Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

        — Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. Бизде адаттагыдай эле ишембиде эфирге чыгуучу «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу. »Биринчи радионун» суроолоруна Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков жооп берет. Саламатсызбы Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

        — Бул аптада Өкмөт пандемиядан улам жаралган кризистен кийинки этапта бизнести колдоо тууралуу жыйын өткөрдү. Мурдагы маектерде өзүңүз да бул багытта кеңири айткансыз, өлкө экономикасын өргө тартчу — бул ишкерлик деп. Ошону менен катар  экономикалык жактан өнүгүүбүз үчүн коңшу мамлекеттер менен кызматташтык да чоң мааниге ээ эмеспи. Анын ичинен Кытай менен кызматташтыктын келечеги кандай? Жакынкы күндөрү эле, Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алдыңыз. Эки өлкө ортосунда кызматташуу жаңы тепкичке көтөрүлөт деп күтсөк болобу?

— Ооба, бизнести колдоо маселеси Өкмөттүн күн тартибиндеги негизги маселелердин бири. Эмне үчүн дегенде, биз март айында өзгөчө кырдаал киргизип, карантин киргизгенде бизнеске көп тоскоолдук болуп калды. Ошону эске алып, карантин алынгандан кийин, өзгөчө кырдаал алынгандан кийин, май айында бизнес өкүлдөрү менен жолуккам. Негизги суроо-талаптарын уккам. Өкмөттүн дагы тиешелүү түзүмдөрү катышкан. Өкмөткө негизги багыттар аныкталган. Азыр ошол багытта иштеп жатышат. Өкмөттүн азыр бул багытта аныкталган өзүнүн көз караштары бар.

Ал эми коңшуларыбыз, стратегиялык өнөктөштөр, донор уюмдар менен, Кудайга шүгүр, дээрлик бардыгы менен пандемия башталганга чейинки долбоорлор, андан кийин кырдаалга жараша пайда болгон муктаждыктарыбыз боюнча иш үзгүлтүккө учураган жок.

Билесиз, ушул илдет башталып, кыйынчылыктар жарала баштаганда, мен ири донор өнөктөш уюмдардын дээрлик бардыгынын жетекчилери менен телефон аркылуу жеке сүйлөшкөм.

Алар мурда башталган социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлор токтобойт деп убада беришкен. Бул биз үчүн өтө зарыл болчу. Алар ошол убадаларына турушту, долбоорлорду каржылоо маселеси токтогон жок. Эң негизгилери — таза суу, ирригация, бизнести колдоо, жолдор боюнча жана башка долбоорлорубуз үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Мындан тышкары, пандемия кесепети менен күрөшүүгө да колдоо алып жатабыз.

Ал эми Кытай сыяктуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерибиз калыптанып калган өнөктөш мамлекеттер менен да мамилебиз жакшы, уланып жатат.

Өткөндө Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырзанын бизге жасаган визитинин эң негизги максаты –Кытай тарап биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгын тастыктады.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын саламын айтып, атайын кайрылуусун да мага жеткирип, ошол жолугушууда өзү окуп берди.

Пандемиядан кийинки азыркы кырдаалда саясий колдоосун билдирип, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өөрчүткөнгө, ошону мындан ары дагы өркүндөткөнгө даяр экендигин айткан экен, Си Цзиньпин мырза ошол өзүнүн катында.

Билесиздер, «Бир алкак — бир жол» платформасы бар. Мына ошол саясаттын алкагындагы бардык, мурда башталган долбоорлорубузду улантып, пандемиядан улам келип чыккан кыйынчылыктарыбызды чечүүгө колдоо көрсөтөрүн дагы тастыктап кетти. Бул дагы биз үчүн ушундай шартта абдан жакшы колдоо деп эсептейм.

Экинчи чоң маселе дагы сүйлөшүлдү. Бул инвесторлордун биздин өлкөдө корголо тургандыгына көңүл буруп, ушунун натыйжасында жаңы инвестицияларды биздин экономикабызга тартууга даярдыгын да айтып кетти.

Билесиздер, Кытай бизге чоң рынок.

Кытай бизге соода-экономикалык карым-катышка, айыл чарба продукциябызды экспорттоого абдан чоң өнөктөш. Биздин таза экологиялык продукциябызга алар кызыкдар. Биз мына ушул багытты күчөтүү ниетибизди билдирдик. Тышкы иштер министри Ван И мырза жардам берели деп, колдоду. Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин мырза ШКУнун саммитине келгенде, маселе коюп, талкуулаганбыз. Кытай бизге чектеш, жакын, ыңгайлуу. Бизден өндүрүлгөн продукцияларды Кытайга — Кашкарга, Синьцзянга алып киргенге ыңгайлуу. «Биздин продукция эл аралык стандартка жооп берет, экологиялык жактан таза» деп, бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияны тааныштырып, даамын көргөн. Ошондон кийин иш жыла баштады. Биздин дыйкандарыбыз бал, гиляз (черешня), коон, ун, сүт азыктарын — кургак сүт, сыр экспорттоого уруксат алышкан, булар боюнча атайын протоколдорго кол коюлган болчу. Алардын тиешелүү мамлекеттик органдары бизге келип, текшерип, иштей башташты. Пандемия, илдет чыккандан баштап, иштер токтоп калды. Ошолорду тездетели дедик.

Кытайга кургак сүт алып чыгууга 13 ишканабыздын уруксаты бар.

Тиешелүү мамлекеттик органдар Кытайга буурчак, жүзүм, картошка, абрикос, жүгөрү, эт азыктарын жана башка бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Бул боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Бул биздин келечектүү маселебиз. Ошону Ван И мырза дагы колдоп, жардам берели деп кетти.

Албетте, Кытай мамлекети менен тышкы карыз маселесин да талкуулабай кое-алган жокпуз. Аны дагы талкууладык. Бул маселени Президент болгондон бери коюп жүргөм.

Билесиз, буга чейин биздин мамлекет эң көп өлчөмдөгү карызды мына ушул Кытайдан алган. Азыр биз төлөө мөөнөтүн узартуу багытында маселени коюп келатабыз.

Дагы бир ири маселе, билесиздер, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору. Ал да дайыма талкууда болчу маселе.

Бул долбоор бизге аба менен суудай керек. Бул долбоорду ишке ашырышыбыз керек. Эмне үчүн дегенде, кечээ илдет чыкканда, пандемия башталганда, чек аралар жабылганда, биз эң оор акыбалда калдык. Бир эле экономика эмес, элибизди тамак-аш, ун менен камсыз кылыш маселеси биринчи орунга чыкты. Темир жол абдан керек экенин дагы бир жолу көрдүк.

Азыр эксперттерибиз иштеп жатышат. Жалпысынан кытай тараптын кызыгуусу бар, бул долбоорго. Темир жол долбооруна катышуу тууралуу Россия менен дагы жогорку деңгээлде сүйлөшкөнбүз. Азыр Россия темир жолдору бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз иштей башташты. Бул долбоорду Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан Россия менен (3+1 форматында) активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул боюнча дагы жылыштар бар.

Жалпылап айтканда, министр Ван И мырза менин кытай коллегам Си Цзиньпин мырзанын атынан эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирүү үчүн учуп келди. Эки өлкө ортосунда эч кандай маселе жок экендигин дагы бир жолу бекемдеп кетти. Жакшы сүйлөшүүлөр болду. Ал сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин ортосундагы токтоп калган маселелерди кайра жандандыруу боюнча маселелер каралды. Ван И мырза менен сүйлөшүүлөргө канааттандым.

