Categories

ЛОНДОН АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ЧЕЧИМИ. АКЫЛБЕК ЖАПАРОВДУН ПИКИРИ

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаруу чечими боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, ассоциациянын чечими күтүлгөн иш болчу. «Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес», — деп жазды ал.

Аны менен бирге Жапаров канадалык компания тараптан башка тоскоолдуктар жана «кыйынчылыктар» болушу мүмкүн экенин айтып, ал нерселер эске алынарын билдирди. Жапаровдун айтымында, бул санкциялардын аркасы менен өлкөбүзгө алтын резервдерин түзүүгө, зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө болот. Белгилей кетсек, Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясы «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаргандан кийин Кыргызстан алтынды дүйнөлүк баада сата албай турганы айтылууда.

 
Categories

Илязбек Балташев Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды

Балташев Илязбек Алтынбекович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

БАЛТАШЕВ Илязбек Алтынбекович

Өзү жөнүндө
маалымат
Туулган жылы, жери: 08.01.1983-ж. Жалал-Абад облусу, Ала-Бука
району Кош-Терек айылы.
Улуту: кыргыз.
Кесиби: Журналист.
Билими: Жогорку

Иш тажрыйбасы

2001-2003-ж. Мектепте башталгыч класстардын англис тили
мугалими.
2005-2006-ж. Жалал-Абад облустук мамлекеттик
телерадиокомпаниясынын «Жаштар» каналында жооптуу
редактор.
2007-2009-ж. КТРдин «Адилет», «Шок факт» программаларында
оператор-кабарчы.
2009-2010-ж. КР Коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук
агенттигинин басма сөз кызматында эксперт.
2011-2012-ж. КР Суу чарба жана Мелиорация боюнча мамлекеттик
комитетинде басма сөз катчысы.
2016-2017-ж. ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясында
жаңылыктар бөлүмүнүн кабарчысы, «Жума сереп» маалымат
аналитикалык программасынын редактору, алып баруучусу.
2017-жылдын май айынан сентябрына чейин SUPER.KG маалымат-
маанайшат порталында «Соңку кабар» рубрикасында кабарчы.
2017-2019-ж. New TV каналында «Патруль» программасынын
редактору, жаңылыктар бөлүмүндө продюсер, автордук
программалар бөлүмүндө редактор.

2020-ж. ЭлТР МТРК – Атайын кабарчы.

Үй-бүлөсү
абалы Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы.

 
Categories

С. Жапаров: Улукбек Кочкоров иштеп жатат.

КРдин Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 2-4 ноябрында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапар менен жүрөт. Иш сапардын алкагында облустагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышып, Баткен шаарынын борбордук стадионунда эл менен жолугушуу өткөрдү. Анда Баткен элинин көйгөйлөрү көтөрүлүп чек ара, экономика, социалдык жана башка ушул сыяктуу суроолоруна жооп берди.

Эл арасынан кадр дайындоо маселесинедеги узатылган дагы бир суроо: Бүгүнкү күндө татыктуу кызмат кылып келген өзүбүздүн азаматыбыздын кызматтан кетткени биз үчүн табышмак болду, мындай кадрларды өзүңүздүн командаңызга кошуп татыктуу иш алып барсаңыздар деген ойдомун, бул Кочкоров Улукбек Тойчубаевич-деп сөз узатты

“Кадр маселеси боюнча, кыргызда жакшы бир сөз бар “Бөдөнөнү сойсо да кассапчы сойсун” деген, Ал өзү билими боюнча Улуттук коопсуздук кызматкери болуп иштеш керек эле, биз аны Улуттук коопсуздук кызматына алып барып анын оордуна ошол тармакты тартып кете ала турган кызыбызды алып баралы дегенбиз. Бирок ал өтпөй калды, бүгүн Улукбек иштеп жатат, биз аны кетирип ийели же бул кадр көчөдө калсын деген жокпуз, сөзсүз андай жаш билимдүу прогрессивдүү кадырларды жумуш оорду менен камсыз кылабыз”-деди С. Жапаров

 
Categories

Артем Новиков: Салыктарды башкаруунун эски ыкмалары натыйжасыз гана болбостон, ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратууда

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынынын ишине катышты.

Биринчи вице-премьер-министр салык кызматы тарабынан болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча кабыл алынып жаткан күч-аракеттерге оң баасын берди, буга катар бир катар кемчиликтерди көрсөтүү менен салык кызматынын ишиндеги жакынкы мөөнөткө карай артыкчылыктарды белгиледи.

