Categories

Жээнбеков расмий иш сапар менен Францияга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапар менен Францияга барат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкекте Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда расмий визити менен жүргөн Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинин алдындагы мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушуу өткөргөн.

Айдарбеков билдиргендей, тараптар Жээнбековдун Францияга жасай турган сапарын талкуулашкан. Ошондой эле, кайсы убакта боло тургандыгы дипломаттык канал аркылуу  талкуулана тургандыгын кошумчалаган.

 
Categories

Жээнбеков Германиядагы мекендештер менен жолугушту (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен Мнюxен шаарында жолугушту. 

Мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

Германиядагы мекендештер Мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Мекендештердин суроолоруна Жээнбеков, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Германиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев, КР экономика министри Олег Панкратов жооп берди.

 

 
Categories

Ош шаарынан Бишкекке жөө чыккан аялдар 112 чакырым басышты

Өткөн жумада Оштон Бишкекке президент Сооронбай Жээнбековго нааразычылыктарын билдирүү үчүн эки аял жөө сапар алышкандыгы маалымдалган болчу. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда,  алар эки күндүн ичинде 112 чакырым жол басышкан. Алар учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна келишти.

Алар баса берип, буттары шишип,  эзилип кеткенин, эмнеси болсо да Бишкекке жетерин айтышууда.

 
Categories

Раиса Атамбаева Ташкентке учуп кетти

Экс – президент А. Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева уулу Кадыр Атамбаев менен Ташкентке учуп кетти. Мындай маалыматты КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал маалыматка караганда, Р. Атамбаева коңшу Өзбекстандын биринчи ледиси Зироатхон Мирзиевдин чакыруусу менен кеткен. Эки айымдын бири бирине болгон байланышы көптөн бери уланып келет.

Р. Атамбаева уулу менен Кыргызстанга 28-февралда кайра кайтып келишет.