— Урматтуу Президент, азыр шайлоо кампаниясы кызуу кези. Коомчулукту тынчсыздандырган маселе — добуштарды сатып алуу ачык эле жүрүп жатат деген маалымат. Сиз шайлоону таза өткөрөбүз дедиңиз эле. Бирок ага карабай, акча сунуштап, кысымга алып жаткан айрым көрүнүштөрдү жоюуга күчүбүз жетпейби? Же коом өзү ушуга барып жатабы?

— Мен мурда да айткам, азыр да баса белгилеп кетким келет. Шайлооону таза, адилет өткөрүү үчүн Президент — мен тарабымдан талап кылынчу мыйзамдын алкагындагы милдеттеримдин баарын аткардым, аткарам.

Бирок, бул процесс бир гана Президенттен, же Өкмөттөн, БШКдан гана көз каранды эмес.

Добуш сатпоо маселеси биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды.

Мен Коопсуздук кеңешин атайын ушул шайлоо маселеси боюнча өткөрүп, укук коргоо органдарына тапшырмаларды бердик.

Эң негизгиси — кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей катуу мамиле камсыздоо деген талап коюлган. Бул боюнча иш аткарылып жатат. Фактылар болсо — жазаланат.

Бирок, тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат» деди деп кайрылган учурлар болбой жатат.

Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатышат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок болуп жатат. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиш-имиштер болуп жатат.

Бирок, ошого карабастан, тиешелүү органдар азыр ошондой кылам деген партияларга, ошондой сөз болгон жерлерде, ошондой маалыматтар түшкөн жерлерде, түздөн-түз кайрылбаса дагы, укук коргоо органдары алар менен иштеп жатат.

Демек, сиз айткандай, коомубуз өзү да ушуга барып жатат деген туурадыр. Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек.

Азыр угуп, көрүп жатам. Сиздер, массалык маалымат каражаттары элди чакырып, түшүндүрүү иштери болуп жатат. Жакшы түшүндүрүү иштери болуп жатат. Ушул ишти күчөтүүбүз керек. Элге ушуну сиңириш керек. Бул өзүбүздүн, элибиздин, балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги. Ушундай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек деп өзүбүз да күрөшүүбүз керек.

Мына, айтып жатышат, паспортун алып кетип жатышат деп. Паспортун алып кетип, азыр мынчадан беребиз, калганын кийин беребиз деп жатышат деген сөз болуп жатат. Органдар иштеп жатышат. Бирок, кайрылып, мына, менин паспортумду алды, муну мындай кылды деп кайрылган адам өзү жок болууда.

Ар бир шайлоочунун өз иши, кандай кылат. Бирок паспортун эч кимге бербеш керек. Ал өзүнүн жеке документи. Добуш берүү купуя сакталат. Эч ким мажбурлай албайт, «буга сал, буга салба», деп. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген да сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр.

Шайлоочу өзү жалгыз калат, кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң. Добуш берүү 4-октябрда гана болот.

— Партиялар дагы эч аянбай, болгон-толгон убадасын берүүдө. Бул убадалар канчалык реалдуу деп ойлойсуз? Шайлоочу башы айланбай, кайсынысы чын, кайсынысы куру убада экенин кантип ажыратат? Сиздин атыңызга, ишиңизге да сын айткандар чекесинен чыгып жатат, бирок Сиз жооп берген учурлар боло элек.

— Азыр үгүт иштери күчтүү саясий атаандыштыкта жүрүп жатат. Аны мен көрүп жатам. Эл менен жолуккандарын, сүйлөгөндөрүн, теледебаттарды көрүп жатам. Абдан күчтүү атаандаштык жүрүп жатат. Муну көрүп, мен да кубанып жатам. Бул нерсе биздин коомду тазалайт.

Азыркы талапкерлерге, партияларга деле үгүт ишин жүргүзүү жеңил эмес. Анткени, биздин коом — ачык коом. Шайлоочуну эч нерсе менен таң калтыра албайсың. Баары ачык. Маалымат булагы ачык. Эч нерсе жашыруун эмес. Ушундай шартта шайлоочунун көңүлүн алуу, бурдуруу оңой иш эмес. Аларды мен түшүнүп турам.

Биздин элибиздин саясаттан толук маалыматтары бар. Мен айтат элем, биздин элибиз чыныгы такшалган шайлоочу. Мына ушул кийин баары бир жыйынтыгын берет деп ишенем.

Мына ушундай кырдаалда элдин көңүлүн эмне менен бурса болот?

Албетте, бийликти сындоо кайсы заманда болбосун элге жагат, элдин көңүлүн бурат.

Мындай кырдаалда Президентти сындоодон өткөн жеңил популизм жок да. Мени жамандаганы, көбү үмүт кылып жатат, Президентти жамандап, добуш алабыз деп. Бул дагы ыкмалардын бири, көп эле мамлекеттерде ушуну колдонот. Бизде дагы болуп атат. Мен аны көрүп, карап, баарын тең туура түшүнүп атам.

Бирок экинчи жагы да бар. Келе жаткан жаш саясатчылар, жаштар айтса да мейли, ошол сөздөрдү.

Бирок, 30 жылдап саясатта гана эмес, бийликтин бир бутагында жүргөн азаматтарыбыз да бийликти болушунча сындап жатат. Өздөрү кечээ эле бийликтин эң чоң бутагы болгон — мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинде иштеп жүрүп, бүгүн бийликтен куугунтук көргөндөй сүйлөп жаткандар да бар.

Мунун баары, мен жогоруда айткандай, элдин көңүлүн буруу аракети.

Азыр элге эмне жагат?

Депутаттардын санын азайтабыз деп айтып жатышат. Чыкканы эле ошону айтып жатат.

Бирок ал үчүн конституциялык реформа жүргүзөм деген киши жок. Депутаттын саны Конституцияда көрсөтүлгөн.

Экинчи маселени айтып жатышат, парламентке делген чыгашаны азайтабыз деп. Мындай убаданы мурда да укканбыз. Бирок, тилекке каршы, депутат болуп келери менен, «ал үчүн мыйзамды өзгөртүшүбүз керек» деп, алакан жайгандар да болгон. Аларды да көргөнбүз.

Айлык, пенсияны көбөйтөбүз дейт. Бирок, кандай жол менен, айткан киши жок.

Муну өкмөт дагы, мен дагы айтып жатабыз, жасап жатабыз. Буйруса, муну көбөйтөбүз.

Ал үчүн, биринчи кезекте, санариптештирүүнү киргизүү деп айтып да, талап да коюп жатам. Көмүскө экономиканы азайтыш керек. Азайтып, ошону ачыкка алып чыгып, санариптештирүүнү, фискализацияны киргизүү менен биз бюджетке кирешени көбөйтөбүз. Ошондой жол менен биз пенсия, айлыктарды көбөйтө алабыз.

Мен бир жагдайды белгилеп кетейин. Азыр жаш талапкерлердин дебаты болууда. Кээде учкай көрүп калып жатам.

Ошол талапкерлердин көпчүлүгү мына ушул санариптештирүү саясатын колдоп, сүйлөп жатышат. Аймактарды өнүктүрүү деп жатышат. Кайра иштетүү тармагын колдоо керек деп айтып жатышат.

Ушундай жаштарыбыз парламентке келсе, демек менин президенттик ишимдеги негизги багыттар — санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү саясаты колдоо табат экен деген менде толук ишеним бар. Ошолорду көрүп, жакшы жаштар келатат деп, ыраазы болуп жатам.

