Categories

“Ата Мекен” Индира Жолдубаеванын отчетун кабыл албады

“Ата Мекен” фракциясы Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун укту. 

Бирок, аталган фракциянын депутаттарына башпрокурордун отчету жакпады. Алар Индира Жолдубаевага ишеним көрсөтүшпөдү. 

Эми “Ата Мекен” башпрокурордун чуулгандуу коррупциялык жана саясий иштер менен алектенген ишмердүүлүгүнө баа берүүгө депутаттык комиссия түзүү ниетинде турушат.  

Булак: NewTV

 
Categories

Раим –миллионер: Мени Бажыга Атамбаев менен Илмиянов алып барган

КР Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, коомчулукка Раим-миллионер деген каймана ат менен таанымал болгон Раимбек Матраимов журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Буга дейре КСДПнын курултайында экс-президент Атамбаев: “Коррупция менен күрөшкүң келсе, Раим-миллионерге окшогондор айланаңда болбошу керек деп Сапар Исаковго аны кызматтан алууну сунуштагам”, – деген.  

Матраимов эск-президенттин капыл-тапыл өзүнүн дарегине сын айтып калганына түшүнбөйт.  

“Атамбаев менен эч качан начар мамиледе болгон эмесмин. 2015-жылы Атамбаевдин жана досум Илмияновдун колдоосу менен Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болдум. Мен дараметимдин жетишинче КСДПга пайдалуу болуп, алдыга жылышына салым кошууга аракеттендим. Дагы деле бир партияданбыз деп билем”, – дейт Матраимов.  

Ал бажы тармагында иштеп жүргөндө бажы төлөмдөрүн ар дайым нормадан ашык аткарышканына токтолду. Айтымында, 10 айда бюджетке 27 миллиард 700 сом түшүргөн.  

Булак: NewTV


 
Categories

ЖК спикери Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчисин кабыл алды

 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Женгиз Камил Фыратты ишеним грамотасын тапшырып, Кыргызстанда дипломатиялык ишмердүүлүгүн баштагандыгы менен куттуктады. Ошондой эле Төрага жаңы элчинин бай дипломатиялык тажрыйбага ээ экендигин белгилеп, Женгиз Камил Фырат Түркиянын Кыргызстандагы элчиси катары да эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жаңы барагын ачат деп ишенерин билдирди. 

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Кыргызстан менен Түркияда окшоштуктар арбын, байыркы тарыхы, тили да бир боордош эл. Биздин өлкө бардык багыттардагы өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыкты арттырууга даяр. Азыркы тапта көпчүлүк тармактар боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, эки мамлекеттин парламенттери ортосунда, айрыкча түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик Ассамблеясынын алкагында тыгыз кызматташтык калыптанган”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков. 

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш Төрагасы Түркия Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду. 

Өз кезегинде Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат мамлекеттер аралык кызматташтыкты арттыруу үчүн бардык зарыл болгон аракетти көрүүгө даяр экендигин билдирди. 

“Дипломатиялык ишмердүүлүгүмдүн Кыргызстанда өтүп жатканына кубанычтамын. Анткени, биздин эл үчүн кыргыз калкы дос эле эмес, боордош эл болуп саналат. Биздин өлкөлөр эки тараптуу байланыштарды мындан ары да өнүктүрүп, бекемдей берет деген ишеничтемин”, – деди Женгиз Камил Фырат. 

Ошондой эле элчи биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 400 миллион долларды түзөрүн, бирок Түркия тарап жакынкы аралыкта аны 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканын белгиледи. Аны менен катар Түркия Кыргызстанды инвестициялоону улантуу ниетинде экендигин кошумчалады. 

Мындан сырткары, Женгиз Камил Фырат Түркия Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун расмий иш сапарына даярдык көрүү менен анын алкагында жагымдуу пикир алмашуу болорунан үмүттөнүп жатканын билдирди. 

Жолугушуунун соңунда элчи Төрага Дастанбек Жумабековду Түркияга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.  

 

 
Categories

Руслан Казакбаев фракция лидерлигинен “республика -атажуртчуларга” жакпай калганы үчүн кетти

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен Руслан Казакбаевдин эмне себептен кеткенин фракциялаштары маалымат каражаттарына билдиришти.

Алардын айтканына таянсак, Казакбаев иштиктүү аракеттерге бара албаганы үчүн фракциялаштардын көңүлүнө толбой калган.  

Аталган фракциянын депутаты Табылды Тиллаев чече турган маселелерди чече албай койгон Казакбаевге убакыт берип, күтүп отура бербестен лидерликтен кетиришкенин белгилеген.  

Бүгүн фракцияга лидер болуп шайланган Жыргалбек Турускулов да Казакбаев депутаттар ишенбей калышканын айткан.  

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткенден кийин анын ордуна фракцияга башчы болгон Руслан Казакбаев беш айга жетпеген убакыт гана лидерликти алып кете алды.  


Булак: NewTV

 
Categories

Айгүл Текебаева: Өмүрбектин ден соолугунда өзгөрүү жок

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ал абактагы жолдошу менен 15-мартта жолугушкан боюнча көрүшө элек.

«Бизге бир жарым айда бир жолугууга уруксат бериле турган кылып койгон. Акыркы жолу киргенде абалы жакшы эмес болчу. Азыр деле өзгөрүү жок», — деди Текебаева.

