Categories

Курсан Асанов кызматтан алынды

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев кол кол койгон.

Маалыматка ылайык, 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.

 
Categories

Айдоочулар акция өткөрүшөт

Жол эрежелерин бузган үчүн айыптардын жогору болуп жатканы өткөн жумада бир топ депутаттар тарабынан айтылган болчу.   Бул маселе коомчулукта да тынчсызданууларды пайда кылууда. Атайын маалыматтарга караганда, жол эрежелерин бузгандардын 30 пайызы гана айып пулдарды төлөшүп, көпчүлүгү төлөбөй жатышкандыгы айтылып келет.

Эми борбор калаада айдоочулар айып пулдарды азайтуу боюнча акция өткөрүүнү максат кылышып жатышканы белгилүү болду.

Ал маалыматтарга караганда, мындай акция 23-май күнү саат 10.00дө башталат. Акция Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулуп, 3 миңдин тегерегинде унаанын катышуусу маалымдалууда.

 
Categories

Новопавловка айылындагы мектеп жамааты жаңы директорду кабыл албай жатканы кабарланууда

Мындан эки күн мурда күндүн дем алыш экендигине карабастан Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейге убактылуу директорлук кызматка  Элнура Музаеваны  Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева алып барып, тааныштырган.

Ал эми мектептин мугалимдер жамааты Музаеваны кабыл алышпай жактандыгын биздин сайтка ата – энелер жамааты кабарлады. Учурда Новоповлавка айылынын тургундары кайрадан ак үйдүн алдына чогулушту. Нааразы болгон тараптар Музаеваны убактылуу бекитип берүүнү жана мектеп фондусун жойууну талап кылышууда.

Эске сала кетсек, аталган мектептин мурдагы директору  Диляра Абдуллаеваны ата энелер жамааты фондго жыйналган каражатты натыйжасыз пайдалангандыгы тууралуу айыптап келишет. Алар буга чейин да бир нече ирет Ак үйдүн алдына митинг жасашкан.

 
Categories

Балыкчыдагы митингичилер Бишкекке сапар алышканын айтышууда

Балыкчыдагы уран казууга нааразычылыгын билдирген митингге 500 гө жакын адам катышты. Митинг аяктаган соң Бишкекке жөө жүрүшкө чыккандыгын маалымдашты. Алар шаардын мэриясынан автобекетке чейин жөө келишип, андан соң автоунаалар менен Бишкекке келишерин айтышууда.

Милиция кызматкерлери тартипти сактоо керектигин эскертишип, жолдорду бошотуп беришүүдө.

Эске сала кетсек,  буга чейин өкмөт  Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынгандыгын маалымдаган. Бирок, ага митингичилер ишенишпегендигин айтышууда.

 
Categories

Балыкчыда уран кенине каршы митинг өтөт

Расмий бийлик уран кенин иштетүү токтоду  дегенине карабастан нааразычылык акциялары дагы деле болсо токтобой келет. Бүгүн Балыкчы шаарында кайрадан митинг өтөт. Бул тууралуу жеке активисттер кабарлашууда. Ага Бишкек шаарынан “Кырк чоро” бирикмеси да катышарын маалымдашкан болчу.

Ал маалыматтарга караганда, митингдин катышуучулары уран кени  чыккан жерге чейин барышып, чыныгы абал менен таанышмакчы. Ошондой эле Бишкек шаарына карата жөө жүрүш болорун да айтышкан. Бирок, ага Балыкчы шаардык соту тыюу салган.

 
Categories

Уранга каршылардын нааразычылык акциясы өтөт

Өкмөттүн уран кенин иштетүүнү токтоттук дегенине карабастан уран иштетүүгө каршы кыймылдардын деми басаңдачудай эмес. Кечээ алар Балыкчы шаарында биринчи вице-премьер-министр К. Боронов менен жолугушуу өткөрүштү. 29-апрелде Бишкекти карай жөө жүрүштөрү баары бир болорун айтышты. Ага “Кырк чоро” коомдук уюмунун өкүлдөрү да катышарын билдиришкен болчу.