Буга чейин да айткам, башталган реформа, долбоорлорду улантуу үчүн парламенттин колдоосу абдан керек. Партиянын жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар.

Ал эми популисттик билдирүүлөр тууралуу айтсам. Алар дайыма болуп келген, болот.

Жогоруда айткандай, жаш саясатчылар гана эмес, 20-30 жылдап саясатта жүргөн саясатчыларыбыз да популизмге алдырып жатышат да.

Ошондуктан, бизде элибизде жакшы лакап бар — «Ушак уксаң унутуп сал, эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал» деген, ошону айтат элем.

Азыр эми үгүт иши болуп жаткандыктан, мен «тигил, бул» деп атын атап, аларга реклама, пиар кылбай эле коеюн. Мезгили келгенде, алардын атын атап, ишин айтып, коомчулукка жарыялоочу учур келет.

Алардан айырмаланып, мен утурумдук билдирүүлөрдү жасоого укугум чектелүү. Анткени, менин президент катары милдетим — келечекке багытталган иштерди жасоо, аларды ишке ашыруу, утурумдук иш эмес. Жеңил пиар эмес, менин милдетим.

Айтканым, жасаганым өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, эл үчүн болгон иштер. Ошондуктан да көп нерсени, мүмкүн, азыр айтпайм жана айта албайм дагы. Анткени, коомдогу тынчтык мага абдан маанилүү.

Бирок, бир нерсени так кесе айтып коеюн. 1995-жылы парламентке депутат болуп шайланып келгем. Ошондон бери чоң саясаттамын. Азыркы көптөгөн саясатчылардан айырмаланып, чарбада иштегем. Ишти сыртынан эмес, ичинен көрүп, колум менен жасап, бийликтин бардык тепкичтерин басып келгем.

Албетте, иш болгон соң кемчиликтер болбой койбойт. Сөзсүз болот.

Бирок, эч ким мени коррупцияга аралашкан деп айта албайт. Аралашкан эмесмин жана аралашпайм. Эч кимге материалдык жактан көз каранды болгон эмесмин. Ар кандай шектүү схемаларга катышкан да эмесмин.

Мына ушул тазалыгым мага азыр коррупция менен жүзүм жарык күрөшүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Өзүмө көп учурда сын менен караган адаммын. Кылган иштеримди айткым да, мактангым да келбейт.

Бирок Кудай алдында, өзүмдүн абийиримдин алдында, эл алдында тазамын деп ишенимдүү, эч жалтактабай айта алам. Президент болуп, буйруса, мына 3 жыл иштеп жатам. Кудайга шүгүр, ыплас иштерге аралашкан жокмун. Аралашты деп эч ким да айта албайт. Ар кандай айтышы мүмкүн, бирок эч ким жалаа жаба албайт.

— Коррупция менен күрөш деп айтып калдыңыз. Кечээ жакында Коопсуздук кеңешин өткөрдүңүз, ушул маселе боюнча. Коррупция менен күрөштүн Сиз үчүн эмне мааниси бар? Айрымдар айтып калып жатпайбы, тандалма болууда деп.

— Президент болууга аттанганда мен өтө көп эмес, 5-6 убада бергем. Алардын эң негизгиси — аймактарды өнүктүрүү.  Эмне үчүн дегенде, элетти өнүктүрбөсө, мамлекет өнүкпөйт. Айтып келе жатам, миграция айыл жеринен, алыскы бийик тоолуу райондордон, элет жерлеринен кетип жатат.

Ирригация, таза суу маселеси, мугалим-врачтардын турмушун жакшыртуу, аскер кызматкерлеринин турмушун жакшыртуу. Арзан турак-жай менен элибизди камсыз кылуу, анан санариптештирүү маселеси.

Буларды ырааттуу аткарып келе жатабыз, өкмөт, парламенттин колдоосу менен, айрыкча элдин колдоосу менен.

Ошол убадалардын негизгиси — коррупция менен күрөш.

Коррупция бул адам болгон жерде болот. Бул бир эле бизде эмес, бардык мамлекеттердин көйгөйү. Бул — өлкөнү артка тарткан, коомду муунткан илдет. Андан толук арылбасак да, кыскартууга милдеттүүбүз. Ошонун үстүндө такай иштеп жатабыз.

Кечээ ошол жыйында да айтылды, буга чейин да айттым. Коррупциянын алдын алуу чараларын күчөтөбүз. Анын негизги куралы — санариптештирүү. Адам факторун жоюу — эң негизги маселе.

Күрөш тандалма эмес. Ууруну чоң же кичине деп бөлүүгө болбойт. Мен үчүн бардыгы бирдей коррупционер. Мен да билем, сиз да билесиздер, элибиз да билет — негизги коррупциялашкан органдар — бул укук коргоо органдары.

»Карга карганын көзүн чукубайт» деп бекеринен айтылган эмес да. Аны кечээки жыйында да айтып, катуу талаптарды койдум. Укук коргоо органдарын, сот системасын жетектегендер, анда иштегендер таза болсо эле, напсисин тыйса эле, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы болот.

Муну эмнеге айтып жатам? Укук коргоо органдары, сот системасы таза болмоюнча, алар коррупция менен күрөштү абдан жогорку денгээлде жүргүзмөйүнчө, коррупцияны жеңиш, токтотуш кыйын. Анткени көп коррупциялык схемаларда ошол укук коргоо органдары өздөрү башында турат. Мен кечээ Коопсуздук кеңешинин жыйынында ар бир укук коргоо органдарынын жетекчилерине айттым ошону. Буга чейин дагы айткам, кечээ дагы айттым, талапты коюп жатабыз.

Элдин, мамлекеттин ырыскысын уурдагандардын орду — түрмөдө.

Ал эми ошол ууруларды колдогон, жаап-жашырган, куткарган укук коргоо, фискалдык органдар, сот системасында иштегендер да эмнеге эркиндикте жүрүш керек. Алар дагы камалыш керек.

Мисалы, темир жолдо чоң ири схема табылды. Жетекчи алмашкан, токтойт деген, бирок кайра эле ошону башташкан. Мына кармалышты ошол схема менен. Бирок, ошого чейин ал жерди салык инспектору текшерген, Эсептөө палата текшерген. Бардыгы кийлигишкен. Прокуратура карап отурат.

Бир схеманы ачсак, ошол схеманы жасагандар камалат. Бирок, ошол схеманы болтурбай коё турган органдар эч кандай чара көрбөй, тескерисинче, калкалап келишкен да.

Эми андай болбойт. Кайсыл бир мамлекеттик органда схеманы ачышса, же мамлекетке зыян келтирген маселе чыкса, ошону текшерген Эсептөө палатасы болобу, Салык инспекция болобу, Финансы полициясы болобу, прокурор болобу, баары тең бирдей жооп берет.

Темир жолдогу коррупциялык схема боюнча салык кызматынан кармалды, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жоопко тартып жатабыз. Ошол процесс кетти. Баарынын жоопкерчилиги бирдей. Уурдагандын дагы, аны жашырган органдар дагы ууруга теңелип, алар да жоопко тартылышы керек.

Кечээ ошону жеткиликтүү айттым. Бул боюнча талап күчөп жатат.

Коррупция менен күрөш бул — эң биринчи кезекте эл үчүн, жөнөкөй жарандын жакшы жашоосу үчүн жасалып жаткан түйшүктүү иш. Бул токтобойт.

Мында эл мени толук колдойт деп ишенем. Колдоп жатышат, буйруса. Элди кыдырганда айтып жатышат. Артка кайтпагыла, күчөткүлө деп. Алардын колдоосун көрүп жатам, сезип жатам. Буйруса, бул токтобойт, мындан ары дагы күчөтөбүз.

