Categories

Жыргалбек Курманбеков: Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Аталган фондун маалыматына караганда, долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук капчык Элсомду пайдалануу менен төлөмдөрдү ишке ашырууну үйрөтүү.

Долбоордун тренери Жыргалбек Курманбеков:  “Окуу курстун биринчи этабында смартфон жана анын кызматтары, электрондук почта жана ал аркылуу маалыматтар менен алмашууну өтүп бүттүм. Азыр окуу курстун экинчи этабына өтөйүн деп турам, ал практика жүзүндө болот. Ата-энелердин электрондук почталары аркылуу бири-бири менен маалымат алмашуу болот. Буларды эмне себептен жасап жатам? 2019-2020 окуу жылына мектепке 1-класска кабыл алуу электрондук кезек менен жүргүзүлдү. Анда ата-энелердин көбү аябай кыйналды. Себеби аларда электрондук почта болгон эмес. Буга байланыштуу алдын ала даярдык көрүп жатабыз. 15-февралдан баштап электрондук каттоо башталат, ошондо ата-энелер дароо кыйналбай каттоодон өтүшү керек. Сүрөт, документ тиркегенди үйрөтүшүбүз зарыл, себеби электрондук кезекке турганга керек”, – деди.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын жаңыланган имаратына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков  Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңыланган имаратына барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлгөн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Президент бардык региондордо Борбордун программасын тең жайылтуу үчүн облустардагы жогорку окуу жайлар менен өз ара мамилесин камсыздоо боюнча пландарды колдоду. Борбордун иш-чараларынын бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, электрондук окутууларды жүргүзүүдө салттуу форматтарды да, заманбап санариптик технологияларды да колдонууга чакырды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу жана шайлоо процессине жаштардын катышуусун жогорулатуу боюнча иштер тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, шайлоодо колдонулуучу жабдыктар жайгаштырылган залды көрүштү. Бул жакта жарандар шайлоо технологияларынын иши менен таанышып, добуш берүү системасын тесттик режимде иштетип көрө алышат.

Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен онлайн-видеоконференция болуп, алар Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылында жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында өткөн айыл өкмөттөрүн шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө айтып беришти. Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрү менен пикир алышууда саясий жана экономикалык тармактарда ачык жана калыс атаандаштык болгондо гана өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Ал БШКнын башкы милдети бардык деңгээлдеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыздоо жана шайлоо системасынын платформасын туруктуу түзүү экендигин эске салды.

 
Categories

Диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук системага өтөт

Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында түштүк аймагы боюнча медресе жана диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө жыйын болуп өттү. Муфтияттан алынган маалыматка караганда, иш-чара Куран окуу менен башталып, жалпы медресе жана окуу борборлордун жылдык планы, өткөн жылдын артыкчылык жана кемчиликтери, келээрки жылда өтүлүүчү жаңы окуу программалары, медреселерге сунушталган окуу предметтеринин саны, жана диний окуу жайлардын электрондук системага өтүү боюнча даярдыгы каралды.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, элибизге Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө, жаштарды адептүүлүккө чакырууда диний окуу жайлардын салымы чоң экенин баса белгилеп, алардын ишине ийгиликтерди каалады.

Ал эми КМДБ диний окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси Акимжан ажы Эргешов, медересе жана диний окуу борборлордун саны жылдан-жылга өсүп жатканынын, аларды электрондошторуу иштери баштала турганын кошумчалады.

 
Categories

Өлкөдө 10 жыл мурда чыгарылган автоунаалар 94,6 пайызды түзөт

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы республикада 1 173 миң транспорттук каражат катталган, анын 94,6 пайызынын чыгарылганына 10 жыл жана андан ашык убакыт өткөн. Бул статистика өлкөнүн автопаркынын эскерип бара жатканын көрсөтүп турат.

Кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорт электромобилге салыштырмалуу орто эсеп менен 13 эсе көп углерод жана башка газдарды чыгарат.

 
Categories

Улутстатком ADAPT жаңы инструментин киргизе баштады

Улуттук статистика комитети ПАРИС 21 уюмунун жана БУУ-Аялдар уюмунун колдоосу менен, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрга чейин ADAPT (Advanced Data Planning Tool) инструментин киргизүүгө арналган техникалык семинар өткөрүп жатат. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.

Семинардын максаты – пландоонун инновациялык веб-инструменти болгон ADAPT инструментин пайдаланууда республиканын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө болуп эсептелет. Бул инструмент он-лайн режимде улуттук стратегиялардын индикаторлорун жана өнүгүүнүн тармактык программаларын мониторинг жасап жана пландоого, ошондой эле ТӨМдүн (Туруктуу Өнүгүү Максаттары) көрсөткүчтөрүнө жетишүүнү мониторинг жасоо үчүн статистикалык маалыматтарды чыгарууга жардам берет.

