Categories

БЕЛГИСИ БАР БЕТ КАПТАРДЫН ЭЧ БИР ПАРТИЯГА ТИЕШЕСИ ЖОК

Жашыл жана белгилери бар бет каптар тууралуу айтылган маалыматтар текшерилип бүттү. Бул тууралуу брифингде ИИМдин тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов кабарлады.

Анын айтымында, бет каптар добуш сатып алууга жана эч бир партияга тийиштиги жок экени аныкталды.

Бүгүн «Фейсбукка» интернет колдонуучулар атайын белги коюлган бет каптар таратылып жатканы тууралуу жазышып, сүрөттөрдү жарыялашкан.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, бир топ шайлоочуга атайын кагаз тешкич менен тешилген бет каптар таратылган. «Фейсбук» колдонуучулардын айтымында, айрым партиялар добуш сатып алуу үчүн ушундай ыкманы колдонууга аракет кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев белги коюлган бет каптар тууралуу маалымат Ош шаардык комиссиясына, ошол жердеги укук коргоо органдарына берилгенин, текшерүү жүрүп жатканын айткан.

 
Categories

С. Жапаров: Улукбек Кочкоров иштеп жатат.

КРдин Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 2-4 ноябрында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапар менен жүрөт. Иш сапардын алкагында облустагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышып, Баткен шаарынын борбордук стадионунда эл менен жолугушуу өткөрдү. Анда Баткен элинин көйгөйлөрү көтөрүлүп чек ара, экономика, социалдык жана башка ушул сыяктуу суроолоруна жооп берди.

Эл арасынан кадр дайындоо маселесинедеги узатылган дагы бир суроо: Бүгүнкү күндө татыктуу кызмат кылып келген өзүбүздүн азаматыбыздын кызматтан кетткени биз үчүн табышмак болду, мындай кадрларды өзүңүздүн командаңызга кошуп татыктуу иш алып барсаңыздар деген ойдомун, бул Кочкоров Улукбек Тойчубаевич-деп сөз узатты

“Кадр маселеси боюнча, кыргызда жакшы бир сөз бар “Бөдөнөнү сойсо да кассапчы сойсун” деген, Ал өзү билими боюнча Улуттук коопсуздук кызматкери болуп иштеш керек эле, биз аны Улуттук коопсуздук кызматына алып барып анын оордуна ошол тармакты тартып кете ала турган кызыбызды алып баралы дегенбиз. Бирок ал өтпөй калды, бүгүн Улукбек иштеп жатат, биз аны кетирип ийели же бул кадр көчөдө калсын деген жокпуз, сөзсүз андай жаш билимдүу прогрессивдүү кадырларды жумуш оорду менен камсыз кылабыз”-деди С. Жапаров

 
Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаров менен жолугушту.
Өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.
Мамлекет башчысы өлкө Өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому боюнча өз позициясын билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи.
«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы аталган маселени Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылат.
 
Categories

LIVE: ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ

 
Categories

Туруктуулук саясатчыларга керек эместей

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин толкундоолору менен учурдагы бийлик дээрлик кыйратылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков элден бекинип, жашынып иш алып барууга аргасыз болду.
Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов дароо эле арызын жазып берип, кызматын таштай качты.
Эгерде Кубатбек Бороновдо кадыр барк, мекенчилдик сезими болгондо жөн эле кетип калбай, тескерисинче демилгени колго алып нааразы болгон элге чыгып, партия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк.
Ага Бороновдун духу жеткен жок.
Андыктан элдин толкуну Садыр Жапаровду Өкмөт башчылыкка алып келди.
Жогорку Кеңештин депутаттары ары кетип, бери кетип жатып акыры Жапаровду премьер-министрликке бекитти.
Анткен менен Садыр Жапаровдун премьер-министрликке бекилишин бир катар саясатчылар, айрым депутаттар легитимсиз, мыйзамсыз деп чыгышууда.
Анткени сессияда жетиштүү кворум болгон жок деп чыр салышууда.
Таң калыштуусу ошол депутаттар неге элдин, мамлекеттин тагдыры чечилип жатканда сессияга барышпай койду.
Себеби аларга элдин, өлкөнүн тагдыры эмес жеке кызыкчылык, мансап зарыл болуп турат.
Абдан өкүнүчтүү!
Эгерде ошол чычалаган саясатчылар чындап эле мсмлекеттибиздеги туруктуулукту каалашса унчукпай демин ичине басып тынчтануулары керек.
Антпесе ызы чуулар дагы да токтобой улана берсе мамлектүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу жаралат.
Андыктан ынтымакка келип, жаңы шайлоого даярданып, толук кандуу ишенимдүү бийликти орнотууга киришели.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берели.
Азыр ызылдаша турган убак эмес. Экономикалык абалыбыз күндөн күнгө оорлошуп бара жатат.
Таажылуу вирус кайрадан кулачын жайды.
Кылычын көтөрүп кыш келип калды.
Ойлонолу, ойгонолу кыргыз элим!

 
Categories

Төрага М. Абдылдаев Президент С. Жээнбеков менен сүйлөштү.

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Мыктыбек Абдылдаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президент тараптан демилгеленген бул баарлашууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды.
Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи. Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан Президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти. Мыктыбек Абдылдаев Президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи.
“Анткени, өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт”, – деп кошумчалады Төрага.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
 
Categories

БЕКЕШЕВ ДЕПУТАТТЫК ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кызматтык унаасын тапшырганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал бул жумада иш бөлмөсүн да бошоторун кабарлады. “Келерки жумада шайлоодо алдын ала уткан партиялар Жогорку Кеңештеги иш бөлмөлөрүн бөлүштүрө баштайт. VII чакырылыштын депутаттары расмий ант берген күндөн тарта VI чакырылыштын депутаттары ишин токтотот. Менде көп план жана милдеттер бар, мамлекеттик кызматта 14 жылдык тажрыйба топтодум”, -дейт Бекешев.

 
Categories

437 МИҢДЕН АШЫК КР ЖАРАНЫ ДОБУШ БЕРҮҮ УКУГУНАН АЖЫРАДЫ

Добуш берүү укугу бар 437 384 кыргызстандык жаран биометрикалык каттоодон өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу КМШнын байкоочу миссиясынын Кыргызстандагы парламенттик шайлоого жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу отчетунда айтылат. Миссия өз отчетунда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянган. Мамкаттоо БШК менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар 2017-жылга салыштырмалуу 300 миңге азайганы айтылды. КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле форма № 2 менен добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

 
Categories

Спикердин сүйүнчүсү өзүнө кайгы алып келеби?

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Дастан аттуу ымыркайга сүйүнчү катары берген 50 миң сом көрүндүгү өзүнө кайгы алып келчүдөй болуп турат.
Дегенибиз Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу спикердин берешен жоругун атайын карап чыгып, аны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алышты.
Эми жумушчу топтун чечими сунуш катары БШКнын жакынкы жыйынында карала турганын комиссиянын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.
Эгер жыйын адилет караса анда эле Дастан Жумабеков “Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыгарылары анык.
БШК жеңеби же спикер жеңеби деп коомчулук күтүп турат.
Негизи мыйзамдын жеңиши баарынан маанилүү жана милдеттүү.