Categories

Даамдуу пицца жасоонун эң оңой жолу

Беш бармак кыргыздардын улуттук тамагы болгондой эле пицца дагы италяндардын улуттук сый тамагы катары эсептелинет. Пиццаны үй шартында кандай жасоо керек, бул эң эле оңой, анда бул макала сиз үчүн. Көптөгөн кожойкелер, ашыкча түйшүктөрдөн коркуп, бул тамакты жасагандан баш тартышат. Бирок, аны үй шартында жасоо жеңил экенин билесизби? Бул жыты буркураган тамак көптөгөн адамдарга жагат.

Пиццанын камырына керектелчү азыктар:

1 стакан ун;

1 жумуртка;

1 чай кашык кургак көптүргүч (дрож);

70 г сүт;

1 чымчым кант;

1 чымчым туз;

татымал (кургак италья чөптөр, болбосо башка жаккан татымал камырга жараша кошсоңуз болот)

Пиццанын үстүндөгү азыктар:

50г колбаса

30 г зайтундун өзү (маслин)

30 г маринатталган козукарын

70 г сыр

3 анча чоң эмес помидор

чөп-чар (жакканын кошсоңуз болот)

1 чай кашык кетчуп

Пиццаны кантип жасайт

Албетте пицца жасоо жолдору абдан көп, бирок негизгиси төмөнкүдөй. Жылуу сүткө көптүргүчтү (дрожду) жана кантты аралаштырып, жылуу жерде 10-15 мүнөт кармоо керек. Анча көп эмес көбүк пайда болгондо, аралашманы унга кошуп, ага жумуртканы дагы кошобуз. Туз, татымалдарды менен камырды көбүрөөк жууруйбуз. Андан соң тегерек кылып жайып, май сүйкөлгөн формага салабыз, форма жок болсо тегерек кылып жайганга аракет кылыңыз.

Пиццанын үстүндөгү азыктары (Начинкасы). Колбасаны калыңыраак таякча кылып туурайбыз, зайтунду жана козукарындарды тең экиге бөлөбүз. Помидорду тегерек кылып кесип, чөп-чарды майда туурайбыз. Сырды кесек теркадан өткөрөбүз. Камырды кетчуп менен сүйкөп, сыр жана чөп-чардан башкасын үстүнө калагандай кылып коебуз. Пиццаны кырлары кызарганча 200 градус болгон духовкага 15-20 мүнөт бышырабыз. Үстүнө чөп-чарды, сырды кошобуз дагы кайрадан духовкага 5-10 мүнөткө бышырабыз. Пицца даяр. Тамагыңар даамдуу болсун.

Биз бир гана пиццанын даярдалуу  түрүн жаздык. Башка ингридиенттерден кошуп, ар ким өзү каалагандай кылып жасаса да болот.

 
Categories

Таңкы тамактан баш тартпай жүрүңүз

Дарыгерлердин пикиринде, узак убакыт бою таңкы тамактан баш тартып жүрүү семирүүгө алып келиши мүмкүн.

Таңкы ашты ичпөө жүрөк-кан тамыр оорусу менен инсультка алып келет. Бул боюнча окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөө жыйынтыктары Journal of the American College of Cardiology журналына жарыяланды.

Окумуштуулар 1988-1994 жылдары 40 жана 75 жаштын ортосундагы 6 миң 550 адамдын ден соолугун текшеришкен. Белгилүү болгондой, адамдар ар дайым таңкы тамагын ичпей жүрө берсе, ашыкча салмак топтолот, кан басым жогорулайт, кант диабети өөрчүйт.

Таңкы тамактан баш тартуунун кесепети.

Таң эрте тамак ичпегендер арасында жүрөк-кан тамыр оорусунан каза болуу, саарлап шам-шум эткендерге караганда 87%га жогору болуп чыкты.

Окумуштуулар белгилегендей, таңкы аштан баш тартуу милдеттүү түрдө ошол ооруларды чакырбашы да мүмкүн. Бул боюнча азыр кошумча изилдөөлөр жүрүп жатат. Алар таңга маал эмнелерди жеш керектигин эскертишкен жок. Болгону тамактан баш тартпоону гана эсепке алышты.