МСК «жазалоочу органдын» образынан кайтып, калк жана бизнес үчүн тейлөө көрсөтүүчү органга айланышы керек. Салык кызматын реформалоо салык администрациясын санариптештирүү, ошондой эле «Смарт Салым» салыктык башкаруунун санариптештирүү долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр менен өз-ара аракеттешүүнү электрондук аралыктагы форматка ыкчам өткөрүү  жолу аркылуу ишке ашырылат.

Өкмөт тараптан салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, салыктык текшерүү жана аппеляциялык арыздарды кароо функциясын аутсорсингге өткөрүп берүү, ошондой эле салыктык талаштар боюнча бейтарап сотторду түзүү боюнча чечимдер сунушталат. Бизнес салык орган кызматкерлеринин укук ченемсиз иш-аракеттеринен максималдуу түрдө корголушу керек. Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылга карай салыктык түшүүлөр жана камсыздандыруу мүчө төгүмү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча милдеттер толук көлөмдө ишке ашырылыш керек. Артем Новиков колдогу резервдерди аныктоо жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу зарылдыгын белгилеп, эки жумалык мөөнөттө тийиштүү иш-аракеттер планын киргизүү тапшырмасын койду.

Өкмөттүн жакынкы жылдарга бюджеттик процесстердин туруктуулугун камсыздоо боюнча биринчи кезектеги милдети белгиленди. Мамлекеттин учурдагы бардык чыгымдарын жабуу салыктык кирешелердин эсебинен ишке ашырылуусу тийиш. Ал эми тышкы жардамдар өлкө экономикасын өнүктүрүгө багытталышы абзел. Аталган милдет, биринчи кезекте салык кызматына жүктөлөт. Салыктарды башкаруунун эски ыкмалары натыйжасыз гана болбостон, ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратат.
Андан соң жогоруда белгиленген «Смарт Салым» долбоорун ишке ашыруу алкагында Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкек шаарындагы Биринчи Май жана Свердлов райондорунун салык органдарындагы  «Бирдиктүү терезе» модернизизацияланган тутумунун иши менен таанышты. Аталган тутум заманбап санариптик чечимдерди пайдалануу менен салык органдарынын жана салык төлөөчүлөрдүн өз-ара аракеттешүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн форматын камсыздоого багытталган.

Жыйынтыгында Артем Новиков аталган «Бирдиктүү терезе» тутумун республиканын бардык аймактарында жайылтуу зарылдыгын белгилеп, 2020-жылдын соңуна дейре салык төлөөчүлөрдү тейлөөчү бирдиктүү көп функционалдуу борборду ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

 
Categories

Кочкоров: “жумуштан өз каалоом менен кеткенимди” Интернеттен окудум

Улукбек Кочкоров кызматын тапшырганы жөнүндө кабарсыз болгонун билдирди. 29-октябрда Кочкоров “Фейсбуктагы” баракчасына видео кайрылуу таратып, акыркы кырдаал боюнча пикири менен бөлүшкөн:

“Менин өз каалоом, арызым менен жумуштан кеткеним жөнүндө сиздер сыяктуу эле мен да Интернеттен билдим. Бул – трагедия эмес. Мени өкүндүрүп, ойлондурганы Кыргызстандын бүгүнкү абалы. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан саясий, экономикалык, калктын жашоо деңгээли боюнча чоң коркунучта, туңгуюкка келди” – деди Кочкоров.

Ал өлкөдөгү айлык акы, жөлөкпулдарды көбөйтүү боюнча программа иштеп чыкканы менен мурдагы жана жаңы келген бийлик көңүл бурбаганын кошумчалаган.

Кочкоров өз тарапкерлерин дал ушул программанын айланасында биригүүгө чакырган.

Кочкоровдун өз каалоосу менен кызматтан кеткени ушул апта башында жарыяланган. Анын ордуна вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган Аида Исмаилова көрсөтүлүп, бирок парламент аны колдогон жок.

“Жаңы доор” саясий партиясынын лидери Улукбек Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылы октябрда дайындалган. Ал быйыл октябрдагы парламенттик шайлоого бийликчил “Биримдик” партиясынын тизмесинде катышкан.

