Categories

Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан премьер-министр болуп бекитилген Садыр Жапаров Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 12-октябрда билдиргендей,  Өлкө ири саясий жана экономикалык реформалардын алдында турат деп билдирди С.Жапаров.

“Өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн стабилдүүлүктү сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар кадимкидей иштеши керек. Биздин алдыбызда турган милдеттер, анын ичинде мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана ишкердикти колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу кыска убакыттын ичинде чечилиши керек », – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде:

– күз-кыш мезгилинин туруктуу өтүшүн камсыз кылуу;

– коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү;

– бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууну уюштуруу;

– донордук уюмдар менен жолугушуу өткөрүү;

– социалдык төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу;

– салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;

– коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.
Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү Садыр Жапаров Өкмөт Аппаратынын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрдү

 
Categories

КР Премьер-министри Садыр Жапаровдун кайрылуусу.

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Бүгүн өлкөбүздө кырдаал кооптуу болуп турат. Себеби, жеке кызыкчылыгын көздөгөн топтор, жаш балдарга 2000 сомдон акча таратып, бүгүн, күндүзгү саат 13:00 гө Ала-Тоо аянтына элди топтоп, контрреволюция жасайбыз деген план түзүп жатышат.
Мисалы: Өмүрбек Бабановдун Жогорку Кенештеги депутаты Кенжебек Бокоев, кудасы Анарбек аттуу жаранга жана штаб жетекчиси Атакозуга, Таластан балдарды топтоп кел, акчасын берем деп жатат. Жогорку Кенештин депутаты, Бабановдун кан досу, Руслан Казакбаев, Улан Жээналиев аттуу жаш балага заказ берип, 30-40 бала топтоп кел деп, суранып жатат. Жогорку Кенештин депутаты Рыскелди Момбеков Камчыбек аттуу айылдаш агасына, Бишкектен жоро-жолдошторуңду алып чык, саат экиде биз ЖД вокзалдан, Бабановдор Азия Молдон, Атамбаевдер Форумдан, Алтынбек Сулайманов Кызыл Аскерден жөө жүрүш менен эл топтоп келип, Ала-Тоо аянтына топтолуп, Садыр Жараровду кан төгүү менен болсо да алмаштырабыз деп, план түзүп жатышат. Шылтоосу Садыр Жапаровду криминалдар да колдоп жатыптыр деген шылтоо экен.
Айланайын туугандар!
Бүгүнкү күнү мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн ким болсо да колдоого алса макул болот элем. Анткени стабилдүүлүк баарынан кымбат турат
Урматтуу аты аталган жана аталбаган туугандар! Эгер, бүгүн, ар кандай кандай баш аламандыктар болуп кетип, кан төгүлүүгө жол берилсе, анда ушул окуяга сиздер күнөөлүү болосуздар жана жоопко тартыласыздар.
Урматтуу жаштар!
Урматтуу туугандар!
Акча үчүн Мекениңдин келечегине балта чаппа!

Кыргыз Республикасынын премьер-министри
Жапаров Садыр Нуркожоевич
09.10.2020. 05:54

 
Categories

Каржы министри каражатты үнөмдөөгө чакырды

Кечээ өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын каржы Бактыгүл Жээнбаева бардык министрликтер менен ведомстволорду каражатты болушунча үнөмдөөгө чакырды.
Анын айтымында азыр бюджеттин тартыштыгы чоң.
Карыздарды төлө андан бетер оор болуп жатат.
Андыктан бюджеттин чыгашалары максималдуу кыскартылган.
Акча бүт бардык мекемелерге керек.
Бирок оор кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.