ТАЛАПКЕРЛЕР ШАЙЛООГО КАНЧА КАРАЖАТ КОРОТУШТУ?
Жергиликтүү кеңештин депутаты болууга аттанган талапкерлердин шайлоо фондуна 155,2 миллион сом чогулуп, үгүт иштерине анын 150,2 миллион сому коротулду. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.
28 шаардык кеңешке шайлоого 59 партия катышып жатат. Алардын шайлоо фондуна 122 531 102 сом келип түшкөн. Үгүт өнөктүгүнө бул сумманын 120 337 305 сому коротулганы белгилүү болду.
Ал эми айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондуна 32 670 643 сом чогулган. Анын ичинен 29 912 159 сому жумшалган.