Categories

Көздүн өңү аркылуу кандай адам экениңизди билүүгө болот

Көздүн өңү  генетикалык өзгөчөлүктү эле эмес  адамдын мүнөзүн да айтып турат.  АКШдагы Делавэр университетинин изилдөөчүлөрүнүн айтымында, көздүн түсү аркылуу мүнөздөмө берүүгө болот.

Ачык  түстү көз: сиз атандашууну жакшы көрөсүз. 

Австралиялык окумуштуулар 336 адам катышкан изилдөө учурунда көзүнүн өңү ачык түстүү (ачык жашыл түстөгү көз) адамдар атандаштыкты жакшы көрүп, ошол эле учурда баш ийүүнү да билет деген жыйынтыкка келген. Алар 

  витилиго деп аталган тери оорусуна аз чалдыгары  да айтылган.

 

Кара көз: ичимдикти  аз ичет, ишенимдүү адамдар.

“Карегинин  өңү ачык жашыл болгон адамдар ичимдикке жакын келет”, – деп айтат Америкалык даарыгер Кристофер Квин. Джорджия штатындагы университеттин изилдөөчүлөрү 12миң адам катышкан изилдөө жүргүзүшкөн. 

 Алар көздүн түсү аркылуу алькоголдукичимдиктерге бат берилчү жана андан алыс болгон адамдарды айрымалай алган.

Жыйыньыгында кара көздү адамдар ишенимдүү келерин тастыкташкан. Алар көзүнүн өңү ачык жашыл түстүүлөргө караганда көз ооруларына да эки эсе аз чалдыгарын белгилүү болгон.

 

 
Categories

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

Дүйнөдө экономикасы менен эле күчтүү болуп калбастан, армиясынын кубаттуулугу менен да алдыңкы орунда турган өлкөлөр бар. Аскердик жана экономикалык багыт боюнча эксперт  компания  ” Global  Firepower Index” анализ жүргүзүп көргөн. Көзөмөлдөөчү уюм 127 мамлекеттин армиясына канча акча каражат жумшаганы,  согуштук техникасы, аба күчтөрүнүн саны, деңиздеги техникалары, жоокерлеринин саны, согуштук тактикасына карап, көзөмөл кылып, мыктыларын аныктап чыккан.  Төмөндө алдыңкы ондукка кирген өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды. 

  1. Экономикасынын дагы, армиясынын дагы кубаттуулугу боюнча Америка алдына ат салдырбайт. АКШ армиясына жылына 613 миллиард акча коротот. Мындай  чоң суммадагы акча сарпталган армия анан кантип күчтүү болбосун.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

2. Экинчи орунда Оруссия өлкөсү турат. Ядердик куралдар боюнча дүйнөдө эч бир мамлекет тең келе албайт. Орус армиясы үчүн 80 миллиард доллар акча сарпталат.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

  1. Коңшулаш Кытай өлкөсү армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарына Кытай да кирет.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

  1. Армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 4- орунда турган Индиянын жоокерлеринин саны 1 миллиондон ашат. Бул мамлекет дагы ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Армиясына 46 миллиард доллар жумшайт.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

  1. Тарыхта Орто Азиянын айрым мамлекеттерин өз колониясына айландырып алганы менен аты чыккан Англия өлкөсү. Англия армиясынын күчтүүлүгү жагынан бешинчи сапта турат. Улуу Британия армиясына 53 миллиард доллар коротот.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

  1. Эйфел мунарасы менен туристтердин мекенине айланган мамлекет Франция. Француздар армиясынын кубаттуулугу боюнча 6- орунду камсыздайт. Ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарын толуктайт.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

  1. Түркия- тарыхта белгилүү Осмон империясынын урпагы. Түркия армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 7-орунда турат. Армиясына 18 миллиард доллар жумшайт.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

  1. Түштүк Корея өлкөсү. Экономикасы жагынан бир топ өлкөлөрдөн ат чабым алдыда. Акыркы 10 жыл аралыгында кино тармагында укмуштуудай өзгөрүүлөрдү жасады. Армиясына 34 миллиард доллар бөлүп, кубаттуулугу боюнча 8- орунду ээлейт.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

  1. Экинчи дүйнөлүк согушту баштаган фашисттик өлкө деп саналган Германияи согуштан кийин абалы начарлап кеткен. Бирок азыр армиясы боюнча дүйнөдө 9- орунда турат. Армияга жумшаган каражат 45 миллиард долларды чапчыйт.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

  1. Сакуранын мекени аталган күн чыгыш өлкөсү Жапония. Технология жагынан дүйнө элинин оозун ачырып, экономикалык жактан эле эмес, армия жактан да мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Япония армиясына жылына 49 миллиард доллар коротот. Дүйнөдө армиясы боюнча 10- орунда турат.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

Ал эми Кыргызстан армиясынын кубаттуулугу боюнча 108- орунда турат. Өлкөбүздүн армиясынын бюджети 240 млн долларды түзөт.

