Categories

Курсан Асанов кызматтан алынды

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев кол кол койгон.

Маалыматка ылайык, 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

 
Categories

Жумгал районунда бир үй бүлөнү өлтүргөн кылмышкер…

2018-жылдын 21-декабрь күнү Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө “Көк-Ой” айылында өрт чыгып үй бүлөө каза болуптур деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып алгачкы иликтөө тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, натыйжасында ошол үйдүн 47 жаштагы тургуну А. Энын жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдө жаткан жеринен табылган, ошондой эле ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө өлгөн аялдын неберелери төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын жана жети жаштагы И.А. аттуу баланын жансыз денелери төшөктө жаткан абалда табылгандыгы аныкталган.

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобунун алгачкы иликтөөлөрүнүн жүрүшүндө окуя толугу менен аныкталды. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө 47 жаштагы тургуну А.Энын зордукталганы жана ошондой эле башка бөлмөдөгү төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын да зордукталгандыгы аныкталган. Учурда аталган факты боюнча толук кандуу текшерүү жана ыкчам-иликтөө иштерин уюштуруу максатында окуя болгон жерге Жумгал райондук милициясынын ыкчам тергөө тобуна кошумча күч катарында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жиберилип тиешелүү деңгээлде тергөө иштери колго алынды.

Бул факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан соттук-медициналык, биологиялык, химиялык, гистологиялык, дактилоскопиялык, криминалистикалык, медико-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну Ш.К., кармалып, тергөө иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

Кылмыш жасаган 29 жаштагы Ш.Кнын айтуусунда 2018-жылдын 20-декабрында кечки саат тогуздар чамасында Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 47 жаштагы тургуну А.Энын үйүндө түнкү саат он бирлерге чейин спирт ичимдигин ичип олтурушуп, анан ал аял мас болуп уктап калганда ошол үйдүн төркү кичи бөлмөсүнөн уйкудан ойгонуп калган төрт жашар кызды күч колдонуп зордуктаган, жанында уктап жаткан жети жаштагы И.А. ойгонуп кеткенинен, аны алгач ирээт колу менен муунтуп өлтүргөн, анан кичине кызды да тумчуктуруп өлтүргөнүн, андан кийин конок бөлмөдө мас абалында уктап жаткан 47 жаштагы тургуну А.Эны да колу менен муунтуп өлтүрүп, жасаган кылмышын жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен оттун очокторун алып, бөлмөнүн ар кай бурчтарына от коюп атайлап өрттөп, анан качып кетип калгандыгы аныкталды..

29 жаштагы Ш.К.КРнын Жумгал райондук ИИБнүн убактылуу кармап туруу жайына камакка алынды. Учура аталган оор кылмыш боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.