Categories

МОМБЕКОВ БОРШАЙКОМГО УТУЛДУ

Бишкек шаарынын административдик соту Рыскелди Момбековдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууга байланыштуу арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Буга анын жогорку кесиптик билими тууралуу алган дипломун УКМК мыйзамсыз деп тапканы себеп болгон. Момбеков БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылган.

Анын дипломуна байланыштуу маселе былтыр парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. Боршайком өткөн жылы Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган.

 
Categories

СОТ ЖАНАР АКАЕВДИН ПАЙДАСЫНА ЧЕЧТИ

Бишкек шаардык административдик соту Жанар Акаевдин мандатын кайтарып берди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, сот “Альянс” партиясынын арызын канааттандырып, гендердик квота боюнча БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таап жокко чыгарган. Аны менен катар Токтобүбү Оргалчага мандат берүү да мыйзамсыз болгону аныкталган.

Сот отуруму 21-декабрда болгон. Белгилей кетсек, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөн.

Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болду. Бул “Альянс” партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээлеген.

Өз кезегинде Акаев “шайлоодон кийин оюндун эрежесин өзгөртүү жогорку бийликтин буйругу болду” деген пикирин билдирген. Ал эми “Альянс” партиясы сотко кайрылган.

 
Categories

Аида айым акпы?

Бүгүн 6-январда Жогорку сотто мурдагы башкы прокурор Аида Салиянованын соту болот.
Сот жараяны Аида айымдын жактоочуларынын арызынын негизинде жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу болмокчу.
Салянова юстиция министри болуп иштеп турганда Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген кине менен айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган.
Анткен менен Аида айымдын жаш наристеси болгондуктан жазасын кийин өтөй турган өкүм чыккан.
Ал өкүмдүн чыккандыгына үч жыл болду.
2017-жылы чыккан соттун өкүмүнө нааразы болуп кийинки инстанцияга кайырылганда 2019- жылы жогорку инстанция соттун баштапкы өкүмүн күчүндө калтырып койгон.
Андыктан бүгүн Аида айымдын акыркы үмүтү каралат.
Албетте ал соттун чечиминде…

 
Categories

Ташиев жеңеби же чириген сот системасыбы?

Логикага таянсак, биз жашап жаткан коом (Кыргызстан) эң бакубат жана адилеттүү коом болуш керек эле. Анткени бизде башка кесипкөйлөргө караганда юристтер менен экономисттер эң көп. Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын дээрлик баары укук таануучулар менен эсепчилерди даярдайт.  Бул албетте, жакшы деңизчи, бирок биздин билим алуудагы максатыбыз, ниетибиз кандай деген суроо туулат. Сүйүктүү пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллямдин “Амалдар ниетке жараша болот жана ар бир адамга ниет кылган нерсеси гана берилет” деген хадиси бар. Бул куттуу хадистин маани-маңызы өтө терең жана аны дин аалымдары өтө көп чечмелешкен. Хадис маанисинде алсак, юрист же экономист болуу ниети бизде жеке кызыкчылыкка гана байланган. Байкоо салсаңыздар, бизде бул кесиптерди (юрист, экономист) тандаган келечек муундардын көпчүлүгүнүн ата-энелери дал ушул тармакта иштегендер: соттор, прокурорлор, каржы тармагында иштегендер, казыначылар ж.б. Карапайым калкка караганда алардын жашоосу жомоктогудай, кабат-кабат үйлөрү, кымбат автоунаалары, толгон-токой дүйнөлөрү бар. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү эч качан жеке ишкердүүлүк кылышкан эмес. Бирок кантип мынча бай болуп алышкан?

