Categories

Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Банктагы эсептер

 

1. “Кыргызкоммерцбанк”

2. “Кыргызстан” коммерциялык банкы

3. “Оптима Банк”

4. “Кыргыз-швейцария банкы”

5. “Капитал Банк”

6. Россия-Кыргызстан “Аманбанк”

7. “Толубай” акционердик коммерциялык банкы

8. “РСК Банк”

9. “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”

10. “БТА Банк”

11. “Дос-Кредобанк”

12. “ЭкоИсламикБанк”

13. “Евразия сактык банкы”

14. “Азия Банкы”

15. “Бакай Банк”

16. “Халык Банк Кыргызстан”

17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

18. “Кыргыз инвестициялык-кредит банкы”

19. “ФинансКредитБанк”

20. “Айыл Банк”

21. “Росинбанк”

22. “Бай-Түшүм” банкы

23. “ФИНКА Банк”

24. “Чанг Ан Банк”

25. “Банк Компаньон”

Банктагы ячейкалар кимдерге таандык болгон? Юридикалык жана жеке тараптар

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович

2. Атамбаева Раиса Минахмедовна

3. “Кыргызавтомаш” ААКы

4. “Апрель-ТВ” ЖЧКсы

5. “Апрель” коомдук фонду

6. “Редакция телерадиокомпании “Канал D” (“Канал Ди”) ЖЧКсы

7. “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеши” (“Республиканский общественный экспертный совет по вопросам устойчивого человеческого развития”) коомдук бирикмеси

8. “Ден соолук жана узак жашоо” медициналык-билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси

9. “Телерадиоуюмдарынын ассоциация” юридикалык жактардын бирикмеси

10. “Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси

Камакка алынган мал-мүлкү. Алмазбек Атамбаевге тиешелүүлөрү:

  • Toyota Land Cruiser, 2000-жылы чыккан;
  • Mitsubishi Pajero, 1997-жылы чыккан;
  • Toyota Land Cruiser, 1998-жылы чыккан;
  • MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, 1993-жылы чыккан;
  • BMW X5, 2001-жылы чыккан;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, б/н көчөсү;
  • жер тилкеси, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы, квартал “Курорт-рекреациялык аймагы”;
  • жайыт, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • Ден соолукту чыңдоо борбору, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • турак үй, Аламүдүн району, Арашан айылы, Полевой көчөсү;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы, Татыр аймагы.

Раиса Атамбаевага таандык мүлк:

  • Toyota Land Cruiser, 2004-жылы чыккан;
  • Mercedes-Benz 600, 1994-жылы чыккан;
  • ГАЗ 3110, 1999-жылы чыккан;
  • батир, Бишкек шаары, Москва көчөсү;
  • турак үй, Бишкек шаары, Новооктябрь көчөсү.

“Кыргызавтомаш” ААКына таандык мүлк:

  • Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө киши жашабаган 38 имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндө алты жер тилкеси;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү темир жолу;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;
  • Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү киши жашабаган имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;
  • Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үч батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү тогуз кампа;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп бөлмөлүү үй;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы 17 батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;
  • Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

“Медиа Форум” ААКына таандык мүлктөр:

  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү адам жашабаган имарат;
  • “Форум илимий-өндүрүш фирма” ЖЧКсына таандык мүлктөр;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы жер тилке;

“Апрель-ТВ” ЖЧКсына таандык мүлктөр:

  • Радио, студия ТВ, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • Теле борбор, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • “Апрель” коомдук фонду;
  • “Канал D” (Канал Ди) телерадиокомпания редакциясы” ЖЧКсы;
  • “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш” коомдук бирикмеси;

“Ден соолук жана узак жашоо” медициналык билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси;

“Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси;

“Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси.

 

 
Categories

А. Шыкмаматов: Жогорку соттун чечимине коомчулук баа берет

Бүгүн Жогорку сотто абактагы саясатчы Текебаевдин жана Чотоновдун иши каралды. Жыйынтыгында мурдагы чечим өзгөртүүсүз калтырылды.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов: “Буга коомдун берген баасы болот. Бүгүнкү күнү Жогорку сот жогор жактын көз карашы менен чечим чыгарды. Текебаевдин абактан чыгышына бир топ саясий топтордун көз карашы үстөмдүүлүк кылууда. Жогорку сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Жактоочулардын талабын канаттандырган жок”,-деди.

Алгач жактоочулар айыпталуучулардын иши жаңы мыйзамдарга ылайык каралышы керек экендигин билдиришкен болчу. Алар буга чейинки соттук чечимдердин баарын жокко чыгарууну жана ишти кайрадан башынан баштоо керектигин суранышкан. Бирок, мамлекеттик айыптоочулар тескерисинче өкүм катаал болуп кетишин да эскертишкен.

