Categories

Атаандашкан “алтын баштуу” аялдар(видео)

Коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова: Мектептерде 90 пайыз аялдар болуп калды. Тейлөө, социалдык тармактарда да көпчүлүк аялдар иштешет. Ал эми бийликке келгенде аялдар аз. Аялдар бийликте көп болсо коррупция азаят. Европанын айрым өлкөлөрүнүн парламентинде  40 пайызга чейин аялдар отурушат. Эл аралык изилдөөлөрдө ал өлкөлөрдө коррупция аз экендиги аныкталган…

 
Categories

Каптагаев: Чекараны кайтаруунун жаңы тартибин калыптандыруу зарыл

2014-жылы Кытай тараптан 11 киши чекараны бузуп кирип келип Александр Барыкиндин башын кескен окуядан кийин сунуш кылдым эле. Чекараны кайтаруунун жаңы тартибин калыптандыруу зарыл, бул ишке чекара аймактарында жашаган калк жапа тырмак тартылуусу керек, ал жердеги жергиликтүү тургундардын 18 жаштан 45 жашка чейинки эркектери (аскерге жарактуу) кызматка алынып, кызмат өтөөнүн шарттары бекитилиши, аларда аскердик кызмат өтөө менен бирге өз үйчарбаларын дагы кароого мүмкүнчүлүк болуусу шарт.

Мамлекетибиздин чамасы-чак болгондон кийин ири жана бай мамлекеттерди туурап жеткиликтүү сандагы туруктуу (регулярдуу) армия жана чекара кызматтарын кармап тура албайбыз. Каражат жок. Ошондуктан тээ илгертеден келе жаткан жалпы элдик кошуун ыкмасына кайрылып, коргоо иштеринин концептуалдык жаңы схемасын иштеп чыгуу зарыл. Эгерде ушул багытта талкуу болуп, тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу зарылчылыгы болсо баш отум менене киришип жардам берүүгө (ыктыярчы иретинде) даяр экенимди да жазып коюн.

 
Categories

Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Банктагы эсептер

 

1. “Кыргызкоммерцбанк”

2. “Кыргызстан” коммерциялык банкы

3. “Оптима Банк”

4. “Кыргыз-швейцария банкы”

5. “Капитал Банк”

6. Россия-Кыргызстан “Аманбанк”

7. “Толубай” акционердик коммерциялык банкы

8. “РСК Банк”

9. “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”

10. “БТА Банк”

11. “Дос-Кредобанк”

12. “ЭкоИсламикБанк”

13. “Евразия сактык банкы”

14. “Азия Банкы”

15. “Бакай Банк”

16. “Халык Банк Кыргызстан”

17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

18. “Кыргыз инвестициялык-кредит банкы”

19. “ФинансКредитБанк”

20. “Айыл Банк”

21. “Росинбанк”

22. “Бай-Түшүм” банкы

23. “ФИНКА Банк”

24. “Чанг Ан Банк”

25. “Банк Компаньон”

Банктагы ячейкалар кимдерге таандык болгон? Юридикалык жана жеке тараптар

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович

2. Атамбаева Раиса Минахмедовна

3. “Кыргызавтомаш” ААКы

4. “Апрель-ТВ” ЖЧКсы

5. “Апрель” коомдук фонду

6. “Редакция телерадиокомпании “Канал D” (“Канал Ди”) ЖЧКсы

7. “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеши” (“Республиканский общественный экспертный совет по вопросам устойчивого человеческого развития”) коомдук бирикмеси

8. “Ден соолук жана узак жашоо” медициналык-билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси

9. “Телерадиоуюмдарынын ассоциация” юридикалык жактардын бирикмеси

10. “Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси

Камакка алынган мал-мүлкү. Алмазбек Атамбаевге тиешелүүлөрү:

  • Toyota Land Cruiser, 2000-жылы чыккан;
  • Mitsubishi Pajero, 1997-жылы чыккан;
  • Toyota Land Cruiser, 1998-жылы чыккан;
  • MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, 1993-жылы чыккан;
  • BMW X5, 2001-жылы чыккан;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, б/н көчөсү;
  • жер тилкеси, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы, квартал “Курорт-рекреациялык аймагы”;
  • жайыт, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • Ден соолукту чыңдоо борбору, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • турак үй, Аламүдүн району, Арашан айылы, Полевой көчөсү;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы, Татыр аймагы.

Раиса Атамбаевага таандык мүлк:

  • Toyota Land Cruiser, 2004-жылы чыккан;
  • Mercedes-Benz 600, 1994-жылы чыккан;
  • ГАЗ 3110, 1999-жылы чыккан;
  • батир, Бишкек шаары, Москва көчөсү;
  • турак үй, Бишкек шаары, Новооктябрь көчөсү.

“Кыргызавтомаш” ААКына таандык мүлк:

  • Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө киши жашабаган 38 имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндө алты жер тилкеси;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү темир жолу;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;
  • Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү киши жашабаган имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;
  • Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үч батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү тогуз кампа;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп бөлмөлүү үй;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы 17 батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;
  • Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

“Медиа Форум” ААКына таандык мүлктөр:

  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү адам жашабаган имарат;
  • “Форум илимий-өндүрүш фирма” ЖЧКсына таандык мүлктөр;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы “Курорт-рекреациялык аймак” кварталындагы жер тилке;

“Апрель-ТВ” ЖЧКсына таандык мүлктөр:

  • Радио, студия ТВ, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • Теле борбор, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • “Апрель” коомдук фонду;
  • “Канал D” (Канал Ди) телерадиокомпания редакциясы” ЖЧКсы;
  • “Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш” коомдук бирикмеси;

“Ден соолук жана узак жашоо” медициналык билим берүүчү илимий борбору” (“Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) мекемеси;

“Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси;

“Кыргызавтомаш” корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси.