Кечээ жаңы коррупция менен күрөштү жүргүзүү, алдын алуу стратегиясын кабыл алдык. Мурунку стратегия 8 жыл иштеди. Анын аткаруу мөөнөтү жок болчу, жалпы кабыл алынган стратегия болчу.

Азыркы стратегиянын айырмасы — бул 2024-жылга чейин, төрт жылга кабыл алынды, анда 82 иш-чара бекитилди. Аларды аткаруунун так мөөнөтү бар. Ошол мөөнөттө аткарганды талап кылабыз.

Бул стратегия башка мамлекеттердин коррупция менен күрөштөгү алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүп, көрүп, эксперттер иштеп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери иштеп, кабыл алынды.

  • Кагаз түрүндө калбайбы?

— Кагаз түрүндө калбайт. Бул менин көзөмөлүмдө. Эмне үчүн кагаз түрүндө калбайт? Анын аткаруу мөөнөтү бар. Коопсуздук кеңеште өзүм такай көзөмөлдөп турам. Коопсуздук кеңеши тиешелүү министрликтер, ведомстволор менен иш алып барышат. Дагы талап күчөйт. Бул менин түздөн-түз көзөмөлүмдө болчу иш, элге берген негизги убадаларымдын бири бул — коррупция менен күрөш.

— Сооронбай Шарипович, убактыңызды бөлүп,  суроолорго жооп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Сизге чоң рахмат!

 
Categories

Президент күч органдарын тазаланууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч органдарын таза эмес кызматкерлеринен тазаланууга чакырды.

«Сот, милиция, прокурор эмнеге коррупционер?» десе, айлыгы аз дейт. Минтип айткандан уялуу керек», — деп өзгөчө баса белгилеген Мамлекет башчысы мугалим менен врач же пенсионер эмес, мүмкүнчүлүгү чектелген баласын баккан эненин айлыгы бүгүнкү күндө араң эле 5 миң сом экенин эске салды.

«Анда алардын баардыгы коррупционер болуп кетиши керек эле. Тескерисинче, үйдөгү светке карызы жок, өз убагында төлөгөн ким?  Пенсионер. Ооруканага акча төлөп, дарыланган ким? Бей-бечара, пенсионер. Ошондуктан, коррупция мына ушул залда отурган органдарда тыйылышы керек. Ошондо мамлекет өнүгөт. Ошондо бюджет көбөйт. Ошондо социалдык калыстык болот. Мына ошол органдарды жетектеген силерде абийир, тазалык, уят, Кудайдан коркуу болмоюнча өлкө өнүкпөйт. Качан гана „карга карганын көзүн чукубайт“ дегендей, бири-бириңерди коргоо токтобосо, адам укугу да корголбойт. Өлкө да өнүкпөйт», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы коррупционердин баарын камап түгөтүүгө мүмкүн эместигин бул жолу дагы белгиледи.

«Бир жагынан камалып жатат, экинчи жагынан уурдап, кармалып жатат. Андыктан, санариптештирүүнү киргизүү кажет жана коррупция менен күрөшүүчү органдын баарын коррупциядан тазалоо керек. Көзөмөл күчөтүлөт», — деп белгилеген Президент, санариптештирүү жана коррупцияны кыскартуу менен бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө, мугалимдер менен медиктердин эмгек акыларын жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр жараларын кошумчалады.

Мамлекет башчысы Башкы прокуратура «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, бул багытта улуттук координатор катары өзүнө тагылган милдеттерди толук кандуу аткарбай жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин «кол тийбестерден» арылууга чакырып, жаш энеден опузалап акча каражатын талап кылган  улуттук коопсуздук органынын кызматкери кармалган фактыны эске салды.

Ошондой эле Президент финансы полициясы органын ишкерлердин ишине тоскоолдук кылбай, тескерисинче таза атаандаштыкка шарттарды түзүп берүүгө чакырды.

«Силердин кармаган фактыларыңардын баары жарандардын арыздарынын негизинде болуп жатат, алар коңгуроо какмайынча, силер эч кимди кармабайсыңар. Мындай болбошу керек. Ошондуктан, мен силерди дагы бир жолу катарыңардагы коррупциялашкан кызматкерлериңерден тазаланууга чакырам», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент күч органдарын тазаланууга чакырды

 
Categories

Айткандан майнап чыкса…

Бүгүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчысы кышка даярдык маселеси жана учурдун актуалдуу маселелери тууралуу айтып берди.
Сооронбай Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоону татыктуу өткөрүү тууралуу сөз козгоп, коомчулук тарабынан айтылып жаткан үгүт насыят иштериндеги терс көрүнүштөргө өз маалында көңүл бурууну белгиледи.
Эми бул айтылгандан майнап чыкса…

Айткандан майнап чыкса...

 
Categories

Президенттин «Биринчи радиого» кезектеги берген маеги

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

 

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. «Биринчи радиодо» салтка айланып калган ишемби күнкү «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу.

Биз бир нече суроолорубуз менен Мамлекет башчыбызга кайрылганы турабыз.

Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович?

 

—        Саламатсызбы.

 

—        Урматтуу Президент, буга чейинки маектерибизде айтылгандай, коронавирус илдети менен күрөшүү менен катар жашоо өз нугуна түшүүдө.

Азыр эми шайлоо шааниси дейбизби, шайлоо машакаттары дейбизби, айтор, мына ушул саясий маселе коронавируска караганда коомчулуктун талкуусуна түшүүдө.

Парламенттик шайлоого берилген стартты кандай баалап жатасыз?

 

—        Сурооңузга рахмат.

Буга чейин айткандай, алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөөрү анык.

Аны баарыбыз көрүп жатабыз.

Атаандаштыкка туруштук бере ала турган партиялар бар, бере албай турган партиялар бар.

Ушу партиялардын ичинде партиянын идеясын, программасын элге жеткизгенге аракет кылган адамдардын арасында да айырмалар бар.

Бул эми бийлик үчүн болгон күрөш да. Бийликке келүү күрөшү. Ошондуктан, коомчулуктун көңүлүн бул сөзсүз бурат. Бул күрөш абдан катуу атаандаштык менен өтөт деп ойлойм.

Биз азыр мына ушундай учурда жашап жатабыз — саясий партиялар өлкөдөгү саясий маданиятты калыптандыруучу эң негизги күч.

Парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруучу да мына ушул партиялар.

Биз азыр парламенттик демократияны куруу аракетиндебиз.

Бирок, баарыбыз билебиз, парламенттик демократия бир-эки шайлоо менен эмес, бир канча жолкудан кийин калыптанат, өнүгөт.

Муну өнүккөн парламенттик системасы бар өлкөлөрдүн тарыхы көрсөтүп турат.

Ошол көз караш менен алганда биздеги парламенттик демократия азыр калыптануу жолунда.

Ушул жагдай азыркы болуп жаткан шайлоо процессиндеги оош-кыйыштарга да таасир этпей койбойт. Сөзсүз таасир этет.

Бул процессте эң чоң жоопкерчилик — партияларда.

Алардын идеологиялык платформасынын түзүлүшүндө, алардын ички тартибинде. Белгилүү түшүнүк бар го «демократиялык центризм» деген, ошол демократиялык центризмдин жоктугунда болуп жатат.

Партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык, же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатат.

Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бул эми азыркы табигый көрүнүш. Кечээ же бүгүн чыгып калган жок.

Бул эгемен Кыргызстан парламенттик демократияга жол алды деген акыркы 10 жылдагы көрүнүш.