Армиясы кубаттуу 10 өлкөнүн тизмеси. Кыргызстан канчанчы орунда?

 

 
Categories

Көпчүлүк биле бербеген кызыктуу маалыматтар

– “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир актёр — Сүймөнкул Чокморов.

– Эң көп китеп жазган акын — Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.

– Эң көп обон чыгарылган ыр — Эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Унутпаймын” деген ыры. Ал ырга 5 автор — Р. Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган.

– Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын Рамис Рыскулов , өзүнүн айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөзгө чыккан.

– Көзү тирүүсүндө эң көп небере-чөбүрөлүү болгон Курманжан датка (1811-1.02.1907). Датканын көзү өткөн учурда (96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.

 
Categories

Бишкек- Москва багыты боюнча билет баасы 55 пайызга арзандады

Бишкек- Москва багыты боюнча  поезд билеттинин баасы 55 пайызга арзандады. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдирди.

Маалыматка караганда, мындан ары билеттин баасы 12 миң 834 сом турат. Бул купе вагонуна болгон баа. Ал эми плацкарт вагонуна жеңилдетилген баа менен 9 миң 767 сомго сатып алса болот.

Москвага бара турган жүргүнчүлөр поезддин билеттерин купе вагонуна 45 күндөн 41 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 55 пайыз жеңилдик берилет. Ал эми 40 күндөн 9 күнгө чейин алдын-ала сатып алса 45 пайызга чейин арзан баада сатып алса болот.

 
Categories

Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу митинге чыгышты

Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 20дай кызматкерлери Ак үйдүн алдына кайрадан митингге чыкты. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин реформасына, айрыкча эмканаларды оптимизациялоого каршы.

Дарыгерлер президентке жана премьер-министрге 4 ири эмкананы оптимизациялоого жана тар чөйрөдөгү адистиктерди кайрадан окутууга мүмкүн эместигин жеткирүүнү каалашат.

Нааразычылык акциясына чыккан дарыгерлер тобун ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова кабыл ала турган болду.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун бириктирип, Бишкекте 4 райондук борборду түзүүнү чечкен.

 

 

 

 
Categories

Ошто азан айтуу боюнча сынак өтөт – эрежеси жана сыйлыктар тууралуу

Үстүбүздөгү жылдын  15- декабрында Ош облустук казыяты жана “Мухаммед- Умар Ош”  коомдук бирикмеси тарабынан Ош облусу жана шаарындагы азанчылар арасында “Азирети Билал р.а.” аттуу азан мелдешинин облустук туру өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынактын негизги максаты азандын фазилетин, анын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана азанды туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо болуп эсептелет. Сынактын 1- этабы райондук деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышат.

Сынакка катышуунун шарттары жана эрежелери;

Сынакка Ош облусунун, Ош шаарынын мечит, медреселеринин азанчылары жана азанды көркөм, туура окуган Ош шаарынын жана Ош облусунун бардык эркек жарандары катыша алышат. Сынакта жаш өзгөчөлүгү чектелбейт.

Азанчы азанды туура, көркөм жана тажвид эрежеси менен айтуусу талап кылынат. Азанды толук же болбосо бир бөлүгүн айтуусу сынактын калыстары тарабынан айтылат. Эгерде азанчылардын ортосунда тең чыгуу болуп калса, калыстар тарабынан азанга байланыштуу кошумча суроолор берилип, тандалат. Кошумча суроолордун жыйынтыгы менен дагы тең чыгуу болуп калса, чүчү кулак кармалып тандалат.

Сынакты өткөрүүнүн жол-жобосу жана сыйлыктары;

Андан сырткары эң жаш азанчыга жана эң жашы улуу азанчыга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Облустук тандоо турунан 1-2-3 орунду алган азанчылар Республикалык азанчылардын сынагына жолдомо алат жана аларга төмөндөгү сыйлыктар берилет.

1-орун – уюлдук телефон Samsung Galaxy A8-2018;

2-орун – планшет Samsung Galaxy TabE 9.6 SM—T561 8Gb;

3-орун – планшет Samsung Galaxy TabE 9.6 SM—T560N.

