Categories

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БАЗАРЛАРДЫ КЫДЫРДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күтүлбөгөн иш сапары менен Чүй облусунун Сокулук айылындагы “Жибек жолу” базарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жапаров базардын соодагерлери жана сатып алуучулары менен баарлашып, социалдык-экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, ошондой эле акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө кассалык аппараттарды колдонуу жана чектерди талап кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Сокулуктагы кичи дүкөндөрдүн биринде болуп, алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркаларынын аныктыгын текшерди. Кыдырууда контрафакттык продукциялар аныкталды.

 
Categories

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ АКШ БОРБОРУНДА

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат. Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Анда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу, кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелер талкууланат.

Расмий делегациянын курамында финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов бар.

 
Categories

ӨКМӨТ БАШЧЫ «ЯШНАБАД» ТЕХНОПАРКЫНА БАРДЫ

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана «IT-Паркка» барды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Марипов жана Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов көргөзмө залдарын кыдырып, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукциялар коюлган күркөлөрдү жана өндүрүштүк цехтерди көрүп чыгышты.

Ал жерден делегация мүчөлөрү газ эсептегичтерин, өнөр жай кондиционерлерин жана муздатуу тутумдарын, суу насосторун, лифт жана эскалаторлорду чыгаруучу алты жогорку технологиялык завод менен таанышты.

Аталган технопарк жогорку технологиялык өндүрүштү түзүүгө, экспортко жана импортту алмаштырууга багыт алган өндүрүштүк ишканалар тобун түзөт. Өкмөт башчы Улукбек Марипов «Яшнабад» технопаркындагы өнөр жай өндүрүшүнүн жогорку натыйжаларын белгилеп, мындан ары карай ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.

 
Categories

«МЫЙЗАМДАР БАЙЛАР ҮЧҮН ЖАЗЫЛЫП КАЛГАНДАЙ»

Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөттүн жыйынында дары-дармектин баасын арзандатуу боюнча иштин аксап жаткандыгын сындады. Анда ал бул тармакты санариптештирүү менен дарыларды негизсиз кымбаттатуунун алдын алууга болорун эскертти. Бул маселеде тиешелүү мекемелер сунуш бербей жатканын да сындады.

«Мен дарылардын баасын арзандатам деп элге сөз бергем. Эмнеге байлардын кызыкчылыгын коргойбуз? Бүт мыйзамдар байларга ыңгайлашып түзүлүп калгандай сезилип жатат. Кошумча нарк салыгынан, мамлекеттик алымдар… Бирок дарылар кымбат болуп жатпайбы! Элдин эсебинен байып жатышат. Ооба, импорт кылып жатабыз. Бирок кээ бир дарылар башкалардан 5 эсеге кымбат болуп жатат, – деди өкмөт башчы.

Жыйындын соңунда премьер дары-дармектердин бааларын мониторинг кылып, салыктык жеңилдиктерди эске алгандагы бааларын аныктоону тапшырды.

 
Categories

«ОК ЧЫГАРГАН ЗАВОДДУ ЖАНДАНДЫРУУ КЕРЕК»

Премьер-министр Улукбек Марипов “Бишкек штамптоо заводуна” барып ал жерде иштегендер менен пикир алышып, ишканада чыгарылып жаткан согуштук жана спорттук-аңчылык багыттагы патрондорду көрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган ишкана Энергетика жана өнөр жай министрлигине карайт. Марипов өнөр жай цехтерин аралап, патрон чыгарган жабдууларды жакындан көрдү. Ал мамлекет үчүн коргонуу өнөр жайынын маанисин баса белгилеп, заводду кайра калыбына келтирүү иштерин күчөтүү керектигин айткан.

“Завод 500 кишини жумуш орун менен камсыздайт, анын өнөр жай мүмкүнчүлүгү толугу менен пайдаланылбай жатат. Бирок заводдун иштеп жатканынын өзү кубанычтуу көрүнүш. Финансы жагынан көйгөйлөр бар. Майнаптуу башкаруудагы чечимдер жана заманга ылайык ыкмалар менен заводду бутуна тургузуп кетсе болот”, – деген Марипов.