Ал эми бүгүн 26-апрелде саат 10:00дө Бишкекте уран казууга каршы митинг өтөт. Митинг Өкмөт үйүнүн жана «Ала-Тоо» аянтындагы «Манас» эстелигинин алдында өтөт. Бирок, бул нааразычылык акциясына “Кырк чоро” коомдук уюму катышпайбыз дешүүдө.

 
Categories

Митингичилер резолюция кабыл алды

Жогорку Соттун алдындагы “Ата –Мекен”, “Мекенчил” партиясынын мүчөлөрүнүн саясатчы Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровду колдоп чыккан митинги резолюция кабыл алды.

Анда:

-Ө. Текебаев, Д. Чотонов, Садыр Жапаров бошотулсун. Аларга карата коюлган айыптоолордун жоко чыгарылсын;

-Экс-президент А. Атамбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы А. Сегизбаев, Мурдагы Башкы прокурор И. Жолдубаев камакка алынсын;

-Уранга каршы турууга чакырабыз- деген резолюция кабыл алышты.

Уюштуруучулар митинг аяктагандыгын билдиришти. Ал эми Ө.Текебаевдин соту саат 16:00 уланат. Каалоочулар кайрадан Текебаев жана Чотоновдун сотуна келишерин айтышып, тарап кетишти. 

 
Categories

Текебаев жана С. Жапаровдун соту башталды

Учурда Жогорку Соттун алдында абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулууда. Алар колдоруна жогорудагы эки саясатчыга соттордон адилеттик талап кылган плакаттарды кармап алышкан. Митингичилер республиканын ар кайсы облустарынан келишкендиктерин айтышууда.

Мындан сырткары А. Мадумаров жетектеген “Мен макул эмесмин” кыймылынын мүчөлөрү да колдоруна С. Жапаровдун сүрөттүн кармап турушат. Ошондой эле жалпы сот ишине нааразы болгон топтор да жүргөндүгү байкалууда.

Учурда Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту жаңы эле башталды. Сот иши ачык өтүүдө.

 
Categories

Бүгүн саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жана Садыр Жапаровдун соту болот

Бүгүн Жогорку Сотто  саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жана Садыр Жапаровдун соту болот. Буга байланыштуу “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана С.Жапаровдун жактоочулары Жогорку Соттун алдына чыгышып, нааразычылыктарын билдиришмекчи.

Алдын ала маалыматтарга караганда, “Ата Мекен” партиясы 6 миңдей адам алып чыгышарын маалымдашкан. С. Жапаровдун жактоочулары менен биригишип жалпысынан 10 миңдей адам митинге катышаары айтылып келет.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, аталган митингге экс-президент А. Атамбаев башчылык кылган КСДПнын айрым өкүлдөрү кошулары да маалымдалган.

 
Categories

“Республика” партиясы 13-мартта 10 миң адам катышкан митинг өткөрөт

Жаз жел аргысы менен саясаттын илеби келе баштады. Мындай дегенибиз, саясатчы Өмүрбек Бабановдун 13-апрелде Кыргызстанга келишине байланыштуу  “Республика” партиясы  тынчтык митингин өткөрүү ниети боюнча Бишкек мэриясына кат жөнөткөндүгү маалым болду.

Ал маалыматтарда митинг борбор шаар Бишкектин эски аянтында өтө тургандыгы, ага 10 миңдей адам катышары айтылат. Ошону менен катар эле ал катта коопсуздукту камсыз кылуу өтүнүчү да белгиленген.

Эске сала кетсек, кечээ Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга кайтып келүү үчүн самолетко билет сатып алганын интернетке жарыялаган болчу.

Ал эми мындан мурдараак УКМК Бабанов Кыргызстанга келчү болсо, мыйзам алдында жооп бериши керектигин кабарлаган.