 
Categories

Адис М.Окенов: Текстти үнгө айландыруу жүзөгө ашырылды, үндү текстке айландыруу жыл соӊуна чейин аткарылат

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеӊеште «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Улутсофт» компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов маалымат-технология доорунда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча баяндама жасады. Бүгүнкү күндө кыргыз тили экономикалык баалуулук катары колдонулбай жаткандыгына токтолду. Ошону менен катар чөнтөк телефон менен социалдык тармактарды активдүү колдонуучулары кыргыз тилин, андагы ө, ү, ӊ тамгаларын пайдаланылбай жаткандыгын, билинбеген менен бара-бара анын кесепеттери тууралуу айтып: «Алдыдагы кибернетика доорунун шарттарына ылайыкташтырып багыт алуубуз керек»,- дейт.

Мирбек Окенов «Улутсофт» компаниясы алдына кыргыз тилинде сүйлөгөн жасалма интеллектке жетишүү үчүн 4 кадам: 1) текстти үнгө айландыруу (2018), 2) үндү текстке айландыруу (2019), 3) тексттин семантикалык анализи (2021), 4) тексттин синтези (2023) коюлгандыгын маалымдады. Анын маалыматы боюнча текстти үнгө айландыруу жүзөгө ашырылды. Үндү текстке айландыруу жыл соӊуна чейин аткарылат.

 
Categories

Кытайда роботтун жөндөмүн сынаган видео пайда болду(видео)

Кытайда Unitree Robotics компаниясы төрт бутту  AlienGo роботунун басып бара жаткандарын жана анын жөндөмүн сынаган видеону коомчулукка сунуш кылды. Ага таң калгандар да арбын. Ал тургай артка сальдо жасай ала турганын айтышууда.  Бул тууралуу kratko-news.com. сайты жазды.

AlienGo роботу адам көп жүргөн жайларда жүргөнгө да жөндөмдүү. Оор жүктү да сүйрөй алат.

 
Categories

Видеокөзөмөл аркылуу адамдардын жүзүн таануу ишке киргизилет

Кыргызстан Кытайдагы “CEIEK” компаниясы менен коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташат. Мындай кызматташууга Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 4-мартында кол койгон. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган макулдашуунун алкагында ИИМ менен “CEIEK” компаниясы коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган күнү – түнү иштөөчү видеокөзөмөл камераларын иштетүү боюнча кызматташат. Бул келишимде тараптар коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоо жаатында интеллектуалдык жана техникалык системаларды колдонуу тууралуу макулдашышты. Видеокөзөмөл системасынан сырткары адамдардын жүзүн таануу системасы киргизилет. Бул жаңы система ишке киришсе алдыңкы технологияларды колдонуу жолу менен коомдук коопсуздугу камсыз кылынат.

Кытай компаниясы жабдууларды жеткирүү, орнотуу жана башкаруу борборуна жайгаштырууга жана консультациялык кызмат көрсөтүүгө жооптуу болуп саналат. Бул долбоор Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен каржыланбастан эл аралык кызматташунун негизинде ишке ашырылат.

 
Categories

АКШда почта ташыган робот пайда болду(видео)

Ал кадимки эле адамга окшош. Жеңил металлдан жасалып, 18 кг. га чейин салмактагы жүктү ташыйт. Тепкичтерде чыгып, кайра түшө алат.

АКШда почта ташыган робот пайда болду(видео)

Ал атайын автоунаа менен келип, жүктү кардардын эшигинин кире беришине чейин алып барат.

АКШда почта ташыган робот пайда болду(видео)

Эгерде алдынан өтүүгө кандайдыр бир тоскоолдуктар чыкса анын сүрөтүн тартып башкарган тарапка жөнөтөт. Буйрук келмейинче күтүп турууга жөндөмдүү.

 
Categories

Ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу үчүн жер тилкесин бөлүү каралууда

Кыргыз Өкмөтү менен Кытай Өкмөтүнүн Макулдашуусун ишке ашыруу максатында гранттык жардам берүү менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо каралган. Макулдашуу долбоорунда лаборатория курууга Кытай Өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 650 млнь кытай юаны бөлүнөрү белгиленген. Муну менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу менен эл аралык талаптарга ылайыкталган айыл чарба продукциясын сертификациялоо көйгөйүнүн чечилип, ата мекендик продукциялардын экспорттун потенциалын жогорулатууга шарт түзүлөт.

Мындан улам, аталган лаборатория үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси келип чыккандыктан, мыйзам долбоору иштелип чыккан. Аталган министрликте мындай лаборатория курууга жер тилкелери караштырылып, Сокулук районундагы Ак-Жол айылы (Раздольное), Ат-Башы айыл өкмөтүндө жайгашкан жер тилкелери тандалып алынган. Маалыматка ылайык, бул жер тилкесин лаборатория үчүн трансформациялоого район жетекчилери жана жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөр болуп, айыл өкмөтүнүн макулдугу алынган.

Талкууда долбоорго экологиялык лаборатория куруу үчүн жер тилкесин бөлүү маселесин дагы киргизүү жагын караштыруу мүмкүнчүлүгү айтылды.