 

 
Categories

Курсан Асанов кызматтан алынды

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев кол кол койгон.

Маалыматка ылайык, 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

 
Categories

Жыргалбек Касаболотов: Кыргызстан эмне, “Миллиондор” менен “Мультимиллионерлердин” футбол талаасыбы?

“Элитабыз” деп эркелеп атып элдин убалына калышпаса болду, чоңдор. Кыргызстан эмне, “Миллиондор” менен “Мультимиллионерлердин” футбол талаасыбы? Ушулардын айынан кырылып, ушулардын пайдасына кыргыз кыргызга таяк ала чуркагыдай ким булардын баары? Же мыйзам чегинде чечишпейби, же анчалык эр экен элди ала жатпай ары жакка барып жекеме жеке эркекче кырылышпайбы.

Жок, анткиси келбейт. Анткени уурунун көчүгү кууш. Баары элдин артына жашынып, элди оюнчук кылгысы келет. Оюнда булар сайрап аппак болуп турса, анан эл булар үчүн бирине бири атырылып жаатташып турса. Өздөрү зоопарк болгону аз келгенсип элди да ыркыраштырып айбан деңгээлине түшүргүсү келет. Тапкан экенсиңер!

Эгерде “сенин итиңден менин итим жакшы”, “сенин айлындагы уурудан менин айлымдагы ууру артык”, “сенин митеңден менин митемдики туура” деп ушулардын чырагына май тамызып, ушулар үчүн ыркыраша турган болсок – анда биз ЭЛ деген улуу атка татыктуу эмеспиз. Анткени чыныгы ЭЛ дегеле уурулар менен жашагысы келбейт. ЭЛ уурулардын БААРЫН жазалагысы келет. Ошондо чындап ЭЛ болот.

Мамлекет да уурулардын БААРЫН тегиз жазалаганда гана Мамлекет деген атка татыйт. Болбосо жөн гана бийликке келген кезектеги бир үйүр. Үйүр болсо кайра эле зоопарк. Ким болгусу келгенин азыркы бийлик өзү тандасын.

“Чындык эле чындык” дейбиз. “Тигинин чындыгы, мунун чындыгы” дейбиз. Бирок чындык антип бөлүнбөйт. Чындык “мен эле мен” деп төш кагып кыйкырбайт. Чындык Арстанбапта, Ала-Арчада, Ата-Бейитте унчукпай эле тыптынч жатат. Айтчусун айтып койгон. Жасачусун жасап койгон. Берерин берип койгон. Эч кимге карыз эмес. Чындык ошолордо. Силерде эмес. А силер ошолордун башын тебелеп келип эми элдин атынан сүйлөгүңөр келет баарыңар. Элден айлангыла.

Булардын баарын бир камерага тыгып, аягында аман чыкканын катырып туруп музейге сактап коюш керек болуп калды. Кийинки муундарга сабак болушу үчүн. Акыркы динозаврлардын скелетиндей кылып.

Башкага жарабайсыңар, кыргыздын “ЭлИттери”.

22 июня в 23:02

 
Categories

Темир Сариев: “ЦАРИИни кайра түзүш керек

Суроо: – Өткөн жылы экономика 5,5 пайыз өскөнүн сөз кылышууда. Бирок, коомчулукта бул нерсе байкалбайт?..

Темир Сариев:

– Стат комитеттин маалыматтары эл аралык стандарт менен эсептелет. Бул маалыматты Дүйнөлүк Банк, Эл аралык валюта фонду жана башкалар тааныйт. Анча мынча катачылыктар болот. Негизинен бул маалыматтар иштеп жаткан мекеменин отчетунун негизинде айтылат.

https://youtu.be/UPsZ-1IfX4A

ИДПда 5,2 пайыз өсүш болду дешти.  Биздики чакан экономика. Эгерде Россияныкындай чоң экономика же болбосо башка ири мамлекттерде 5 пайыз чоң көрсөткүч. АКШда ИДПнын өсүшү 4 пайыздын тегерегинде болот.

Биздин ИДПнын өсүшү 25 млрд. сом болуп калат. Биз бул өсүштү чоңойтуубуз керек. Бизде ИДП 7 пайыздан ылдый болбош керек. Бизде бир, эки ишкана эле көрсөткүчтү көтөрүп коет. Эки, үч ири ишкана ачсак эле ИДП көтөрүлөт…

 
Categories

Кекиртекке кеткен кредиттер(видео)

Бул ирет Ой-пикир берүүсүнө  Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров жана Алмазбек Эргешов катышышты.

Акылбек Жапаров: “Биз кредит берүүдө ислам шарттарын киргизүүнү демилгелегенбиз. Анын негизги шарты – пайызга кредит берилбейт. Бир үй бүлөдө бир уй, бир үйү болсо күрөөгө алынбайт. Бул жакшы көрүнүш. Кыргызстанда 1 млн. доллар менен кредит алып иштейм дегендерге өтө кыйын. Биз учурунда кредитердин пайыздык үстөмдүгү 35 пайыздан ашпасын деген мыйзам кабыл алганбыз”,…

Алмазбек Эргешов: “Учурда Орус-Кыргыз фонду киргенден кийин кредиттердин пайызы түштү. Анын берилүү узактыгын дагы узартуу керек. Кыргызстанда 300 дөн ашык ишкана токтоп турат”,…

 
Categories

Чек арада чегинбейли(видео)

Баткен чек арасындагы абал жөнгө салынды деген менен учурда коомчулукту тынчсыздандырган жагдайлар жок эмес. Абалды жөнгө салуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын макулдашуулары көмүскө калып жаткандыгына нааразы болгон топтор да жаралууда…