Мен жогоруда бекеринен айткан жокмун. Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө.

Алар өлкөнү өнүктүрүү процессине катышам деп мыйзам чыгаруу бийлигине, аткаруу бийлигине келем дешсе, эң ириде партиялар партиядагы демократиялык центризмди, ички тартипти бекемдеш керек.

Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек.

Жөнөкөй тил менен айтканда, партиялар коомго үлгү болуш керек. Партиялар өздөрү дагы, партиялардын лидерлери дагы.

Мен мурда да айткам. Бизде, тилекке каршы, укугубузду жакшы билебиз, жакшы коргойбуз. Бирок милдетке келгенде, башкаларга доомат артып, күнөөлүүлөрдү башка жактан издегенге көбүрөөк ыктайбыз.

Өлкө качан өнүгөт?

Качан ар ким өз милдетин так аткарганда өлкө өнүгөт. Өзүнүн милдетин дагы, укугун дагы бирдей билгенде өлкө өнүгөт.

Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат.

Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Айрым партияларда эл менен жолугушууларда маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо деген жөнөкөй нормалар сакталбай жатат.

Майда деп, буга маани бербей койгонго болбойт.

»Эл башкарам, элдин тагдырын чечем» деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болуш керек деп эсептейм.

Жалпысынан айтканда, алдыдагы шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот.

Президент катары, мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз.

Буйруса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз.

 

— Шайлоо сыяктуу ири саясий иш-чара болобу, эмне болсо да, туура айттыңыз, илдеттин таралышын алдын алууга баарыбыз жоопкербиз.

Азыр Россия Федерациясы Евразия экономикалык бирлигине кирген өнөктөш мамлекеттерге Россияда чыгарыла турган коронавирус илдетине каршы вакцинасын таратууну пландаштырууда деп маалымдалды. Биздин өлкөгө алып келүү боюнча иш-аракеттер жасалуудабы?

 

— Дүйнөдө COVID илдети дагы деле кооптуу бойдон калууда. Муну элибиз да, баарыбыз тең көрүп жатабыз.

Россия Федерациясы дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгарды.

Клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти.

Россия Федерациясы акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти.

Жакынкы убакытта вакцина массалык чыгарылат деп ишенем.

Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү.

Илдетке каршы күрөшүү иш-чаралардын алкагында биздин эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Президенттин «Биринчи радиого» кезектеги берген маеги

— Сооронбай Шарипович, Сиз аймактарды кыдырууну улантып жатасыз. Бул аптада Ош облусуна барып келдиңиз. Элетке Сиз тараптан мамлекеттик денгээлде жетишерлик көңүл бурулуп жатат деп ойлойбуз. Бирок, борбор шаарыбыз, шаардыктардын муктаждыктары көңүл сыртында калып калган жокпу?

— Андай болгон жок, андай болбойт дагы.

Борбор шаарыбыздын маселелери ар дайым биздин көңүл борборубузда.

Мына, өлкөнү санариптештирүү саясаты.

Бул ушул борбор шаарыбызда чоң талап, катуу көзөмөл менен жүрүүдө.

Менин кеңешчим Дастан Догоев, биздин аппарат, Өкмөт, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Бишкектеги ооруканаларды, калкка кызмат көрсөтүүчү баардык мекемелерди санариптештирүү ишин түздөн-түз менин көзөмөлүм менен жүргүзүп жатышат.

Бул шаардыктарыбыздын күнүмдүк түйшүгүн азайтып, жашоосун жакшыртууга көргөн кеңири камкордук.

Санариптештирүү — коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы да.

Өткөндө дагы айткам, биз баарын камап же каерде коррупциялык схема болсо, жетекчилерин алмаштырып, аны менен токтото албайбыз.

Коррупцияга санариптештирүү аркылуу гана бөгөт кое-алабыз.

Санариптештирүү үчүн каражат бар, толук өлчөмдө берилип жатат. Саясий эрк бар. Борбор шаарга, региондорго чыкканда бул багытта талапты катуу коюп жатам.

Эми эң негизиси бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик муну аткарышы керек, аткара башташты.

Талапты кайсы жерде болсо коюп жатабыз. Муну мен кайсы жерге барсам, шаар болобу, элетте болобу, тынбай айтып жатам.

Бул багытта жылыштар бар, жыйынтыгы болуп жатат, жемишин берет.

Экинчиден, шаар тургундарына негизги көйгөй — коомдук транспорт.

Бул боюнча Өкмөт, Бишкек мэриясы иш алып барып жатат.

Мен толук кабардармын.

Болгон кеңешимди айтып, колдоп, бул багытта чогуу иш алып барып жатабыз.

Мэрияга милдет жүктөлгөн.

Этап-этабы менен, газ менен иштеген автобустарга, электр кыймылдаткыч менен иштеген автобустарга өтүү пландалууда.

Бул, билесиз, дагы бир чоң көйгөй, шаардын абасынын булганышын азайтат.

Мэриянын эсеби боюнча, шаар ичиндеги кичи автобустарды заманбап автобустарга алмаштыруу үчүн дагы 800дөн 1000ге чейин автобус, троллейбустар керектелет.

2019-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 60 автобус алынган.

Быйыл 100 автобус алуу аракети көрүлүп жатат.

Донорлор менен иштеп жатышат. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Фонддун жардамы менен 2021-жылы 300 автобус алып келүү пландары бар.

Мэриянын бул ишине мен эмнеге көңүл буруп жатам?

Калкыбыздын саламаттыгын коргоо — мамлекеттин негизги милдети.

Коомдук унааны жакшыртуу шаар экологиясына, баарыбыздын ден соолугубузга түз таасир этет.

Ошондуктан, буга чоң маани беребиз.

Үчүнчүдөн, дайыма айтып келем, Бишкекке мурдагы жашыл шаар деген атын кайтарышыбыз керек деп.

Бул боюнча конкреттүү иштерди жасап жатабыз.

Мен мэриянын жасап жаткан иштерин колдоп жатам. Жерлерди шаарга кайтарып, аларга бак, парктарды куруу боюнча иштер жакшы кетип жатат. Буга эл деле күбө.

Бул иш ордунан оңой жылган жок. Бул да чоң карама-каршылык менен болду. Бишкектеги жер бөлүү коррупциянын чоң очогуна айланган маселе, билесиз.

Элибиз үчүн эң керектүү эс алуу жайларынын, социалдык объектилердин, парк зоналарынын жерлери менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Ошону кайтаруу боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Бишкек мэриясына мен баш болуп жардам берип жатабыз.

Саясий жактан мэриянын ишине абдан чоң колдоо көрсөтүп жатабыз.

Эмне үчүн дегенде, жер берүү, жогоруда айтып кеттим, коррупциянын чоң очогуна айланган. Жерлерди кайтарууга мэриянын өзүнүн күчү жетпейт. Буга абдан чоң күчтөр, таасирдүү адамдар, чоң каражат аралашкан.

Бирок, эбегейсиз каршылыкка карабай, жерлерди шаарга кайтарып жатабыз. Ошол жерлерге элге кызмат кыла турган парктарды куруп жатышат.

Былтыр көрдүңүздөр, 10 гектарга «Ынтымак» паркы курулду.

Быйыл «Чолпонбай Түлөбердиев» атындагы паркты ачтык. Ал 11 гектар жерди ээлейт.

Дагы бир жаңы паркыбыз ачылды, «Адинай» деп атоону сунуштадык. Анын аянты 13 гектар.

