Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…

 
Categories

Спикердин сүйүнчүсү өзүнө кайгы алып келеби?

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Дастан аттуу ымыркайга сүйүнчү катары берген 50 миң сом көрүндүгү өзүнө кайгы алып келчүдөй болуп турат.
Дегенибиз Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу спикердин берешен жоругун атайын карап чыгып, аны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алышты.
Эми жумушчу топтун чечими сунуш катары БШКнын жакынкы жыйынында карала турганын комиссиянын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.
Эгер жыйын адилет караса анда эле Дастан Жумабеков “Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыгарылары анык.
БШК жеңеби же спикер жеңеби деп коомчулук күтүп турат.
Негизи мыйзамдын жеңиши баарынан маанилүү жана милдеттүү.