Categories

Президент С. Жээнбеков: Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл (ВИДЕО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат.

Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү.

Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет.

Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек.

Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл.

Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды.

Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду.

Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук.

Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик.

Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер!

Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү.

Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок.

Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла.

Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла!

Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот.

»Жыгылган күрөшкө тойбойт« дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз.

Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы.

Урматтуу мекендештерим,

Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот.

Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм.

Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү.

Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз.

Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз.

Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!

Урматтуу шайлоочулар,

Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки.

Эч ким кысым жасай албайт.

Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет.

Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт.

Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду.

Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели!

Кадырлуу калайык-журтум!

Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар.

Элибиз саясий зиректик менен, „өзүм эмес, элим үчүн“ деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз.

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм.

Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

 
Categories

ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛООГО БАЙЛАНЫШТУУ ЭЛГЕ КАЙРЫЛДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого байланыштуу элге кайрылды. Анын айтымында, шайлоону өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат. Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Президент эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгенин айтат. “Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл. Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү”, -дейт өлкө башчы. Жээнбековдун айтымында, шайлоо адилеттиги — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылынды. Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормалар кирди. Саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей шарт түзүлдү. Жээнбеков шайлоодон кийин жеңилген тараптарды жеке амбициясына алдырып, элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирбөөгө чакырды. “Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы”, – деп эскертти өлкө башчы.

 
Categories

Президент медиктерге жана коронавирус пандемиясы менен каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, медиктерге жана коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыктар менен медиктер, ошондой эле пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер сыйланышты.

«Мен жалпы элибиздин тилектештигин, ынтымагын дагы бир ирет өтө сыймыктануу менен белгилейм. Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам беришкен азаматтарыбыз көп болду. Эл биримдиги жүздөгөн жарандырыбыздын өмүрүн сактады», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшкөндөрдүн каарман эмгектери менен таза ниеттерине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи.

«Сиздер журтубузга түшкөн оор күндөрдү бийик абийир, ар намыс, жогорку атуулдук милдет менен өткөрдүңөр. Күнү-түнү тыным көрбөй, чарчадым чаалыктым дебей, өзүңөргө, ата-энеңерге, балдарыңарга, жакындарыңарга болгон коркунучка карабай, катаал илдет менен кармаштыңар», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдөгү медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгиледи.

«Ушул татаал сыноодо, эл тагдырын чече турган жагдайда, негизги үмүт, негизги күч —  өлкөбүздүн  дарыгерлерине жүктөлдү. Жалпы элибиз дарыгерлерибизге ишеним, үмүт артты. Элүү миңге жакын жарандарыбыздын өмүрүн коргоп калдыңар. Ошол адамдардын баары, алардын жакындары сиздерге ыраазылыгын билдирүүдө», — деп баса белгиледи Президент.

Ал ооруга чалдыккандардын баарынын тең өмүрү сакталып калбагынын өкүнүү менен кошумчалады.

«Көп мекендештерибизден, кыргыз мамлекети үчүн опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздан айрылдык. Каза болгондордун бейишин тилейбиз. Алардын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталат», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков эл аралык уюмдар жана өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосун белгиледи. Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан медициналык адистер келгенин эске салды.

Ошондой эле ал өз Мекенине жардамга келишкен чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге ыраазычылыгын билдирди.

Бирок, Президент белгилегендей, коркунуч дагы эле бар, коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

«Саламаттык сактоонун жаңы объекттери курулууда, эскилери оңдолууда. Медициналык кадрлардын жетишсиздигин эске алып, медициналык жогорку окуу жайларында гранттык орундарды көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аткарчу иш, чече турган маселе көп экенине токтолду.

«Илдетке каршы күрөш —  саламаттыкты сактоо тармагындагы көп жылдар бою топтолуп келген көйгөйлөрдү ачыктады. Эң негизгиси — мындай оору боюнча адистешкен медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин көрсөттү. Саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн системалык өзгөрүүлөр зарыл. Бул маселени Коопсуздук кеңешинин кароосуна алып чыгабыз. Атайын жыйын өткөрөбүз. Бардык мамлекеттик мекемелердин илдетке каршы биргеликте иштөөсүн камсыз кылуу үчүн негизги багыттарды аныктап, милдеттерди коебуз», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Саламаттык сактоо системасын башкаруунун, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле Саламаттык сактоонун бардык чөйрөлөрүнө санарип технологиясын кеңири киргизүү өзгөрүүнүн негизги максаты болот.

«Жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, калктын бардык катмарларын сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Биз бул максаттарыбызды аткарабыз деп ишенимдүү айта алабыз. Анткени, кыйын күндөрдө элибизге тирек болгон Сиздер, урматтуу медиктер, барсыздар», — деп өзгөчө баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков бардык жарандарды бир милдет бириктирип турарын, ал — өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын мындан ары болтурбоо экенин кошумчалады.