Дагы 4 парк курулуп жатат, жалпы аянты 30 гектардан ашат.

Бул иштин баары — шаарыбыздын тургундарына, келечек балдарыбызга көрүлгөн камкордук.

Болбосо, шаардын жерлери кертилип, сатылып кеткен, дагы да сатылмак.  Биз ошол коррупциялык схемаларга бөгөт коюп жатабыз, жерлерди кайра кайтарып жатабыз.

Бул процессти мен коррупцияга каршы күрөштөгү эң бир чоң багыттардын бири деп баа берем.

Мындай иш Бишкекте эле эмес, өлкөнүн башка шаарларында да жүрүп жатат.

Кечээ эле Ош шаарынан келдим, ал жакта дагы мындай иштер жүрүп жатат.

Элдин менчиги элге кызмат кылышы керек. Биз буга катуу турабыз.

Сейил бактардан тышкары, Бишкек шаарынын сыртына эс алуучу жайларды, бизнес борбор жана спорт сарайларын курууну пландаштырып жатабыз.

Футбол, хоккей стадиону, 5 миңден 7 миңге чейин машина коюучу жайлар, жалпысынан 30 гектарга долбоорду пландаштырып жатабыз. Азыр даярдап жатышат, буйруса, бул ишти баштайбыз.

Булар да шаар үчүн ири долбоорлор. Биздин жарандарыбыз үчүн, айрыкча шаардыктарыбыз үчүн белек болуп калат, буйруса.

Төртүнчүдөн, шаарыбыздын тургундары үчүн коопсуздук маселеси чоң мааниге ээ.

Билесиздер, «Коопсуз шаар» долбоору көп жылдан бери ишке ашпай келе жаткан. Бишкек шаарынан баштадык. Бул долбоорду бүт республика боюнча жайылтабыз. Пандемия бир аз тоскоолдуктарды жаратты, азыр бул багытта ишти кайра баштап жатабыз.

Патрулдук милицияны түзүү боюнча долбоорду ишке ашырдык. Бул дагы чоң долбоор.

»Коопсуз шаар» долбоору жана патрулдук милиция ишке киргенден кийин кылмыштуулук, айрыкча, жол-транспорттук кырсыктары кескин азайды. Жол кырсыктарынын кесепетинен каза болгондордун саны кээ бир жерлерде 100 пайызга чейин азайды. Кээ бир жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга чейин азайып жатат. Бул жакшы көрсөткүч.

Патрулдук милиция түзүлгөндөн тартып кылмыштуулуктун бетин ачуу жогорулады. Бул долбоор өзүнүн натыйжасын көрсөтө баштады. «Менин милициям — мени коргойт» принцибин кайтарабыз. Кайтарып жатабыз. Бул Бишкекте ийгиликтүү болду, эми Ошто баштап жатат, андан кийин башка шаарларда да ишке ашырабыз.

Жалпылап айтканда, борборубузду, шаарыбызды өнүктүрүү, жакшыртуу маселелерине да чоң маани берип жатабыз. Бул ар дайым биздин көңүлүбүздө жана негизги багыттарыбыздын бири.

 — Урматтуу Сооронбай Шарипович, радиоугармандардын атынан, убактыңызды бөлүп, биздин суроолорго жооп бергениңизге ыраазылык билдиребиз.

Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

 

—        Рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

 
Categories

ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)

Ош шаарында ири текстиль фабрикасы курулуп жатат. Ишкана 7 миңге чейин адамды жумуш менен камсыздайт. Фабриканын ээси, ишкер Нурбек Осмоновдун 9-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековго берген маалыматына караганда, текстиль фабрикасы кийим-кече тигип, кездеме токуп чыгарат. Ишкананын жылдык кубаттуулугу 10 миллион даана кийим-кече тигип, 1,5 миң тонна пахта менен жүндөн 4,5 миллион метр кездеме чыгарууга эсептелген. Өндүрүштө Жапония менен Германиянын шаймандары колдонулат. Фабрикага жалпысынан 38 млн. доллар инвестиция салынган, анын 970 миллион сому курулушка жумшалган. Осмоновдун маалыматы боюнча, өндүрүшкө ишкерлер өз каражатынан тышкары “РСК Банктан” 6 млн. доллар насыя алып сарпташкан. Учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу маселеси сүйлөшүлүп жатат. Текстиль фабрикасы жылына 16 миң тонна чийки затты талап кылат. Бул талапты канааттандыруу үчүн Кара-Суу, Араван жана Ноокен райондорунда пахтаны кайра иштетүүчү заводдорду курууну максат кылган. Муну менен катар пахта майын өндүрүүчү завод курулмакчы. «Кыргыз текстиль ЛТД» ишканасы Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон берки аралыкта курулган алгачкы ири текстиль фабрикасы.

ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
ОШТО 7 МИҢДЕЙ АДАМДЫ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙ ТУРГАН ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛУУДА (ФОТО)
 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. «Биринчи радиодо» адаттагыдай эле ишемби күнкү «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу.

Биз бир нече суроолорубуз менен Мамлекет башчыбызга кайрылганы турабыз.

Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович?

—        Саламатсызбы.

 

— Урматтуу Президент, өлкөдө пандемия шартында жаңы окуу жылы дистанттык тартипте башталды. Бул коопсуздук эрежелерин сактоодон улам болду. Ошентсе да аны шайлоого байланыштыргандар жок эмес. Эл арасында атайын шайлоо өткөнгө чейин мектептер менен окуу жайлар адаттагыдай иштебейт, мугалимдер шайлоо үчүн иштейт деген сөздөр чыгып жатат. Анткени балдар, жаштар барчу, эс алчу башка жайлар иштеп эле жатат да. Жарандарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук саясатташтырылып жаткан жокпу?

— Туура айтасыз, шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч алат.

Бул — табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат.

Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го.

Аны өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, окуп жатасыздар.

Бизде кимиси болсо да саясаттан кеп салып, эксперттик пикир билдирүүгө даяр.

Бул эмнеден келип чыгып жатат?

Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли — саясатчы, бардар өлкөнүн эли — саякатчы деп.

Экономикасы өнүккөн, жеке кирешеси күнүмдүк тирилигинен ашкан өлкөнүн жарандары саякаттап, дүйнө кыдырганга мүмкүнчүлүгү бар да.

Биздин өлкөнүн эли да ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болчу мезгилге жетебиз деп ишенем. Буйруса жумуш орундары түзүлүп, завод-фабрикаларды салып, өзүбүздөн өндүргөн кайра иштетүү өнөр жайын жолго койсок.

Менин жасап жаткан ишим дагы, көздөгөн мамлекеттик саясатым да ошол.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо сыяктуу багыттар бюджеттин кирешесин, калкыбыздын турмушун жакшыртуу үчүн жасалып жаткан негизги иш-аракеттер экенин буга чейин да айткам.

Азыр дагы буга токтолуп кетейин.

Өлкө экономикасы жакшырса, фермер фермерлик иши менен, дыйкан талаачылык иши менен, саясатчы саясаты менен, айтор, ар ким өз иши менен алек болот.

Биз азыр жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу, окуусун бүтүп, жумуш издеп жүргөн жаштарыбызга жумуш орундарын түзүү боюнча саясатты үч жылдан бери жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул өзүнүн жемишин берет.

Эң негизгиси — өлкөдөгү каражатты өндүрүшкө, жумуш орундарын түзүүгө, элди жумуш орду менен камсыз кылууга бурдук. Бул буйруса, өзүнүн жыйынтыгын берет.

