Categories

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ

5 жыл бою жабык турган Улуттук тарых музейи бүгүн салтанаттуу түрдө ачылды. Расмий ачылыш аземи театрлаштырылган иш-чара менен коштолду.

Жарандар 20-ноябрдан баштап музейди көрүүгө барса болот. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен белгилешкендей, биринчи он күндүктө, тактап айтканда, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган. Немис адистери аларды заманбап технологияда жасалгалап, экспонаттар мультимедиалык жабдууларга тутушкан.

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат экени ачыкталган. УКМК Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

 
Categories

Дароот – Коргон баяны

               ( Бул тарыхый баянды мен 1991-жылы Карамык айлынын 90 жаштагы аксакалы  Тойчубек Апсатаровдон жазып алганмын жана ошол эле жылы «Кыргыз Руху» гезитине жарык көргөн)              

 

Канга жуурулган сепил

 

Дароот-Коргон… Сансыз жылдардын санаты төгүлүп, сапар карып, ат арып, сан-миң өмүрлөр кыйылган жер. Опол тоого оронгон бул жерде айтылбай калган тарыхтын ырын ырдап, күүсүн черткен бир гана элес: бир тарабы көчүп, маанайы өчүп калган карт сепил.

Бул алп тоолордун кучагында тээ эзелтеден эч кимге баш ийип, кулдук урбай; амал кылып ажал келсе алдынан кыя тосуп айбыкпай найза сунган, кылычы кындан түшпөй, журт уюткусу бузулбай өчүп конгон бир уч найман, кыпчак, тейит уруулары атадан балага, муундан- муунга калган зор өмүрдүн нарк-насилин төмөндөтпөй, урпагына шек келтирбөө мыйзамын бек тутуп жашап турган. “Жерине жараша эли” деген эзелки эл сөзү бекер айтылбаган    белем.  Бул чөлкөмдө таң агарып атканда аалам акактын суусуна жуунуп алгансып, көпкөк асман, тээ алда кайдан шаңкайган улуу тоолор дапдаана көрүнүп, чексиз кенендик, бейкуттук сезилип, анан түш оой капилеттен шамал чыгып, добул уруп, көтөрүлгөн чаң нөшөрлөгөн жамгыр менен аяктап, ээ жаа бербеген Кызыл-Суу нугунан улам оодарылып,күпүлдөп жар жемирип агаар эле. А, эл болсо, алп тоолордун колтугуна баш калкалап, күнүмдүк турмуштун лазатын татып, жай баракат жашап, анан бир туруп кадимки тоо карышкырларындай тынымсыз жортуп, чыгыштан Кашкар, батыштан Кара-Тегин менен жоолашып, капилет изин жашырып, коктудан-коктуга тоодон-тоого ооп, сиңип кетер эле. Бу бир ууч элге эч кандай үстүртөн келген өкүмдарлыктын, бийликтин кереги жок болчу…

Бирок, ушул кезде Кокон хандыгы улам кеңейип, Кудаяр хан экинчи ирет бийликке келип, Тыяктан Кара-Тегин вилаетин колго алып, өз бийлигин Чоң-Алай өөрөнүнө  бекем орнотуунун үстүндө кам көрүп жаткан. Кан жиберген “Кара тумшук ”  Кул датка болжол менен 1844-жылы баардын алды менен миңге тете колдун коштоосунда эч каршылыксыз Дароот-Коргонго келип түштү.

Улуту тажик болгон Кул датка Кара-тегин вилайетин Кокон хандыгына кошууда, Кокондун, Маргалаңдын айланасында жашаган тажик урууларын башын бириктирүүдө өзгөчө кызмат кылганы үчүн Кудаяр хан өз колу менен “датка” деген наамды ыйгарган ишенимдүү адамы эле. Кебете-кепширин караган адамга кадимки тапка келген бүркүттөй чамынып, кочкор тумшук мурдунун астында оозун жапкан коюу кара муруту ого бетер каардуу кылып көргөзчү. Ошондуктан аны “Кара бүркүт, кара тумшук” деп аташчу.

