Categories

“Кеч күздөгү кусалык” поэзия кечеси өтөт

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналат жана ал “Кеч күздөгү кусалык ” деп аталат. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Бул поэзия кечеси үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт. Саат 17.00 башталат. Кирүү акысыз.

Кече обончу жана аткаруучу Советбек Урманбетов, белгилүү ырчылар Эльмира Дүйшеева жана Улан Качкыналиевдин аткаруусунда обондуу ырлар менен коштолот.

 
Categories

Бишкекте жүргүнчүлөр үчүн “Поэтикалык жол” акциясы уюштурулат

Бишкекте Gala Teatr жаштардын театралдык студиясы колго аларлык демилге менен чыгышууда. Аталган студия мындан ары ар шейшемби күндөрү шаардын эл ташыган автоунааларында “Поэтикалык жол” акциясын уюштурууну көздөшүүдө.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда,  Gala Teatr артистер тобу бишкектик-жүргүнчүлөрү үчүн С. Есениндин, А. Пушкиндин, Франческо Петрарки сонеталарын жана поэзиянын башка классиктеринин ыларын окуп беришмекчи.

 
Categories

Көл жээгинде керемет поэзия кечеси өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде 28-майда акындар Олжобай Шакир, Алтынбек Исмаилов жана Акбар Кубанычбековтун поэзия кечеси өттү. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун маалымат бөлүмү билдирди.

Кечеге “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борболору” долбоорунун алкагында өтүп жаткан республикалык конференциянын катышуучулары жана “Кыргыз деңиз” санаториясынын эс алуучулары катышышты.

Көл жээгинде керемет поэзия кечеси өттү

Акындар өз чыгармаларын окушуп, Акбар Кубанычбеков “Мурас” ырын комуз менен жандуу ырдап берип, элдин маанайын көтөрдү.

Кече эки саатка чейин уланып, көрүүчүлөр акындарды кетирбей жатышты. Республикалык конференциянын катышуучусу Өзгөн районунун Кочкор-Ата бала бакчасынын жетекчиси Жаркынай Бейшебаева конференциядан жакшы энергия, билим берүүнүн жаңы методдорун алгандыгын жана аларды жаш муунду тарбиялоого талыкпастан жумшаарын билгизип буларга токтолду: – Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде, табияттын койнунда, жаш акындардын поэзия кечесинде аябай толкунданып отурдук. Алардын ар бир ыры жан дүйнөбүздү жибитип, аткарып келе жаткан иштерибизге дагы дагы дем берди. Иш-чаралардан жакшы энергия алып, билим берүүнүн жаңы методдорун өздөштүрүп, жергебиздеги жаш муундарга татыктуу тарбия берүүгө даяр болуп кетип жатабыз.

Көл жээгиндеги кечеге КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева катышты. Кечени белгилүү акын Алтынбек Исмаилов алып барды.

Эл ичи өнөр кенчи дегендей, элдин арасында дагы таланты барлар чыгып, акындарды коштоп, ырларын көркөм окуп, жандуу ырларын да тартуулашты.

Ысык-Көлдүн Түп районунун “Каркыра” жайлоо өнүгүү борборунун уюштуруучусу Мелис Шооруков “Өмүр керемет” ырын аткарды, Кара-Кулжа районунун “Ажыке” жайлоо өнүгүү борборунун жетекчиси Жумагул Досматова “Жанымда жылмайып” ырын ырдап берди.

 
Categories

Олжобайдын поэзия кечесине келип, “олжолуу” кайткыла

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду элибизге таанымал акындардын жана жаңыдан эл сүймөнчүгүнө ээ болуп келаткан жаш таланттардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Мындай кеченин кезектегиси белгилүү акын, жазуучу, “РухЭш” сайтынын негидөөчүсү Олжобай Шакирдин чыгармачылыгына арналат.