«Биз мамлекеттик бийликтин, жарандык жана бизнес коомчулуктун, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракетин бириктирүүнү көздөйбүз. Ошол эле учурда ар бир адамдан өзү жана жакындары үчүн бийик жарандык жоопкерчилик талап кылынат», — деп белгиледи Президент.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Мамлекет башчысы дарыгерлердин талыкпаган эмгегин дагы бир ирет бийик баалады.

«Мен бүгүн сиздерге жогорку мамлекеттик сыйлыктарды терең сыймыктануу менен тапшырам. Бул сыйлыктарды элибиздин Сиздерге, сиздер аркылуу бардык дарыгерлерге көрсөткөн терең ыраазылыгы жана бийик урмат-сыйы деп кабыл алыңыздар. Бүгүн бул күрөшкө катышкан миңдеген дарыгерлерибизге таазим этип, рахмат айтабыз», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

 
Categories

КАРЫЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ. ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда кыргызстандыктарды улгайгандардын эл аралык күнү менен куттуктады. Өлкө башчы кыргыздар кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан эл экенин айтып, мындан ары да калктын ушул нускалуу каада-салтын бекем сактоого милдеттүүбүз деди. «Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт. Көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган улуулардын терең акылы, көсөмдүгү жаштарыбыз үчүн көөнөрбөс сабак болууда», -деди Жээнбеков. Президент карыяларга элдин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатышканы үчүн ыраазылык билдирди.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү экологиялык дипломатияны жана «жашыл» экономиканы алга жылдыруу болуп саналат

30-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракесине арналган сессиянын алкагында Биоартүрдүүлүк боюнча Нью-Йоркто өткөн саммитте Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков видеобилдирүү аркылуу сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн толук текстин келтиребиз:

«Урматтуу Төрага,

Айымдар жана мырзалар,

Экологиялык дипломатияны жана „жашыл“ экономиканы өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Биз — экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсүбүз.

Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен кыскартууну көздөйт.

Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоо менен бирге өз демилгелерин да сунуштап келет.

Баарынан мурда, алар:

— Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммиттерди уюштуруу;

— Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюцияны жаңылоо;

— Эл аралык тоолор жылын өткөрүү жана Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү.

Урматтуу төрага!

Башкы Ассамблеянын учурдагы жыйынынын алкагында, Кыргыз Республикасы дүйнөлүк биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча төмөндөгү резолюциянын долбоорун сунуштайт: „Табият чек ара тааныбайт: чек ара кызматташтыгы — биоартүрдүүлүктү сактоонун жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору“.

Биз төмөнкүдөй тармактарда эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурдук:

— биоартүрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;

— биоартүрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;

— туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн „жашыл экономиканын“ принциптерин пайдалануу;

— ошондой эле биоартүрдүүлүктү туруктуу пайдалануу үчүн аймактык кызматташтык жаатында демилгелерди сунуштоо.

Биздин документтин долбоорунда  Конвенция Тараптарынын Жер которгон түрлөрдү сактап калуу боюнча Он үчүнчү Конференциясынын жыйынтыктары жана анын Декларациялары чагылдырылган.

Ал глобалдык экологиялык уюмдар тарабынан жактырылды. Алардын арасында Жапайы жаратылышты коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк фонд, БУУнун биоартүрдүүлүк боюнча конвенциясы, ЮНЕП, Рамсар конвенциясы, Жаратылышты коргоо боюнча немис союзу бар.

Биздин резолюция БУУга мүчө мамлекеттердин жана институттарынын кеңири колдоосуна ээ болот деп үмүттөнөм.

Айымдар жана мырзалар,

Кыргыз Республикасы биоартүрдүүлүк жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык аракеттерди колдоосун уланта берет.

Айтылган идеялар менен сунуштар учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жардамын тийгизет деген ишеничтебиз.

Биздин планетанын жаратылышынын келечеги жана анын биоартүрдүүлүгүн сактап калуу биздин колубузда.

Көңүл бурганыңыздарга ыраазычылык билдирем».

 
Categories

Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Венгриянын борбор калаасы — Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Сейил бакка кыргыз жазуучусунун ысымын ыйгаруу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Ошондой эле иш-чарага Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышты. Өз сөзүндө ал Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү.

Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын унутуу бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун маданияты үчүн орду толгус жоготуу болмоктугун белгиледи.

Гергей Карачонь венгер окурмандарынын кеңири  сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматов дүйнөгө белгилүү жазуучу, таланттуу публицист, дипломат, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер болгонун белгиледи.

