Чоң мелдешке катышып, күлүктөр менен жарышкан милициянын капитаны Майрамбек Арзыбаев
Майрамбек Арзыбаев жыл сайын чоң мелдештерге катышып, күлүктөр менен жарышып, ар дайым байгелүү орундарды жеңип алып келет. Анда көп алыска барбай эле былтыркы жылдан берки жеңиштерине токтоло кетели.
2018-жылдын февраль айында Бишкек ШИИББнын кызматтык спорттун көп түрү боюнча өткөн спартакиадада 2-орунга татыктуу болсо, апрель айында Бишкек шаардык мэриясынын “Жаз деми “аттуу 5 чакырым аралыкка чуркаткан жарышта, 40-50 жаш курактагы күлүктөрдүн арасынан суурулуп чыгып, биринчи келе алган. Акчалай байгеге ээ болгон.
Май айында Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган марафондо 10 чакырым аралыкка чуркап, 45-55 жаштагы күлүктөрдүн арасынан экинчи келип, дагы байге алган. Быйыл дагы так ошол ийгиликтерин кайталап, февраль айында өткөн Бишкек ШИИББнын кызматык спорттун көп түрү боюнча өткөрүлгөн олимпиадасында биринчи байгелүү орунду жеңип алган.
Май айында жыл сайын өтүүчү Сатымкул Жуманазаровдун атындагы марафондо экинчи орунга чыккан. Бул мелдешке чет өлкөлүк 20 мамлекеттен келген мен – мен деген күлүктөр катышып, таймаш абдан курч мүнөздө өткөндүгүнө карабастан Майрамбек бир гана күлүктөн калып, калганына чаң жуткурган. Ошентип Майрамбек тынбай чуркап келет.
Үсөнбек Дайырбеков ИИМдин Басма сөз кызматы