О.Шакирдин “Дүк-дүк жүрөк” поэзия кечеси 2019-жылдын 22-май күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Башталышы саат 17.00

Олжобай Шакир “Үшкүрук” (1997), “Өзүм менен өзүм” (2006) поэтикалык жыйнактарынын, “Эски тегирмендин орду” (2014), “Куюн доор” (2016) прозалык чыгармаларынын жана мезгилдин көйгөйлүү маселелерин көтөргөн көптөгөн курч публицистикалык макалалардын автору. Ошондой эле ал акыркы жылдары коомчулукта популярдуу болуп бараткан интеллектуалдар альянсы – “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Аталган кече адабий-музыкалуу деп аталып, анын жүрүшүндө О.Шакир өзүнүн ырларын окуп берет, акындын ырларын артисттер да көркөм окушат, ошондой эле акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылат.

Кеченин көркөм режиссору белгилүү актер жана режиссор Назым Мендебаиров, алып баруучусу белгилүү акын Мирлан Самыйкожо.

 
Categories

Айымдарга ыр десте

Эртең, 8-март аялдардын эл аралык күнү. Бул күн аялдардын майрамы катары совет доору мезгилинен бери белгиленип, Кыргыз мамлекети эгемендигин алгандан кийин да бул күн республикалык майрам катары өткөрүлүп келет.

Алгач 8-мартты аялдардын эл аралык күнү деп жарыялоо сунушун 1910-жылы социалист аялдардын Копенгаген шаарында өткөн жыйынында Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Клара Цеткин көтөрүп чыккан.

Айымдардын майрамын куттуктап, акындардын ырларынан десте сундук.

“Куттуу болсун сегизинчи мартыңар”

Ар бир жылдын өз алдынча даңкы бар,

Ар бир айдын өз алдынча баркы бар.

Күлүп-жайнап гүлдөгүлө жалпыңар,

Куттуу болсун сегизинчи мартыңар.

 

Ким жалбарбайт аял деген атыңдан,

Ким айланбайт эне деген асылдан!

Сенин даңкың, сенин баркың ченемсиз

Сенден чыккан улуу Ленин акылман.

 

Силер бизге Күн да болуп, Ай болуп,

Силер бизге эне болуп, жар болуп,

Жүргөн үчүн жүзүңөрдү жаркытып,

Силер менен биз жүрөбүз бар болуп.

 

Силерге айтаар өтүнүчүм, талабым,

Ыксыз болсо кечиргиле а жагын…

Келжиреген кем акылын сейрек тууп,

Эстүүлөрүн көп туугула баланын.

 

Силер менен гүлдөп өстү заманым,

Силерге мен коер да бир талабым,

Жатып ичер жалкоолорун сейрек тууп

Эмгекчилин көп туугула баланын.

 

Оо аялдар, бирөөң жыттуу миң гүлдөн,

Сулуусуңар суктандырып сүйдүргөн.

Эриш-аркак кайда болсо ээрчишип

Эсен болсун эркегиңер бир жүргөн.

Байдылда Сарногоев

**************************************************

Аялзаты, амансыңбы жалпыңар?

Аманат бар өзүңөргө айтылаар.

Кубандырып келе жаткан алдыда,

Куттуу болсун сегизинчи мартыңар!

 

Жараткандын буйругу ушул жиберген,

Жаздын өзү башталыптыр силерден.

Жылуусуңар ошондуктан, анан да,

Жыттуусуңар жоогазындан, сиренден.

 

Жамалыңар жаз күнүндөй нур чалып,

Жарашыкты ким берди экен мынчалык?!

Аялзаты эгизби деп жаз менен,

Айырманы таппай турам кылчалык!

 

Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер,

Жазды силер, силер алып келдиңер!

Жаз мүнөзү – тиричилик башаты,

Жаздын өзү – бул, силердин белгиңер!!

Рыспай Исаков

****************************************

Бүгүн кечке жумушумда олтуруп,

Көп ойлондум, мен өзүмдөн уялдым.

Аз болсо да кубанаар деп, дүкөндөн,

Үйдө күткөн жубайыма гүл алдым..