 

 
Categories

БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын ИИМдин БМЖКККга автоунааларды берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү

2020-жылдын 29-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында БУУнун БКБнын балансынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын балансына автоунааларды өткөрүп берүү-кабыл алуу аземи болуп өттү.
Бул аземге Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Максат Мамытканов, БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин БМЖКККнын начальниги Бакыт Матмусаев жана башкармалыктын жетекчилери катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган автоунааларды жана жабдууларды өткөрүп берүүгө арналган салтанаттуу азем 2020-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Каниметовдун, Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси мырза Сигэки Маэданын жана БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы А. Селезневдун катышуусунда өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесине, АКШнын Өкмөтүнө жана Япониянын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү аракетине ыраазычылык билдирген.
Алардын биргелешкен аракеттеринин аркасында ИИМдин БМЖКККсы заманбап автоунааларга, жабдууларга жана аналитикалык борборго ээ болушту.
Аталган жабдуулар ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасын ишке ашырууда, ошондой эле баңгизаттарга байланыштуу кырдаалды жакшыртууда зор өбөлгө болот деп ишенерин белгиледи.
Андан соң министр У.Ниязбеков чыгып сүйлөп, донорлорго жана катышуучуларга ИИОнун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүсүндө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулаткандыгына терең ыраазычылыгын билдирди.
ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүнү гана эмес, бул багыттагы ишмердүүлүктү координациялоо боюнча да жүктөлгөн милдеттерди аткарып келет.
БМЖККК жана ИИОнун түзүмдүк бөлүктөрү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча 99 пайыз кылмыштын бетин ачып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 95 пайыздан ашуун баңгизаттарды алган.
Бул ИИМдин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү өзгөчө ролун белгилөө менен, дайыма дүйнөлүк коомдоштук жана эл аралык уюмдар тарабынан колдоого муктаж экендигин көрсөтөт.
Ошону менен бирге, У. Ниязбеков мындай колдоого арыызычылык билдирип, кабыл алынган жардам иретиндеги жабдуулар максатка ылайык жана натыйжалуу колдонуларын айтып өттү.
«Кыргыз Республикасындагы баңгизаттарды көзөмөлдөө чараларын бекемдөө» долбоору БУУнун БКБнын Борбордук Азия мамлекеттери үчүн 2015-2020-жылдарга Программасынын «1. Улуттар аралык уюшулган кылмыштуулук, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана террорчулукту алдын алуу программачасынын» алкагында ишке ашырылат.
Долбоордун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки компетенттүү органынын – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек камсыздоо жана медициналык техника департаментинин дараметтерин бекемдөө жолу менен баңгизаттарды контролдоо боюнча улуттук режимди камсыздоо боюнча аракетине ар тараптуу колдоо көрсөтүү.
Долбоорду ишке ашыруу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
1. Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча чөйрөсүндө мыйзамдарын жакшыртуу.
Кыргыз Республикасынын «Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана алардын окшоштору жана прекурсорлору жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору иштелип чыккан, долбоордун эсебинен 3 эл аралык эксперт Украинадан, Казакстандан жана Грузиядан тартылып, 3 тегерек стол өткөрүлгөн, азыркы учурда мыйзамдын долбооруна коомдук талкуу жүргүзүлүүдө.
2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын материалдык-техникалык базасын жана кадрлык дараметин чыңдоо.
Долбоордун алкагында БМЖКККнын Талас жана Жалал-Абад облустарынын башкармалыктары үчүн административдик имараттарды, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жергесине БМЖКККнын таяныч пунктун куруу мерчемделген.
Ошондой эле аталган багытта Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын муктаждыктарына 10 автоунаа, компьютердик жана тармактык жабдуулар жалпы 19 млн. 572 миң сом суммасына сатылып алынган. Кадрлык дараметти жогорулатуу алкагында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери үчүн 8 семинар-тренинг өткөрүлгөн.
Салтанат аземи автоунааларды берүү актысына кол коюу менен аяктады.

БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын ИИМдин БМЖКККга автоунааларды берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын ИИМдин БМЖКККга автоунааларды берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын ИИМдин БМЖКККга автоунааларды берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

 
Categories

ЖКда Садыр Жапаров жетектеген өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеште премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү.

Бүгүн социалдык маселелер боюнча вице катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элвира Сурабалдиева ант берди. Ал мандатын 27-октябрда тапшырганы белгилүү болгон. 28-октябрда өкмөт башчы Сурабалдиеванын талапкерлигин вицеликке сунуш кылып, депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Буга чейин вицелик кызматты аркалап келген  Аида Исмаилова 27-октябрда кызмат ордун тапшырган болчу . Бүгүн ал эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунуш кылынып, бирок парламенттин колдоосуна ээ боло алган жок. Бул министрлик орунга жаңы талапкер сунуштала элек.

Парламентте өкмөт башчысы Садыр Жапаров, анын жогоруда аты аталган төрт орун басары менен кошо төмөнкү жетекчилер ант беришти:

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев, финансы министри Кыялбек Мукашев, транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов.