Мен муну азыр аймактарды кыдырып, көрүп жатам. Кайра иштетүү өнөр жайына, андан тышкары, туризм, тоо-кен, кызмат көрсөтүү тармагына кетип жаткан каражаттар кайра өзүнүн натыйжасын берип жатканын көрүп, мен дагы кубанып жатам.

Ал эми мектептердин, окуу жайлардын дистанттык тартипте иш баштаганын айтсам, ооба, бул биздин жарандарыбыздын, балдарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук.

Эгерде балдарын алып, сейил бактарга, эс алчу жайларга барса — бул ошол ата-эненин жоопкерчилигиндеги иш.

Ал эми мамлекет калктын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликти алып сала албайт.

Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы деле жагдай кооптуу деп коңгуроо кагууда.

Дүйнөнү деле окуп, көрүп жатпайбызбы.

Айрым мамлекеттерде кайрадан экинчи толкунду болжоп жатышат. Кээ бир жерлерде дагы деле болуп жатат. Кээ бир мамлекеттерде балдардын оорусу чыгууда деп жатышат.

Мына ушундай кырдаал бизди эле эмес, жалпы адамзатты кооптондурууда.

Бизде да мектеп, жогорку окуу жайлар дагы деле оорунун жайылуу очогу катары кабыл алынууда.

Бала деген бала. Эрежени сактабай коюшу мүмкүн. Анын баарын мугалимдер карап тура албайт. Сабактын ортосунда эс алууга чыгат, ойнойт, сүйлөшөт. Ошондуктан муну күчөтүп алышыбыз мүмкүн да.

Ошондуктан, Республикалык штаб баардык жагдайды анализдеп, ушундай чечимге келген, сунуштаган.

Мен да туура көрүп колдодум.

Билим берүү министрлиги болсо, сунуштап жатат. Кырдаал жакшырса, абалды байкап турабыз. Абалды байкап, анан чечим кабыл алабыз.

Азырынча дистанттык тартип сакталат.

Биз деле реалдуу режимде балдарды окутууну каалап жатабыз. Ага эмне жетсин. Балдар биздин келечегибиз, мамлекеттин келечеги, аны түшүнүп турабыз. Жакшы билим алышы керек.

Мүмкүнчүлүк болоору менен, буйруса, мектептерди, жогорку окуу жайларды ачып, окууну баштоо үчүн аракет кылабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

— Аймактарды өнүктүрүүдө кайра иштетүү тармагын колдоп жатабыз деп ар дайым айтып келесиз. Аймактарда жумуш орундары көбөйөт деп мына бүгүн да учкай токтолдуңуз. Кечээ жакында Чүй облусундагы иш сапарыңыздын жүрүшүндө өлкөнүн сүттү кайра иштетүү тармагы тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берүү дарамети бар дедиңиз. Жалпы эле өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо иши кандай болууда?

— Мына мен мурун да айткам, дагы айтам, бардык жерде айтып жатам.

Биз болгон аракетибиз менен мамлекеттеги болгон каражаттарды, мүмкүнчүлүгү жетишинче, банктардыкын, фонддордукун биздеги өндүрүлгөн азык-түлүктү, жалпы эле продукцияны кайра иштеткен өнөр жайга буруп жатабыз.

Мен Премьер-министр болуп иштедим, өмүр бою чарбада иштеп, облусттун губернатору болуп иштеп, баарын көрдүм. Эмне үчүн биздин кайра иштетүү өнөр жайыбыз алдыга жылган эмес? Эмне үчүн дегенде ал жакка көңүл бурулбай, каражат дагы жетиштүү бөлүнгөн эмес.

Биз, бир эле айыл чарбасы эле эмес, жалпы эле кайра иштетүү тармагына, жумуш орундарын түзгөндөргө, продукцияны сыртка алып чыккандарга каражатты бурдук.

Сыртка миграция абдан көбөйгөн. Эмне үчүн дегенде өндүрүлгөн азык-түлүк сатып алынбай калган.

Мамлекет сатып ала албайт. Бирок, мамлекеттин милдети, биздин милдет — ошол жерде иштеп жаткан ишкерлерге салыктан жеңилдик берүү. Мына жеңилдик бердик, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы кредиттерди аларга жеткизип, мына ушуну жасай алдык, каражатты ишкерлерге  бурдук.

Премьер-министр болуп турганда Кепилдик фонд түзгөнбүз. Кепилдик фондду эмне үчүн түздүк? Айрыкча айыл жерлеринде жакшы долбоорлору, жакшы ойлору бар көп ишкерлер бар. Бирок аларды көтөрүп алып, банкка барса, ал жерде эки жылдык, үч жылдык, анан болгондо да 20%дан жогору кредиттер бар, аны алайын десе да күрөөсү жок. Кредит ала албайт, иштерин баштай албайт.

Мамлекет тарабынан Кепилдик фонд түзүлүп, уставдык фонду да көбөйтүлдү. Мына, кепилдик фонддон жардам алып жаткандардын саны 3 эсе өсүүдө. Фонд ошол ишкерлерге, күрөөсү жетпегендерге кепилдик берет.

Мына ушундай маселелер менен көп иштерди ордунан жылдырдык.

Бир мисалга токтолуп кетейин. 2016-жылы Премьер-министр болуп турганда аймактарды кыдырып жүрүп, Таласка бардым.

Сүттү кайра иштетүүчү заводдун кампаларында өндүрүлгөн продукциялары сатылбай турганын көрүп, абдан кейигем.

Ал токтоп калса, элден сүт алынбай калат. Бири-бири менен тыгыз байланышкан да. Эгер завод өндүргөн продукциясын сатып турса, акча келип турат, элден сүт алынып турат. Ал токтоп калса эл кыйналып калат, каражат түшпөй калат. Бири-бирине байланышкан.

Кырдаалды оңдоо максатында ЕврАзЭБдин стандарттарына жооп берүү үчүн лабораторияларды куруп, эскилерин жаңыртканбыз. Фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларга мамлекеттен акча бөлүп, жаңыларды салып, жаңы шаймандарды алып, талаптарга жооп бергидей кылганбыз. Россия дагы бул боюнча абдан жакшы жардам берди. Муну белгилеп кетишим керек.

Эл аралык деңгээлге жооп бере турган лабораторияларды куруп, анан уруксат алып туруп, мына эми азыр биздин сүт азыктарыбыз сыртка чыга баштады.

Азыр Кытайга 13 ишкана кургак сүт жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ (*атайын реестрге кирген).

Сүт боюнча проблема болбойт алдыда. Эмне үчүн дегенде биздин сүт азыктар тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат. Биздики эң таза өндүрүлгөн сүт, майлуу сүт.

Кечээ жакында Нарынга барып, кубанып келдим.

Россия-Кыргыз фонду, Кепилдик фонду, «Айылбанк» сүт заводдорго узак мөөнөттүү кредиттерди берип жатат. Кочкордогу завод бүтүп калса, кийинки жылы Нарын облусу боюнча элден сүт сатып алууда проблема чечилет.

Менин максатым — Кыргызстанда айыл чарбасында өндүрүлгөн сүттү, этти, терини, жүндү кайра иштетүүдө ишкерлерге шарт түзүп берип, экспортко чыгарып же ошону сатып алып, кайра иштетүүнү жандандыруу.

Пахта боюнча тапшырма берип, артынан түштүк. Ишкерлерден сурандым, пахта боюнча маселе аягына чыгып жатат. Ошто салынып жатат, кийин да салынат, Токмокто салынды. Аларды мамлекет фонддор аркылуу колдоп жатабыз.