 

Букет кармап, жолго чыктым акырын,

Аралык да, алыс, бир топ чакырым.

Бей тааныштай тыкылдатсам эшикти,

Жылмаюуда, тосуп алды ашыгым..

 

Бек кучактап, көпкө турдум жарымды,

Элестетип жыпар жыттуу жазымды.

Чексиз бакыт аралына түшкөндөй,

Күчөп турган сагынычым жазылды.

 

Гүлдү сундум, сыладым да чачтарын,

Апакеме окшоштуруп каштарын.

Эркелетип, унутуп да коюпмун,

Жумушта эле курсагымдын ачканын.

 

Максатымда жоктур менин так куруу,

Тилек ошол, чырпык эгип бак кылуу.

Карабастан көчөдөгү сулууну,

Жубайымды кылсам болду бактылуу

Искендер Тажибаев

***********************************

“Күлчү, Апаке!”

 

Ыр деп апа, кармап жүрөм каламды,

Ырасында билбейм пайда табамбы…

Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи,

Доктур болбой, «акын» болгон балаңды…

 

Туу болдуң ээ, балаң үчүн миңден миң,

Турмушумда баарын сизден үйрөндүм.

Бирок сиздей асыл адам боло албай,

Булганганын карачы, апа, дүйнөмдүн…

 

Мен кыйналсам, көздөн сыгып ачуу жаш,

Мага сиздей бирөө күйүп, жашыбас.

Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын,

Менин кылар миң мээнетим татыбас.

 

Бир үшкүрбөй, азабыма чыдап миң,

Башка сиздей данакерлик кылат ким?!

Сиз бар үчүн Жер огунда айланып,

Сиз бар үчүн Ааламыма чыгат Күн.

 

Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп,

Жашысаңыз, жаным кейип, от болуп,

Ааламдын бир кызыгы эмес, апаке,

Аалам өзү кетет мага жок болуп!

 

Күлчү, апаке, ошол бакыт, керемет!

Күлкүңүздөн жазга айланат төгөрөк!

Азабыңдын актабасам бир күнүн,

Алдыңызга баш урайын чөгөлөп!

Мээримиңдин актабасам ирмемин,

Мен алдыңда өтөйүнчү чөгөлөп

Максат Жангазиев

 
Categories

Келип ыр шиңгилден “ооз” тийип кетиңиздер

Бектуруш Салгаманинин ЫР МАЙРАМЫ 1-мартта (жума) саат 11.00дө Кыргыз Улуттук Университетинин филология факультетинин чоң залында болот. Ыр окулуп, музыка жаңырат. Ыр сүйгөндөргө эшик ачык. Кирүү бекер.

“Сууга жазылган ыр”

Басмадан жаңы чыккан ар бир китепти колуңа алаарда автор кыргыз поэзиясына кандай жаңылыктарды алып келди болду экен деген ойго кептелесиң. Албетте, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, поэзияда өзүнүн эч кимге окшошпогон ажайып мейкиндиги бар Бектуруш Салгамани окурмандардын кеңири чөйрөсүнө таанымал акын экенин айта кетүүбүз абзел. Көп окуп, көптөгөн жерлерди кыдырган, ак менен каранын, чындык менен жалгандын күрөштөрүнө күбө болгон тагдырына байланыштуу ырларынын тематикасы дагы өтө кеңири. Ал башка акындар көрө албаган нерсени көрөт, туят. Ар бир сабында алтын ой катылган. Жөн эле уйкаштырып, шатыратып кете бербейт. Жакында Бектуруштун “Сууга жазылган ыр” аттуу лирикалык ырлар жыйнагы жарык көрдү. Башынан аягына чейин бир дем менен окуп чыктым.

Жыйнак “Таңкы ыр” аттуу ыр менен башталыптыр.
Дилинде жашаш үчүн башкалардын,
Таптаза болуум керек ушул таңдай, – дейт автор.
Ылайым ошондой болсун. Ал эми Ала-Тоо деген ырында:

Чет жерде чокусунда жылдыз жанган,
Чалкайган тоону көрсөм кар, муз баскан,
– Качандыр бир ушул тоо бул тарапка
Келгенби деймин биздин Кыргызстандан!