Ошол эле жылы Кул датка Дароот-Коргон суусунун чыгыш тарабына коргонуу сепилин курууну  баштады. Айылдан-айылга кыдырып, элдин мал-мүлкүн, тоноп, төөнүн сүтүн, эчкинин жүнүн жыйдырып, казылган топурактын үстүнө жыйналган малды мууздап, канга жууруп, эчкинин жүнүн, төөнүн сүтүн коштуруп, кийиз жаптырып тапка келтиртти. Бул болсо Кул датканын ата-бабасынан алып калган сыры эле. Канга жуурулган топурак таштай катып, төөнүн сүтү ширелүү келип, жаанга жуулбас касиетке ээ.

Сепил төрт чарчы келип, узуну сексен туурасы алтымыш бийиктиги алты метрди түзгөн, төрт бурчуна мунара тургузулуп, алардан атайын торт тарапка мылтык атылчу тешикчелер коюлуп, түндүк тарабынан жалгыз дарбаза курулду.

Кыя чабылган кылыч

Кокон ханынын эң ишенимдүү өкүлү катары Чоң-Алайга келген Кул датка эки -үч жыл айланбай  эч ким менен эсептешпей өз билгенин жасап, күн алыс бирден кызды катындыкка алып шарияттан чыгып, катуу көөп кетти. Муну Темир бий билип катуу ызаланып жүрдү. Күндөр өтө берди, Кул датка заалымдыгын токтотподу.  Мезгил закымдап, не бир тагдырлардын тамыры зыркырап жатты. Датканын камчысынан калган так жон сыздатып, кылыч кындан суурулуп кыя чабылар кез жакындап баратты. Жыл айланып, саратандын аптаптуу ысыгы жанга өтүп турган кези экен. Ошол күндөрдүн биринде катынпоз датканын нөкөрлөрү Кара-Мык айылындагы айтылуу сулуулардын бирин датканын “ак никесине” алып барууга келишет. Бирок бул айылдын бийи Артык бийдин аталаш тууганынын бир уулу ал кызды өзүнө нике кыйдырып, каршылык көрсөтөт. Кул датканын буйругу менен ал жигит күнөөкөр деп табылып, байланып келинет. Кеч бешимде Артык бий Дара-Оот-Коргонго келип Кул даткага жолугуп: “Жигитиме жан соога кыл, датка”-деп сурайт. Ошондо датка: “Оо, бекзаада, сунулган колду суурулган кылыч кеспес. Сөз бир, шарт бир болсун. Таң агарып, Кара-Кыяга күн жабышканча кырк дилде алып келбесеңиз айып этпеңиз, ажалга даба табылбас, газага саям (өлүмгө буйруюм)”- деген шарт коет.

…Ошол жай саратандын кыска түнүндө Артык бий атын каттуу теминип, Кара-Мыкты көздөй келатты. Көңүлүнө  тоңгон муз сай-сөөгүн сыздатып, башаламан чакчелекей ойлордун санаасында баратып улам Кул датканын оозун жапкан кара муруту, тээ алда кайдан карагансыган заардуу көздөрү көз алдына тартылып, “Сөз бир, шарт бир болсун…Газага саям” деген сөздөрү кулагына кайрадан жаңырып, “уу кызталак, бул эки сүйлөбөйт” деп узаган сайын кылчайып Кара-Кыяны карап баратты. Тээ Кашкар тараптан күн жылт этип жарыгын чачканда бет маңдайынан тосо чыкчу бул Кара-Кыя эртең бир өмүрдүн бар же жок болуучу мезгил сагатын ченөө кызматын аткармак. Мезгил-өмүр, мезгил-өлүм. Өлүмгө татырлык күнөө кылса анда иш башка. Бирок бул жаза адилет жаза болбой ата-текке, уруу намыска шек келтирип жатпайбы… Анан калса бул аймакта сөзүнүн өтүмдүүлүгү, кадыр-баркынын жогорлугу жагынан Артык бийге чоң кадыр баркка ээ эле. Уламышка айланып бараткан чоң атасы Тилек баатыр жөнүндө айтылган кеп анын күчүнө күч, намысына намыс кошуп, көңүлү уу-дууга толуп баратты. Тилек баатырдын тушунда эч бир жоо бу тарапка батынып кол салган эмес экен. Эл оозунда айтылган кепке караганда Тилек баатыр 15 жаш курагында жайдак ат минип, Кароол дөбөгө чыгып, Кара-Тегин тараптан келаткан жоонун алдын тоскон дешет. Ошондо келаткан жоо ат башын тартып, аскер башы “тээ жайдак ат минген өспүрүмдүн атынын жалында шам күйүп, эки тарабынан эки жолборс коштоп турат. Кайтпасак болбос, Кызыр колдогон жан экен”- деп кайра тартышыптыр. Ошол Тилек эр жеткенде эки жагына бирдей кылыч шилтеген Баатыр Тилек сологой деген атка конгон.

