Categories

“Казакты» үй камагына чыгарган судья Сулайманова кызматынан бошотулду

Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бошотууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Ош шаардык сотунда судьялык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан жергиликтүү соттун судьясы Айнура Сулайманованы кызматтан бошотуу боюнча сунушу себепчи болгон.

Айнура Сулайманова баңги затка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизасынын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарган.

Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.

Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилген. Бүгүнкү күндө аталган өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген.

 
Categories

Бейөкмөт уюмдарга байланыштуу мыйзам долбоору алардын укугун чектейби?

Акыйкатчы Токон Мамытов менен бейөкмөт уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна байланышкан маселелер талкууланды.

Аталган мыйзамдолбоору өлкөнүн Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлган.  Мыйзам боюнча өлкөбүздөгү бейөкмөт уюмдардын жана коммерциялык эмес мекемелердин өкүлдөрү тынчызданууларын билдирип келишет. Эгерде мыйзам кабыл алынып калса алардын финансылык ишмердүүлүгүнө кыйынчылык жаратары айтылууда. Ошондой эле бул аракетти бийлик тарабынан кысым катары баалагандар да арбын.

Талкууга “Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси Назгуль Турдубекова, «Smart Жаран» Ассоциациясынын жетекчиси Эркина Убышева, “Голос свободы” фондунун жетекчиси Сардар Багышбеков жана “Коммерциялык эмес укук эл аралык борборунун” Кыргызстандагы  өкүлчүлүгүнүн директору Ноокат Идрисов катышты. Жыйынтыгында, бул  маселени чечүү үчүн мындан ары да салмактуу мамиле жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр керектиги баса белгиленди.

 
Categories

Акыйкатчы Ысык-Көлдө бензин чачылып өрттөлүп, аман калган аялдын ишин көзөмөлгө алат

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу  өкүлү  бензин чачылып өрттөлүп, аман калган аялга барып жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Каракол ШИИБ маалыматына ылайык, Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафенин жанынан бир эркек аялга бензин чачып, өрттөдү-деген маалымат келип түшкөн. Келген милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.С. өзүнүн 35жаштагы жарандык никедеги күйөөсү аялына бензин чачып, ширеңке чагып туруп, кылмыш кылган жеринен качып кеткенин аныкташкан.

Бул иш Каракол шаарынын ИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде  катталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү кармалып, Каракол шаардык сот тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда жабырлануучу Ысык-Көл облусттук оорукананын травматологиялык бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгердин айтымында, аялдын абалы туруктуу.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү бул ишти өз көзөмөлүнө алды.

 
Categories

Бүгүн Атамбаевдин соту болот

Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдан кийинки алгачкы соту бүгүн 9-январда кайрадан башталат. Сот  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  имаратында өтөт. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымдады.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевге Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу, Кой – Таш окуялары боюнча айыпталып келет.

 
Categories

Алмазбек Атамбаев кайрадан сот өтчү бөлмөдөн чыгып кетти

Бүгүн УКМКнын имаратында “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча сот иши уланды. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Слесарев билдирди. Анын маалыматтарына караганда, Алмазбек Атамбаев сот болуучу бөлмөгө келген. Ал эми сот бөлмөгө кирип келгенде Атамбаев сот ишинин бөлмөдө өтүп жаткандыгына нааразычылыгын билдирүү иретинде кайра чыгып кеткен.

Слесарев: “Атамбаев сот ишинин сот залында эмес, УКМКнын бөлмөсүндө өтүп жаткандыгына каршылыгын билдирди”,-деди.

 
Categories

Бишкек шаардык сотто Равшан Жээнбековдун аппеляциялык арызы каралат

Бүгүн Бишкек шаардык соту саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргооо чарасы боюнча аппеляциялык арызды карайт. Бул тууралуу Адиль Турдукулов маалымат каражаттарына билдирди.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков укук коргоо органдары тарабынан Кой-Таш окуясындагы башаламандык, барымтага алуу сыяктуу кылмыштарга шектелип камакка алынган.

 
Categories

Мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жыйналыш өттү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйналышы өттү. Аталган мекеменин маалымат кызматынын билдиргенине караганда,  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча шайлоо мыйзамдарындагы бир катар өзгөртүүлөрдү, керектөө картасын түзүү долбоорун, ошондой эле жеткиликтүүлүк маселеси боюнча шайлоо участокторуна байкоо жүргүзүүнүн арадагы натыйжалары талкууланды.

Жумушчу тобу тарабынан “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жөнүндө” жоболорго өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу айтылды.

 
Categories

Сыргак Кенжебаев эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова өмүрлүк жолдошу Сыргак Кенжебаевдин эки айга камалгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Буга чейин Ширин Айтматова күйөөсү сыргак Кенжебаевди Алматы шаарынын аэропортунан белгисиз бирөөлөр кармап кеткенин жазган. Кийин Кыргызстандын атайын кызматы Кенжебаевдин алдамчылык менен шектелип кармалып келгенин кабарлаган болчу.

Ал эми Ширин Айтматова жолдошунун кармалганын өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

 
Categories

УКМК Сыргак Кенжебаевдин кармалгандыгын билдирди

Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы Сыргак Кенжебаевдин кармалгандыгын жана анын баш коргоо чарасы мыйзамдын негизинде аныкталарын билдирди. Ал маалыматтарга караганда, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. Кармалуусунун себеби, кытай жаранын ишенимине кирип, анын 350 АКШ доллар акчасын алдап алып койгон. Кытай жараны бул тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

 
Categories

Ширин Айтматова жолдошун УКМКнын кызматкерлери кармап кеткенин билдирди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова өмүрлүк жолдошу Сыргак Кенжебаевди Алматы аэропортунда УКМКнын кызматкерлери кармап кеткенин билдирди. Ал мындай билдирүүнү  “Твиттердеги”  баракчасына жазды.

“Колдооңуздарга жана тынчызданганыңыздарга рахмат. Жолдошум УКМК тарабынан кармалып, Бишкеке алып барышты. Териштиребиз, репрессия уланып жатат”- деп, айтылат.

Буга чейин Айтматова жолдошу Сыргак Кенжебаев  Алматы шаарынын аэропортунда дайынсыз болуп жатканын маалымдаган болчу.