Автор кай жакта болбосун ак кар баскан тоолорду көрсө, боз үй, жайлоолор эсине келет. Гүл, арчанын жыты буркурап, күпүлдөгөн дайра, жем издеп учкан бүркүттөр, дүбүртү жер жаңырткан жылкылар элестеп, алардын баарын дүйнө эли таңданып карап тургансыйт. Ал Арарат, Карпат, Урал, Чун, Гималай, Алп, Саян, Памир, Элбурс тоолорун Ала-Тоонун баласы деп эсептейт. Кыргызстандын тоолору тоо бүткөндүн чоң атасы, бабасы экендигин даңазалайт. Тоолордун бийиктигин, сулуулугун, көркөмдүгүн жазган акындар толтура, бирок ааламдагы тоолордун бабасысың деп эч ким айта элек. Акындын ырлары чындыгында эле поэтикалык образдарга бай. Маселен “Тосордо” аттуу ырын алып көрөлү.

Кашка дөбөт – чынжырын үзгөн толкун,
Кара жарды тиштөөдө шыйрагыман.
Байлоодо көп тургандан жедеп бүтүп,
Бошогондой кокустан жибин үзүп,
Жерден башын көтөрбөй бука толкун
Жолуккандын келатат баарын сүзүп…

Толкун бирде жайыла албай жаткан килемди элестетсе, бирде чынжырын үзгөн кашка дөбөт өңдөнүп, бирде башын көтөрбөй катарынан алдындагылардын баарын сүзүп келаткан буканы элестетет. Автордун дүйнөнүн кабыл алуусу башкалардан кескин айырмаланып турганы ушул саптардан байкалат. Эми “Күүгүмдө айылыма келетамын” аттуу ырына көңүл бөлөлү:

Жүзүм турат: – Үз мени! – деп салбырап,
Кызыктырат: – Мин мени! деп аргымак
Бут алдымда жандап чуркайт мени ээрчип,
Бриллиант сымал суулар жаркырап.
Жолдор тосуп чыгып улам тушумдан,
– Жүр биз жакка! – деп тарткылайтбутумдан.

Тамдарынын ээси түгүл күлүңдөп
Терезелер – кел киргин! – дейт бириндеп.
Жүрөк, тулкум талпынууда учканы –
Чегирткеңдин канатындай дирилдеп.

Эргип шуулдап, бактар тосуп жайдары,
Эрий жаздап маске майдай Ай дагы.
Бет алдынан чыксам сүйүнүшкөндөн
Бажыраят автолордун фарлары…

Карачы, кандай сонун саптар. Айылына барганда автордун көзүнө урунган нерселердин баарына жан кирип, жүр эле жүр деп туш тарапка чакырышууда. Жолдор буттарынан сүйрөп талашса, терезелер мага киргин деп кыйкырышып, суулар кошо чуркап агып, Ай, ат сугарып сайдан чыккан баладай карап дүрбөлөңгө түшүүдө. Же “Кийиктер” аттуу ырын алалы:

Чокуга баратышат кыя жолдо,
Чар тарап – кар токтобос жалама аска.
Аярлап көз ташташат улам ойго,
Өйдөнү эч кимиси карабайт да.

… Кийиктер жамандыкты эртели-кеч
Өйдө эмес, пастан күтөт сезишип тек, –
Анткени төмөн жакта калгандар эч
Бийиктеп кеткендерди кечиришпейт.

Акын жөн эле жаза бербейт. Ушул эки куплет ырда биз байкабаган мейкиндикти ачып жатат. Кийиктер аскалардын чокуларында жүргөнүн жакшы билебиз. Бирок анын жалаң ылдый жакты карап, жогору жакка анча көңүл бөлбөй тургандыгын билбейт экенбиз. Алар жамандыкты дайыма пастан, ылдыйтан күтөт – дейт автор. Кийиктер – бийиктиктердин перзенттери, ошондуктан жамандыкты жалаң төмөндөн күтүшөт. Бул сегиз сапта кийиктер аркылуу бийиктик жана пастык жөнүндө сөз болот. Эң башкысы ой катылган.