 
Categories

Гулсина Кожоярова: Калктын 80 пайызында медиатор тууралуу маалымат жок

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мекемесинде медиациянын өнүгүшүнө арналган кезектеги ExpertCafe болуп  өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары  Айнаш Токбаева, “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин Байкоочу кеңешинин  төрайымы  Чинара Курбанова,  “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин медиатору   Алмаз Акматалиевдер катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө журналисттерге медиация туурасында кеңири маалыматтар берилди. “Медиация жөнүндө”  мыйзам 2018-жылдын 11-февралында күчүнө кирген.

Өз кезегинде “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин Башкармалыгынын төрайымы  Гулсина Кожоярова  медиация  институтун   тез арада  кеңири өнүктүрүү үчүн 3 фактор  болушу керек, бул мыйзамдык база, соттор менен тыгыз байланышта иштөө жана медиаторлорду коомдо  күчөтүү зарыл экендигин белгиледи.  Анын айтымында, учурда  калктын 80 % медиатор ким экендигин жакшы билишпейт.

Кыргызстандагы IDLO уюмунун  сот реформасы боюнча кеңешчиси   Дильбара Максимбекова Өнүгүү укугу боюнча эл аралык IDLO уюмунун колдоосу менен, республикадагы 85 медиатор акысыз окутулгандыгын маалымдады. Учурда коммерциялык медиация боюнча пилоттук долбоордун алкагында  бизнес коомчулугуна акысыз кызматтарды көрсөтүү колго алынгандыгын билдирди.

Медиация — бул ар түрдүү (үй-бүлөлүк, коммерциялык) чыр-чатактарды жөнгө салуунун формасы. Анын негизги максаты — бир пикирге келе албай жаткан тараптарга жай отуруп сүйлөшүүгө шарт түзүп берүү.

 
Categories

“Жаңы жыл майрамы жалынсыз өтсүн”

Негизинен жаңы жыл түнү өрт кырсыктары катталган учурлар арбын. Мурдагы жылы республика боюнча жаңы жылдык шаан шөкөттөрдөн улам республика боюнча 35 өрт кырсыгы катталган. Ал эми өткөн жылы Чүй облусундагы Беловодское айылында жаңы жылдык балаты түнкү 12ге аз калганда өрттөнүп кеткендиги маалым.

Ал эми быйылкы жылы жаңы жылды өртсүз тосуу максатында “Жаңы жыл майрамы жалынсыз өтсүн” — деген ураан менен  ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын өздүк курамы төмөндөгү өрткө каршы иш-чараларды аткарууну сунуш кылууда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Балаты орнотулуучу бөлмөнүн экиден кем эмес сыртка чыгуучу эшиги болуушу шарт жана балаты негизги жана кошумча сыртка чыгуучу эшиктерди тосуп калбоосу керек;

Жаңы жыл майрамы өтүүчү бөлмөнүн ички жана сырткы электр жабдуулары атайын адис тарабынан кылдаттык менен кароодон өткөрүлүп, зарылчылык туулса тезинен оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл;

Балаты орнотулган бөлмөнүн электролампалары талапка ылайык жабык түрдөгү плафон менен жабылышы зарыл;

Майрамдык иш-чаралар өтүүчү бөлмө баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар (огнетушитель, суунун запасы, кум) менен камсыз кылынышы зарыл;

Балатыны пахта, кагаз, синтетика сыяктуу тез күйүп кетүүчү касиетке ээ заттар менен жасалгалоого жана пиротехникалык заттарды колдонууга тыюу салынат;

Жаңы жыл майрамы өтүүчү бөлмөлөрдө өрт коопсуздугу боюнча нускамалар жазылып, көрүнүктүү жерге илинип коюлуусу зарыл;

Мекеме-уюмдарда, мектептерде жана бала бакчаларда, дегеле жаңы жыл майрамы өтүүчү бардык мекемелерде, жаңы жыл майрамына даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде өрттөнүп кетүүгө жол бербөө максатында, мекеме, уюмдардын жетекчилеринин буйругунун негизинде өрт коопсуздугуна жооптуу кызматкерлер дайындалышы керек;