 

Байланыш телефону: 0558 682 111, 0773 49 34 32.

 
Categories

Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда электр энергиясы убактылуу берилбейт

Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда бүгүн, 16-ноябрда электр энергиясы берилбейт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу.

Райондордун тизмеси:

9.00-18.00 – “Бакай-Ата” (Көкчө, Сейтек, Бакай-Ата, Анар, Сулайка, Кыргыл-Чал көчөлөрүнүн бөлүктөрү), “Көк-Жар” (Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Арстанбап, Ахунбаев, Ой-Терскен, Тон, Конорчок, Достоевский, Жеңи-Жок, Керемет, Молдокулов, Кулмурзаев, Куйручук, Улан көчөлөрүнүн бөлүктөрү), “Ала-Тоо” (Кара-Булак, Ак-Булак көчсөлөрүнүн бөлүктөрү) конуштары ;

9.30-12.00 – “Ала-Арча” (Горный, Сыдарбаев көчөлөрү) конушу, Чоң-Арык (Семетей көчөсү) айылы;

9.30-18.00 – Можайский, Саадаев, Кокчетавская, Тоголок Молдо, Табалдиев, Новый, Тынчтык проспекти, Багижский, Дарханский, Измайловский, Саруйский чолок көчөлөрү, Чоң-Арык айылы (Кожобергенов көчөсү);

9.00-17.00 – “Арча-Бешик” (Бердибаев көчөсү) конушу.

Чүй облусунда:

8.00-17.00 – Көк-Жар айылы (Кыял, Майрам, Карагул Акмат, Мадиев, Конур Осмон, Эгинбаев, Кумушалиева, Кийизбаева, Кыдыкеева көчөлөрү, “Төрт-Күл” конушу);

9.00-17.00 – Ленинское (Восточный көчөсүнүн бөлүгү), Васильевкаи (Комсомол, Фрунзе көчөлөрү), Аламүдүн (Панфилов, Горький, Алмата), Кашка-Суу (Медеров көчөсү), Төмөнкү Ала-Арча (Новое, Совет, Зелное көчөлөрү), Пригородное (Горький, Биринчи Май көчөлөрү), Новопавловка (Совет, Киров, Ала-Арча көчөлөрү), Новое (Строительный көчөсү), Жыламыш (Жыламыш, Школьная, Нуркан көчөлөрү), Асылбаш (Жаңы-Турмуш көчөсү, Холодное капчыгайы), Төш-Булак (Совет, Булан, Береговая, Ж.Айзабеков, Токтогул, Гагарин көчөлөрүнүн бөлүктөрү) айылдары;

8.30-17.00 – Федоровка айылы (Совет көчөсүнүн бөлүгү).

 
Categories

Бишкектин жолдоруна “Тазалык” кызматы 573 тонна кум жана 49 тонна техникалык туз септи

Бишкекте “Тазалык” кызматы жолдорго 573 тонна кум жана 49 тонна техникалык туз септи. Бул туурасында аталган мекемеден маалымдады.

Маалыматка караганда, учурда бул максатта 43 атайын техника иштеп, 740 жумушчу кар күрөп, жолдорду шыпырып жатат.

Борбор калаанын мэриясы «талапка жараша ар бир чарба субъекти өзүнүн аймагына караштуу жерлерди кардан жана муздан тазалашы керектигин» эске салат.

 
Categories

Кара-Кулжа районунда көчкү түшүп, жол жабылды

Калың түшкөн кардын айынан бүгүн, 13- ноябрь күнү эртең менен 06:10 чамасында Кара-Кулжа районунда Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 75-76-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 6000 куб метрди түзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жерине Кара-Кулжа райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жана үч техника тартылган. Учурда көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

 
Categories

Бишкекте “Айтматов жана театр” аталышындагы эл аралык фестиваль өтөт

Бишкек шаарында 12-17- ноябрь күндөрү “Айтматов жана театр” эл аралык театр фестивалы өтө тургандыгын Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы маалымдады.

Маалыматта, фестивалдын ачылышы 12-ноябрь күнү  Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 11.00дө башталат. Ага чейин Айтматовдун эстелигине гүл коюлуп, иш-чаранын катышуучулары кызыл килемден басып өтөт.

Фестивалда залкар жазуучунун  чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдери менен Кыргызстандын бардык театрлары, ошондой эле коңшулаш Казакстандын, Россия, Тажикстан, Азербайжандын актерлору өз өнөрлөрүн тартууламакчы.

Бишкекте "Айтматов жана театр" аталышындагы эл аралык фестиваль өтөт