Кайсы киши күбүдү экен азанда,
Кеткенби же түшүп жорткон шамалда,
Батар күнгө чагылып суу бетинде
Барат агып кызыл бөйрөк, сары алма.

Кандай сонун тартылган сүрөт. Көз ирмемди кармап калуу деген ушул. “Таяк” деген ырында:

– Жыл бою не келбедим деп кадалып,
Карайм көздөн жаш, жүрөктөн кан агып.
Былтыр эле өзү басчу шартылдап,
Калган экен апам таяк таянып.

Көзү нурсуз – карай берчү жолума,
Бел ийилип, чөгө түшкөн бою да.
Басса-турса таяк – өбөк, жөлөгү,
Минтерлиги келбептир эч оюма.

Үтүргө окшоп бүкүрөйүп калган апасын ичтен аяп, Муса алейхис – саламдын таягын эстейт. Жарым кулач келген ушул таякчадай өбөк, жөлөк боло албадымбы деп ичинен кейийт, өзүн-өзү сөгүп, ичинен жемелейт. Бектуруштун ар бир ырында терең ой камтылган. Шадыраңдатып эле уйкаштарды кубалап кете бербейт. Бул жагынан автор көптөгөн акындарга үлгү болот деп эсептеймин.

Турасың кай жалбыракка жашынып?
Таңдайыңдан бир өбүшкө кумармын.
Тунук таңды ырың менен чакырып,
Тоо башына күндү сүйрөп чыгардың.

Түшүнбөймүн, ырыңды укпай магдырап
Таңды даңктап сен безенип жатканда,
Ким жаман сөз сүйлөйт экен дити даап?
Ким сөгүнөт ушундай кооз ак таңда?

Булбул жөнүндө жазбаган акындар аз эле болуш керек. Бирок ошончо акын жазган ырлардын ичинен жаңы ойду сууруп чыгуу ар кимдин эле тагдырына жазыла бербейт. “Ким сөгүнөт ушундай кооз ак таңда?” деген бир саптын өзү эле кандай керемет. Булбул тазалыктын, тунуктуктун, күндүн, таңдын кожоюну. Ал жалаң эле жаратылышты эмес, жаратканды да даңктоодо – дейт автор.

Чиркейлер табат – кайда жашынбагын,
Чиркей – жол, талаа, токой, тамың дагын.
Дамаамат коргонбосоң, козголбосоң
Денеңде калбачудай кашык каның.

Азуусу – тикен, шишийт кирген жери,
Алышуу – өмүрдүн ар ирмемдери.
Тайгада коркпойсуң сен жолборстордон,
Тайганын жолборстору – чиркейлери.

Ооба, тайганын коюнунда чиркейлер менен алышасың, аны тайганы аралаган адамдар жакшы билсе керек. Мен дагы түнт токойдун ичиндеги чиркейлер менен таанышып келген жайым бар. Аны же муштай албайсың, балта менен чаба албайсың, “гекатомба” болуп туруп бересиң деп жазган элем бир кезде.

От издеймин дидар, көздөрдөн,
От издеймин ыр, күү, сөздөрдөн.
Оту сөнөр бир күн жүрөктүн,
Очок оту турсун өчпөстөн.
Рухунан Манас бабамын
Рахаттуу от, күч табамын.
Учкундарын улам тутантып,
Урпактарыма алып барамын.

От издеймин, от – бул жашчылык!
От издеймин, от – бул барчылык.
Өлгөнүмдө дагы кетсем дейм
Өчпөс отту сыртка калтырып.

