз айылында натыйжалуу рынок системасы орнойт». Бизде «элүү жылда эл жаңы» деген сөз барын айтсам, «туура айтылыптыр» деп кошумчалады. Ал 1990-жылдагы союздагы жана биздеги абал азыр унутулду. Экономика оор кризисте, дүкөндөр аңгырап бош. Азык-түлүккө карточка, гумжардам сурамай. Союздун дотациясы соолуп, биздин айылда жерлер жакшы айдалбай, мал кырыла баштаган. Бир-эки мисал. Эгер мурда Кыргызстанда колхоз-совхоз өндүргөн продукцияда күйүүчү-майлоочу майлардын (ГСМ) нарк үлүшү жалпы чыгымдын төрт пайызын түзүп келсе, Союздун дотациясы токтогондо ал үлүш дароо кырк пайызга (!) көтөрүлгөн. ГСМ бизде өндүрүлбөйт, кымбат да. Экинчиси, азыркыга чейин бизде малдын азайышын реформага гана байлаган дөөпөрөстөр бар. Аларга факт. Бир жылда, 1990-жылы, Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда эки миллион кой жок болгон. Анда өлкөбүздү кимдер башкарчу эле? Албетте, КПСС жетекчилери, урматтуу дөөпөрөстөр! Эгерде Кыргызстанда айыл реформасы жүрбөсө, анда дотациясыз калган колхоз-совхоздордо бир баш мал калмак эмес (1992-жылы бир койдун базар наркы бир миң рубль, ал эми аны колхоз-совхоздо бир жыл багуу чыгымы төрт миң рубль болгон). 1990-жылы октябрда президент болуп шайланган Аскар Акаевдин айылды реформалоо максаты айыгышкан каршылыкка кабылган. Академик Бронштейн бекер жерден эскертпептир. Консервативдик күчтөр айыл чарба министрлиги алдында Агрардык кеңеш түзүп, 1992-жылы тармакка 16 млрд рубль дотация талап кылган. А күн чындыгы кандай эле? Республиканын бюджетинин кирешеси 2,1 млрд рубль, чыгымы 8,4 млрд рубль (1991-ж). Айырма, минус 6,3 млрд рубль, СССРдин акыркы дотациясы менен каржыланган. Кийинки жылга Кыргызстан эгемен өлкө катары кирди. Ойлоп көрүңүз, жылдык киреше 2 млрд рубль. Анда колхоз-совхозду бир жыл эптеп багыш үчүн каяктагы 16 млрд рубль дотация?! Муну 28 жыл түшүнүшпөдү го айрым көк мээлер: «Акаев, Талгарбековдор колхоз-совхоздорду талкалап салышты» деп бүгүнкүгө дейре экиленишип. Ошентип, араңдан зорго, 1994-жылы 22-февралда Акаев коммунисттик көз караштагы өз өкмөтүнөн жашырып, жер жана агрардык реформаны жүргүзүү жарлыгын чыгарган. Андай жагдайда өкмөт отставкага кетиши же реформаны жүргүзүшү керек эле. Премьер-министр Апас Жумагулов көсөмдүк кылып, экинчисин тандады. Айыл жаңы жолго түштү. Жарлыкка ылайык айылдыктар жер, мүлк үлүшүнө укук алып, менчик ээлерине айланып, чарбачылыкка азаттык алышты. Ал жарлык — ​дүйнөлүк деңгээлде (!), эл аралык эталон катары, кыргыз айыл реформа жүрүшүндө кабыл алынган үч документтин алгачкысы. (Айтсак, АКШнын айылдык өнүгүү институту, Сиэтл шаары, отуздан ашык өлкөдө агрардык реформага катышкан. Жетекчиси профессор Р. Простерман алардын биринде да биздегидей сапаттуу, толук, кемтиксиз документ болбогонун ырастаган). Акаевдин жарлыгынан кийин колхоз-совхоздор реформаланып, эркин дыйкан чарбалар түзүлүп жатты. Советтик чарбада жатып ичээрликке көнгөн, «ичкилик» десе жата калган айрым айылдыктар үлүшкө алган малын арак бөтөлкөсүнө алмаштырып да жатышты. Ооба, ал көрүнүш боюнча Польшанын биринчи президенти Лех Валенса 90-жылдары эле таамай белгилеген: «социализм вырастил породу мышей, которые не верят в существование кота!» — ​деп. Тилекке жараша, кыргыз айыл эли акылмандык кылып, иштерман жолуна түштү. Жер, мүлк үлүштөрүн алышып, өз алдынча чарбачылыкка бел байлашты. Эркин дыйкандарга алгач салыкты өзгөртүүнү чечтик (мен айыл чарба министрлигин жетектеп тургам). Адамзат тарыхында салык алуу — ​мамлекет менен бирге жаралган эмеспи. Колхоз-совхоздо салыктын он үч түрү болгон. Биз академик Аман Мамытов менен эки ай чогуу иштеп, айыл чарбада бирдиктүү салыкты — ​жер салыгын киргиздик. Айтмакчы, биздин өлкө жалпы салык системанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 150-орунда. Үч бийлигибиз тең он миллиондогон доллар сарптап, салыкты кайра-кайра оңдошту. Бир гана айыл салыгына тийише алышпайт. Анткени, ал — ​дүйнөлүк эталон! Биздегидей жөнөкөй, мыкты айыл салык системасы дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жок. Мисалы, АКШда фермерлерге салык — ​татаал, коррупциялашкан система. Өзүм аны 1995-жылы Висконсин штатында фермерлерге жолугуп, изилдегем. Дагы бир проблема, 90-жылдары Кыргызстан айыл чарбасын ири каржы кризиси каптаган. Колхоз-совхоздор мурда алган мамлекеттик кредиттерди төлөй албай калышкан. Жогорку Кеңеш текшерип, көптөгөн натыйжасыз колдонуу фактыларын ачыктаган. Мындай абалды совет өкмөтү оңой эле жөндөөчү. Кредиттерди кечип салчу. Эгемен жакыр Кыргызстан эми анткенге акысы жок эле. Ошондуктан биз, А. Жумагуловдун жеке жетекчилиги астында, Дүйнөлүк банк эксперттери менен бирге, айыл каржы маселесин түп-тамырынан чечтик. Советтик зор чыгашалуу банк мекеме — ​«Кыргызагропромбанк» жоюлду. Рынок каржы системасы — ​«Кыргыз айыл чарбалык каржы корпорациясы» түзүлдү.