Жаңы жыл майрамы өтүүчү бөлмөлөр байланыш каражаттары менен камсыз болуусу зарыл;

Майрам өтүүчү бөлмөлөрдө газ жана тиричилик электр приборлорун колдонууга тыюу салынат;

Электр тогун бөлүп чыгаруучу кыймылдаткыч (электрогенератор) колдонуу зарылчылыгы келип чыкса, түтүнгө массалык уулануунун алдын алуу максатында, аны майрамдык иш-чара өтүүчү жайдан сыртка жайгаштыруу зарыл;

Пиротехникалык каражаттарды, алардын колдонуу нускамасына ылайык, коопсуз жайларда гана колдонуу зарыл.

 
Categories

Эрте менен машинаны жылытуунун кереги жок

Айрыкча улгайган адамдар күндүн суугунда эрте менен машинасын жылытууну адатка айландырып алышкан. Бул бир жагынан союздун учурундагы машиналарга көнгөндөн болсо керек.  Аларга түшүндүрүү да кыйын экендигин айтышат.

Бирок, машинаны суукта эрте менен от алдырып, коюп коюуу өтө эле зыян экендигин атайын адистер  айтып келишет.  Себеби, машина бир орунда турганда коюууланып калган майдын поршн менен цилиндирге жетиши кыйынчылык туудурат. Жыйынтыгында машинага эки эсе күч келет.

Андан көрөкчө  машинаны жай айдоо моторду тез ысытып, жумушчу абалга алып келет. Моторго күч келтирбейт. Ашыкча майдын кетишине да жол бербейт.

 
Categories

Адамдын бат карыганынын 5 күтүүсүз себептери

1.Начар сапаттагы шейшеп

Катуу шейшеп  акырындык менен адамдын бетине бырыш алып келиши мүмкүн. Жибек жана жумшак пахта териге оңой сүрүлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эксперттер шейшепти жумада бир жолу жуугула деп кеңеш берет.Себеби,  FL Science илимдери боюнча адамдардын денесинен жылына  100 литр тер чыгат. Жай учурунда бул грибок оорусуна эң идеалдуу чөйрө.

2.Күн нурунан коргоочу көз айнекти жайында гана кийүү керек

Чынында ультрафиолет териге кирип анын ийкемдүүлүгүн төмөндөтөт ал тургай булуттуу күндөрү дагы. Андан да качан көчөдө <суук жана күн> болуп турган чакта таасири абдан күчтүү болот.Көз айнекти унутпаганга аракет кылыңыз. Ал бир гана көз алдыңдагы бырыштардын пайда болуусуна тоскоол болбостон  ошондой эле башка терс нурлардан – катаракта жана көздүн курчтугун жоготуудан сактап калат.

3.Сиздин досторуңуз жок

Социологдордун айтуусунда Окенава өлкөсүндөгү адамдардын көп жашоосунун  бирден бир себеби,  бул-жылуу достук мамиле,ошону менен катар туура тамактануу жана жагымдуу аба-ырайы. Достор тарабынан болгон көңүл , сүйүү гармонун чыгарууга өбөлгө түзөт.Ал эмоциялык жана физикалык ден соолукту жакшыртат.

4.Сиздин хоббиңиз жок

Адам хоббисиз – кайгылуу жана кызыксыз

Баардык убакытын жумушка кетирген жана бир гана телевизор көрүп отурган адамдарга караганда ,кызыктуу хоббиси бар адамдар тууралуу айтсак. Мисалы сүрөт тартуу,карапа өндүрүү ж.б менен алектенген адамдар аз ооруп, жашоого оң көз карашта болушат деп эсептешет Джордж Вашингтон Университетинин психологдору . Алардын кан басымы ар дайым нормалдуу жана  стресс гармонунун деңгээли төмөн болот.

  1. Вино

Вино рак оорусунан жана эрте картаюудан сактайт дешип, кээ бир адамдар жаңылышат.Баардык алкоголь зыян болуп эсептелет,бул илимде далилденген.

2004-жылы «Nature» журналында «кичинекей өлчөмдөгү ичимдик да жаракат алуу сыяктуу  жана 60 ка жакын оорунун пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатары» айтылган.