 
Categories

Атамбаевдин коопсуздугу Ажонукунан да катуу корголобу

 

Москвага кетип, келет-келбейт, качты-качпайт деп элдин бүйрүн кызыткан экс-ажо Атамбаев кечээ 28- октябрда Кыргызстанга кайтып келгени кабарланды. Эми ал кишинин кайтып келгени жөнүндө,  “Манас” аба майданынан үйүнө чейин –  жолду автоунаалардан тазалап, жолдордун кесилиштерин, ал эмес каршы тараптагы жол кыймылын да токтотуп ажо кезиндегидей эле коопсуздук чаралары жүргүзүлгөндүгүн өздүк ишенимдүү булактар кабарлашты.  Ошол эле маалымат булактары мындай коопсуздук чараларынан  иштеп жаткан ажо да баш тартып койгондугун, ал эми Атамбаев үчүн коопсуздук чараларын эң жогорку деңгээлде  кимдер аткарып, кимдер буйрук берген ачыкталбай тургандыгы айтышканы табышмактуу…

 
Categories

Той, тойдон жаралган ойлор

Бул пост интернеттен алынды. 
Тексттин автору мага белгисиз, бирок эр-жигиттерге карата жазылган насааты зарыл экен :
Тойго бардык. Өзүм деле тойду көп жактыра бербеген кишимин, кыйылып жатып араң баргам. Үлпөт той болчу. Баары жаштарга каалоо айтып башташты. Жок, көбүнчө келинге. “Сен жакшы болсоң эле, кайненең, кайнатаң үн катпайт, ушу үйдүн эми ишенгени сенсиң. Жакшы аял жаман эркекти хан кылат, болбосо жок кылат. Кайненеңе ысык-ысык чай бер”…
Айтор, той башталгандан баштап келинге насаат. Жанында жолдошу деле отурат. Ага кайрылып койгон киши жок.Куду эркек тиги аялзатына үйлөнгөнү үчүн рахмат айтсын дегендей. Таң калдым. 19 жаштагы үлбүрөгөн бирөөнүн кызына ийинине туура келбеген жүктү үйүп жатышат. Эмнеге эркекке эмес? Деги эле эмнеге аял эле жакшы болсо баары зымга тизгендей сонун болот деп ойлошот?

Адатта тост сүйлөгөндү да жактырбайм, бирок бул жолу сүйлөгүм келди. “Эмил, бул кызды алып жатасың. Эл алдында да, Кудай алдында да сага тапшырылган аманат. Мындан ары мунун ичкенине, кийингенине, балдарына, жашоосуна сен жооптуусуң. Сен жана бир гана сен! Ошого даярсыңбы? Нике бир тарап гана аракет кылса баары жакшы болуп кете турган нерсе эмес. Кышты улам-улам койгон сыяктуу эки тараптан тең аракет болгондо гана ал бекем болот. Сен бул кызды бактылуу кылышың керек!” дедим. Көбүнө жакпады.Айтайын деген оюм эки ооз сөз менен бүтүп калбасын билем. Бирок мейли…
Мен аялдар тең укуктуу болсун деп жар чакыргандан алысмын, аны далилдөө үчүн жиндилик кылышты деле каалабайм. Болгону аялдын көтөрө турган гана чакан жүгү бар экенин айткым келет. Биздин эркектер жоопкерчиликти көбүрөөк алса. Жаңы үйлөнүп жаткан учурунан тартып ошол нерсе айтылса дейм.
Тагдырдын кайсы бир бурулуштарында силер кезиктиңер. Демек, анын баары бекер эмес. Камчынын сабындай кыска өмүрдө бир аялды бактылуу кылдым деп өзүңө Кудай алдында отчёт берсең, анда чыныгы мырза экениң анык. Бир аялды бактылуу кыла алган болсоң, демек, сен чыныгы эркексиң.

 
Categories

Мигранттарды тоюңар тойгузду!

Орусияда иштеген кыргызстандык Чыңгыз Ысманов той-топурлардын мигранттарга, айрыкча жаш үй-бүлөлөргө тийгизип жаткан ар тараптуу оор кесепети тууралуу “Фейсбукта” пикирин билдирди.

Чыңгыз азыркы турмуштун чоң көйгөйүн бир үй-бүлөнүн мисалында айкын сүрөттөп бере алган. Төмөндө мекендешибиздин постун өзгөртүүсүз беребиз:

Той! Тоябрдын пайда-зыяны

Квартирада бир жаш үй-бүлө менен кошо турабыз.Кече кечинде үйдө тополоң болуп жатыптыр, түнү саат бирлер чамасында үйгө кирсем.

Чынында жиндендим кыйды пычак уруш талашты көрүп, биринчиден, менин кичинекей бир жашар баламын уйкусун бузганы үчүн, экинчиден, коңшу комнатта жашаган дагы эки балага уйку бербегени үчүн, үчүнчүдөн, катуурак жөтөлсөң да, коңшуң милиция кызматкерин чакырып коюшу мүмкүн….эгерде милиция келип текшерсе, эч кимиси жашаган дарекке регистрация кылган эмес…… эки жаштын күнөөсү үчүн башка адамдар жабыркап калышы толук мүмкүн.