Эгер мурда тармакта кредиттердин кайтарымы он пайызга жетпесе, кийин токсон пайыздан кемибей калды. Ошентип, реформа үзүрүн бере баштады. Эгер 1990–95-жылдары Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшү 40 пайызга төмөндөсө, кийинки беш жылда 40 пайызга өстү. Совет мезгилинде 500 миң тонна буудай өндүрүп келсек, 1998-жылы жаңы дыйкандар рекорд коюшуп, 1 млн 200 миң тонна буудай алынды. Бул — ​ошол кездеги керектөө нормадан 200 миң тоннага ашык болуп, кыргыз дыйкандары алгачкы ирет ашыкча өндүрүү кризисине кабылышты. 2000-жылы президент А. Акаев ЖКда өзү үч күн катышып, «Айыл-чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөгү» мыйзамды өткөздү. Айылда жерге жеке менчик, анын рыногун киргизген, дыйкандардын укуктарын мыкты коргогон ал мыйзам дүйнөлүк деңгээлде (!) даярдалган үчүнчү документ. Ал мыйзамды Дүйнөлүк Банктын адистери «жер реформасын өткөрөбүз» деген өлкөлөргө модель, үлгү катары сунушташат. Бул тарыхый эмгектерди түшүнбөй, барктап-баалабай, тескерисинче, келжирешип, «айыл реформасы туура эмес болгон» деп келатышкан демагог макоолорго айтаар сөз жок. Кудай калыс, эл тараза. Эртели-кеч тарых өз баасын берет. 90-жылдары жүргөн айыл реформасы боюнча эки пикир. Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Керимбүбү Шопокова: «Мен колхоздо кырк жыл күндүр-түндүр иштедим. Бир чемодан толтура орден, медаль, грамоталарым бар. Ал эми бүгүн дары-дармекке каражатым жок. Эгер мен да азыркыдай эркиндик, менчик бар заманда жашап-эмгектенсем, анда аракетиме жараша татыктуу карылык өмүр сүрмөкмүн» (2010 жыл). Көл тургуну М. Абышев («Алиби», 25.01.2013.): «Өткөөл мезгилде айылдыктар оор турмушта жашап, улпак кууруп, жарма ичишип, картошкага басым жасап тиричилик кылды. Азыр короолоруна мал толуп, дыйканчылыкты өздөштүрүп, натыйжалуу жашап жатышат. Айыл жериндегилер жашоонун жакшы жолун тандап алышты».

