Учурда коомчулуктун көңүл борборундагы негизги окуя эки күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин өткөргөн маалымат жыйыны болууда.
Анда УКМК төрагасы коррупцияга байланыштуу бир катар жагдайларды коомчулукка шардана кылды.
Ошондон бери Камчыбек Ташиевдин айткандары чоң талкууга жем таштады. Дээрлик көпчүлүк Камчыбек мырзанын айткан-дегендерине моокумдары канып, ар тараптуу алкап туру.
Айрыкча, эки жарым айдагы кыска аралыкта жемкорлук менен күрөшүү мурда болуп көрбөгөндөй зор, натыйжалуу жүрүп жаткандыгы алкышка арзыйт.
Ушунчалык кыска убакытта 2 миллиард 700 миллион сомдон ашык акча УКМК тарабынан казынага кайтарылышынын өзү эле не деген зор эмгек!
Анткен менен кызыктын баары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси коомчулукта эки ача пикир жаратууда.
УКМКнын төрагасы төрайым Калиева тууралуу айтып оозун жыйганча Жогорку соттун маалымат кызматы дароо бидирүү таратып, коомчулукка айгай салып чыкты.
Анысы аз келгенсип, Соттор кеңеши да президенттин милдетин аткаруучуга кайрылуу жолдоп, укук коргоо органдары тарабынан сот системасына мурда болуп көрбөгөндөй басмырлоо, ыдык көрсөтүү болуп жатат деп ыйлактап жиберди.
Таң калычтуусу, мурдагы бийликтердин тушунда башка адамдардын конституциялык укуктары тебеленип, күнөөсүз-күнөөлүү болуп жаткан чакта эмнеге дал ушул Соттор кеңеши «а» деп үн катпай жүргөн?!
Эми соттор чекесинен жемкорлукка шектелип кармала баштаганда “Карга карганын көзүн чукубайт” болуп жандалбастап жатат.
Учурунда бир топ саясатчылар ак жеринен күнөөлөнүшүп, темир торго киргизилип жатканда «күнөөсүздүк презумпциясы» дегени кайда эле?!
Ошондо эмне бул жагдайды айтышып, калыстыгын көрсөтүшпөгөн?!
Азыркы бийлик мурдагылардан кескин айырмаланып чабактарды эмес, акулаларды кармап жатат.
Жемкорлордун ана башчыларын, киттерди кармап жатат.
Уурулар менен күрөшүү дал ушундай болуш керек эле.
Мурдагылар көбүнесе тандалма күрөшүү жүргүзүшүп, чабактарын кармашып, акулаларын коюп жиберишчү.
Мыйзам баарына бирдей болгондон кийин соттор да мыйзамга баш ийишип, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып, ак болсо актыгын далилдешип алышсын да!
Неге алар өзгөчөлөнүш керек?
“Шектүү шектенет” болуп камалбай жатып ызы-чуу салуу сотторго аброй алып келбейт!
Тескерисинче, сот системасы арасындагы жемкорлордон тазаланышы зарыл!
Андыктан таза соттор Ташиевге ыраазы болушуп, сот системасын тазалоого салым кошуп жаткандыгына алкыш айтышпайбы?!
Камчыбек Ташиев аталган кызматка адеп киришкенде мындан ары өлкөбүздө уюшкан кылмыш топторуна, бандиттерге аёосуз күрөш жүрөт деп айткан эле.
Ал айткан сөздөрүнүн өтөсүнө чыгып жатат.
Учурда бандиттер качып, безип жок болуп бара жаткандыгына көпчүлүк күбө болуудабыз.
Жумурай журтубуз буга ыраазы.
Буйруса Кудай Камчыкеге ден соолук, күч-кубат берсе алдыда дагы далай арбын иштер болот деп үмүт кылабыз жана ишенебиз!