«Анын чыгармалары — алыскы кыргыз айылынан тартып, глобалдык көйгөйлөргө жана планетардык масштабдагы актуалдуу идеяларга чейин ар кыл маселелерди камтыйт. Ал өмүр бою дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын жана эл аралык кызматташтыктын идеяларын коргоп келген. Биз, кыргыздар, уникалдуу „Манас“ эпосубуз менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маданиятка өз салымыбызды коштук», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ал тынчтык идеяларын Ысык-Көл форумун уюштуруу аркылуу да жайылтканын, ага дүйнөлүк саясаттын жүрүшүнө таасир эткен көптөгөн белгилүү инсандар катышканын кошумчалады.

Президент дагы бир жолу жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирип, бул Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон урматтоонун дагы бир белгиси экенин кошумчалады.

«Мен Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун ысымын, анын чыгармачылыгын жана талантын терең урматташкандыгына күбө болдум. Мен кайда гана барбайын, сүйлөшүүлөрдө биздин Айтматовду ар дайым сый-урмат менен эскеришет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ушул күнгө чейин Чынгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурунда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланганын белгиледи.

ЮНЕСКОнун маалыматына ылайык, Чынгыз Айтматов дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири болгонун өзгөчө баса белгиледи.

«Сиздин колдооңуз менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын улуу руханий мурасы Венгрияда мындан да кеңири жайылат деп үмүттөнөм», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жана Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь Чынгыз Айтматов атындагы сейил бакка дарактарды отургузушту.

Ушул эле жерден Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен кыскача баарлашты. Ал иш сапарынын жыйынтыктары, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер үчүн билим алуу квоталарын көбөйтүү тууралуу макулдашуу жана Бишкек менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландары жөнүндө айтып берди.

Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды Будапешт шаарында сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-сентябрда Венгрияга расмий визитинин алкагында Венгриянын Президенти Янош Адер менен жолугушту.

Кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды.

Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана экологияны коргоо боюнча пикир алышуу болду.

Венгрия Президенти Янош Адер Президент Сооронбай Жээнбеков менен

Венгриянын Премьер-министринин жемиштүү сүйлөшүүлөрү өлкөлөрдүн өз ара байланыштарын өнүктүрүүгө сөзсүз дем берерин белгиледи.

Ал ошондой эле, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселеси мөңгүлөрдүн эриши жана заманбап глобалдык чакырыктарды эске алуу менен актуалдуу болуп каларын баса белгиледи.

Буга байланыштуу Янош Адер келечекте дүйнө өлкөлөрүнүн күн тартибинде суу пайдалануу маселеси  кыйла артыкчылыктуу болоруна көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков

Венгрия Президентин эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканы менен куттуктады.

Ал жогорку деңгээлдеги туруктуу сүйлөшүүлөр мындан ары көп тараптуу жана  кыргыз-венгер кызматташтыгын активдүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле, Кыргызстан экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин, ата мекендик айыл чарба продукциялары экологиялык таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул багытта өз ара кызматташууга даярдыгын билдирди жана Венгрия Президенти Янош Адерди Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкөнүн бакубаттыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн активдүү байланыштарды улантуу зарылдыгын белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту

 
Categories

Кыргыз-Венгр фонду

Учурда Венгрияда расмий сапар менен жүргөн Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Венгр өнүктүрүү фонду түзүлөөрүн билдирди.
Аталган фондко Венгрия 50 миллион АКШ долларын салаарын сүйүнүч катары айтты.
Биргелешкен фонд аркылуу эки өлкөнүн ишкердик чөйрөөсү тыгыз иш алып барышаары белгиленди.
Жээнбеков өз сапарындагы жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган келишимдер тарыхый мүнөзгө ээ болгондугун баса белгиледи.
Венгрия буга чейин жылына Кыргызстандык 75 студентке бюджеттик орун берип келсе, эмдиги жылдан тартып эки эсеге көбөйүп 150 студент акысыз билим алышмакчы болду.
Расмий сапардын алкагында Будапеште эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн катышуусунда атайын бизнес форум өтүп жатат.

 
Categories

Президент Венгрияга расмий визит менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Венгрияга расмий визит менен келди.

Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортундагы жайкы талаада Ардак кароолдун ротасы тизилип, кызыл килем төшөлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Будапешт шаарына келгенде Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен бейформал кечки тамакта болушту.

Расмий визиттин алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Визиттин алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын Төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов.

Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды Президент Венгрияга расмий визит менен барды

 
Categories

Жээнбеков Сочиге кетти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Орусияга учуп кетти.
Ал Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу мамилелердин өнүгүшүн сөз кылышмакчы.