ПОСТСОВЕТТИК ТАЖРЫЙБА. АЙЫЛ ТАГДЫРЫ

— Мурдагы советтик өлкөлөрдө айыл акыбалы, реформасы кандай?

— Прибалтикада мурда, СССРге кире электе эле, айылда эркиндик, менчик болгон. Ошондуктан, алар колхоз-совхоздон дароо кутулуп, жерди мурдагы кожоюндарына кайтарышкан. Аларда натыйжалуу рынок системасы иштеп келүүдө. Армения 1990-жылы эң оор акыбалда калган. Согуш, блокада, энергоресурс кризиси. Президент Л. Тер-Петросян 1991-жылы январда өз жарлыгы менен колхоз-совхоздорду жоюп салган. Армяндар биздей эзилип-чоюлган жок. Аларда реформага каршы «булбулдар» болгон эмес. Жер айыл калкына бөлүнүп, дароо 320 миң дыйкан чарба уюшулган. Жыйынтыгы, эгер 1991–96-жылдары Россия, Грузияда айыл чарба өндүрүшү 60 пайызга төмөндөсө, Арменияда 120 пайызга өскөн. Россиянын 90-жылдардагы айыл тагдыры оор болду. Айыл чарба өндүрүшү 1998-жылы 1989-жылга карата эки эсеге (!) азайган. Ар бир регион өз билгенин жасады. Негизинен колхоз-совхозду акционерлөө жолуна өтүшкөн. Көбү банкрот болду. Өндүрүштү сактоону кой, он миңдеген орус айылдары бош калып, жер жүзүнөн жоголду. Россия гумжардамга, импортко муктаж болуп калган. Кийин, 2000-жылдан бери өлкө «Брежнев моделине» өткөн. Айыл чарбага жүздөгөн млрд рубль дотация бөлүнөт. Миллиарддаган мамлекеттик кредиттер кечирилип турат. Ири колдоого алынган айыл чарба өндүрүшү өсүп, Россия эгин экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарга чыкты. Бирок, «Брежнев моделинин» айынан Россия жаңы технология, инновация, өнөр жай өндүрүшү жагынан учурда дүйнөдө артта калды. Өлкөнү жаратылыш ресурстары сактап, багып келүүдө. Казакстанда деле «Брежнев модели». Айыл чарбага жүздөгөн млрд тенге дотация берилет. Миллиарддаган кредиттер кечирилип турат. Ошентсе да дүркүрөп өскөн Астана, Алматы шаарларынын фонунда казак айыл эли жакырчылыкта жашайт. Айтмакчы, жан башына айдоо аянтынын көлөмү боюнча Казакстан дүйнөдө экинчи орунда. Ал эми эмгек өндүрүмдүүлүгү боюнча эң арткы орунда. Айыл чарбадагы бир адам жылына 5 миң долларлык продукция өндүрөт. Ал эми Европада — ​100 миң доллар. Өзбекстанда да айыл реформасы олуттуу жүргөн эмес. 1994-жылы колхоз-совхоздор «ширкат» деп аталган орток чарбаларга айлантылган. Маңызы өзгөргөн эмес. Ырас, дыйкан чарбалар да түзүлгөн. Бирок, аларга милдеттүү мамлекеттик план берилет. Аткарбаса балээге калышат, соттолушат. Мисалы, 2013-жылы фермер Сафарбай Каримов планды аткара албай калып, асынып өлгөн. Учурда (2018-ж.) айыл чарба продукциясынын 70 пайызын дыйкан чарбалар өндүрөт. Аларда болсо жер аянтынын 11,3 пайызы гана бар. Грузияда Шеварднадзе бийлигинин тушунда колхоз-совхоз жерлерин үй-бүлөлүк ижарага бере беришкен. Бардык жерди алдуу-күчтүүлөр бөлүп алат. Ал реформанын «мафия варианты». Кийин, Саакашвили бийлигинде, реформатор К. Бендукидзе эки жолдун бирин тандаш керек эле. Же алдуу-күчтүүлөргө «согуш» жарыялап, жерлерин кайрып, жалпы айыл калкына үлүшкө берүү, же алдуу-күчтүүлөр ээлеп алган жерлерди аларга жеке менчикке өткөрүп берүү. Бендукидзе экинчи жолду мыйзамдаштарды. Тажикстанда согуш жүргөндүктөн айыл реформасын эч ким ойлогон эмес. Акыры айыл чарба оор кризиске кептелет. Колхоз-совхоздор 2005-жылы мамлекетке 500 млн долларга барабар акчага карызга батып, төлөөгө дараметсиз болчу. Аргасы түгөнгөн бийлик «айыл реформасын баштайбыз» деп Дүйнөлүк банкка кайрылган. Учурда таджик айыл чарбасында абал дале оор. Быйыл орозо айында мал этинин тартыштыгы — ​кечиккен, начар айыл реформасынын «жемиши». Түркмөнстан 1992-жылы жерге жеке менчик киргизген. Ар бир жаран 50 га жер ээлөөгө укуктуу. Ал кездеги президент С. Ниязов өзү биринчи жер алган. Ырас, башкаларга колхоз-совхоз жери берилбейт. Каалагандарга Каракум чөлүндө жер кенен. Албетте, чөлдөн «дыйканчылыкка жер алайын» деген азаматтар жок. Ошол себептен, колхоз-совхоз системасы сакталып келе жатат. Жыйынтыгы: дүйнөдөгү бай мамлекеттин бири акыркы эки-үч жылдан бери ачарчылык чегинде. Учурда күрүч, кант, өсүмдүк майы норма менен сатылат. Калкы ун, нан сатып алууга узун кезек күтүшөт.

