Categories

Жөлөк пул алгандардын тизмеси интернетке жарыяланат

Мындан ары өлкөбүздө жөлөк пул алган жарандардын тизмеси Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин интернет баракчасына жарыялана баштайт. Аталган министрликтин сайтынан колдонуучулардын баары маалыматты ачык көрө алат.

Бул чыныгы муктаж адамдардын жөлөк пулга жетүүсүнө түрткү болоорун ведомствонун жаңы жетекчиси Улукбек Кочкоров “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.

Кочкоровдун айтымында учурда министрлик сайттын үстүндө иш алып барууда. Мындан тышкары жакынкы убакта жөлөк пулду алуунун жол жобосун түшүндүргөн атайын роликтер даярдалып радио жана телеканалдар аркылуу көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Ал ошондой эле ар бир кыргызстандыкты жөлөк пулга чыныгы муктаждарды табуу үчүн министрликке көмөктөшүүгө чакырды

 
Categories

А. Атамбаев маалымат жыйын өткөрөт

Акыркы күндөрү КСДП нын тегерегинде ызы чуулу сөздөр айтылып, ар кандай аракеттер болууда. Экс-президент А. Атамбаев партиянын айлана тегерегинде болуп жаткан көрүнүштөргө өз көз карашын айтууга камданып жаткандыгы тууралуу ЖКдагы аталган фракциянын депутаты И. Карамушкина маалымдады. Депутат айым  бул тууралу журналисттерге билдирүү жасады.

Азырынча А. Атамбаевдин кайсыл күнү, кай жерде маалымат жыйын өткөрөөрү маалымдала элек.

Эске сала кетсек, кечээ кечинде КСДПнын саясый кеңешинин мүчөлөрү фракция лидери И. Өмүркуловду партиядан чыгарганы маалым болгон. Ошону менен катар эле фракция лидерлигинен чететүү сунуушу да ЖКдагы фракция мүчөлөрүно сунушталгандыгы айтылган.  И. Өмүркулов партиянын саясый кеңешинин чечими мыйзамсыз экендигин бүгүн өзү өткөргөн маалымат жыйында билдирген.

 
Categories

И. Өмүркулов: ““Мени КСДПдан чыгаруу партиянын ичинде тартипсиздикке алып келет”

ЖКдагы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов  аталган партиянын саясый кеңешинин чечими менен партиядан чыгарылуусун  мыйзамсыз деп, атады. Мындай билдирүүнү маалымат жыйынында билдирди.

Иса Өмүркулов: “Мени партиядан чыгаруу боюнча протоколду көргөн жокмун. Мен аны өз көзүм менен көрүшүм керек. Саясый чечимге кимдер катышты? Ал чечимдин печаты барбы” – деди.

Ал эми журналисттердин Сиз “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын демилегесин колдойсузбу деген суроого да жооп берди. “Менин партиядан чыгаруу партиянын ичинде тартипсиздикти алып келет. Өлкөнүн саясый абалына да таасир этиши мүмкүн. КСДП коомубузда таасирдүү партия. Партиянын лидери А. Атамбаев менен азырынча мамилем жакшы. Муну мен өз жагымдан айтып жатам. Ал кандай ойлойт, мен билбейм” – деди.

 
Categories

И. Өмүркулов КСДП партиясынан чыгарылды

КСДП партиясынын лидери, экс – президент А. Атамбаев Москва шаарында жүргөндө Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын мүчөлөрү менен жолукканы, алардын иш аракетин колдогону коомчулукка маалымдалган эле.

Бул окуяга бүгүн аталган партиянын саясый кеңеши баа берүү максатында жыйын өткөргөнү, Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алынганын билдиришти.

Ал маалыматтарга караганда, Иса Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы аракеттерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.

Ошондой эле 2019-жылдын 6-апрелинде партиянын XVIII съездин чакыруу керектиги айтылган. Ал эми ЖКда ар дайым КСДПнын саясый кеңешинин аракеттерин колдоп келген Ирина Карамушкина  партиянын төрагасынын орун басары болуп шайланган.

 
Categories

Алмазбек Эргешов: “Мектептердин жетишсиздигинен бир класста 40-50 дөн окуучу билим алууда”

Депутат Алмаз Эргешов өлкөбүздүн бир нече аймагында окуучулар мектептерге муктаж  экендигин парламенттин кезектеги отурумунда билдирди.  

“  Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча учурда 1 266 000 миң окуучу билим алууда, ал эми биздин мектептер  813 000 миң гана окуучуга ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө өлкөдө мектеп маселеси оор болуп турат. Маселен, Бишкек шаарында эле мектептердин жетишсиздигинен бир класста 40-50 дөн окуучу окуп жатат, аймактардагы мектептерде мындан да көп. Айрым айылдарда окуу программасын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жарактан чыгып калган билим уяларында окуучулар билим алышат. Биз жылына капиталдык курулуштарга 3 миллиард гана акча бөлөбүз, бул аябагандай аз сумма. Өлкөбүздө алты ай ичинде эле 10 миңге көп  бала төрөлгөн . Бул темп менен бир жылда 20 миңден ашуун наристе жарыкка келсе,  беш, алты жылда окуй турган мектеп жок болуп калышы мүмкүн. Мамлекет курулуш иштерине акча бөлүп салынып жаткан мектептерди тездетүүсү зарыл.” –дейт Эргешов.

