Categories

Өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Ашырбек Темирбаев көз жумду

Бүгүн,16-июлда Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев дүйнөдөн кайтты.  Бул туурасында анын кесиптештери билдирди.

Ал борбор шаарыбыздагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.

Темирбаев Ашырбек Мойдунович –1952-жылы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Билими жогору. 1975-жылы кен инженери адистиги боюнча Фрунзедеги политехникалык институтту, 1990-жылы Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти, 1997-жылы юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүткөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1973-1973-жж. – Челябинск облусундагы Бакал шахта башкармасы, өткөөлчүнүн жардамчысы

1974-1974-жж. – Кемеров облусундагы Дзержинский атындагы шахта, өткөөлчүнүн окуучусу

1975-1980-жж. – “Таш-Көмүр” шахта башкармасы, өткөөлчү, кен мастери, участоктун начальнигинин орун басары

1980-1980-жж. – Таш-Көмүр” шахта башкармасынын комсомол комитетинин секретары

1980-1984-жж. – Кыргазстан КПнын Таш-Көмүр шааркому, өнөр жай бөлүмүнүн башчысы

1984-1987-жж. – Кыргызстан Компартиясынын БК, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору

1987-1987-жж. – Кыргызстан Компартиясынын БК, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору

1987-1991-жж. – Кыргызстан Компартиясынын БК экинчи секретарынын жардамчысы

1991-1991-жж. – Кыргызстан КПнын Таш-көмүр шааркомунун биринчи секретары

1991-1991-жж. – Таш-Көмүр шаар кеңеши, төраганын орун басары

1991-1993-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети, Төраганын жардамчысы

1993-1995-жж. – КР Жогорку Кеңешинин Президиуму, Аппарат жетекчиси

1995-1996-жж. – КР Жогорку Кеңеши, Аппарат жетекчиси

1996-2005-жж. – КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Аппарат жетекчиси

2005-2008-жж. – КР Жогорку Кеңеши, Аппарат жетекчиси

2009-2009-жж. – КР Өкмөтүнүн Аппараты, Жетекчинин орун басары

2009-2011-жж. – КР Өкмөтүнүн КР ЖКдагы Өкүлчүлүгү, Өкүлдүн орун басары

2011-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Иш башкаруучу

07.09.2012-ж. – КР Өкмөтүнүн КР Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангында

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

Сыйлыктары: «Манас-1000» юбилейлик медалы, «Даңк» медалы, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы.

 
Categories

Азияда чочко оорусу жайылып жатат

Кытайда миллионго жакын чочко кырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Малыматка ылайык, Азия өлкөлөрүндө өтө кооптуу чочко ылаңы жайылып жатат.

Айрым эксперттер эпидемиялык кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертишти.

Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча эл аралык уюм 20-июнда Вьетнамда 2,6 миллион чочко жок кылынганын билдирди. Илдет Лаос, Гонконг, Тайван, Түндүк Корея, Камбожа жана Монголияда да катталган.

 
Categories

Ошто алгачкы жолу мээге скальпелсиз операция жасалды.

Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында Казакстандын «Борбордук клиникалык ооруканасы» акцонердик коомунун Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчилери менен мээге «Ювелирдик» жогорку технологиялык скальпелсиз операция жасалды. Бул тууралуу аталган оорукананын маалымат бөлүмү билдирди.

Операция 2001-жылы туулган бейтапка жасалган. Бейтап мээнин тубаса артериялык мальформация оорусу менен ооруган.

Жасалган операция жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүлгөн категорияга кирип, кесилбей ишке ашырылган.

Казакстандан келген  дарыгер Мыңжылкы Бердихожаев билдиргендей, Казакстанда аталган операция 11 жылдан бери ишке ашырылып келет. Ошто да бул операция туруктуу негизде ишке ашырыла турганына үмүттөнөрүн билдирди. Мындан сырткары, мамлекеттин колдоосу болуш керектигин кошумчалады.

Мыңжылкы Бердихожаев ошондой эле, операциянын тобокелдиктерди бар экенине токтолуп, бирок оорунун коркунучу операциянын коркунучуна караганда, ар дайым жогору боло тургандыгын белгиледи.

 
Categories

Табып Ашым Зайналиев камакка алынды

Элдик табып Ашым Зайналиев камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ашым Зайналиевдин табыпчылык ишине байланышкан чуу   бир нече жылдардан бери эле көтөрүлүп келе жактандыгы белгилүү. Буга чейин  мыйзамсыз дарыгерликти жүргүзүп келгендиги үчүн кылмыш иши эки ирет козголуп, белгисиз себептердин негизинде кайра жабылгандыгы айтылып келген эле.

Атайын маалыматтарга караганда, учурда аталган дарыгердин колунда 19 бейтап дарыланып жатканы белгилүү болгон.

Ашым Зайналиевдин президенттин атына кат жазгандыгы да белгилүү болууда.

 
Categories

Ош облустук балдар ооруканасы заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылды

Ош облустар аралык балдар ооруканасынын жаңы медициналык техникалар  менен камсыздалды. Бул тууралуу Newtv.kg порталына өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн  басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу маалымдады.

Маалыматта, аталган клиникалык ооруканага заманбап медициналык жабдуулар менен шаймандар “Сорос Кыргызстан” эл аралык фонду тарабынан берилген.

Облустук балдар ооруканасында жылына 20 миңден ашуун бала даарыланып чыгат. Мындай медициналык аппараттар даарыгерлердин ишин жеңилдетип, паллиативдүү жардамга муктаж болгон балдардын ден- соолугун чыңдоосуна чоң өбөлгө түзөт.