Ичкиликти үзгүлтүксүз ичүү,теринин ийкемдүүлүгүнө жоопту коллаген-белокту сактоого жардам берген С жана Е витаминдердин запасын бузат.Натыйжада беттин формасы жоголуп бат картаят, регенерацияга болгон жөндөмдүүлүгү азаят.

Назаркул кызы Назика

 
Categories

Ислам дининде карыз алуу, кайтаруу жана карыз берүү шарттары

Бүгүнкү күндө карызга акча алып, аны төлөбөй качып кеткендер четинен чыгат. Бул нерсе шарятта өтө катаал сурала тургандыгын биле жүрүшүбүз керек. Анткени, карызын төлөбөө исламда күнөө болуп, Сурак күнү ал катуу жазага тартылышы мүмкүн. Төмөндө сиздерге исламдагы аласа-бересе мамилеси жана анын 16 өзгөчөлүктөрү тууралуу макаланы сунуштайбыз.

Ыйык Курандагы эң узун сүрөнүн эң узун аяты Карыз маселесине арналган. Эң узун сүрө – “Аль-Бакара”.

“Аль-Бакара” сүрөсүнүн 282-аятында мындай деп айтылат:

“Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула! Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын. Катчы Аллахтын ага үйрөтүүсү боюнча жазуудан баш тартпасын. (Карызды кайтаруу) милдеттендирилген (адам) айтып, ал (катчы) жазсын. (Жазган) Эгеси болгон Аллахтан корксун жана андан эч нерсе кемитпесин. Эгер (карыз) киши акылсыз, алсыз, же ал жазууга кудуретсиз болсо, андай учурда өкүлү адилеттүүлүк менен жазсын. Эркектерден эки күбөнү күбө катары катыштыргыла. Эгер эки эркек болбосо, андай учурда күбөлүккө өтүүгө өзүңөр ылайык көргөн бир эркек жана эки аял. (Аялдын) бирөөсү адашса, экинчиси аны түзөйт (эскертет). Күбөлөр чакырылган кезде баш тартышпасын. (Карыздын) аз, же көп экенине карабастан белгилүү мөөнөткө жазып коюудан эринбегиле. Мына ушул – Аллахтын алдында –адилеттүүрөөк жана күбөлүк үчүн бекемирээк, күмөнсүрөбөшүңөргө жакыныраак. Бирок өз ара кол алышып, жасалган нак соода болсо, аны жазуунун кажети жок. Соодалашкан кезде күбөлөндүргүлө. Катчы да, күбө да зыянга учурабасын. Эгер андай кылсаңар ал силер үчүн күнөө. Аллахтан корккула. Ошондуктан, Аллах силерге үйрөттү. Аллах-бардык нерсени Билүүчү”.

1- Бул аяттан Аллах Таала карызга алуу жана берүүгө уруксат бергенин билүүгө болот. Бирок бул процесстин өз шарттары болот. Ал жогорудагы аятта так-таасын баяндалган.

2- Акчаны же мүлктү карызга берүү – сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухамеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) сүннөтү болуп саналат. Бирок, билүү керек болгон нерсе, карызга берүү кырдаалга жараша сүннөт гана болбостон важиб, макрух же харам категориясына кирип калышы мүмкүн. Карызга берип жаткан киши карызга алып жаткан адамдын бул акчаларды кандай максатта пайдаланарын такташы зарыл. Эгер адам ошол акчага чындап эле муктаж болуп жаткан кезде карызга берүү сүннөт болуп эсептелет. Эгер адамдын өмүрүн сактап калууга, мисалы, операция жасатууга керек болсо, карызга акча берүү – важиб (фарзга жакын). Ал эми карызга ала турчу адам ал каражатты жөндөн жөн, ырахаттанууга, керексиз нерселерди сатып алууга коротсо, бул учурда карызга берүү – макрух. Эгер адам карызга алынган каражатты казиного, ичкиликке же башка арам нерселерге жумшаса, карызга акча берүү арам категориясына кирип калат.