— Түркмөнстан менен кошо колхоз-совхоз системасын сактап калган экинчи постсоветтик өлкө — ​Белоруссияда айыл чарба жакшы акыбалда дегендер көп болуп жатпайбы?

— Ооба, Белоруссияда иштеп келген экс-элчилерибиз «аякта сонун» деп тамшанып айтып келишет. Макул, талдап көрөлү. СССР кулаганда Белоруссиянын айыл чарбасы мыкты шарт, мурас менен калган. Аларда трактор чыгаруучу, жер семирткич өндүрүүчү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заводдор калган. Өлкөнүн географиялык акыбалы мыкты — ​Европанын ортосунда. Аянты Кыргызстанга барабар. Ал эми сугат жери биздикинен 5,5 эсеге көп. Топурагы — ​дүйнөлүк эталон, климаты нымдуу, сугат маселеси жок. Бирок, «сонундун» негизги сыры башкада. Эгемендиктин 28 жылында бюджеттен айыл чарбага 60 млрд доллар (!) дотация берилген. Муну президент Александр Лукашенко сыймыктанып айтат. Ал эми Путиндин айтымында Россия Белоруссияга жылына 5 млрд доллар дотация берип турат (ОРТ, 2014 ж.). Ооба, белорустар «Брежнев моделин» толук сактап, айыл чарбасын эгебейсиз дотациялап, айыл эли кыргыз айыл элине караганда эки эсе жакшы жашайт. Буюрсун! Бирок бир эле суроо бар. Эмнеге Белоруссия коррупционерлердин, кызыл кыргын төңкөрүштөрдүн «мекени» Кыргызстанга бой теңейт? Өзүн башка өлкөлөр менен салыштырбайбы? Эки мисал. Биринчиси –Сингапур. Бул өлкө 1965-жылы эркиндик алганда экономикалык кубаты Белоруссиянын бир районуна теңдеш болчу. Сингапурдун калкы Белоруссиядан болгону эки эсе аз, ал эми аянты үч жүз элүү эсеге (!) аз. Учурда Сингапурдун ички дүн продукциясы (ИДП) 275 млрд доллар, жан башына 47 миң доллар. Белоруссияда ИДП 60 млрд доллар, жан башына 6 миң доллар. Мына, белорустардын сары майдай сактаган «Брежнев моделинин» баасы. Экинчи мисал. Белоруссия менен Голландиянын айдоо (сугат) жер аянттары тепетең. Белоруссия жылына 1 млрд еврого жетпеген айыл чарба продукциясын экспорттойт. Ал эми Голландиянын азык-түлүк экспорту — ​100 млрд евро! Жүз эсеге көп. Кошумча айтсак, учурда Белоруссиянын тышкы карызы 17 млрд доллар. Жыйынтыгын өзүңүздөр чыгарыңыздар.

АЙЫЛ РЕФОРМАСЫ УЛАНАБЫ?

— Учурдагы айыл чарба саясатына кандай баа бересиз?