-Айбек, Гульмира урушуңар эмнеден чыкты, өзү үйлөнүп келгениңерге алты айдын жүзү болсо?

-Ээй Чынгыз ака, эмнеден чыгат дейсиз……баягы эле акчадан да….

— Ээй үка, азыр сүйүүгө тойбой турган маалыңар, кой антпе….

-Чыңгыз ака, быйыл ошол үйлөнүү тойдо, акча жетпей үч жүз миң сом кредит алдык эле, тойду кичинерек ресторанда жасайлы десек, Гульмиралар тараптан меймандар көбүрөөк деп көнбөдү, анан айласыз кредит алышка туура келди….кече 20 миң рубль кредит төлөдүк, 10 миң рубль квартплата төлөдүк, жеп ичкенибиз, жол кире ж.б болуп акчабыз калбай калды…

Ошонун артынан уруш талаш келип чыгып атат, Гульмиранын тагасы той кылып жатат экен, ага беш миңден бир туугандары топтоп жатат, өзүм жактан авам уулун үйлөп жатат, биздин тойдо бир тай кошкон, анын акчасын салышым керек…..бирине тартсам бирине жетпейт, кыскасы тапкан акчабыз той-кредит, той-кредит, андан бир тыйын ашпай, а кээде өзүңүз көрүп тургандай, квартплатаны да өз убагында төлөй албай жатабыз, той тойгозду, аке…

Тойлор жаштарды тоноп, а кээде ажырашууга алып барып жатканын кээ бир ата-энелер сезди бекен? Окуп жаткан окурманым, сиз балдарыңыздын бактысын ойлойсузбу же тойдубу? Тоюңар тойгузду миңдеген мигранттарды…
Тойдон ким пайда таап жатат?
1.Рестораны барлар
2. ЗАГСка чыккан машиналар
3. Айген пакет саткан Кытай
4. Тамадалар
5. Фонограмма менен ырдаган артист
6. Кредит берген банк.

 
Categories

Орусиянын агенти, саткын Фарид Ниязов качан камалат?

Бүгүн Бишкектин көчөлөрүнүн биринен бул кишини көрүп калдым. Бул киши камалбай ээн эркин көчөдө басып жүрөт, бул кишинин доорунда УКМК, ЖК, Каржы, Экономика бийликтерин кремль А. Василевски, К. Рахимов, Панкратов сыяктуу кишилерин койуп биздин бийликти ээлеген. Бул кишинин доорунда кремль Бажы Биримдигине мажбурлап киргизүүгө, Жер Үйгө ээ болууга, орусиялык ТВ жана башка медия тармагын сактап тамырлатып калууга, согуш аскер базаларын кеңейтүүгө жана министерстволорубузга консерва унааларын түртүп калууга жетишкен. Ууру аферист орусиялык фальш “Вега” корпорациясы Таза Коом долбоору менен видеобайкоочу техникаларын орнотууга 1 млрд 200 000 сом өкмөттүк акчага ээ болгондон жаңы бийлик сактап калды жана газ менен жүргөн бүгүнкү күндүн талабына жооп бербеген орусиялык автобустарды түрткөнгө кремль жетишбей калды.
Бул киши орусиянын агенти, саткын Фарид Ниязов. Фарид качан камалат?

Мирлан Атакозу-тегинин Facebook баракчасынан алынды

 
Categories

Жарандык активист Д. Орунбеков: “Мамбийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн жоюп салуу сунушун колдобоймун”

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, Өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлдөрүн, район акимдерин жоюп салуу боюнча демилгени колдобойм. Бул система убагында муктаждыктан келип түзүлгөн башкаруу системасы.

Мисалы, облус жана район жетекчилерин жоюп салды дейли. Премьер-министр түзмө-түз 468 айыл өкмөт башчылары менен иштешет. Зарыл учурда алар кантип борбордук бийлик менен жолугат? Өкмөт башчы 7 облус жетекчисин кабыл алганда жетише албай жүрөт, анан кантип 468 айыл өкмөт башчысын кабыл алат?! Премьер-министр иштейби же жыл бою айыл өкмөттөрү менен жолугуп отура береби?..

Депутаттар популист болуп бүтүштү, пиар үчүн сүйлөп коюшат. Көп учурда көтөргөн маселелеринин төркүнүн түшүндүрүп бере алышпайт. Андан көрө жергиликтүү бийликтин укуктарын чоңойтуп, саясий эрк бериш керек. Аймактар көз карандысыз өнүгүшү шарт. Борбордук бийликти оозун ачып карап отура бербеши керек.

Демилгечилер жоюп салуу, жок кылып салуудан бөлөк укмуштуудай реформа сунуштасын. Акыл-күч дарамети жетсе. Жоюп салуу менен өлкө өнүгүп кетүүсүнө гарантия жок да?

Дайырбек Орунбековдун Facebook баракчасынан алынды