Артык бийдин мындан башка да укканы бар эле. Бала кезинде атасы Курмушу менен Кашкардын Кыяк-Башы деген жерине барышып, жепирейген бир үйдүн ичинде сакал-муруту куудай аппак абышканы көргөнүн эстеди. Аны-муну, ата-текти сурап отурган абышка ордунан тура колдорунан өөп, чапандарынын этегине тооп кылып:”Оо, куш келипсиңер  Тилек Кыпчактын перзенттери,”- деп ээктерин кемшеңдетип, көздөрүнө жаш кылгырып, мындай бир окуяны баяндаган:

  • Бу, Сары-Таш, Кашкар тараптагы кыргыз атпайдын башына каран-күн түшүп, калмактын кандуу кылычынын астында турган кез. Ушундай абал Тилек баатырдын кулагына жетип, көп кол менен келип, калмакты катуу кырып, элди канатына калкалап калат. Ошондо карыя атпай бүт чогулуп, баатырды ортого алып :”Тегиңиз ким, бурадар”-деп сурашса, “Кыпчак” деп жооп берет. Анда карыялар оо бурадар, сиз куп чакта келдиңиз (өз мезгилинде). Сиздин тегиниз да, атыңыз да кыпчак болсун дешип, ак сакалдарынан ылдый бата тартышкан экен.

Бул түн терметип бараткан ошол Тилек баатырдын небереси Артык бий болчу. Тилек баатырдан төрт уул: Халыгул, Абдилла, Худаяр, Курмушу калган. Курмушудан-Артык бий.

Артык бий ошол ай-ааламга жылдыз толгондо Кара-Мыкка жетип, убада боюнча кырк дилдени алып кайтып келатканда таң сүрүлүп, Жар-Башынын талаасына жакындаганда, Сары-Таштан көтөрүлгөн күн Дара-Оот-Коргондун Кара-Кыясын жаба берди. Бул мезгилде жаш кыздын койнунан жаңы козголгон Кул Датка нөкөрлөрүнө: “Карагыла! Күн кыяга жабыштыбы, Артык бий барбы”-дегенде нөкөр: “Күн кыяга жабышты, Жар-Башынын боз талаасында эки шашылыш караан бар дегенче болбой: “Кеч болуп калган экен, газага сайгыла” – деп өлтүртүп жиберет.

Ошол ошол болду,  Артык бий кайра кайтып баратып Кара-Мыкка жетпей аттын башын Жекендиге буруп, Гайып бийдин алдына келди.