4- Карызга акча берген адамдын сообу садака берген адамдан да жогору турат. Карызга акча берүү менен ал адамды акчаны кайтаруу үчүн иштеп, өсүүсүнө мотивация берген болот. Хадистерде мындай деп айтылат: “Мен Мираж түнү бейиштин дарбазаларында “Садака берген 10 тепкичке, ал эми карызга акча берген адам 18 тепкичке көтөрүлөт” деген жазууну көрдүм”. Тактап айтканда, садаканын сообу 10 эсе, карыз акча бергендин сообу 18 эсе көбөйөт. Мусулман адамга 2 ирет карызга акча берүү бир жолу акчасын кайтарымсыз бергенге тете болуп калат.

5- Мусулман адамдын карызга акча алууга мүмкүнчүлүгу болуп турса да, ал карыз албаганга аракеттениши жакшыраак. Оор кырдаалдан карызсыз чыгууга мүмкүн болбогон учурда гана алуу шарт. “Карыздан сактангыла! Карыз бул- түн ичиндеги кайгы-муңдун, күндүзгү убактагы кор болуунун себеби” (аль-Байхаки).

Бир жолу сахабалар пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) менен бирге отурушканда пайгамбарыбыз башын асманга көтөрүп, колун чекесине коюп: “СубханАллах, кандай гана катаалдык түшүрүлдү”, деди. Сахабалар коркуп кетишип, эмне болгонун сурашат. Анда пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип жооп берген:

“Менин жаным колунда болгон Зат менен ант беремин, эгер адам Аллах жолунда кайтыш болсо жана бул адамдын карызы болсо, ал бейишке карызын төлөмөйүнчө кирмек эмес”. (Бул хадисти имам Ахмад, ан-Насаи жана Хаким айтышкан).

6- Карызга алып жатып адам ал карызын убагында, же андан да эртерээк кайтарып бергенге ниет коюусу керек. Карызды кайтарууга ниет коюу абдан маанилүү. Анткени бул учурда Аллах Таала ал адамга Өзү жардам берет. “Ким башка бирөөнүкүн кайра кайтарып берүү ниети менен алса, ага Аллах Таала жардам берет”, “Ким карызды коротуу ниети менен гана алса, ал адамды Аллах Таала кыйроого учуратат”, “Кимде-ким өзүнүн карызын ойлоп сарсанаа болсо, Аллах Таала ал адамга Өзүнүн кайтаргычтарын коюп коет. Алар адам карызын төлөп алуусу үчүн аны капыстан келчү кырсыктардан , кыйынчылыктардан сактап турат”, “Кимде-ким карызга акчаны аны кайра кайтарып берүүнү ойлобостон туруп алса, анда ал Аллахты ууру абалында жолуктурат” (Ибн Маджа).

7-Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) да карыз алган. Бирок кантип?

Пайгамбарыбыз бир иудейден тамакты карызга алып, ордуна темир соотту таштап кеткен («Фатхуль-Бари», 5/53). Демек, Пайгамбарыбыз карызга алып, бирок ордуна бир нерсе койгон. Бул – келишимдин эң даанышман чечими эле: карызга алган адамга карызын төлөй албай калган кезде жашырынып жүрүүнүн кереги жок эле, карызга берген адам да тобокелчиликке барбайт. Экөөнүн ортосунда таарыныч болбойт. Төлөнбөгөн карыздар карызга алган адамдын кайтыш болуп кеткенинде да анын туугандарына оор жүккө айланбайт.

8-Кеңеш. Бүгүнкү күндө чоң суммадагы акчаны же каражатты эч кандай кепилдиги жок карызга берип, адамдарга толугу менен ишенич өтө оор. Айрым учурда карызды эң жакын адамдарың да кайтарбай коюшу мүмкүн. Кепилдиги жок карызга берип жатып аны кайтара албай калышыңызды да ойлонушуңуз керек. Ошондуктан, сиз тараптан белгилүү бир чыгаша болорун билиңиз. Психологиялык көз караштан алып караганда, ичиңиз ачышпай тургандай сумманы карызга (кепилдиксиз) берген оң.

9-Карызды болушунча эртерээк төлөгөнгө аракеттенүү зарыл. Карызы бар адамдын садака берүүгө, ажылык сапарга барууга жана башка кайрымдуулук иштерин жасоого укугу жок. Анткени хадисте мындай деп айтылган: “Карызы бар адамдын жана үй-бүлөсү жакырчылыкта болгон адамдын кайрымдуулугу кабыл болбойт” (аль-Бухари).