 

 
Categories

Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөөнү кимдер бекер ала алат?

Бишкек шаарында тобокелдик тобунда турган адамдарды сасык тумоого каршы акысыз эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жалпысынан А жана В тибиндеги сасык тумоого каршы 15 миң доза вакцина алынып келип, саламаттыкты сактоо уюмдарына таратылды.

Вакцинанын өлчөмү тургундардын баарына жетпегендиктен, акысыз эмдөө -медицина кызматкерлерине, тез-тез ооруган балдарга, өнөкөт дартты алып жүрүүчүлөргө, интернат тарбиялануучуларына жана кош бойлууларга гана жүргүзүлөт.  Бул топтогу адамдар ийне сайдыруу үчүн каттоосуна карап, Бишкектеги үй-бүлөлүк медициналык борборлорго кайрылса болот.

Калган тургундар акы төлөп, эмдөөдөн өтө алат. Бирок акылуу эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бир да жеке клиника Саламаттыктык сактоо министрлигинен уруксат ала элек.

 

 
Categories

Нобель сыйлыгына татыктуу болгон даарыгерлер

Иммунолог дарыгерлер – америкалык Жеймс Эллисон менен жапониялык Тасуку Хонжо Нобель сыйлыгынын медицина жана физиология тармагы боюнча жеңүүчүлөрү болуп табылды. Стокгольмдогу Каролин институтунун Нобель комитети жарыялагандай, аларга бул сыйлык ракты (өсмөнү) дарылоодогу жаңы ыкмасы үчүн ыйгарылды.

Тасуку Хонжо 1942-жылы Жапонияда туулган, 1988-жылдан бери Киото университетинин профессору. 1948-жылы туулган Жеймс Эллисон Хьюстон университетинде иштейт.

Сыйлыкка кошуп бериле турган 1 миллион доллар каражатты эки окумуштуу бөлүп алат.

1901-жылы Швецияда Нобель сыйлыгы ыйгарыла баштагандан бери келаткан салтка ылайык, медицина жана физиология тармагындагы илимий ачылыштардын лауреаттары биринчи болуп жарыяланган.

Башка тармактар боюнча 2018-жылдагы Нобель сыйлыгын тапшыруу да ушул жумада уланат. Нобелдин физика боюнча жеңүүчүсү 2-октябрда, химия боюнча жеңүүчүсү 3-октябрда белгилүү болот. Ал эми тынчтык сыйлыгы 5-октябрда жана экономика боюнча сыйлыгы 8-октябрда ыйгарылат. Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы быйыл ыйгарылбайт.

 
Categories

Үй-бүлөлүк медайымдардын маянасы 1-октябрдан тарта 15 пайызга көбөйдү

Үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик акушердик пункттун орто медициналык персоналынын айлык акылары 1-октябрдан тарта 15 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, медайымдардын негизги маянасы 4 миң 300 сомду түзөт.

“Тажрыйбасы жок дарыгерлер үчүн жана 30 жылдан көп тажрыйбасы бар медайымдарга кошумча төлөм 20 пайызды түзөт. 30 жылга чейин тажрыйбасы бар дарыгерлер 30 пайыз кошумча төлөм алышат. Тажрыйбасы жок медициналык персоналга 10 пайыз, орточо тажрыйбасы барларга 30 пайыз, чоң тажрыйбага ээ дарыгерлерге 50 пайыз кошумча берилет. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге кошумча төлөм кепилденген айлык акыдан 15 пайызды түзөт – 645 сом”, – деди ал.

Министрдин айтымында, жыйынтыгында кепилденген айлык акы эң көп тажрыйбасы бар дарыгерлерге 11 миң 933 сом, орточо тажрыйбага ээ дарыгерлерге 8 миң 815 сом, минималдуу тажрыйбасы бар дарыгерлерге 7 миң 525 сомду түзөт

 
Categories

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, өлкөбүздө жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 429га жеткен. Бейтаптардын көбү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары.

Бул оору менен көбүнчө кызамыкка каршы эмделбеген жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен 5-6жаш арасындагы наристелер жабыркоодо. Себеби сасык тумоо болгондо ооруканага даарыланууга жатып,ошол жактан жуктуруп алышууда.

Учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарга толуп калган. Аталган орукана 400 адамга ылайыкталган. Учурда бейтапканага жаткырылгандардын саны 470ке жетип калган. Мындан улам аларга коридорлордо жатып дарыланууда.

Быйылкы жылы Кыргызстанга кызылчага каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 30 миң доза вакцина алынган.

Эске салсак, 2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган.

 

 

 
Categories

Европада калктын 12 пайызы жүрөк пристубунан улам көз жумат

Европада статистика боюнча алып караганда калктын 12 пайызы жүрөк пристубунан улам каза болору аныкталды. Бул  “29 –  сентябрь дүйнөлүк жүрөк күнүнөн” улам 

жарыяланган.

Жүрөк пристубунан эң көп киши каза болгон  өлкө Литва болуп андан кийин Латвия жана Словакия турат. Бир тараптан жүрөк пристубу 6пайызды түзүп эң аз катталган  өлкөлөр  Франция жана Нидерландия болду. 

Маалыматта Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө жүрөк пристубунан каза болгон эркектердин саны аялдарга караганда дагы жогору экендигин көрсөттү.

Жүрөк пристубу болгон эркектердин 53 пайызы каза болсо, бул көрсөткүч аялдарда 47 пайызды түзөт.