Бул автордун “От издейм” аттуу ырынан үзүндү. Акындын ырларында чыныгы от бар. Жасалмалуулук жок. Ал ар бир ырга, ар бир сапка маани берип, ийине жеткире иштегенге аракет жасайт. Ал аракеттер текке кетпегенин акындын чыгармаларын окуганда даана байкайсың.
“Кошунам машина алганда” аттуу ырында да кызыктай ойлор айтылган.

Куттуктап коймок болуп өзүм бүгүн,
Колуна карматтым да көрүндүгүн.
– Өтө эле жакшына экен! – деп жайдаңдап,
Өстүрүп чыктым кыйла көңүл гүлүн.

Аяштын чайын мактайм – чыккан чала.
– Аруусуң деймин куник кыздарга да.
– Дагы эле сымбаттуусуз! – деп жалпаңдайм
Дардайган жеңелерди сыйлап гана.

Ушинтип ар кимдердин көңүлү деп,
Убайга сала берем өзүмдү көп.
– Кыйынсың! – дешип менин колтугума
ким ылай, жугундусун төгүп жүрөт?..

Акын адамдардын көңүлүн көкөлөткөн сөздөрдү сүйлөгөнү жөнүндө айтып жатат. Чындыкты айта албай бирөөлөрдүн көңүлү деп, өзүн убайга салганына кейийт.
Акырында мага дагы калп айтышып, кимдер ылай, жугундусун төгүп жүрөт болду экен деген ойго кабылат. “Чукотка ыйы” аттуу ырынын мазмуну мындай. Авторду Буран деген чукча досу мейманга чакырып, ал шарап ичип кызып калган соң орусча ырдап кирет. Өз тилиңде ырдабайсыңбы – дейт акын. Ошондо чукча досу:
– Билбейм! – деди. Ыйлады, ырын токтотуп иче берди, иче-е бердик, иче бер…
Өлгөн тилдин мүрзөлөрүнө окшошуп турду мага бошоп калган шишелер. Ооба, Сибирь аймагындагы өздөрү бар, тилдери жоголгон жүздөгөн улуттарды эстеп каңырыгың түтөйт. Бектуруш Салгаманибул ырда ааламдык көйгөйгө айланып бараткан маселени көтөрүп чыкканын айтып кетпесек болбос…

Карбалас Бакиров

 
Categories

Жаш акындардын китептери жарык көрдү

Эл аралык эне тил күнүнө карата Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан жарык көргөн жаш калемгерлердин чыгармаларынын топтомунун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Саамалык–14” адабий топтомуна жалпысынан 87 жаш калемгердин алгачкы чыгармалары кирген.

Ал эми “Жети жаш автор” долбоорунун алкагында Нускат Манкушева, Кымкарбек кызы Гүлайым, Алымкул Маликеев, Айжамал Качкынбаева, Чынара Абдраева, Бекмамат Аргымбаев, Кадырбек Аблабеков жана Кайырбек кызы Нагима аттуу жаш акындардын китептери жарык көрдү.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Кыргызпатент тарабынан 2000-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын максаты жаш авторлордун чыгармачылыгын колдоп, тунгуч чыгармаларынын жарык көрүүсүнө өбөлгө түзүү.

 
Categories

Нурлан Калыбеков: “Уурдалды алтындай жаштыгым, Отуздун боюнда карыдым”

Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков.

“Апам жана мен”

Мен бала элем,апам анда жаш эле,

Бирок,бизге тагдыр боору таш эле.

Кайда барса ийик түшпөй колунан,

Ат баштыктай мен да,түшпөй жонунан.

 

Кумурскадай чарчабаган,тынбаган,

Үй оокатын жалгыз өзү тыңдаган.

Кайраты зор тоону ордунан жылдыраар,

Оо,ал тургай мезгил белин сындыраар.

 

Көөдөн көзү көрө билген,дили курч,

Макалдатып сүйлөй билген,тили курч.

Сөзгө дагы,бөзгө дагы маш эле,

Апам анда гүлкайырдай жаш эле.

 

Жашыл дүйнө жаштыгында чарк уруп,

Чөптөр бийлеп,таштар дагы каткырып.