 
Categories

МЕКТЕПТЕРГЕ ДЫЙКАНЧЫЛЫК ЧАРБАСЫ УЮШТУРУЛАТ

Кыргызстандагы бардык мектептерге дыйканчылык чарбасы уюштурулат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Мектеп окуучуларынын тамагынын сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Кыргызстандагы мектептерге караштуу дыйканчылык чарбаларын уюштуруу тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Кабыл алынган чечимге жараша мектептин карамагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы болгон учурда мектепке караштуу чарба түзүүгө укуктуу. Мектептин айдоо жери жок болсо, директор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына чарбага ылайык жер бөлүп берүү арызы менен кайрыла алат. Мектепке караштуу чарбанын болушу окуучулардын айыл чарба продукциясын өндүрүүсүнө жана кайра иштетүүгө, мектеп ашканасындагы тамак-аштын кубатын арттырууга, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алууга, кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

 
Categories

ЧУУ ЖАРАТКАН БИЛДИРҮҮ

Премьер-министр Улукбек Марипов Төрткүл суу сактагычы боюнча Өкмөттүн «Фейсбуктагы» расмий баракчасынан видео кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө суу сактагыч боюнча билдирүүсүн кээ бир күчтөр туура эмес жакка бурганга аракет кылгандыгын айткан. Ошондой эле ал аталган маселени Кыргызстандын пайдасына, мыйзамдын негизинде чечүү керектигин билдирген.

Мындан сырткары, Төрткүл суу сактагычын стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталганын, жакында аны президентке жана Коопсуздук кеңешине сунуштай турганын кошумчалады. Эске салсак, Жогорку Кеңештин 3-январдагы жыйынында премьер-министр Улукбек Мариповдун Баткен районундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча айткан сөзү коомчулуктун нааразылыгын пайда кылды.

Анда Марипов: «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деген. Андан соң парламенттин 4-январдагы жыйынында да Төртгүл суу сактагычы боюнча айтылган маалыматты тез арада териштирүү маселеси көтөрүлгөн.

 
Categories

Өлкө Президентинин милдетин аткаруу Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытовго өттү

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө жана Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугун өткөрүп бергендигине байланыштуу, Конституцияга ылайык, өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытовго өттү.

Төмөндө Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн, документтерин тапшырды.

Ошондуктан ал Президенттин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын премьер-министр ыйгарым укуктарын токтотуп, катардагы жаран катары шайлоого катышарын билдирди.

Ушуга байланыштуу бүгүнтөн тартып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесине ылайык, жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети Жогорку Кеңештин Төрагасы катары мага жүктөлдү.

Урматтуу мекендештер!

Көп сыноолордо такшалган, эркиндикти, адилеттүүлүктү туу туткан элибиз 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийинки курч саясий кризистен ыкчам жана тынч жол менен чыгып, биримдигибиз бекемделди.

Азыр Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук орноду. Укук коргоо органдары, соттор, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары штаттык режимде иштеп жатышат.

Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечкиндүү кадамдар жасалууда.

Чакан жана орто бизнести коргоо, өнүктүрүү иштери колго алынды.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кыргызстан жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө даяр, ошол эле учурда бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар толугу менен  аткарылууда.

Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда.  Эң башкы милдет — 2021-жылдын 10-январына белгиленген Президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү. Бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү менен элдин эркин тандоосун камсыз кылуу.

Ошондуктан өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам.

Конституциялык укуктарымдын алкагында Президенттин милдетин аткаруучу катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардык аракетимди жасайм.

Менин аракеттеримди өлкөнүн акыл-эстуу жарандары толугу менен колдойт деп ишенем.

Ар бирибиз сырттан карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы.

Өз миссиябызды аткарып, эл алдында жүзүбүз жарык, алгылыктуу иш алып барабыз деп ишенем.

Мындан ары да бекем ынтымакты, ширелген биримдикти, нукура тилектештикти көрсөтөлү.

Жоопкерчилик — ар бирибизде.

Кудай буйруса, коомчулуктун колдоосу менен, ынтымак жана тынчтыктын негизинде бардык кыйынчылыктарды жеңебиз.

Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим.

Журтубузга ак ниет кызмат кылуу, мекенибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин эркиндигин, жерибиздин бүтүндүгүн сактоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз.

Элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун!

 

 
Categories

Садыр Жапаров өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын  өткөрүп берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу  Садыр Жапаров өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын  өткөрүп берди.

Төмөндө Садыр Жапаровдун кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим,

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, өлкөбүздө президенттик шайлоо жараяны жүрүп жатат. Мен да бүгүн президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бердим, ошого байланыштуу сиздерге кайрылып олтурам.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик  шайлоодогу мыйзам бузуулар 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордун келип чыгышына себеп болду.

Бишкекте жана башка аймактарда нааразычылык акцияларга миңдеген адамдар катышты. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү, президенттин отставкасын катуу талап кылышты.

Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга аргасыз болду.

