ПРЕЗИДЕНТ САЛЫК КОДЕКСИНЕ КОЛ КОЙДУ
Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган.
Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирди.
“Кодекс менен салык салууга карата эки негизги ыкма каралган. Пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режиминин жүгүртүүсү 30 млн. сомдон жогорку болгон ири бизнес субъектилери тарабынан колдонулат. Бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилерине жайылтылат. Мындан сырткары, кодексте электрондук коммерцияга салык салуу 2% өлчөмүндө каралган”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле тигүү тармагына, зергерчиликке, авиациялык тармакка жеңилдиктер берилди.