-Оо бий аба, кутурган кул энеси өбө элек кыз алып, элдин мүлкүн талап… Не калды Гайып бизде? Не сый…        не урмат…? Сөз ушул болду. Ошол күнү Гайып бий Кул датканын темир устасы Мамараимге киши жиберип жең ичинен алака түздү. Уста Мамараим ( айрым маалыматтарга караганда уста Сата) Гайып бийдин кызматын кылган киши эле. Колунан көөрү төгүлгөн уста, сынган кылычтын жигин билгизбей улаган чебер болчу. Мындай жөндөмдүүлүктү көргөн Кул датка өзүнө уста кылып алган эле. Тымызын барган  чабарманга уста  Мамараим “байтеше тапка келгенде”-деген жоопту айтты. Анткени коргондун дарбазасы жоон чынжырлар менен тартылып жабылчу эле. Уста Мамараим байтешесин кайра-кайра согуп, эшик тартылган чынжырды чапканда эч майтарылбастан бөлө кесүүгө таптады. Байтеше тапка келгенде Артык бий, Гайып бий баш болгон жүздөй кыпчак үрүл-бүрүл караңгы талашта сепилди курчоого алышты. Чынжыр тарс үзүлүп, дарбаза ачылды. Кыпчактар сепилдин ичине кирип келишип, датканын желдеттерин каршылыксыз кармашты. Сепилдин ичине тигилген ак өргөөдө бейкапар отурган Кул датка бака-шакадан селт этип чочуп, керегеде илинген алтын саптуу кылычын кармап сыртка чуркады. Иштин жагдайын дароо түшүндү да, сепилдин чыгыш тарабындагы мунарага кире качты. Мунаранын астына өрт койулду. Койуу кара түтүнгө кошулуп, Кул датка мунаранын үстүнөн баш бакты. Артык бий жакын келип: “Оо, кызталак! Жаман атка жал бүтсө…Кана тапчы эми ажалга даба…Ташта кылычты-дейт. Кул датка алтын сап кылычты Артык бийди көздөй шилтеди. Артык бий кача бергендекылыч байды жандап турган желдеттин чапанын тешип, курсагын жарып кетти. Кул датканы Дароот-Коргон суусуна алып келгенде ай көтөрүлүп, түн ортосу болуп калган эле.Суу жээгине келгенде Кул датка Артык бийге бурулуп: “Руксаат этиңиз бий, акыркы жолу даарат алып алайын” деп кайрылат. Ошондо Артык бий датканы ээгинен көтөрүп: Ха, ит десе, шейит болгуң бар экен да, шарыят урган шерменде! Сендейге кыпчактын кылычын булгоого да болбос! Чап! Өзүнүн кылычы менен кыя чаап сал!-деп буйруганда чабылган кылыч  сол мүрүдөн кирип, өпкөнү тең бөлүп ичеги-карындан өтүп, жамбаш сөөгүнө такала түштү. Кылыч кайра суурулган жок. Алтын сап айдын жарыгында жаркылдап турду. Кыпчактар сепилге кайра келбестен Жекендини көздөй тартышат. Эки күн өтпөй Гайып бий өзүн “датка” деп жар салды да сепилди ээледи.  Кудаяр хан өз бийлигин орнотуу үчүн Дароот-Коргонго Абдырахман аптабачыны баш кылып аскер жиберди.

Дароот - Коргон баяны

Кутулбас кун

Оо, бир кезде атасы Мусулманкул аталыктын азаптуу өлүмүн көргөн Абдырахман өлүмдөн качып, баш калкалаар жер издеп ушу алп тоолордундун койнуна келген эле. Атадан калган жалгыз перзентти асырап өстүргөн да, алдына ат тартып, үстүнө тон кийгизип, жоо жарагын камдаган да ушул эл эле. Кийин эр жетип, күчүнө толуп турган кезинде Кудаяр хан:

-Кайсы күнү тоонун жапайы кыпчактарын ээрчитип, чаап кирет,-деген түпөйүл ойго кетип, тез издетип таптырып атасынын кегин унутсун деп өзүнө жакын адам кылып алган.Эми минтип кандуу кылыч көтөрүп, өз кудугуна түкүрмөккө бирден кармап башын алмакка бармакчы. Абдрахман адегенде бул жүрүштөн баш тартмакка далалат кылды. Бирок Кудаяр хандын катуу кысымынан соң барууга аргасыз экенин айтып, Маргалаң кыпчактарынын төмөнкүдөй мазмундагы каты менен тымызын чабарман жиберди. “Чоң-Алай кыпчактарына кабар кылгыла! Мен Мусулманкул аталыктын перзенти Абдырахман өз туугандарыма каршы аргасыздан чабуулга барам. Тамашанын белин ашып, Дүңгүрөктүн ичине салам. Жолду өзүм баштайм. Капчыгайдын эки башын бууп, үстүртөн таш камдагыла. мен капчыгайдан өтө качкан соң, жолду бууп, таш бараңга алгыла. Тирүү калуучулар болбосун! Абдырахман”.

Бул кат Маргалаң кыпчактарынын чабарманы аркылуу Дароот-Коргонго жетти да, Гайып датканын колуна тийди. Гайып датка тез аранын ичинде капчыгайдын эки тарабына бештен он мерген отургузуп, Дүңгүрөктүн кырын ташка толтуртту. Мына кагылыша кала тургансыган бет маңдай эки тоо. Тар капчыгайдын таманында жалгыз аяк жол. Таштан ташка жулунуп, суунун жаңырыгы бир калыпта дүңгүрөп, авазга чыгып турду. Балким, “Дүңгүрөк” деп аталышынын негизи ушудур.

Белгиленген мөөнөттө Абдырахман беш жүз сарбазды  жанына алды да, эки күн жол жүрүп, Тамашаны ашып, Дүңгүрөктүн ичине кирди. Жол баштаар аптабачы колду токтотту да, “мындан ары жолду карап келүүгө” алдыга кетти. Тосмодон өтүп, колун өйдө көтөрдү да, “баштагыла” деп ишаарат кылды. Мөндүрдөй жааган таштар беш жүз өмүрдү заматта жалмады. Бирин-экин качкандарды мергендин огу тосту.

 

Абдырахман аптабачы атынын башын кайрадан коконду көздөй бурду.

Ошентип бул иштин жарасы уллам ырбап баратты. Айласы кеткен Кокон ханы Каратегин бектерин “Кулдатканын куну куулбай калды”- деп көкүтүп жатты. Маргаландын, Кокондун айланасындагы тажик бектерине дагы ушул эле собол коюлду.

Кеч күздүн удургуган кара шамалы менен Фергана тараптан чыккан аскер кошуун тоо ашып, Текеликтин ичи менен келип, Дароот-Коргондун үстүнөн агылып түштү да күн чыгыш Кашкар багытын тосту. Экинчи аскер кошууну Каратегин  тараптан чыкты да, Жергетал, Сары-Талаа, Кичи Карамыкты басып өтүп, күнбатыш Улуу Карамык багытын тосту. Жоону Гайып датка менен Артык бий беш жүзгө жетпеген кол менен тосту. Көп колго туруштук бере албаган кыпчактар улам батышты көздөй чегинип отуруп, Жекендинин талаасына келгенде эки тараптын кысымында калды.

Артык бий боз тобурчагын оңго бурду да, тоскон жоого жеткирбей Балыктынын белин ашып, Текелик тоосун жамынды. Гайып датка Памирди көздөдү да, аттын башын солго буруп сууга салды. Кеч күздө тартылып калса да Кызыл-Суу кечүү берген жок.Чарчаган аттар суунун агымына карай кайрадан оңго чыкты. Утурлап чапкан кол Гайып датка баш болгон ондой адамдын башын жээке жетер менен чаап жиберишти. Баштар сууга кулады, алардын арасында Гайып датканын бир тууганы менен өз перзентинин да башы бар эле. Агып бараткан баштардын артынан “Карма, карма” дешип, суу жээгинде чаап жүрүштү. Кудаяр хандын алдында кун куулду деп алып барылуучу баш суу тереңине карай агып, акыры чөгүп кетти.

