Categories

ИИМге жаңы орунбасар дайындалды

Ички иштер министринин орун басары болуп Памирбек Асанов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылганы жана ишенимден кетти” деген жүйө менен кызматтан алынгандыгы айтылган.

Генерал-майор Курсан Асанов 2011-жылдан бери Ички иштер министринин орун басары болуп келген эле.

 
Categories

Курсан Асанов кызматтан алынды

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев кол кол койгон.

Маалыматка ылайык, 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

 
Categories

О.Опумбаев: “Төңкөрүш жасоо үчүн Атамбаевге кан төгүү керек болчу”

Алмазбек Атамбаевдин максаты төңкөрүш жасоо болчу. Ал үчүн кан төгүү керек эле. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин басма сөз жыйынында билдирди.

“Атамбаев үйүнө чогулган адамдарга миң сомдон үч миң сомго чейин төлөп, аларды кармап турган. Айланасына жалаң кары-картандарды, аялдарды, балдарды жыйнаган. Милиция келгенде кагылыш кылуу үчүн атайын таштар да түшүрүлгөн. Мен расмий түрдө ачык айта аламын, Атамбаев өлкөдө төңкөрүш кылыш үчүн ага кан төгүү керек болчу. Анын негизги максаты да ушул болгон”,-деди Опумбаев.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевди кармоо мыйзамдуу болгонун кошумчалады.

 

 
Categories

Ө.Жамшитов: “Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды”

Алмазбек Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынгандыгын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында билдирди.

Ар бир кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынып, өч алуу максатында же бирөөнү кылмыштуу куугунтукка тартууга жол берилбестикке катуу талап коюлду. Учурда Алмазбек Атамбаевге тиешелүү 120 мүлкү камакка алынды. Атамбаевди кармоо учурунда ошол жерде болгондор күбөө катары суракка чакырылууда”, – деди Жамшитов.

 

 
Categories

Атамбаевге оор беренелер боюнча кылмыш иши козголду

Алмазбек Атамбаевге бир нече оор беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаевге «Адам өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» беренелери менен иш козголгон.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясы менен кармалып, Биринчи май райондук соту 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

 

 
Categories

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

Бүгүн, 9-августта Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келди. Аны “Манас” аэропортунан тарапташтары тосуп алды.

Бабанов тоскоолдуксуз кайтып келгенин, аба майданда эч кандай бут тосуу болбогонун билдирди. Ошондой эле аны тосуп алгандарга ыраазычылык айтып, өлкөнүн тынчтыгы керектигин баарынан маанилүү экенин кошумчалады.

 
Categories

Фарид Ниязов камалып, башкалар суракка чакырылды

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды. Бул тууралуу аталган партиядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ниязов “барымтага алуу” беренеси боюнча кармалган. Анын баш коргоо чарасы эртең, 10-августта каралат.

Ошондой эле, депутат Асел Кодуранова ИИМге суракка чакыртылса, Ирина Карамушкинанын үйүнө милиция кызматкерлери барганы кабарланды.

Белгилей кетсек, кечээ 8-августта Алмазбек Атамбаев кармалып, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева күбөө катары сурак берип чыккан. Бирок ал бүгүн дагы кайрадан суракка чакыртылган.

 

 
Categories

Ү.Ниязбековдун апасы: “Өмүр бою Атамбаевдей канкорду каргап өтөмүн”

Өмүр бою Атамбаевдей канкорду каргап өтөмүн. Мындай сөзүн маркум Үсөн Ниязбековдун апасы коштошуу зыйнатында айтты.

Бүгүн, 9-августта УКМКнын офицери Үсөн Ниязбековдун сөөгү жерге берилди. Ал Кой-Ташта Атамбаевди кармоо атайын операциясында каза болгон.

Маркумдун энеси сөз сүйлөп, уулунун өмүрү өткөнчө мекени үчүн кызмат кылганын. Ошондой эле Африкада терористтерге каршы согушуп, бирок Атамбаевдин колунан көз жумганын айтып ыйлады.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы жана президенттик аппараттын, Өкмөттүн өкүлдөрү катышты. Ниязбеков көзү өтүп кетсе да агы полковник аскердик наамы ыйгарылды.

Эске салсак, 7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда  УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековго согуштук куралдан атылган ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаратынан каза болгон.

47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 6 баласы калды.

 

 
Categories

Атамбаев 26-августка чейин тергөө абагына камалды

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Анын баш корогоо чарасын Биринчи Май райондук соттун судьясы караган.

Кечээ өз эрки менен күч органдарына колго түшүп берген Атамбаевди Улуттук коопсуздук комитетинде түнкү саат бирлерге чейин суракка алышкан.

 

 
Categories

Алмазбек Атамбаев кармалды

Күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрдү. Бул туурасында ишенимдүү маалымат булактары билдирди.

Расмй органдар бул боюнча азырынча маалымат тарата элек.

Буга чейин күч органдары Атамбаевдин үйүнө барып, тарапташтарын сүрүп чыгарганы айтылып жаткан. Ал Кой-Таштагы  үйүндө болчу.

Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн 16:00 чамасында башталган.