 

 

 
Categories

КСДПнын өкүлү К. Жолдубаева Иса Өмүркулов боюнча жообун айтты

Буга чейин ЖКдагы КСДПнын лидери Иса Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын иш аракетин колдоору маалымдалган эле. Анда И. Өмүркуловдун аталган кыймылдын мүчөлөрү жана ал иштин уюштуруучуларынын бири, лидери Сагынбек Абдрахманов менен Ак үйдө жолугушккандыгы айтылган болчу.

Мындай билдирүүдөн кийин КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева: “Партияда ар дайым саткындар болуп келген. Учурда КСДПны бөлүп- жаруучу күчтөр бар. Бирок, алардын аракетинен майнап чыкпайт. Андан партия гана күчтүу болот”-деди.

Андан ары К. Жолдубаева буга чейин партия өзүнүн ичинде, 25 жылдык тарыхында бир нече ирет тазалануулар болгонун, мындай учурларды баштан көп өткөргөндүгүн айтып, кошумчалаган.

 

 
Categories

ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаттары “Атамбаевсиз КСДП” демилгесин колдошот

Экс-президент А. Атамбаевди КСДПнын катарынан чыгаруу демилгеси күндөн күнгө кулачын жаюууда. Бул демилге Ак үйдүн жетинчи кабатында колдоого алынганы кабарланды.

Мындай дегенибиз, кечээ ЖКдагы КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов менен “Атамбаевсиз КСДП” аттуу курултайды жер жерлерде уюштуруп жүрүшкөн аталган партиянын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болгон. Алар бир аз күн мурда эле Ысык- Көл облусунда өз курултайларын өткөрүп келишкен болчу. Бул тууралуу “Атамбаевсиз КСДП” курултайын уюштуруп жүргөн Сагынбек Абдрахманов маалымдады.

Анын билдирүүлөрүнө караганда, Иса Өмүркулов алардын демилгесин колдогон. Эми Бишкек шаарында мындай аталыштагы курултай өткөрүлүп, А. Атамбаевди партиядан чыгаруу иши ишке ашмакчы. ЖКдагы КСДПнын лидери Иса Өмүркулов да парламенттеги фракциянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү бул демилгени колдоорун айткан.

 
Categories

Премьер-министр бош турган министрликтерге талапкерлерди сунуштады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бош турган министрликтердин башчылыгына талапкерлерди сунуштады. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башчылыгына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоровду, ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкуловду көрсөттү.  Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдады.

Эреже боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү кызматынан кеткен  шартта Премьер-министр  бош кызматтык орунга талапкерди сунуштайт жана аны парламент бекитет.

Учурда Улукбек Кочкоров  “Жаңы доор” саясий партиясын жетектейт. Ал эми  Азамат Жаманкулов буга чейин аталган министрликтин жетекчисинин орун басары болуп, Туризм департаментин жетектеп келген.

 
Categories

Исхак Масалиев: “ЖКнын депутаттары Башкы прокурор келгенде ден соолугунан башка эч нерсе сурай алышпайт” (видео)

“Мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш депутаттары Башкы прокурордон туура эмес камоолор боюнча сураса болот. Мүмкүнчүлүктөр бар. Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокурор же УКМКнын жетекчиси келгенде менимче, ден соолугунан башка эч нерсе сурай алышпайт. Себеби, коркушат. Катуурак сүлөп койсок таарынып калабы дешет. Бул биздин депутаттардын жаман сапаты.

Экинчиден, соттолуп, кайра акталып келген депутаттар өздөрү маселе көтөрүшү керек. Тергөө туура эмес болгон дегендей Башкы прокуратурага арыз жазышы керек. Алар болду кудайга койдум – деп, коюшат.

А. Салянова Башкы прокурор болуп турганда туура эмес камоолорду жүргүзүп, кийин кызматтан кеткенде өз башына ошол иш түштү. Учурунда кызматта турганда ошондой туура эмес иштерди токтотсо болот эле да”- деди.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты И. Масалиев New TV нын Ой – пикир берүүсүндө билдирди.

 
Categories

А. Бекназаров: “ А. Атамбаев Москвадан баш баанек суроо боюнча сүйлөшүү өткөрөт”

Экс – президент А. Атамбаевдин Моксвага кеткени маалым. Анын кетиши боюнча коомчулукта кетти, келбейт деген сөздөр болууда.

А. Бекназаров: “Экс – президент Алмазбек Атамбаевдин мүнөзүн жакшы билген адам катары айтсам. Ал киши Москвадан кайра келет. Ал келгенден кийин жөн жатпайт. Өз сөзүн, кайрылуусун чыгарат, айтат. Ошол эле учурда Москвада жүргөндө өзүнүн келечеги, баш баанек жөнүндө  сөз сүйлөшүү болот” – деди.

Мындай пикирин New TV каналынын Ой – пикир берүүсүндө саясатчы Азимбек Бекназаров айтты.