 

Кун куулуп бүттүбү!? Эгер бүтсө эмне менен далилденмек? “Же аш, же баш бербесе, бул эмне деген эл” деп чурулдап кала беришти. Чындыгында бул элге үстүртөн келген эч кандай бийликтин, өкүмдарлыктын кереги жок эле…

Сакы Садыков,  1991-жыл, Жекенди айылы.  КМУУнун Журналистика кафедрасынын 1-курсунун студенти

 

 

 
Categories

Тарыхчы Молдокасымов тажик генералынын айтканы чагымчылдык экенин айтты

Тажик генералдарынын ичинде тарыхты биле бербегендери көп. Мунун негизги себеби катары кечээ тажик генералы Навжувоновдун айткандарын мисал келтирсек болот. Анын айткандары эки элдин ортосуна от жагып жаткандыгы байкалат. Мындай пикирин тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.

Кыяс Молдокасымов: “Эгерде тарыхка кайрылсак, Баткенди айтпаганда да Жергетал, Мургаб кыргыздардыкы болгон. Бул жерлердин аталышы Манаста бир нече ирет айтылган”,-деди.

Эске сала кетсек, 13-февралда Тажикстандын айрым маалымат каражаттарында жана Интернетте Навжувоновдун “Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деген билдирүүсү тараган.

 
Categories

Роза Отунбаева: Бекназаров китебинде кыргыз саясатынын тарыхына документалдуу изилдөө жасаган

Бүгүн Бишкекте саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Мен – Кыргызмын” аттуу китебинин бет ачары болду. Бетачарга өлкөбүздөгү белгилүү жана белдүү саясатчылар экс-президент Роза Отунбаев, экс-спикер Медеткан Шеримкулов, аксакал саясатчылар Кемелбек Ашыралиев,  Үсөн Сыдыков жана башкалар катышып, китепке болгон пикирлерин айтышты.

Роза Отунбаева: “Мен кечээ китепти алып 300 го жакын барагын түнү менен окуп чыктым. Китеп өзү 800 беттен турат экен. Китепте көптөгөн документтер камтылган. Юрист адамдар тарыхка кайрылып китеп жазса, жазуучулар, окумуштуулар көрбөгөн, билбеген учурларды көрөт экен. Кыргыз саясатынын тарыхына документалдуу анализ жасалган. Келечекте жаштар, окумуштуулар үчүн абдан маанилүү болуптур”, -деди.

Андан соң Роза Отунбаева Бекназаров Малайзияга элчилик кызматта жүргөндө ал өлкөнүн өнүгүү тажрыйбалары менен Кыргызстан элин кабардар кылып турууга, алар бизден 10 эсе өнүгүп кеткенине токтолду.

Ал эми Бекназаров аталган китепте баары ачык жазылганын, анда аты аталган айрым бир саясатчылар капа болушу мүмкүндүгүн да эскертти.

Эске сала кетсек, “Мен Кыргызмын” аттуу китепте өлкөбүздөгү 1990 жылдардан баштап, менчиктештирүү жана эки революция камтылган.

 
Categories

Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ноябрь айында өткөрүлөт

Айтылуу тарыхый инсан Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрь айынын башында өткөрүлөт.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, маарекени уюштуруу милдети Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде маарекелерге карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, маарекеге арналган иш-чаралардын алкагында бир нече илимий-конференциялар өткөрүлөт. «Азыр Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын сунуштарын күтүп жатабыз», – деди Азамат Жаманкулов. Депутат Төрөбай Зулпукаров Алымбек датканын өмүр жолун ар жаран жакшы билиши керек экенин белгилесе, депутат Марлен Маматалиев Алымбек датка жөнүндө көркөм фильм тартуу керектигин айтты.

Эске салсак, 1799-жылы Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон. Ал Мадали хандын чакыруусу менен Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжыян жана Ош шаарларынын беги болуп турган.

 
Categories

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга Дүйнө чемпиону болуп келди.

21-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарнан Дүйнө чемпиону наамын  багындырып Айсулуу Тыныбекова  Бишкекке учуп келди. Манас аэропортунан  Айсулуу Тыныбекованы  күйөрмандары жана бийлик өкүлдөрү жылуу тосуп алышты.

