Categories

Ош шаарында диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өтүп, имамдарга тренинг уюштурулду

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы «Мутакалим» коомдук уюму менен биргеликте Ош шаарында Жалал-Абад, Баткен, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облусунун жана Ош шаардык казыяттарына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөр жана мугалимдер арасында спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөргө белек-бечкектер берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарында диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өтүп, имамдарга тренинг уюштурулду

Волейбол оюну боюнча кыздар арасында:

1 орунду Нарын, Ысык –Көл жана Талас облустарынан куралган «Ассорти» командасы

2 орунду «Жалал-Абад» командасы

3 орунду –«Чүй» командасы

Футбол оюну боюнча эркектер арасында:

1 орун «Баткен» командасы

2 орун  «Ош облусу» командасы

3 орунду Нарын, Ысык –Көл жана Талас облустарынан куралган  «Ассорти» командасы жеңип алды.

Ош шаарында диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өтүп, имамдарга тренинг уюштурулду

Муну менен катар бул күнү «Ден соолук негиздери» аттуу тренинг уюштурулуп, анын ачылыш салтанатына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек, КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов, Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары, UNFPA өкүлү Толгонай Бердикеева жана «Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы катышты.

Ош шаарында диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өтүп, имамдарга тренинг уюштурулду

Тренинг алкагында жалпы катышуучулар ден соолукту сактоо жана табият менен таттуу мамиледе болуу боюнча бир катар көнүгүүлөрдү жасашты. Ошондой эле диний лидерлердин өздөрүнүн аймагындагы дараметин жогорулатуу, аларга альтернативдүү жана ийгиликтүү идеяларды берүү, радикалдашуунун, зордук зомбулуктун, экстремизмдин алдын алуу жана аларга жол бербөө темалары боюнча лекциялар окулду. Иш чаранын соңунда катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

 
Categories

Хабиб Нурмагомедов Сооронбай Жээнбековго жолукту

UFCнин учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Түркияда Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.  Бул тууралуу спортчунун атасы İnstagram баракчасына жазып чыкты.

“Кыргызстан бизди ар дайым жакшы тосуп алган. Сооронбай Шарипович Хабибдин UFC 229 мелдешинде Макгрегорду жеңгени үчүн куттуктады. Баарлашуу аябай пайдалуу болду ” деп жазган  Абдулманап Нурмагомедов

Хабиб Нурмагомедов Сооронбай Жээнбековго жолуктуХабиб Нурмагомедов Сооронбай Жээнбековго жолукту

 
Categories

Жоламан Шаршенбеков күмүш медал утту

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде мекендештерибизди үмүт байлатып жаткан эле. Буга чейинки беттештеринде үч балбанды катары менен утуп чыккан болчу.

Кечээ Жоламан Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан алтын байге үчүн күрөштө азербайжандык Элданиз Азизлиге жеңилип (0:10), күмүш байгеге ээ болду.

Ошентсе да кыргыз спортчусу кыргыз спорт тарыхында каларлык эрдик жасады. Кыргызстандын грек рим күрөшүнүн тарыхындагы экинчи күмүш медалды алып келди.

Алгачкы күмүш медалды балбан Канат Бегалиев 2006-жылы Гуанчжоуда өткөн дүйнө чемпионатында алган.

 
Categories

Жоламан бүгүн Будапеште алтын үчүн күрөшөт

Венгриянын Будапешт шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 20-октябрда башталган. Анда кыргыз спортчулары да катышууда. Кечээ килем үстүндө болгон күрөштө жердешибиз Жоламан Шаршенбеков түркиялык Екрем Озтуркту 9:0 эсебинде утуп финалга чыкты.

Жоламан бүгүн Будапеште алтын үчүн күрөшөт

Ал эми бүгүн азербайжандык Элдани Азизли менен алтын үчүн күрөшөт.

Жоламанга жараткан кубат бере көр!

 
Categories

Хабиб – Мейвезер беттеши Москвада өтөбү?

UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов  мушкер Флойд Мейвезер менен мушташты Москвада өткөргүсү келет. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Хабиб  “ Беттеш Лас Вегаста болбойт, алар менин акчамды төлөп беришпейт. Буйруса 100 миңдей көрүүчү топтойбуз. Түз алып көрсөтүү жагынан дагы рекорд коебуз. Эң башкысы бурчта менин атам болот, анан калса Москвага виза керек эмес. Азыр Россиянын бокс федерациясынын башкы катчысы Умар Кремлев менен  мушташты Москвада өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдөмүн” – деп жазган.

Эске салсак, Нурмагомедов  Маркгрегор менен беттешинен кийин эле Мейвезерге чакырык таштаган. Андан соң көп өтпөй эле  Мейвезер мушташууга каршы эместигин билдирген.

Эки мушкер тең азыркыга чейин мушташтан бир да жолу жеңиле элек.