— Эгемендик мезгилдеги айыл тагдырын шарттуу беш этапка бөлсөк болот. 1) 1991–94-жылдар. Бул — ​кыйроо мезгили. Консервативдик күчтөр президент А. Акаевге реформа баштаганга мүмкүнчүлүк берген эмес. 2) 1994–98-жылдар. Президенттин жарлыгынан соң жер жана агрардык реформа активдүү жүргүзүлгөн. Кыргызстан Прибалтика жана Армения өлкөлөрү менен бирге айыл жерин реформалоо боюнча лидерликке чыккан. Премьер-министр Апас Жумагуловдун отставкага кетүүсү менен (1998ж.) айыл реформасы токтогон. 3) 1999–2010-жылдар. Бул мезгилде айыл жери инерция менен өнүгүп, айыл эли өз жанын өздөрү багууга өтүшкөн. Айтсак, эркин дыйкандар өздөрүн эле эмес, салык төлөп айыл өкмөттөрдү каржылашты. Акча төлөп, уул-кыздарын ЖОЖдорго окутушту. Аларга үй, квартира сатып берип, шаарларга, өзгөчө Бишкекке, ири инвестиция жасашты. Аткаминерлер эки төңкөрүш жасап, өлкөнү бүлгүнгө учуратып жатканда жалпы элди багышты. Эгемен Кыргызстанды кыйрап калуудан дал ошол эркин дыйкандар, айылдыктар сактап калышты! 4) 2011–17-жылдар. Бул мезгил — ​президент А. Атамбаевдин өлкөнү, жалпы экономиканы, анын ичинен айыл чарбаны талкалоо саясаты, анын ишке ашырылышы. Атамбаев кыргыз айылынын бел аркасын сындырып кетти. Сотторго жаңы имараттарды берип, прокурор, милиция, чекисттерге квартира курдуруп, өзүнүн келечек коопсуздугуна кам көрүп, Кытайдын ири кредиттерин акча уурдоого ылайыктуу энергетика, жол тармагына жумшап, Атамбаев айыл жерине такыр көңүл бурбады. Ал гана эмес айыл элине кастык, душмандык жасап келди. Анын жасакерлери реформанын жыйынтыгында жаралган эркин дыйкандарды «ара туулгандар», «арам сийдиктер» деп мазактап келишти. Бул мезгилде өлкөдө буудай өндүрүү эки эсеге (!) азайды. Популист Атамбаев, мисалы, 2013-жылы Астанада Н. Назарбаев менен жолугуп келип,: «Казакстан бизге 200 миң тонна, Россия 100 миң тонна буудай карызга бермей болду. Кам санабагыла, мен турганда ачка калбайсыңар» деп күйгүздү. Ун боюнча казактарга көз каранды болуп калдык. Базар-дүкөндөрдү Кытайдын азык-түлүктөрү басып калды. Көптөгөн дыйкандар банкрот болуп, жерлерин таштап, Россияга кетүүгө аргасыз болушту. 5) 2018-жылдан тарта — ​бүлбүлдөгөн үмүттөр. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков тээ 90-жылдары эле айыл реформасын катуу колдоп, өзү жетектеген чарбаны эркиндик, менчик жолуна салган. Эми «Аймактарды өнүктүрүү» программасын демилгелеп, айыл элине жакшы үмүт жаратты. Бирок, тилекке каршы, өкмөт, жергиликтүү бийликтер козголо элек. Алардын көнүмүш рапорттору элди тажатты. Жаңы эч нерсе жок. Айыл элинин жаңы жолунда баягы эле реформаны жектеген, жээриген кеңкелес эргулдардын созолонгон эски ырлары жаңырат. Дыйкандарга жардамды кой, «Атамбаевдин көчү» — ​душмандык уланып келатат. Мисалы, союз күркүрөгөн дотация берип турганда Кыргызстан орточо 300 миң тонна картошка өндүрчү. Колхоз-совхоздор аны жыйнай албай, өкмөт студенттерге жыйнатып берчү. Анын да үчтөн бири чирип кетээр эле. Ал эми өткөн жылы Айыл чарба министринин «Өзбекстанга 500 миң тонна картошка сатуу боюнча сүйлөштүк» деген сөзүнө ишенишип, мамлекеттен сокур тыйын жардам албаган кыргыз эркин дыйкандары, студенттердин жардамысыз эле, 1 млн 450 миң тонна картошка өндүрүп, жыйнашты (советтик колхоз-совхоздордон 5 эсеге көп). Бирок, Өзбекстан күзүндө картошкага тыюу салып койду. Биздин дыйкандар (бир картошкасы да чирибеген) чыркырап, жүз миллиондогон сомдорго күйүп кетишти. Эгер азыркы Жогорку Кеңеш мекенчил болгондо «картошкагейтти» Батукаевдин бошотулуш аферасына теңеп, өкмөттүн жоопкерчилигин карап, ал эми айыл чарба министрин кеминде он жылга түрмөгө айдамак. Анын ордуна, төрага баштаган жоон топ депутаттар өкмөт мүчөлөрүн ээрчитип алып Матраимовдордун тоюнда чучук, казы-карта жеп жүргөнүнө жан кашаят.