View this post on Instagram

В Международном аэропорту «Манас» 21 сентября торжественно встретили Чемпионку мира по борьбе Айсулуу Тыныбекову. Айсулуу Тыныбекову встретили руководитель аппарата президента КР Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр КР Замирбек Аскаров. @tynybekova.aisuluu #оаомам #аэропорт #аэропортманас #небоначинаетсяснами #борьба #чемпионатмира #airport #airportkg #manasairport #tynybekova #айсулуутыныбекова #theskystartswithus #airportmanas ✈️✈️??? @ Manas International Airport

A post shared by ОАО "МАМ" (@airport.kg) on

Финалдык беттешүүдө  Айсулуу Болгариялык дуйнө чемпиону  Тайбе Юсейнди 5:3 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону аталган. Бул Кыргыз спортунун тарыхындагы Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы алтын медаль.

Айсулуу Тыныбекова бардык куйормандарын ыраазычылыгын билдирип: – ” Бул бир гана менин эмес, жалпыбыздын женишибиз “, —деди.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кытайлык окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков: «Биринчи жолу былтыр Бишкекте, кийин Пекин шаарында жолугуп, кыргыз-кытай тарыхы тууралуу кеңири баян курдук. Андан бери бир нече айдын ичинде сиздер тараптан көптөгөн жаңы маалыматтар жана кыргыз тарыхын далилдөөчү андан ары дагы миң жылга чейинки маалыматтар табылды. Биз бул табылгалар үчүн өтө чоң кубанычтабыз. Сиздердин кыргыз тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деп аракеттенүүңүздөргө дагы бир ирет терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындан ары дагы биздин окумуштуулар сиздердин институт менен натыйжалуу иштей берүүсүнө тилектешмин. Мамлекет бул багытта бардык колдоосун көрсөтө берет», — деди

Ал чогултулган материалдар илимий негизде, академиялык басылмадан жарык көрүп, аларды кеңири таркатуу зарыл экенин билдирди.

Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарых изилдөө институтунун кытай чет эл менен байланыш тарыхын изилдөө бөлүмү жана Евразия борборунун директору Ли Цзиньсю академия тарабынан кыргыздардын тарыхы жөнүндө басылып чыгарылган китеп Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз аларга болгон колдоосунун аркасы менен ишке ашканын белгиледи.

 
Categories

Улуу Жибек жолу доорунан берки байыркы монеталар көргөзмөдө

Улуттук банк Эл аралык музей күнүнө карата бардык кызыккан адамдарды Улуттук банктын музейинде 2019-жылдын 17-майында өтө турган Ачык эшик күнүнө чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматк ызматы билдирди.

Музейге келген адамдар улуттук валютанын өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкноттор кандай жасала тургандыгы тууралуу маалымат алуу менен катар эле, Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле, музейде Улуттук банк тарабынан 25 жыл ичинде чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган.

Экскурсия саат 10.00дөн 16.00гө чейин өткөрүлөт.  Кирүү акысыз. Инсандыгын тастыктаган документи (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш.

 
Categories

Алла Пугачеванын уруксат берилбеген видеосу жарыяланды(видео)

Белгилүү ырчы Алла Пугачева 70 жашка чыкты. Учурда анын юбилейин достору жана жакындары кызуу белгилеп жатышат.

Ал эми анын 1984 –жылы тартылган видеосу Россиянын мамлекеттик каналдарынын биринен жарыяланды. Учурунда Ленинград телевидениеси бул видеону жарыялоого  уруксат берген эмес. Анын өтө начар саппатагысы мыйзамсыз түрдө интернеттерде көрсөтүлүп келгендиги маалым.

 
Categories

Президент Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, эркиндик менен адилеттикти туу туткан намыскөй элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуу үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында токтом кылынды:

Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.

Өкмөткө иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн аталган планын ишке ашыруу боюнча финансылык жана башка маселелерди чечүү сунуш кылынсын.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.