Ант берүүгө тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышкан жок. Муну премьер-министр Жапаров министрдин Казакстанга иш сапарга кеткени менен түшүндүрдү.

 
Categories

Тилек Токтогазиев министр болду

  • Жогорку Кеңеш Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды
 21-10-2020 19:14

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги сунушталды. Аны бул кызматка президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров көрсөткөн.

Эл өкүлдөр айыл чарбасын көтөрүү боюнча Тилек Токтогазиевдин пландарына, тажрыйбасына кызыгышты. Депутат Үмбөталы Кыдыралиев “Сиз мурда мамлекеттик кызматта иштеген белеңиз?” деген суроо берди.  Тилек Токтогазиев бул суроого жооп берип жатып ТИМде тажрыйбадан өткөнүн айтты. Ошондой эле айыл чарба министрлиги менен бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырганын кошумчалады.  Учурда ИДПда айыл чарбасынын көлөмү 10%га да жетпей калганын белгилеп, депутат Үмбөталы Кыдыралиев  ушул оор тармакты өнүктүрүү боюнча кандай кадам жасай турганын сурады.  Тилек Токтогазиев айыл чарбасына жаңы технологияларды алып келүү, майда чарбаларды бириктирүү, тармакты санариптештирүү, тышкы рынокко чыгуу жана дыйкандардын кирешесин жогорулатуу максаты бар экенине токтолду.

Бир катар депутаттар мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок экенине карабай, реформа кылам деген демилгелүү жаштарга мүмкүнчүлүк берүү зарыл деген пикирлерин билдиришти.

Талкуу жыйынтыгында парламент Тилек Токтогазиевди Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине дайындоого макулдугун берип, атайын токтом кабыл алды.

Буга чейин аталган талапкерди Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери колдогон.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, дайындалды:

— Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;

— Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Исмаилова  Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;

— Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;

— Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;

— Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;

— Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;

— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;

— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына.

2020-жыл 14-октябрь
 
Categories

Саясатчылар элди ойлойбу?..

Соңку күндөрү өлкөбүздө саясат жогорку чыңалууда турат.
Парламенттик шайлоону ыплас мыйзам бузуулар менен өткөргөн бийлик эл тарабынан жарым жартылай жазаланды.
Мындай дегеним президент Сооронбай Жээнбеков Акүйдөн куулганы менен дачасына жашынып иштеп жатат.
Өлкөбүздөгү кырдаал турукташып, баары мыйзам талаасына түшкөндө кызматымдан кетем деген президентти айрым саясатчылар менен жакын адамдары айткан сөзүнөн кайтууга үндөп жатат.
Эгер андай болсо анын кесепети канчалык кайгылуу жана өкүнүчтүү болоорун президент сезбей жатса анда чын эле абдан кейиштүү.
Кечээ Канат Исаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлоого жетишкен президент жана анын жан жөкөрлөрү кайра күчтөнүп баштадык дешсе чоң жаңылышат.
Парламенттен премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаровго жарлык чыгаруудан баш тартып, артка кайтаруусу чоң чырдын башталышына жол ачпаса болду.
Анткен менен президенттин антип артка кайтарууга укугу жок. Баш мыйзамда андай норма каралбаган.
Баш мыйзамда президент дайындайт же дайындабайт деген эле так эреже бар.
Үч күн ичинде президент кол койбосо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелип өкмөт иштей берет.
Демек Садыр Жапаровдун өкмөтү мыйзамга ылайык ишке киришти.
Демек президент жаңы эреже тапты.
Ушундан улам президент кырдаалды турукташтырмак түгүл кайра курчутууга жол ачты.
Өкүнүчтүү…
Анткени элдин маанайы такыр башка.
Жээнбековдун эл арасындагы кадыр баркы төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.
Демек анын мындан ары өлкөнү башкарууга такыр моралдык укугу калбады.
Ал азыр жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп коюуп кетем деген ойго келди.
Өткөн парламенттик шайлоону дал ушул президент таза, ачык өткөрө албай шерменде болдуго.
Анан эми кантип кайра шайлоо өткөрүүгө укуктуу болмок.
Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан борбордук аянтка чогулууда.
Кайрадан кооптуу абал жаралууда.
Саясатчылар бир пикирге келип, бардык саясий оюндарды токтотпосоңор болбойт.
Элди кыйнабагыла!
Элдин жашоосун, өлкөнүн экономикалык абалын ойлонгула!
Ансыз да көйгөйлөр өтө көп…