Categories

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкек шаардык перинаталдык борбордо үч эм төрөлдү. 35 жаштагы наристелердин апасы К.Ш. кош бойлуулуктун 36-жумасында операция жолу менен көз жарды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, кыздардын биринчиси – 3,020 кг салмакта, экинчиси – 2,950 кг, ал эми үчүнчүсү – 2,320 кг салмакта жарык дүйнөгө келишти. Азыркы учурда наристелердин дени сак жана  апасынын жанында.

Эскерте кетсек, бул жыл башынан бери  аталган борбордо жарык дүйнөгө келген  жетинчи үч эм.

 
Categories

Күмүш тыйын жүгүртүүгө чыгарылат

Улуттук банк 2019-жылдын 24-сентябрынан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынан «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы жазды.

«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» коллекциялык монетасы Евразия экономикалык бирлигинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган. Бул монета ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук  банктарынын эл аралык монета чыгаруу программасынын алкагында чыгарылган.  ЕАЭБ расмий эмблемасы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн түстүү ыкмада берилген туулары менен бирге түшүрүлгөн «5» саны монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын сол тарабында мүчө мамлекеттердин улуттук белгилери чагылдырылып, тегерете «Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз» деп жазылган.

Монетанын арткы бетинде биригүүнүн символу катары жер шаарынын элеси берилип, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук оюулары жана «5» саны түшүрүлгөн. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган. Жогору жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деп жазылып, оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы (31,10g) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги болуп саналган сомдун графикалык белгиси баш тамга менен асты сызылып берилген (С). Белгинин астындагы сызык улуттук валютанын туруктуулугун билдирет. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.   Коллекциялык монета Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

 
Categories

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга Дүйнө чемпиону болуп келди.

21-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарнан Дүйнө чемпиону наамын  багындырып Айсулуу Тыныбекова  Бишкекке учуп келди. Манас аэропортунан  Айсулуу Тыныбекованы  күйөрмандары жана бийлик өкүлдөрү жылуу тосуп алышты.

View this post on Instagram

В Международном аэропорту «Манас» 21 сентября торжественно встретили Чемпионку мира по борьбе Айсулуу Тыныбекову. Айсулуу Тыныбекову встретили руководитель аппарата президента КР Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр КР Замирбек Аскаров. @tynybekova.aisuluu #оаомам #аэропорт #аэропортманас #небоначинаетсяснами #борьба #чемпионатмира #airport #airportkg #manasairport #tynybekova #айсулуутыныбекова #theskystartswithus #airportmanas ✈️✈️??? @ Manas International Airport

A post shared by ОАО "МАМ" (@airport.kg) on

Финалдык беттешүүдө  Айсулуу Болгариялык дуйнө чемпиону  Тайбе Юсейнди 5:3 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону аталган. Бул Кыргыз спортунун тарыхындагы Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы алтын медаль.

Айсулуу Тыныбекова бардык куйормандарын ыраазычылыгын билдирип: – ” Бул бир гана менин эмес, жалпыбыздын женишибиз “, —деди.

 
Categories

“NewTV” телеканалынын YouTube каналдары “Күмүш баскычка” ээ болду

“NewTV” телеканалынын YouTube видеохостинг сайтында жайгашкан Таң Маанай” жана “NewTV Patrul” каналдарына  жазылгандардын саны 100 миң колдонуучудан ашканына байланыштуу “Күмүш баскыч”  менен сыйланды.

 

"NewTV" телеканалынын YouTube каналдары "Күмүш баскычка" ээ болду

 

Колдонуучуларынын саны 100 миңден ашкан дагы бир NewTV KG” каналыбыз да мындай баскычты алуу алдында турат.

"NewTV" телеканалынын YouTube каналдары "Күмүш баскычка" ээ болду

Genesis YouTube Kyrgyzstan ишканасынын өкүлү Анвар Давуровдун айтымында , аталган каналдардын “Алтын баскычты” алууга да толук мүмкүнчүлүгү бар.

“Биз “NewTV” телеканалы менен бир жылдан бери иштешип келебиз. Башынан эле жетиштүү катталуучулары бар болчу. Биздин  биргелешкен иш аракетибиздин натыйжасында ушунда ийгиликке жетишип отурасыздар деген ойдомун. Мындай баскыч 100 миң катталуучуну топтоп, ютубдун талаптарына жооп берген гана каналдарга берилет. Менимче эми сиздер “Алтын баскычты” да алууга жетишесиздер. Анткени аны алган кыргыз тилдүү каналдар азырынча жок”, -дейт Дауров.

 

 

“NewTV” каналынын Техникалык директору жана башкы режиссеру Жамалидин Саитбурканов билдиргендей, мындай ийгиликке телеканал бир жылдан ашыгыраак убакытта жетишкен.

