Ташиевдин уулу Испанияда ойнойт
Камчыбек Ташиевдин кичү уулу Эмирхан Кыдыршаев кечээ Испанияга учуп кетти.
Эмирханды Испаниянын Ла Лигасындагы “ Леванте” футболдук клубу кароого чакырган.
Анткени ал учурда Италиянын “Перуджа” футболдук клубунда жарым коргоочу катары мыкты оюун көрсөтүп келет.
Эмирхан эки жылдан бери Италияда атактуу футболчу Россинин футбол академиясында окуп , аты уйкаш клубда ойноп жүрөт.
Буйруса Испаниялык клуб менен келишим ийигиликтүү түзүлүп калса Эмирхан Ла Лигада ойногон алгачкы Борбор Азиялык футболчу болуп, кыргыздын атын чыгарып, чоң сыймыкка ээ болмокчу.
Аллах жолуңду ачсын Эмирхан!