Тураар эле,бирок биздин дубалдан,

Көздөн,сөздөн,балким кара дубадан.

 

Онтогон үн чыгаар эле жаңырып,

Асман,жердин мейкиндиги тарылып.

Күн тийбеген тескейдеги үйгө окшоп,

Үй кабагын турчу мундуу күү коштоп.

 

Атам сулап жатаар эле төшөктө,

Тамак бууган муң бар эле өзөктө.

Кандай күнгө кабылгам мен,катыгүн,

Оору менен алпурушуп аттигиң.

 

Сыртта эркек,үйдө аял болдум не?

Бешенеме кара жылдыз кондуң не?

Оору эмес,ооруп көпкө жаткандар,

Нагыз ооруу,ооруу жанды баккандар.

 

Ыйлап алчу,кээде ушинтип бышактап,

Кош тизесин колу менен кучактап.

Деген менен кайраты мол жан апам,

Тагдырына бий,болуштай,хан апам.

 

Жерди кармап турган өңдүү огунан,

Касиети обочо эле тобунан.

Бирок,аттиң, мезгил ийрип ийигин,

Алды акыры өз колуна бийлигин.

 

Бербейт кайра,жалынсаң да бербестир,

Кайран жаштык асылсаң да келбестир.

Карылыктын жүгүн артып жонуна,

Таяк берип,мээнет кетпес колуна.

 

Боюн аштап,ийип койду эңкейтип,

Сынын алып,тишин күбүп кемшейтип.

Апам тургай, менден учуп каакымы,

Каш какканча өттү жаштык закымы.

 

Ошол күндөн,ушул күнгө агылып,

Онтогон үн, кейиген ыр жаңырып.

Аба жетпей араң-араң дем алып,

Өмүрүмдүн күлгүн кезин жеп алып.

 

Күн тийбеген жарыгы жок жол басып,

Онтоп,кейип келе жатам шор басып.

Мезгил өзүң,оңдо менин катамды,

Атамдан соң,мен карыттым апамды…

 

Мен бала элем,апам анда жаш эле,

Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

 ***************************      

      “Ый”

Кайдасың бадырагым,

Кой көзүм, бакыраңым.

Көөдөндө бугуп жаткан,

Кусадан бакырамын.

 

Жүзүңдүн калы кандай?

Чачыңдын талы кандай?

Союлуп кетким келет,

Макулук жаныбардай.

 

Жамгырбы күздүн ээси?

Ак карбы муздун ээси?

Шор тамат карегимден,

Менминби туздун ээси?

 

Кайдасың жан берээрим,

Көөдөнгө шаң берээрим.

Баардыгын билген Кудай,

Билбеди бак берээрин.

 

Өмүрдүн көбү бүтүп,

Өзүңдү турам күтүп…

Кетпеди жер жарылып,

Кетпедим көргө түшүп.

 

Келатам өлүк жолдо,

Мен эми өлүк жорго.

Ач арбак сыяктанам,

Жараткан өзүң колдо.

 

Не жетсин көрүшкөнгө,

Муң-зарды төгүшкөнгө.

Илип кой жоолугуңду,

Мен жаткан көрүстөнгө.

**************************

“Чөккөндө”

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,

Көрбөдүм бакыттын жарыгын.

Уурдалды алтындай жаштыгым,

Отуздун боюнда карыдым.

 

Бу тагдыр ушундай катаалбы?

Төрөлдүм, бербедиң батаңды…

Кудайды кармасам таяктап,

Оңдогун демекмин катаңды.

 

Тамыры зак жеген тагдырдын,

Көчөтүн суу куюп жандыргын,

Шактарын жая албай, келет, өх,

Бүркүттөй өзүмдү жарга ургум.

 

Көңүлдүн түбүндө жара бар,

Өмүрүм чала жан, жарадар.

Бабалар журтуна көчкүм бар,

Мен кетсем канар, ээ, табаңар?..

 

Жашоонун маңызын түшүндүм,

Үзүгү экенмин түтүндүн.