10- Карызың болуп туруп, акчаны өтө муктаждыгың болбогон нерселерге коротууга да тыюу салынат. Биринчи приоритет – карыздан кутулуу болуусу керек.

11- Эч кандай шылтоого орун жок. Сахаба Абу Хадрад (Аллах андан ыраазы болсун) бир иудейден карызга акча алат. Анын үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси болгон эмес. Иудей болсо убакыты келгенде Абу Хадраддан карызын берүүсүн катуу талап кылат. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бул убакта Хайбарга жүрүшкө даярданып жаткан. Абу Хадрад (Аллах андан ыраазы болсун) иудейден дагы бир аз убакыт берүүсүн суранат, бирок иудей такыр макул болбой, аны Пайгамбарыбыздын алдына алып келет. Абу Хадрад (Аллах андан ыраазы болсун) кийген кийиминен башка эч нерсеси жок экенин, жүрүштөн келген соң, ага бир нерсе тийсе карыздан кутуларына сөз берет. Анда Пайгамбарыбыз карызды төлөө керек экендигин, эч кандай шылтоого орун жок экендигин айтат. Ошондо Абу Хадрад кийиминин айрым бөлүгүн чечип, аны сатып, карызынан кутулат. Ал эми өзү болсо селдесинин кездемесине оронуп алат. Бул окуядан билингендей, ошол кезде адамдар өзүндөгү акыркы калган нерсесин берип, карыздарынан кутулушкан.

12-Исламда карызга акча берип, үстөк пайыз менен кайтарып алып, акча табууга тыюу салынат. Үстөк пайыз – оор күнөө. Хадисте айтылгандай, карызга кандайдыр бир пайда табам деп берүүгө катуу тыюу салынат. Бирок карызга алган адам карызын берип жатып, ага кыйын учурда кол сунган адамга жүрөгүнөн чыккан белегин берүүгө болот. Сизге кыйын учурда жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирүү сүннөт болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан: “Адамдардын эң мыктысы – карызын эң мыкты таризде кайтарып бергендер”.

13-Кимде ким кыйын абалга кабылып,карызын төлөй албай калса, ал карыз алган кишиге кайрылып, дагы бир аз убакыт берүүсүн суранышы керек. Ал эми карыз берген киши болсо боорукерлик кылып, кошумча убакыт берип, карыз алган адамдын абалы өтө эле оор болсо, колунан келсе карызын кечип да салса чоң сооп жазылат.

“Карыз берген кишиге күн сайын кайрымдуулуктун жакшылыгы жазылат. Кимде- ким карыз алган оор абалдагы кишиден акчасын алууга шашылбаса, ага бүт мүлкүн берген сымал садака жазылат. (аль-Хаким).

14-Карызын төлөөгө күч-кубаты жетип, бирок карызды кайтарууну маанилүү көрбөгөн адамдын бул кадамы кысым көрсөткөн (зулумдук кылган) адамга тете болот. Ал эми кысым көрсөтүү Аллах тарабынан каргалган.

“Мүмкүнчүлүгү болуп туруп карызын төлөбөгөн адамга күн сайын кысым көрсөткөн адамдын күнөөсү жазылат” (ат-Табарани) – хадис.

15-Эске ала турчу жагдай, шейит кеткен адамдын дагы карызы кечирилбейт. Сот күнү ал баарыбир жоопко тартылат. Муну тастыктаган мындай хадис бар: “Шейит болгон адамдын карыздарынан башка күнөөлөрү кечирилет” («Сахиху Муслим», № 3498);

16- Жаза. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун): “Карызын төлөбөй кеткен адамга Сот күнү Аллах Таала “Башка бирөөнүн акысын силерге калтырам деп ойлодуңар беле? деп туруп, карызын бербеген адамдын жакшы иштерин карыз берген адамга которот. Ал эми ал адамдын жакшы иштери болбосо, анда карыз берген кишинин күнөөлөрүн карызын төлөбөгөн адамга коюп коет. (ат-Табарани).