 
Categories

Кара-Кулжада райондук хатибияттар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылындагы “Касымалы Жантөшев» атындагы орто мектебинин спорттук залында Ош облусунун аймагындагы райондук хатибияттар арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Иш чара “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында Ош облусунун мусулмандар казыяты жана Кара-Кулжа райондук хатибияты тарабынан уюштурулуп, мелдешке облус аймагындагы 7 райондук хатибият жана казыят кызматкерлеринен турган жалпысы 8 команда катышышты. Иш чаранын башталышында Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев бардык командаларга ийгиликтерди каалады.

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев: “Пайгамбарыбыз (САВ) кез-кези менен жүрөктөрүңөрдү эс алдырып, тургула”- деп айткан. Андыктан дин кызматкерлеринин арасында сергек жашоо образын калыптандырып, мындан ары да райондук хатибияттар арасында спорттук мелдештерди уюштурууну улантуу зарыл, – деди.

Мелдештин жүрүшү аябагандай кызуу таймашуу менен өтүп, жыйынтыгында 1-орунду Ноокат райондук хатибияты, 2-орунду Чоң-Алай райондук хатибияты, 3-орунду Кара-Кулжа райондук хатибияты, 4-орунду Ош облустук казыятынын командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө уюштуруу комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары облус казысы Самидин кары Атабаев мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга жана уюштуруу иштерине салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирды.

Эскерте кетсек, аталган спорттук мелдеш буга чейин Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда өткөрүлгөн болчу.

 
Categories

Оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты Түркмөнстанда өтөт

Түркмөнстан 28-октябрдан 10-ноябрга чейин оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатын өткөрөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Мелдештерге катышуу үчүн 100 өлкөдөн билдирме түшкөн (Африканын 9 мамлекети, Европанын 38 өлкөсү, Азиянын 29 өлкөсү, Американын 15 өлкөсү жана Океаниянын 9 өлкөсү). 800 чет өлкөлүк спортчунун келиши күтүлүүдө, жалпысынан ар кайсы өлкөлөрдөн 1500 өкүл (калыстардын бригадалары, журналисттер) катышат.

Учурда чемпионаттын веб-сайтын иштеп чыгуу боюнча иштер, катышуучуларды аккредитациялоо жүрүп жатат.

Эске салсак, Ашхабаддагы Олимпиада шаарчасын куруунун масштабдуу долбоорун түркиялык Polimeks Inşaat Taahhüt ve Sanayi Ticaret A.Ş. ишке ашырган.

 
Categories

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш түштүк жергесинде өтөт

Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы маалымдады. Ал маалыматтарга караганда, аталган биринчилик Ош шаарында “Төлөйкөн” ат майданында 29-октябрда башталып, 3-ноябрга чейин уланат.

Оюнга Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жаана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда күч сынашат. Байге фондусу – 2 миллион сом. Баш байге катары уткан командага 500 миң сом ыйгарылат.

 
Categories

Президент С. Жээнбеков: “Кыргызстандык спортчулар 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип, өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөрдү»

«Биз жеңишке  умтулган спортчуларыбызды ар дайым ардактап алууга даярбыз!», — деп, айтты Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн XVIII Азия оюндарынын жеңүүчү спортчуларына жана алардын  машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана акчалай сертификаттарды тапшыруу  салтанатынын аземинде. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент С. Жээнбеков: “Кыргызстандык спортчулар 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип, өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөрдү»

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Мекенибиздин 20 спорт чебери байгелүү орундарды жеңип алып, мамлекетибиздин  желеги эл аралык аренада желбиреди. Кыргызстандык спортчулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип алып, өлкөбүздүн кадыр-баркын бийик көтөрдү. Сиздердин жеңиштер менен жалпы Кыргызстан эли сыймыктанат. Биз жеңишке умтулган спортчуларыбызды ар дайым ардактап алууга даярбыз Талбаган эмгек менен машыгууларды улантыңыздар!», — деди.

Президент С. Жээнбеков: “Кыргызстандык спортчулар 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип, өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөрдү»

Ошону менен бирге эң жаш спортчу — 19 жаштагы Акжол Махмудовго токтолуп, кыргызстандыктар  андан алдыдагы  олимпиадалык оюндарда  жеңишке жетет  деп ишеним артып жатканын баса белгиледи.

«Даңк» медалына  менен джиу-джитсу боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Төрөкан Багынбай уулу, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Каныбек Жолчубеков, жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Дарья  Маслова, эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Магомед Мусаев, аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова сыйланышты.

 
Categories

Футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликтен Орусия 14,5 млрд. доллар тапты

Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттан аталган өлкөнүн казынасына ири суммада киреше түшкөндүгү тууралу маалымат каражаттары жазып чыгышты. Тийешелүү мекемелер бул каражатты эсептегенге бир нече убакыт коротушту. Тактап айтканда, 14,5 млрд доллар түшкөн.

Футболдун кирешесинин эсебинен айрым облус, шаарлардын Ички Дүң Продукциянын да өскөндүгу байкалган. Негизинен курулуш жана туристтик тармакта өсүү болгон.