Мээримге зар болуп жашадым,

Келүүдө өмүрдү бүтүргүм.

 

Максатым бар эле бараандай,

Жашагым келчү эле адамдай.

Закымдар соңунда сандалып,

Өзүмдү калдымбы таба албай.

 

Каргыш бар же өзүм жаманмын,

Калдымбы астында тамандын.

Санаалар курт сымал жанды оюп,

Саргайдым өңүндөй самандын.

 

Жашагым келчү эмес изи жок,

Изим жок, издечү кишим жок.

О дүйнө, бу дүйнө өмүр сүр,

Кудайга баары бир, иши жок.

 

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,

Көрбөдүм бакыттын жарыгын.

Уурдалды алтындай жаштыгым,

Отуздун боюнда карыдым.

***************************

             “Ыйманым ыр”

Ыйманым – ыр, жайнамазым – ак барак,

Беттегеним – чексиз, түпсүз Көк тарап.

Алоолонгон өчпөс отмун кыпкызыл,

Койгон мени Кыдыр даарып, Бак карап.

Ажал – досум, Түбөлүгүм – Көк Теңир,

Жашайм жерде, ордум да бар Көктө бир.

Түгөнбөгөн жашоо кени – жүрөгүм,

Түбүлүкмүн, соолбос, күйбөс, чөкпөгүр.

Жолум ачык, тєрт тарабым кыбыла,

Алгам чыгып өлбөстүктүн кырына.

Кудуреттин көчүрмөсү өңдөнөм,

Ааламдарды жууп, чайган нуруна.

Көз алдымда өткөн доор, замандар,

Топон суулар, кыйраган шаар, адамдар…

Байыркымын, тээ байыркы, байыркы,

Ошондуктан жалгызмын мен, жарандар.

Жалгызмын мен, көктєө жалгыз бир Теңир,

(Көбөйтүп көр, канча болот бирге бир?)

Ал Сыр менен, Мен Ыр менен дүйнөнү

Кармайбыз Биз, келтирип Ак дилге бир.

 

О мен, анын бар экенин далилдеп,

Жер жүзүнө чачам сырлуу дадил* кеп.

Мен Ааламдык Аманатмын жердеги,

Кыяматка чейин айткан адил кеп.

Акыр заман добулбасы кагылып,

Дүйнө ааламдар капшырылып, тарылып.

Жер огунан чыгып, каптап жалын, єрт

Турганда да, тураар ырым жаңырып.

Андан кийин жашоо кайра башталаар,

Жаңыланган жашыл дүйнө баш багаар.

Ошондо да, Жараткандын деминен

Кайра жанган жаным “Ыр” деп какшанаар.

Ыйманым – ыр, жайнамазым – ак барак,

Беттегеним – чексиз, түпсүз Көк тарап.

Алоолонгон өчпөс отмун кыпкызыл,

Койгон мени Кыдыр даарып, Бак карап.

 

 
Categories

Бишкек шаарында “Поэзия поезди” деп аталган кече өтөт

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 15-февралында “Поэзия поезди” деп аталган ыр кече өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Маалым болгондой, анда Мырзайым Айтимбетованын, Максат Жангазиевдин жана Умар Нусубалиевдин ырлары жаңырат. Ыр майрам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтмөкчү.

Бишкек шаарында "Поэзия поезди" деп аталган кече өтөт

 

 

 

 
Categories

Акын Мирлан Самыйкожонун поэзия кечеси өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-январында саат 17:00дө Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында Акын Мирлан Самыйкожонун “Ызгаардагы ыр” аталышындагы  чыгармачылык кечеси өтөт. Бул туурасында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусунан маалымдады.

Калемгер 2006-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал эми, 2008-жылы  “Жүрөккө түшкөн чагылган” ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Акын Мирлан Самыйкожонун поэзия кечеси өтөт

https://newtv.kg/akyn-mirlan-samyjkozho-baj-terektej-zy-gyrabaj-emnege-balyr-symal-bylzhyradyk-mynchalyk/