Categories

ТАШИЕВДИ КИМДЕР “КЕЧИРИМ СУРАТТЫ?”

Деги биздин коомчулук чындап эле кокуй болуп бараткандыгы абдан өкүнүчтүү.

Башкасы бүтүп, эми кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан ар кандай айла-амалдар менен арам “упай” алгысы келгендер арбып баратыр.

Учурда кайсы бир нойон соцтүйүндөргө “Ташиев тажиктерден кечирим сурады” деген монтаждалган арсыз видеону таратып, өзүнчө жыргап отурат.

Мынчалык акылга сыйбаган арсыз жорук менен атайылап Камчыбек Ташиевдин кадыр-баркына доо кетиргиси келген адамдар ыйык Рамазан айында абдан оор күнөө иш кылып жаткандыктарына кейибешке аргасызбыз.

Аттиң десе, ушунчалык кара өзгөйлүк менен Камчыкеге кыянатчылык кылуу абдан осол иш болууда.

Эми ошончолукка баргандар жок дегенде элди бир аз болсо да ишендиргилери келсе жакшылап эле монтаждаса болмок экен.

Анткен менен «калптын казаны кайнабайт» дегендей, элибиздин дээрлик көпчүлүгү чын менен калпты айдан ачык ажыратып билген учур азыр.

Анан да Камчыкенин катаал мүнөзү, элим-жерим деп соккон жүрөгү душмандардан эзели кечирим сурагыс экендигин кыргыз эли жакшы билет…

 
Categories

Ташиев менен Ятимов жолугушууда

Бүгн саат 10.00гө белгиленген жолугушуу түштөн кийин саат 15.30да башталды.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз – Тажик чек аралары боюунча эки тараптуу өкмөттүк комиссиялардын отуруму өтүп жатат.

Анда эки өлкөнүн улуттук коопсуздук боюунча мамлекеттик комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов сүйлөшүп жатышат.

Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы чек ара жаңжалы күчөп турган чакта өтүүдө.

Бүгүн эки өлкөнүн мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөшүшүп, кырдаалды тынчтык жолу менен тезирээк жөнгө салууну макулдашышкан.

Талаштуу чек ара тилкелерин тезирээк тактап, делимитация иштерин улантуу бүгүнкү отурумдун негизги өзөгүн түзөт.

 
Categories

Каракчылар менен жыргап турган губернатор Р. Ахмадзадо

28-апрельде кыргыз тажик чек арасын бузуп, кыргызстандык жай тургундарга ок чыгарган тажик жарандарынын куралчан сүрөтү интернетке тарады. Алардын катарында Согди облусунун губернатору Раджабой Ахмадзадо да бар. Аскер кийимчен губернатордун куралчандардын арасында күлүп-жайнап маанайы көтөрүңкү экенин байкоого болот.

 
Categories

Дагы жоготуу болду

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейлекте дагы эки адам окко учкандыгын маалымдады.
Министр учурда калааба болгон айылда медкызматкерлер менен бирге иштеп жаткандыгын билдирди.
Окко учкан эки киши качан жана кандай абалда курман болушкандыгын атайын мед экспертиза аныктаарын айтты министр.

 
Categories

Кемпир-Абад: ТАШИЕВ ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир нече күндөн бери Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы, 50 гектар жердин Өзбекстанга алмаштырылышына каршы болуп, боз үй тигип нааразычылык акциясына чыгып жаткан, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургундары менен жолугушту.

Аталган айыл тургундарынын жер алмашуу боюнча арыз муңун уккан Камчыбек Ташиев, 50 гектар эмес 20 гектар жер алмашуу сунушуна, жыйналган эл макул экендигин айтып канаатандырарлык жолугушуу болгонун айтышты. Эми бул маселени Камчыбек мырза кайра Ташкентке барып ал жактагы өзбек кесиптешери менен чогуу чечерин белгилеп, сунушту кошуна тарап колдойт деген үмүттө экенин айтты.

Башкы чекист мындан ары “мамлекеттен бир тыйын эч ким урдабайт, эл үчүн кызмат кылабыз!” деп баса белгилеп аксакалдардын батасын алып, элдин колдоосу менен узатылды.

 
Categories

КУРАЛ-ЖАРАК САКТАЛГАН ЖЕР ТАБЫЛДЫ

Чүйдө курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, аталган ок-дарылар УКМК жана “Альфа” атайын кызматы 2010-жылдагы апрель, 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында табылган.

“Ал жерден АК-47 Калашников автоматынын эки магазини, 5.45 калибрлүү 59 даана ок-дары жана РПГ-26 “Аглень” гранатомёту табылган. Алар күч түзүмдөрүнүн биринин балансындагы куралдар болушу мүмкүн”, – деп жазылат билдирмеде.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар талап-тоноого тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал. Учурда УКМК тарабынан шектүүлөрдү аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.

 
Categories

УКМК: депутат Дүйшөн Төрөкуловду кармады (видео

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармаган видеосун жарыялады.

Эл өкүлү коррупцияга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. УКМК жарыялаган видео кадрдан депутаттын колуна кишен салынып, атайын кызматтын куралчан аскерлери учактан түшүрүп, андан соң УКМКнын имаратына алып кирип бара жатканын көрүүгө болот.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште “Бир Бол” фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.

 
Categories

Дагы бир жетекчи кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев кармалып , УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.
Анын кармалышынын себеби аталган мекемеде көптөн бери орногон туруктуу жемкорлук схемасы аныкталган. Анын натыйжасында мамлекетке олутту экономикалык зыян келтирилгендиги айтылат.

 
Categories

ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРДУК УЮМДУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, кыргыз жараны Сирияда согуштук даярдыктан өтүп, эл аралык террордук уюмдун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан. “Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлгөн киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө абагына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта. Учурда атайын кызмат кармалган адам тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин улантып жатканы кошумчалады.

 
Categories

Финполдун мурдагы жетекчиси мыйзамсыз акча өндүрүүгө шектелип кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мекеменин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Таиров иштеп жаткан учурда мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири суммада акча каражатын алганын аныктаган.

Маалыматта Таиров ири сумманы берүүгө мекеме жетекчисин 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунун алдында партиялардын бирин каржылоо деген шылтоо менен мажбурлаганы белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бакир Таировдун башка ишкерчилик чарбаларынан да ушундай жол менен акча алган учурлары боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө чаралары жүрүп жатат.

Бакир Таиров Финансы полициясында 2018-жылдын 29-апрелинен 2020-жылдын октябрдын ортосуна чейин иштеген. Өлкөдө бийлик алмашуудан кийин нааразылык акцияларынын катышуучусу Сыймык Жапыкеев 17-октябрда жаңы премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен мекемени жетектеп калган.

Сыймык Жапыкеев мурда прокуратурада иштеген. Кийинчерээк «Чоң казат» уюмунун лидерлеринин бири катары таанылып, ушул аталыштагы партия менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан. Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап жүрөт.