Биздин милдет, дагы айтам, ишкерлерди узак мөөнөттүү, төмөн пайыздуу кредиттер менен колдоп, салыктан жеңилдетүү менен аларга жардам берип, ишти баштаса, сыртка чыкканга көмөк көрсөтүү. Мына ушул процесс кетти. Кудай буйруса, бул токтобойт.

Азыр бүт мамлекеттик органдар, бардык каржылык институттар менин талабымды билип калышты.

Бул талапты мен баардык жерде коюп жатам.

Мен айтып жатам, бир эле тамак-аш эмес, айыл жеринде ташты кайра иштетсе дагы, кумду кайра иштетсе дагы, каражатты ишкерлерге бериш керек деп жатам. Ал — жумушчу орундар да. Ал жумуш орунун түзгөндөн кийин айлык төлөйт, жергиликтүү бийликке салык төлөйт. Салык көбөйөт, жол оңдолот, мугалим-врачтардын айлыгы көтөрүлөт.  Мамлекет тарабынан социалдык кызмат көрсөтүү да жакшырат. Баары тең каражатка байланышкан да. Баары тең бири-бирине байланышкан нерсе. Мына ушул нерсени биз ордунан жылдырдык.

 

— Урматтуу Президент, өткөн маектерде да шайлоону таза өткөрүү тууралуу айттыңыз эле.

Азыртан эле айрым саясий тараптар шайлоо таза өтпөйт деген божомолун билдире калып жатышат. Жакында эле Коопсуздук кеңешинин жыйыны да мына ушул маселеге арналды. Кооптоонуга негиз барбы?

— Таза шайлоо — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири деп буга чейин да айтылган. Азыр да кайталап кетем. Бул өлкөнүн өнүгүшүндөгү, келечектин негизги шарты.

Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, Кыргыз Республикасынын Президенти катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам.

Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек.

Атайын жумушчу топ түзүп, ал жумушчу топко Президенттин Аппаратынан, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, бул боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди.

Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок.

Мурдагы 9 пайызды (*босого) 7 пайызга өзгөртүп, парламент кабыл алды, мен туура деп кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык.

Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик.

Экинчиден, баардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү.

Кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында расмий билдирдим.

Үчүнчүдөн, кечээки Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына дагы бир ирет катуу айттым. Мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керек. Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду.

Мен туура түшүнөм. Аны угуп-окуп атам, Аппаратым кайсы жерде эмне кемчилик болсо чыгаары менен мага билдирип турушат.

Кыргызстанда болуп, айтылып жаткан бардык кемчиликтер боюнча кабардармын.

Мен, албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам.

Муну баштан өткөргөнбүз. Биздин өлкө эки ирет элдик толкундоону көргөн өлкө. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Анын баарын өз көзүм менен көрдүм. Баары көз алдымда турат. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду.

Ошондуктан, элде кооптонуу да бар, имиш-имиш кептер да бар. Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар.

Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз.

Дагы айтып коюшум керек — Президент катары мен тараптан, Президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз.

Бирок, ачык айтып коюушум керек, ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси  келгендер да бар.

Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ Коопсуздук кеңеште да так кесе айттым.

Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум.

Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот.

Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам, аткарам.

Ошондуктан, мен дагы бир ирет эскертип кетем.

Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбайт.

Мен терең ишенем, биздин кеменгер элибиз, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе.

Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, Президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек.

Азыр мына, добуштарды сатып алуу тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат.

Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Билип-көрүп туруп, анан кичинекей болбогон каражатка алданып жатпайбы. Ошон үчүн күнөөнү бир эле мамлекеттик бийлик, органдар  карабайт  дебестен, ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты кое-билсек, шайлоо таза, жакшы өтөт деп ишенем.

Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле, шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе.

Ошондуктан, байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек.

Бул — өлкө үчүн, баарыбыз үчүн чоң сыноо. Бул сыноодон да татыктуу өтүшүбүз керек. Ошондуктан, мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам.

Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

— Быйыл Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгын белгиледик.

Бул датага арналган иш-чара, албетте, жылдагыдан өзгөчөлөндү. Пандемия шартында.

Бирок, коомчулук тарабынан талкууланган нерсе башка болду. Акын Аалы Туткучевдин ырдаганы, ал козгогон темалар соцтармакта талкууга алынды.

Айрымдар муну биздин коомдун ачыктыгы, жетишкендиги дешсе, айрымдары бул Президенттин саясатын сындаганы деди. Башка пикирлер да бар. Сиздин пикириңиз коомчулук үчүн кызык болушу керек.

— Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды.

Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат.

Акын — элдин жарчысы да, биринчи кезекте.

Мен да эл аралап жүрөм, элден көп кайрылуу келет. Ар кандай кайрылуу келет.

Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да.

Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. ЖМКлардан угуп атам.

Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз.

Баардык эл билет. Эл билген нерсени жашыра албайбыз.

Мына, эки жылдан бери тынбай айтып келе жатам, бул айтылган маселелер боюнча. Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча.

Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз.

Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу.

Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Дүйнөнүн көп алдынкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкен. Бул аларга адаттагы көрүнүш болуп калган.

Мурда да айткам, дагы айтам. Баарын камап түгөтө албайбыз. Мына ушул санарип бизди, өлкөнү, жалпы элибизди коррупциялык элементтерден куткарат.

Ошол үчүн бул санарип саясатына абдан катуу көңүл буруп жатам.

Барган жеримде, бир эле бажы эмес, салык эмес, сот системасына, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам.

Элге кызмат көрсөтүүсүн, айрыкча мамлекетке, бюджетке түшүп жаткан каражаттарды санариптешмейинче биз мамлекеттин, бийликтин кадыр-баркын элдин астында көтөрө албайбыз. Эл коюп жаткан талапты биз аткара албайбыз.

Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды. Ырга салып, айтты.

Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым.

Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм.

Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат.

Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу — ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм.

Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлом.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айта кетейин.

Эмдиги жылы Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилейбиз.

Кудай буйруса, азыркы илдетти жеңсек, жалпы элибиз менен бул датаны чоң сыймык менен белгилейбиз.

Жакында атайын Жарлыкка кол коем. Даярдык иштерин эмитен баштап, маданий, тарбиялык, патриоттук иш-чараларды биздин сүйүктүү мамлекетибиздин Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата, даярдык иштерин баштайбыз. Жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ой-максаттарым бар. Буюрса, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы акыныбыз дагы чыгып ырдаса, айтып кетер ошол жетишкендиктерди.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

— Рахмат, Сооронбай Шарипович, айтканыңыз келсин. Баарыбыз ошол күнгө күбө бололу. Убактыңызды бөлүп, өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча суроолорубузга жооп бергендигиңиз үчүн Сизге ыраазычылык билдиребиз.

Жооптуу ишиңизди ийгиликтер коштосун.

— Рахмат, сиздерге да ийгилик.

 
Categories

Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 3-сентябрда Чүй облусунун Жайыл, Москва районунда жумушчу сапары менен жүрөт.
Президент Жайыл районунда медициналык мекемелердеги санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Андан соң Москва районундагы фермердик чарбалардын жана айыл чарба кайра иштетүү ишканаларынын учурдагы абалын көрүп чыкты.
Сооронбай Жээнбеков дыйкан, фермерлер менен жолугушуу учурунда айыл чарба жаатында көптөгөн жеңилдетилген насыялар берилип жаткандыгына токтолду.
Максат айыл жеринде жаңы жумуш орундарын түзүп, миграциянын агымын токтотуу экендигин белгиледи.

Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)

Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)

Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)
Президент Чүйдү кыдырууда (ФОТО)