Categories

ПРЕЗИДЕНТ АРАЛЫКТАН ИШТӨӨГӨ ӨТТҮ

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул дүйнөдө таажылуу вирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган. Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

 
Categories

ПРЕЗИДЕНТ САЛЫК КОДЕКСИНЕ КОЛ КОЙДУ

Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган.

Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирди.

“Кодекс менен салык салууга карата эки негизги ыкма каралган. Пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режиминин жүгүртүүсү 30 млн. сомдон жогорку болгон ири бизнес субъектилери тарабынан колдонулат. Бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилерине жайылтылат. Мындан сырткары, кодексте электрондук коммерцияга салык салуу 2% өлчөмүндө каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тигүү тармагына, зергерчиликке, авиациялык тармакка жеңилдиктер берилди.

 
Categories

ЭРДОГАН 2022-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

23-декабрда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкө башчылары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты.

Садыр Жапаров Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган, дипломатиялык алака түзүп, элчилигин ачкан алгачкы өлкө экенин канааттануу менен белгиледи.

«Түркия биз үчүн боордош мамлекет, ишенимдүү дос, ошондой эле мезгил сынагынан өткөн өнөктөш. Кыргызстан Түркия менен мамилеге өзгөчө маани берет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган 2021-жылы кыргыз-түрк мамилелерине стратегиялык өнөктөш макамы берилгенине 10 жыл болгонун айтты. Буга байланыштуу ал стратегиялык кызматташтык боюнча 2021-жылдын июнь айында өткөн парламенттер аралык жыйында кабыл алынган макулдашууларды ишке ашырууга күч-аракет жумшоону сунуштады.

Түрк лидери 2022-жылы боло турган Кеңештин кийинки жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирди.

 
Categories

ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫНА НААРАЗЫ БОЛГОН ПАРТИЯЛАРГА КАЙРЫЛДЫ

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылды. Мамлекет башчысы “Фейсбукка” билдирүү жазып, партияларды бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырды.

“Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жакка жылбаш керек. Эгер чындап эле жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула!” – деди Жапаров.

 
Categories

ЖАПАРОВ ФАКТЫ СУРАБАЙТ

Президент Садыр Жапаров азыркы бийлик коррупция боюнча маалымат түшсө мурдагыдай болуп факт бергиле деп сурап отурбай дароо чара көрөрүн айтты. Мамлекет башчы адам өлтүрүү учурларын журналисттер менен блогерлер кандай резонанс менен жазса, коррупциялык фактылар андан он эсе ызы-чуу менен берилиши керек деген пикирде.

“Биз мурункудай факт бер деп отурбайбыз. Далилдеп бересиңерби, ошол замат чечим кабыл алабыз. Бир күн да создуктурбайбыз”, — деди Жапаров.

Бүгүн президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйыны өттү.

 

 
Categories

КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА ИШТЕРДИ ЭМИ ПРОКУРАТУРАНЫН АТАЙЫН БАШКАРМАЛЫГЫ ГАНА КАРАЙТ

Мындан ары Кыргызстанда коррупция боюнча иштердин баары бир мекемеде каралат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин бүгүнкү алгачкы жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү, эми коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ошол жакта каралат.

“Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл”, – деди Жапаров.

Президент Ички иштер министрлигине, сот тутумуна, ошондой эле мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тандоо учурунда кызматкердин коррупцияга азгырылуусуна каршы туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика сөзсүз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалады.

 
Categories

«ШАЙЛОО ТАЗА ӨТӨТ»

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда шайлоолор таза өтөрүн жана административдик ресурс колдонулбай турганын өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди. Жапаров мамлекеттик кызматта туруп кайсы бир партияга же талапкерге иштегендер дароо кызматтан алынып, жоопко тартыларын эскертти.

Азыркы мыйзамга ылайык, шайлоочу партиянын ичинен өзүнө жаккан талапкерге дагы добуш бере алат. Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги коюлат. Партияга жана анын ичиндеги жеке бир талапкерге добуш берилет.

“Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Ушундай жол менен парламентти, жалпы эл, өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер. Ал эми эскилер кайра келе жатат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды”, — деп белгиледи президент.

Жапаров азыр тизмеде талапкердин канчанчы турушу маанилүү эмес экендигин, 54-катарда болуп туруп деле көп добуш алса биринчи болуп келе берерин баса көрсөткөн.

Өлкө башчысы учурдагы кымбатчылык тууралуу да кеп салып, ал Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө болгон көрүнүш экенин, мунун баары пандемияга байланыштуу болгонун белгиледи.  Президент ошентсе да өлкө жетекчилиги кымбатчылыкты токтотууну, абалдан чыгуунун жолун издеп күнү-түнү иштеп жатканын билдирди.

 
Categories

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ. ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда кыргыз тили Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башкы белгилеринин бири, кыргыз улутун улут кылып турган эң негизги касиети болуп санала тургандыгын белгилеген.

«Тил саясаты мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу шарт. Ушул өңүттөн алып караганда мамлекеттик тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна ар бирибиз салым кошуп, сапарлаш болуубуз зарыл. Эгемен Кыргызстандын башкы байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Ааламда теңдеши жок, океандай чалкыган «Манас» дастанын жараткан тил», — деп айтылат куттуктоосунда.

Президент Мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө каалоо гана керек экендигин белгилеп, азыркы учурда эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл бурулуп баштаганын айткан.

Мындан сырткары, Жапаров Мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы журттун, өзгөчө жетекчи-аткаминерлердин жана мамлекет башчыларынын тынымсыз камкордугу зарыл экендигин кошумчалаган.

 
Categories

БУУ: ЖАПАРОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Кыргызстанда инвесторлор чоң киреше издеп экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар. Бул тууралуу Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда билдирди. Иш-чара кечээ, 21-сентябрда өткөн.

Жапаров кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп жатканын, ошону менен бирге зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандыларды утилизациялоо сыяктуу экологиялык кесепеттерди өздөрү чечүүгө аргасыз болуп жатканын белгилеген.

“Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү деңгээлде кам көргөндүн ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар. Отуз жыл бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин чечүү үчүн эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү илгерилетип келет”, – деген өлкө башчы.

Президент өлкөнүн демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жыл “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыяланганын билдирген. Ошол эле жылы Бишкекте биринчи глобалдык тоо саммити, ал эми 2018-жылы IV дүйнөлүк тоо форуму өткөрүлгөн.

Ошондой эле БУУнун сессиясында “Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунан” 2022-жылды кайрадан “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыялоону, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитип, 2027-жылы “Бишкек+25” глобалдык саммитин өткөрүүнү демилгеледи.

 
Categories

ЖАПАРОВ ПУТИНГЕ КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Пермь мамлекеттик университетинде адам өлүмүнө алып келген куралдуу кол салууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге жана орус элине көңүл айтты.

20-сентябрда күндүзгү саат 11:00 чамаларында белгисиз адам университетке кирип барып, туш келди ок чыгарган. Тергөө комитети бул окуядан алты киши каза болгонун билдирди.

12 миңдей студент билим алган жогорку окуу жайда сабактар бул күнү токтотулду. Бул соңку төрт айдан бери Орусиянын билим берүүчү жайларында катталган экинчи ушундай окуя.