САЛЫК КЫЗМАТЫ ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТАПШЫРУУНУ ЭСКЕРТТИ
Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, декларация 1-апрелге чейин эртең мененки саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат. “Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин деле тапшырса болот”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн, жер участокторунун ээлери, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.