Дал ушул тема бүгүн өтө актуалдуу болуп жатат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев отуз жылдан бери ирип-чириген сот системасынын “как жүрөгүнө канжар сайып”, соттордун арам тамактарын ашкерелей баштады. Бул күрөш оңойго турбайт. Анткени бийликтин бир бутагы болгон сот системасы өйдөдөн ылдый карай (же ылдыйдан өйдө карай) жөргөмүштүн желесиндей болуп коррупцияга чырмалыша малынган.  Ошондуктан УКМК Жогорку Соттун төрайымынын “тамырын” тартса Соттор Кеңешинин “башы айланып” кетип жатпайбы? Өткөндө соцтүйүндөрдүн бирөөндө жаны ачыган бир адам: “соттор отуз жылдан бери элдин жонунан кайыш тилдиңер, эми силердин жонуңардан кайыш тилчү заман келди окшойт”, –деп жазды.  Албетте, бул жан ачыгандан айтылган сөз. Бүгүнкү сот тармагына коомчулуктун 99 пайызынын көз карашы ушундай деп ойлойм. Бул иште (коррупция менен болгон курөштө) Камчыбек Ташиев жалгыз болбошу керек! Коомчулук жапа тырмак киришип, ага колдоо көрсөтпөсөк өлкөбүздө адилетүүлүк орнобойт! Адилетүүлүк орномоюн, соттор таза жана көз карандысыз болмоюн мамлекет эч качан өнүкпөйт. Эң оболу соттордун өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө болгон абийир соту болуусу керек. Кудай алдында аларда эртеби-кечпи ар бир чыгарган өкүмү үчүн жооп беришерин сезе билишкенде гана адамдардын тагдыры менен ойнобой, акчанын артынан түшпөй адилет чечим чыгарышат. Казы(сот) болуу кандай оор жана жоопкерчиликтүү. Буга мындай бир мисал келтирсек болот.  Атактуу ислам аалымы, Ханафий мазхабынын негиздөөсүсү Имам Аззамга ( толук аты Абу Ханифа Нуман бин Сабит бин Зута бин Марзубан ) Халиф аль-Мансур чоң-чоң шаарлардын казылык кызматын сунуштаган кезде да ал “кокус бирөөгө туура эмес өкүм чыгарып алып, тозок отуна күйбөйүн” деп  сунушту кабыл кылбастан четке каккан. Анын мындай жообуна ачууланган халиф Имам Аззамды зынданга салып, ал абакта жатып көз жумган.  А биздин соттор акырет соту тууралуу ойлонушабы? Тескерисинче, биздин соттор өз иштерине саресеп салуунун ордуна аларга сын айткан Камчыбек Ташиевдин “короосуна таш ыргытышууда”. Бул күрөштө ким жеңет? Ташиевби же чириген сот системасыбы? Албетте, акыйкат ким тарапта болсо эртеби-кечпи жеңиш да ошол тарапта болот.

Сакы Садыков

 
Categories

ЖАҢЫ СУДЬЯЛАР ДАЙЫНДАЛДЫ

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жергиликтүү сотторго тогуз судьяны дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Мамытовдун дарегине Чүй облусунун кээ бир райондук, шаардык сотторунун, ошондой эле Ош облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун айрым судьялык бош кызмат орундарына дайындоого 20 талапкерди сунуштаган. Президенттин милдетин аткаруучу судьялык кызматка 9 талапкерди дайындоого макул болгон. Ал эми калган 11 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды кайра Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарган.

 
Categories

Жогорку Соттун судьялыгына төрт талапкер ат салышты. Тизме

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Соттун судьясынын кызмат ордуна бир бош орун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна үч бош орун, Биринчи Май райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна бир бош орун жана Бишкек шаарынын Октябрь, Свердлов жана Ленин райондук сотторунда үчтөн бош орун бар. Бош калган судьялык кызмат ордуна сынак жарыяланды. Чүй облусунун Кемин жана Сокулук райондук соттору, Ош шаардык сотунун судьясынын бир бош орду, Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун судьясынын эки бош оруну жана Нарын облусунун Административдик сотунун судьясынын бир бош орду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси:

Толук аты Туулган жылы Туулган жериИштеген жери  , кызматы Тейлөө тажрыйбасы Тейлөө тажрыйбасы
ЮристСот
Байтикова Эльмира Турдакуновна14.09.195 жЫсык-Көл областыЖогорку соттун алдындагы Балыкчы адилеттик мектеби, директор38 ж.12.6 ж.
Назаров Дамирбек Дүйшоевич05/01/1977 жОш областы, Өзгөн шаарынын Октябрь райондук соту, төрагасы20 ж.12.6 ж.
Осмонов Айдарбек Касымалиевич18.03.19 жНарын облусу, Жумгал району, Түгөл-Сай айылы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидеринин кеңешчиси.23 ж.14 ж.
Насырканова Жылдысхан Насыркановна29.01.1971 жЧүй облусу, Чүй району, Чүй айылы Убактылуу жеткиликсиз15.10 ж9.10 ж