Элдин талабы боюнча мурдагы Өкмөт отставкага кетти жана өлкө  Конституциясында белгиленген тартипте жаңы Өкмөт түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан чегинди.

Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок.

Бул жеңиш — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду.

Элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөбүздө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирди.

Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар толугу менен  аткарылууда.

Ошол эле учурда, урматтуу мекендештер, алдыбызда олуттуу жана жооптуу маселелер бар.

БИРИНЧИ.  Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда.

Жакынкы күндөрү Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна берилет.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат.

Жаңы Конституциянын долбоору эл тарабынан колдоого ээ болсо, өлкөдө башкаруунун жаңы системасы түзүлөт.

ЭКИНЧИ. Келерки парламенттик шайлоолорду конституциялык реформалар аяктагандан кийин, 2021-жылдын жаз айларында өткөрүү болжолдонууда.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзам кабыл алып, мен ага кол койгом.

ҮЧҮНЧҮ. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурдагы Президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи.

Урматтуу мекендештерим,

Ушуга байланыштуу мен өлкө Президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, Премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим.

Мындан ары Президенттин милдетин баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат.

Учурдан пайдаланып, менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө, коомдук ишмерлерге, жарандык коомго, медиа тармагына, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө рахмат айтам.

Мага саясий кырдаалга байланыштуу, ар кандай саясий күчтөрдүн басымына карабастан бир эмес, үч ирет ишеним көрсөтүп келген Жогорку Кеңештин депутаттарына терең ыраазычылык билдирип, рахмат айтам. Мындан тышкары, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине терең ыраазылык билдирем.

Президенттик жарышка аттанган болочоктогу атаандаштарымдын ар бирин  урматтайм жана аларга ийгилик каалайм. Ошол эле учурда — суранып кетээр элем: Шайлоодо өлкөбүздүн түндүк-түштүккө, элибиздин уруу-урууга жана тууган- туушканга бөлүнүшүнө жол бербейли.

Ар бирибиз үчүн элибиздин тынчтыгы, коомубуздун ынтымагы жеке мансаптан бийик болушу керек.

Шайлоонун шары менен амбицияга алдырып, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө, мамлекетибиздин бекемдигине доо кетирбейли.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын тагдыры саясаттын курмандыгы болбош керек.

Биз баарыбыз Кыргызстандыкпыз!

Биз — бирдиктүү жана көп улуттуу элбиз!

Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка, бирок, көздөгөн түпкү максатыбыз бирөө гана. Ал — сүйүктүү Мекенибиз Кыргызстандын жаркын келечеги.

Бардык мекендештериме бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайм.

Жергебизде тынчтык, эл ичинде биримдик, ынтымак-ырашкерлик болсун.

Өлкөбүз гүлдөп өнүксүн!

Биздин ураан: Бирдиктүү эл, өнүккөн өлкө!

 
Categories

Садыр Жапаров кыска нуска маалымат жыйын курду

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун бүгүнкү маалымат жыйыны мурдагы өлкө башчыларынан кескин айырмалуу болду.
Эң башкысы баардык суроолорго кыска, так жана ынанымдуу жоопторду берди.
Кандай гана суроолор болбосун саясий өңүттөбү, экономикалык мүнөздөгүбү, же социалдык көйгөйлөрбү айтор баарына кыска нуска жооп бергендиги көпчүлүктү кубандырды.
Башкаларчылап билип туруп билмексен, көрүп туруп көрмөксөн болуп, бирөөлөргө акаарат айтпай, чымчылап тийишпей, какшыктабай ачык айрым сүйлөшкөндүгү өзгөчө алкоого арзыды.
Толук кандуу бийлик жүргүзгөндүгүнө али бир ай болбосо да, дээрлик бардык маселелерге кайсы бир деңгээлде көңүл бурууга жетишип, таанышып калгандыгы да жакшы көрүнүш.
Өлкөбүздөгү оор экономикалык абалды да “орточо” деп оптимистик маанайда баа бергендиги да өзгөчө мааниге ээ.
Анткени журт атасы болчу кишиге бул абдан мыкты мүнөз жана бийик сапат.
Ананда адатта жаңы келген бийлик башчысы мурунку кеткен бийликти жамандап, баардык көйгөйлөрдү, терс көрүнүштөрдүн баарын мурункуларга төңкөй берчү абдан жаман көрүнүш бар болчу.
Мына ушул жаман адатты Садыр Жапаров кайталап айтмак турсун бир ооз жаман сөз айтпады.
Бул дагы жакшы жышаан жана зор саамалык.
Азырынча көп мактабай туралычы.
Калганын убакыт көрсөтөт…