Categories

Ташиевди кимдер “кечирим суратты?”

Деги биздин коомчулук чындап эле кокуй болуп бараткандыгы абдан өкүнүчтүү.
Башкасы бүтүп эми кыргыз – тажик чек ара жаңжалынан ар кандай айла амалдар менен арам “упай” алгысы келгендер арбып баратыр.
Учурда кайсы бир нойон соцтүйүндөргө “Ташиев тажиктерден кечирим сурады” деген монтаждалган арсыз видеону таратып өзүнчө жыргап отурат.
Мынчалык акылга сыйбаган арсыз жорук менен атайылап Камчыбек Ташиевдин кадыр баркына доо кетиргиси келген адамдар Ыйык рамазан айында абдан оор күнөө иш кылып жаткандыктарына кейибешке аргасызбыз.
Аттиң десе, ушунчалык караөзгөйлүк менен Камчыкеге кыянатчылык кылуу абдан осол иш болууда.
Эми ошончолукка баргандар жок дегенде элди бир аз болсо да ишендиргилери келсе жакшылап эле монтаждаса болмок экен.
Анткен менен калптын казаны кайнабайт дегендей элибиздин дээрлик көпчүлүгү чын менен калпты айдан ачык ажыратып билген учур азыр.
Ананда Камчыкенин катаал мүнөзү, элим жерим деп соккон жүрөгү душмандардан эзели кечирим сурагыс экендигин кыргыз эли жакшы билет…

 
Categories

Ташиев менен Ятимов жолугушууда

Бүгн саат 10.00гө белгиленген жолугушуу түштөн кийин саат 15.30да башталды.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз – Тажик чек аралары боюунча эки тараптуу өкмөттүк комиссиялардын отуруму өтүп жатат.

Анда эки өлкөнүн улуттук коопсуздук боюунча мамлекеттик комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов сүйлөшүп жатышат.

Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы чек ара жаңжалы күчөп турган чакта өтүүдө.

Бүгүн эки өлкөнүн мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөшүшүп, кырдаалды тынчтык жолу менен тезирээк жөнгө салууну макулдашышкан.

Талаштуу чек ара тилкелерин тезирээк тактап, делимитация иштерин улантуу бүгүнкү отурумдун негизги өзөгүн түзөт.

 
Categories

Аркада ок атылды

Бүгүн түштө Тажик аскерлери Лейлектин Арка айылында кайрадан ок чыгарды.
Аркадагы эл жашаган турак үйлөрдү аткылашкан.
Анткен менен учурда аталган айылдын эли башка коопсуз айылдарга көчүрүлүп бош калган.
Учурда кыргыз чек арачылары атышуу болгон жерде коргонуу позициясына өтүшкөндүгн чек ара кызматы билдирди.
Бүгүн Баткен шаарында эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара иштери боюунча комиссия жолугушуу өткөрмөк.