Categories

Россияга Кыргызстандын паспорту менен келген коңшу өлкөнүн адамдары да көп

Мындай маалымат Вице-спикер Аида Касымалиева баштаган депутаттар Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууда айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматтарга караганда, жашоонун айынан аргасыз Россиянын граждандыгын алган мигранттар Кыргызстанга келгенде жер, турак-үй же башка нерселерди сатып алууга укуксуз. Ошону менен бирге эле Кыргызстанда 3 ай сайын каттоодон өтүүгө мажбур болушат экен. Россияда жашаган мигранттардын балдары кыргызча билбей чоңоюп жатышканы да өзүнчө бир көйгөй катары белгиленди. Ошол эле балдарды медициналык камсыздандыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу болсо деген тилектери да бар экен. Анан дагы Кыргызстанга акча которууну чектеп коюшканын да айтып өтүштү. Ошону менен бирге эле Кыргызстандын паспорту менен келген коңшу өлкөнүн адамдары да көп болуп жатканы белгилүү болду.

Мигранттардын оюн уккан депутаттар Россиянын граждандыгын алган мекендештерибизге өз мекенинде бардык укуктарга ээ болсун деген максатта бир катар мыйзам актларына өзгөртүү киргизүү сунушталып, атайын «Мекен карт» берүү аракети көрүлүп жатканын айтып беришти. «Мекен карт» алган мигрант шайлоо жана шайлануудан башка бардык укуктарга ээ болот экен. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүптүр. Эл депутаттары ошону менен бирге эле кыргыз өкмөтү тарабынан да кыргыз мигранттарынын абалын жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүп жатканы туурасында айтып беришти.

Санкт-Петербургадагы кыргыз мигранттары өздөрү демилге көтөрүп, Чыңгыз Айтматовдун эстелигин коюу аракетин көрүп жатышкан. Эстелик коюуга чоң суммадагы каражат жумшалгандыктан өкмөт да кол кабыш кылса деген ойлорун жеткирүүнү өтүнүч кылышты.

 
Categories

Кара – Кулжа районунда 1264 окуучунун ата-энеси миграцияда жүрөт

Кара-Кулжа районунда быйыл 32 зордук-зомбулук катталган. Ал эми 2019-жылдын 9 айында 2 кыз ала качуу болгон. Ушу тапта райондо 1264 окуучунун ата-энеси сырткы өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Бул маалыматты Кара – Кулжа районунда Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын кезектеги жыйынында райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдурасул Абдыкадыров айтты.

Жыйында депутаттар Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган үй бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо, кыз ала качууга каршы күрөшүү, жергиликтүү кеңештерде 30 пайыздык гендердик квотанын сакталышы тууралуу мыйзамдардын аткарылышы боюнча тийиштүү кызмат адамдарынан маалымат алышты.

 

 

 
Categories

Биринчи жарым жылдыкта Кыргыз эмгек мигранттары Россиядан 935 млн. доллар которгон

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында Россиядагы Өзбекстандык эмгек мигранттары 2 млрд. АКШ долларын өз мекенине которушкан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырганда 200 млн. долларга көп.

Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын маалыматында айтылат.

Ал эми Тажик эмгек мигранттары 1,1 млрд. доллар, үчүнчү орунда Кыргызстан 935 млн. доллар которгон.

 
Categories

Ислам Каримов эмгек мигранттарын “даңгезелер” десе, Шавкат Мирзиёев туура түшүндү

Мындан бир топ жыл илгери, тактап айтканда Ислам Каримовдун учурунда Өзбекстандан Россияга барып, эмгек мигрант болуу бир топ оорчулукту жаратчу. Маркум Ислам Абдуганиевич Россияда иштеп, жашап жатышкан Өзбекстандык эмгек мигранттарын “даңгезелер” деп атаганы маалым.

Андан кийин президенттик кызматка келген  Шавкат Мирзиёев Россияга бара жаткан өзбек жарандары Казакстанда авто кырсыкка кабылганда “Биз бийлик өз жарандарыбызды жумуш менен камсыз кыла албай жатканыбыздын себеби, ушундай кырсыктарга түртүүдө. Муну моюнга алышыбыз керек ” – деп, жашыганы бар.

Ал эми азыркы маалыматтарга таянсак, акыркы үч жылдын ичинде Өзбекстандан Россияга эмгек мигранттарынын саны өскөн. 2017-жылы Россияда 1,9 млн. киши барып иштешсе, 2018-жылы бул көрсөткүч 2 млн. го жеткен. 2019 жылдын 1- июлундагы стат маалыматтарга караганда, 2,1 млн. адамга жеткен.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков: Акыркы он жылда  эмгек мигранттары 19 млрд. АКШ долларынан ашык каражат жөнөтүшкөн

«Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору», — деп баса белгиледи  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында.

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Акыркы он жылда Кыргызстанга  эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. АКШ долларынан ашык каражат жөнөтүлгөн. Салыштырып кетсем, ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөбүздүн экспортунун көлөмү 18 млрд. АКШ долларын түзгөн.

Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. АКШ долларын түздү. Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан дагы жогору.

Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы жана  башка тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда. Сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди. Алардын балдарынын билим алуусуна, үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка муктаждыктарына жумшалууда”, -деди.

Президент мындан сырткары акыркы убакта мекендештерибиз аймактардын өнүгүүсүнө инвестиция салууда. Кичи мекениндеги социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштагандыктарына токтолду.

 
Categories

Өлкөбүзгө жашоо үчүн 1,7 миң адам келип, 7,1 миң адам чыгып кеткен

Республикада 2018-жылы мурдагыдай эле келгендердин санына караганда башка жакка туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткендердин саны көп экендиги байкалган. Бул тууралуу Улуттук стат комитети билдирди.

2018-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 1,7 миң адам келген, ал эми 7,1 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. Калктын миграциялык агымы  -5,4 миң адамды түздү. 2017-жылы 2,0 миң адам келген, 5,9 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен, калктын миграциялык агымы  -3,9 миң адамды түзгөн. Натыйжада, миграциялык баланс 1,4 эсеге көбөйгөн.

Ошентип, 2018-жылы ресупбликадан туруктуу жашоо үчүн кеткен өлкөнүн калкынын эмиграциясы көбөйгөн. Мурдагыдай эле Россия жана Казакстанга көп кетишкен.

Чыгып кеткендер Чүй облусунда 1000 адамга 2,3 адам белгиленди.

2018-жылы эмигранттарды этникалык топторго бөлгөндө: орустар – 37 пайыз, кыргыздар – 30 пайыз, өзбектер – 15 пайыз, украиндер – 3 пайыз жана татарлар – 2 пайыз.

 
Categories

Кыргызстанда мыйзамсыз миграция күчөп жатат

Мындай пикирин депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат Махабат Мавлянова:  Өкмөт, эл мыйзамсыз миграция менен күрөшүп келе жатат. Бирок, мыйзамсыз миграцияны мыйзамдаштырып алган учурлар да арбын. Тышкы эмгек миграциясы жыл сайын тышкы эмгек мигранттарына квота бөлүп берет.

Ошол квота жылдан жылга көбөйүп бара жатат. 2015 –жылы 5720 кишиге берилген, 2016 – жылы 9380, 2017-жылы 11460, 2018-жылы 14 миңден ашкан. Ошол кезде кимдерге берип жатат? Жыл сайын Жоопкерчилиги чектелген ишканаларга жана жеке жактарга берилет. Ушундай ишканалардын бирине өткөн жылы 282 кишиге берилген. Бирок, алар соцфондго  30 кишиге гана каражат которгон. Келген мигранттар Кыргызстанга тарап кетишкен да ал ишканада иштешкен эмес.

 
Categories

Жээнбеков Германиядагы мекендештер менен жолугушту (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен Мнюxен шаарында жолугушту. 

Мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

Германиядагы мекендештер Мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Мекендештердин суроолоруна Жээнбеков, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Германиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев, КР экономика министри Олег Панкратов жооп берди.

Жээнбеков Германиядагы мекендештер менен жолугушту (сүрөт) Жээнбеков Германиядагы мекендештер менен жолугушту (сүрөт) Жээнбеков Германиядагы мекендештер менен жолугушту (сүрөт) Жээнбеков Германиядагы мекендештер менен жолугушту (сүрөт) Жээнбеков Германиядагы мекендештер менен жолугушту (сүрөт)

 

 
Categories

Якутиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына таасирин тийгизбейт

Якутиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу маалымат Саха (Якутия) республикасынын расмий сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, кечээ Якутиянын башчысы Айсен Николаев мигранттарга 30дан ашык тармакта иштөөгө тыюу салган буйрукка кол койгон. Бирок ал чектөөлөр Кыргызстан менен ЕАЭСтин жарандарына тиешеси жоктугу маалымдалды.

 “Бул буйруктун акыркы кыргыз жарандарына каршы митингге тиешеси жок. Бул 2018-жылдан бери даярдалып келе жаткан документ”, — дейт Саха республикасынын өкмөтү.

 
Categories

Россиядагы Кыргызстандын жарандарына “миграциялык мунапыс” жарыяланды

Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин жергебизге боло турган мамлекеттик сапарына карата Кыргызстандын жарандарына  “миграциялык мунапыс” жарыялоо чечимин кабыл алынгандыгын  Россиядагы кыргыз элчилиги билдирди.

“Миграциялык мунапыс” мезгилинде Россиянын аймагында миграциялык мыйзам бузуулары менен жүргөн Кыргызстандын жарандарына 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда административдик жоопко тартылбастан кирүүгө укук берилет.

Ошондой эле кыргыз элчилиги миграциялык майда мыйзам бузуулары бар жарандарды жогоруда белгиленген мөөнөттүн ичинде “миграциялык мунапыстан” пайдаланып алууга чакырат.

Толугураак маалымат алуу үчүн элчиликтин ыкчам байланыш тел. + 925 103 29 11 кайрылсаңыздар болот.