3-апрелде Феликс Кулов, Темир Сариев баштаган коомдук ишмерлер президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик башчыларына кайрылуу жиберип, «Ата-Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге дарыланууга шарт түзүп берүүнү суранышкан. Кайрылууда Текебаев камалганга чейин эле атайын медициналык текшерүүдөн өтүп, гипертония жана жүрөк оорусу диагнозу менен толук курс дарыланганы, азыр да анын ден соолугу тууралуу кооптонууга негиз бар экени белгиленген.

Маалыматка караганда, эки жумадан бери Өмүрбек Текебаевге таза абада дем алууга уруксат берилбейт, ошол жердеги дарыгерлер тарабынан ар тараптуу текшерүү толук жүргүзүлө элек.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов “орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган” деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу чечим чыгарган. Алардын соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылган арыздары канааттандырылган эмес. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн “саясий куугунтук” катары баалап жүрүшөт.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

 
Categories

Президентке коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-апрелде
өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев  менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Антикоррупциялык  кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алды. 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир
Сагынбаев катышты. 

УКМК менен АКК жетекчилери 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин  чечимдерин аткарылышы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  органдарында коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалымат  беришти. Тактап айтканда Бишкек ЖЭБдеги авария жана модернизациялоо,  республикалык бюджеттен негизи жок КНС төлөп берүү фактылары жана башка  коомдук резонанс жараткан иштер боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн  жүрүшү тууралуу маалымат беришти. 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын биринчи кварталы боюнча УКМК  Антикоррупциялык кызматынын ишмердигинин жыйынтыктарын талдоо коррупцияга  каршы аракеттенүү багытында жакшы жылыш бар экендигин көрсөттү. Ошол эле  учурда алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мындан дагы катуу аракеттенип,  колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу зарыл экендигин  баса белгиледи. 

Сооронбай Жээнбеков сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция  өлкөнүн улуттук коопсуздугуна негизги коркунуч келтирген абалда калып  жаткандыгын белгиледи. УКМК Антикоррупциялык кызматынын иши жалпы  коомчулуктун катуу көзөмөлүндө тургандыгын баса белгиледи. 

АККнын директору Сагынбек Исмаилов Кызматтын ишмердигинин негизги багыттары  жана 2018-жылга иш пландары туурасында отчет берди. Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев алдыга коюлган милдеттерди  аткаруу үчүн АККнын күчү жана ресурстары жетиштүү экендигин баса белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК жетекчилигинен алдыга коюлган  милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүп, мамлекеттик органдарда, анын  ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык  көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды көрүүнү, калк менен тыгыз иштешүүнү  талап кылды. 

“Кандайдыр бир коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы  жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш  жоопкерчилигине тартылууга тийиш”, -деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. 

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Антикоррупциялык кызмат  коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү менен бирге коррупциялык кылмыштарды жана  укук бузууларды жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды аныктоо  аркылуу коррупциянын алдын алуу боюнча системдүү иш жүргүзүүгө тийиш  экендигин белгиледи. 

Булак: NewTV

 
Categories

Депутат Жыргалбек Турускулов «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидерлигине шайланды

Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясында лидерлигине Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович шайлангыны белгилүү болду. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев расмий түрдө билдирди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Депутат Жыргалбек Турускулов мурдагы лидер Руслан Казакбаевди алмаштырган. “Фракция башчысы ротация катары алмаштырылды. Ал эми Руслан Казакбаев фракция мүчөсү бойдон кала берет”, – деди ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Жыргалбек Турускуловду «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидерлигине шайланышы менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Булак: NewTV

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

Кыргыз Республикасыныны Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.

Министр 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин чечими менен ички иштер органдарынын алдына коюлган олуттуу милдеттерди ишке ашыруу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ички иштер органдары тарабынан иштер күчөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгын белгиледи. “Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек”, – деп Сооронбай Жээнбеков милициянын иши мыйзамга гана негиздениш керек экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ИИМ системасында коррупция деңгээли жогору экендигин, ошондой эле милиция кызматкерлеринин көп сандаган мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улан Исраиловдон алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу ыргагын басандатпастан, ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды колдонууну, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.

 

 
Categories

Атамбаев: Сооронбай Жээнбеков менен мамилебиз мурункудай жакшы

КСДПнын курултайы башталды. Журналисттерге экс-президент Алмазбек Атамбаев чыкты. 

Журналисттерди адегенде эле шайлоодон кийин Атамбаев- Жээнбеков мамилесинде өзгөрүү болгон- болбогонун билүү кызыктырды. 

Атамбаевдин айтымында,  президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилелери мурункудай эле жакшы бойдон. 

Ошондой эле экс-президентке коомчулукта көптөн бери айтылып жүргөн: “Атамбаев өкмөт башчылыгына келет” деген кабардын чын-бышыгын билүү максатында суроо берилди. “Бүгүнкү өкмөттүн ишмердүүлүгү көңүлүмө жагат, баары жаш болсо да, жасаган иштери бар. Менин максатым КСДП партиясын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдоо”, – деп жооп берди Атамбаев. 

 Булак: NewTV