Булак: islam.ru сайты / UMMA ислам журналы

которгон: Амангелди кызы Айдай / Сүрѳттѳр: Саид Ибраимов

 
Categories

Кыймыл-аракеттин психикалык ден-соолукка пайдасы

Тартиптүү кыймыл-аракет психикалык ден-соолукка пайдалуу. АКШда жүргүзүлгөн изилдөөгө катышкан 1,2 миллион кишинин физиологиялык кыймыл-аракет деңгээлине жана психикалык абалдарына баа берилди.

Изилдөөнүн негизинде жумасына 3 же 5 жолу жасалган 45 мүнөттүк кыймыл-аракеттер, велосипед тебүү жана аэробика сыяктуу көнүгүүлөрдүн психикалык ден-соолукка оң таасирин тийгизгени аныкталды.  Жашы же жынысы айырмаланбастан үй жумуштары менен катар бардык физиологиялык кыймыл-аракеттердин психикалык ден-соолукту жакшырткандыгы белгиленди.

Эки күндө бир жасалган 30-60тан мүнөттүк физиологиялык кыймыл-аракеттин болсо эң пайдалуусу экени баса белгиленди.

Йель университетинен др. Адам Чекроуд, буга чейин канчалык көп кымыл-аракет жасалса ошончолук пайдалуу деген ишенич болгонун белгилеп, бул изилдөөнүн ал ишеничти колдобогонун айтты.

Чекроуд: «Изилдөөгө караганда айда 23төн көп же бир жолкусунда 90 мүнөттөн ашкан кыймыл-аракеттин психикалык ден-соолукка терс таасири бар»,-деди.

Изилдөөнүн жыйынтыгы «Lancet Psychiatry» журналында жарыяланды.

 
Categories

Алманын пайдасы

Алма абдан даамдуу гана болбостон,  пайдалуу дагы.  Алма биздин өлкөдө бирден бир негизги мөмө-жемиштердин бири. Төмөндөгү макалада  бул жемиштин пайдалуу жактарынын бир нечесин тизмелеп көрдүк.

Алма витаминге бай жемиш десе да болот. Курамында А, С, В1, В2, В6, Р, Е витаминдери бар. Цитрус жемиштерине караганда алмадагы А витамин 50%га көп. В2 витамини болсо мөмө-жемиштердин башкаларынан эң көп. Ал витаминди табит витамини деп да аташат. Ал нормалдуу тамак сиңирүүгө жана өсүүгө жардам берет. Микроэлементтерден калий, натрий, темир, марганец, кальций, магний, күкүрт, аллюминий, бор, ваналий, молибден, никель, фтор, хром, цинк кездешет.

Бул заттар эмнеси менен пайдалуу, деги эле “алманын пайдасы” кандай?

Алманын курамында С, В1, В2, Р, Е витеминдери менен темир,марганец, калий, кальций, фосфор, натрий, молибден, цинк, барий микроэлементтери бар.

Алмадагы темир кандын айлануусуна өтө керектүү зат. Алма боор, бөйрөк, ашказан, ичеги-карын жумуштарын жакшыртат. Бет терисинин түсүн жакшыртып, жаш жана сулуу кылып көрсөтөт. Холестериндин өлчөмүн азайтып, ичтин катуусун алдын алып, диареяны эмдеп, иммундук системаны күчтөндүрөт.

Жаш балдардын тиштери жакшы өсүшү үчүн тиш доктурлар аларга алма берүүнү сунуштайт. Ал тиштин эмалын тазалайт.

Күнүнө бирден алма жесеңиз – инсульт коркунучунун алдын алган болосуз.

Алманын уругунда йоддун көп өлчөмү бар. Күнүнө 5-6 даана урукту жесеңиз –  организмдин суткасына йодго болгон талабы толук бойдон канааттандырылат.

Орточо чоңдуктагы 3 даана аарчылбаган алманы туурап, 1 литр кайнак сууга салып жай отто 10 мүнөт кайнатуу керек. Кумшекер кошуп, бир күндүн ичинде баарын ичүү ревматизмде, гастритте, жөтөлдө эң жакшы каражат болуп эсептелет.