Азыркы Айыл чарба министрлигинде бир топ жакшы адистер бар. Бирок өкмөттө дыйкандарга жакшылык бере турган программа жок. Реформаны улантуу боюнча сөз да айтылбайт. Айыл реформасы толук ишке ашкан өлкөлөрдө (мисалы Чыгыш Европада, Прибалтикада) эркин дыйкандар өндүрүш менен гана алектенишет. Ал эми аларды керектүү каражаттар менен камсыздоо, өндүргөн продукциясын сактоо, сатып берүү, кайра иштетүү, экспорттоо иштерин мамлекет (өкмөт, жергиликтүү бийлик) уюштуруп берет. Образдуу айтсак, Акаев, Жумагулов бийлиги 90-жылдары айыл рынок экономикасынын «фундаментин» түптөп берди (эркиндик, менчик жолуна салып). Андан кийин, 20 жыл аралыгында, «пайдубалы» көтөрүлүп, «чатыры» жабылыш керек эле. Алар ушул күнгө дейре жасалбады. Эркин дыйкандар бийликтен түңүлүп, эптеп өздөрүн өздөрү камсыздап, өндүргөн продукциясын жакшы баада сата албай, пайдалуу кайра иштете, экспорттой албай, «ысыкка күйүп, суукка тоңуп», азап чегип келишүүдө. А балким, Кыргызстанда башаламан мамлекеттик башкаруу системасы өкүм сүрүп турганда башкача натыйжа күтүүнүн өзү деле акылсыздык болсо керек.

Маектешкен Наралы Асанбаев.

 

 
Categories

Видеону тараткан милицияларга чара көрүлдү

Муздаткычка камалып чарчап калган эки бала тууралуу видео коомчулукка тарап кеткени үчүн эки милиция кызматкери жазага тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматы балдардын сөөгү табылган учурда тартылган тасманын тарап кеткени боюнча Ысык-Көл ички иштер башкармалыгында иликтөө жүргүзүп, бир катар кызматтык мыйзам бузууга жол берилгенин билдирген. Тартип сакчылары арасында жетекчилик тарабынан тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес деп табылган. Жыйынтыгында, кызматкерлердин кесиптик этикасы, башкармалыктын тартиптик уставын одоно бузган деп Түп райондук ички иштер бөлүмүнөн 2 милицияга  эскертүү берилди.

 
Categories

Ноокатта чагылган тийип 13 жаштагы бала каза болду

Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылынын 13 жаштагы тургунуна чагылган тийип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 13 жаштагы бала үйдүн короосунда жүргөн. Ошол мезгилде ага чагылган тийип, ооруканада каза болгону айтылат.

 
Categories

ШКУ жыйынынын жыйынтыктары боюнча Бишкек декларациясына кол коюлду

Бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө- мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга Баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча Программасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча Иш планын (2019-2020-ж.ж.) бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондорунун башчыларынын Форумунун Регламентин бекитүү жөнүндө чечим;

— ШКУга мүчө-мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык Концепциясын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Баяндамасын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2019-2021-жылдар мезгилинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча Башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Дүйнөлүк туристтик уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен «Астана» Эл ортосундагы финансы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— Шанхай кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун Тамак аш жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечими;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу чечим;

— «ШКУ-Афганистан» Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин Жол картасына кол коюу жөнүндө чечим;

 
Categories

ШКУнун Бишкектеги саммити аяктады

Анда Бишкек декларациясына кол коюлду. Тактап айтканда, экономикалык, гуманитардык жана коопсуздук жактан кызматташуу боюнча 14  документтерге кол коюлду.

ШКУнун кезектеги саммити 2020-жылы Орусияда өткөрүлөт. Аталган уюмдун башкы катчысынын орун басары Нурлан Аккошкаровдун маалыматына караганда, Челябинск шаарында уюштурууну максат кылып жатышат.