“Биздин “New TV” каналынын эмгек жамаатынын аракети менен YouTube видеохостинг сайтында жайгашкан беш каналыбыздын экөөсүнө, “Таң Маанай” жана “NewTV Patrul” каналдарына 100 000 катталуучусун тастыктаган, эки даана “Күмүш баскычын” алып отурабыз. Бул ийгиликке бир жылдан ашыгыраак убакытта жетиштик, мындай көрсөткүчтү кыска аралыкта басып өтүү жакшы жетишкендик деп ойлойм, жакынкы күндөрү үчүнчү негизги каналыбызга да “Күмүш баскычтын” келээрин күтүп атабыз. Бул биздин команда үчүн чек эмес, алдыда бизди “Алтын баскычтар” күтүп түрат”,- дейт Саитбурканов.

 

 

"NewTV" телеканалынын YouTube каналдары "Күмүш баскычка" ээ болду"NewTV" телеканалынын YouTube каналдары "Күмүш баскычка" ээ болду

 

 
Categories

Токой агенттиги карышкыр аткандарга сый акы берип баштады

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги карышкырларды жана чөөлөрдү аткандарга сый акыга берилүүчү акчалай каражаттарды берип баштады. Бул тууралуу аталган агенстводон кабарлашты.

2018-2019-жылдарга жалпы төлөнүүчү каражат 3 миллион 687, 5 сом. Анын ичинде карышкырларды аткандарга 2 миллион 64 миң сом. Ал эми чөөлөргө 1 миллион 598 миң сом, ошону менен катар эле карышкырдын балдарына 25 миң сом төлөнүп берилет.

2016-жылдагы өкмөттүн токтомунун негизинде бир карышкырга 6 миң, анын баласына 1,5, чөөгө 2 миң сом сый акы берилет.

 
Categories

Кочкоров: “Балага сүйүнчү” алуу үчүн арыз бергендердин акчасы эртеси күнү эле түшүп жатат

“Балага сүйүнчү” алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

“Акча каражаттары ыкчам түрүндө которулуп жаткандыгын текшерүү максатында биз арызын таштаган бир нече жарандар менен телефон аркылуу байланыштык. Баары банктан СМС-билдирүү келип түшкөнүн, акчаны өздөрүнө ылайыктуу убакытта алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн тастыкташты”, – дейт Кочкоров.

Министрдин айтымында, азыр жөнөкөйлөтүлгөн механизм Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда иштеп жатат. Жакын арада жөнөкөйлөтүлгөн механизм өлкө боюнча жайылтылат.

Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз бергендердин акчасы эртеси күнү эле түшүп жатат Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз бергендердин акчасы эртеси күнү эле түшүп жатат Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз бергендердин акчасы эртеси күнү эле түшүп жатат

 

 

 
Categories

Бишкекте жарыкка келген 4 эмдин абалы туруктуу оор (сүрөт)

Бишкек шаарында төрөлгөн 4 эмдин абалы туруктуу оор. Ымыркайлардан бүгүн, 26-февралда министр Космосбек Чолпонбаев барып кабар алып келген. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте жарыкка келген 4 эмдин абалы туруктуу оор (сүрөт)Бишкекте жарыкка келген 4 эмдин абалы туруктуу оор (сүрөт)

Наристелер учурда СРАР аппараты менен распиратордук жардам алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-февралда саат 04:40та  4 эм  жарыкка келген. Алардын үчөөсү кыз, бирөөсү уул экендиги айтылган.

 

 

 
Categories

Бишкекте төрт жыл наристе күткөн эне 4 эм төрөдү

Бишкектеги №4 төрөтканада 28 жаштагы эне 4 эм ымыркайды жарыкка алып келди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине келиндин туугандары маалымдаган.

Аталган маалыматты төрөт үйүнүн кызматкерлери тастыктады.

Белгилүү болгондой, наристелер бүгүн, 25-февралда таңкы саат 5тер чамасында жарыкка келген.

Төрт жылдан бери бала күтүп келген жаш эне кесарево жолу менен төрөгөн. Ымыркайлардын үчөө кыз, бирөө эркек бала, учурда алардын абалы жакшы.

 
Categories

Сүйүнчү! Ырчы Омар кыздуу болду

Ырчы Омар Жанышов  Арууке аттуу кыздуу болду. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазды.

“Аллахыма чексиз шүгүр! Бардык досторума, ата-эне, бир туугандарыма, өзгөчө сүйүктүү жарыма мени ата кылгандыгы үчүн рахмат! Ыймандуу болуп чоңой кызым! Турганына сүйүнөлү!”, -деп жазган.

Жүктөлгөн сурөттөрдөн наристенин 13-февралда төрөлгөнүн байкоого болот. Ырчы мырза бирок бүгүн гана калың элге жар салды.

 

 
Categories

Нурзат Токтосунова кыздуу болду

Алып баруучу Нурзат Токтосунова көз жарды. Бул туурасында анын жолдошу Максат Надырбеков соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында кызы айына жетпей төрөлгөн.