Categories

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Бишкек шаардык прокуратурасы 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органынын расмий сайтында кабарлангандай тергѳѳ ишин жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылды. 5-апрелде Айзаданы үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди.

Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

 
Categories

АЙЗАДАНЫ УУРДАП, ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН МУРДА СОТТОЛГОН

Бишкекте уурдалып, кийин Чүй облусунан сөөгү табылган кызды өлтүрүүгө шектүү адам мурда Орусияда соттолуп чыккан деген маалымат бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев 8-апрелдеги брифингде билдирди.

“Шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиядан 2017-жылы келген. Инисинин сөзү боюнча, ал Орусияда кылмышка соттолуп алты жарым жыл отуруп чыккан. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Кыргызстанга келгенден кийин такси айдап, машиненин ичинде жашап-түнөп келген. Бул – туугандарынын айтымы. Маалымат текшерилип жатат”, – деди Айтпаев.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Шаардык ички иштер башкармалыгы аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгонун кабарлаган.

 

 
Categories

ТИМ КЫЗМАТКЕРИНИН ӨЛҮМҮ: САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ ҮН КАТТЫ

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмүнөн кийин социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтардан улам Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги расмий билдирүү таратты. Ага ылайык, маркумдун сөөгүн карап чыгуу учурунда ийин жагынан эмдөө учурунда сайылчу ийненин изи табылган эмес.

“Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин табышкан жок. Акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болот”, – деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле министрлик маркумдун аты эмделгендердин тизмесинен табылбаганын кошумчалады.

“Планга ылайык, вакцинаны алгачкы этапта медиктер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер алышы керек. Дипломатиялык түзүмдөрдүн кызматкерлери бул топко кирбейт”, – деп түшүндүрүштү ведомстводон.

ске сала кетсек, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.

 
Categories

ӨЗГӨНДӨ ОКТОН ЭКИ КИШИ КАЗА БОЛДУ

19-мартка караган түнү Өзгөн шаарында автоунаада бараткан кишилерге куралдуу кол салуу катталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Анда айтылгандай, окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч кишиге таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз адамдар ок чыгарган.

Кол салуудан улам 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. 31 жаштагы дагы бир жарандын абалы оор. Жабырлануучу Өзгөн райондук аймактык ооруканасында жатат.

Кылмышка шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Аларга издөө жарыяланды. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

 
Categories

АКСЫДАГЫ УУЛАНУУ: ҮЧ КИШИ КАЗА БОЛДУ

Аксы районунун Кара-Суу айылында уулануудан үч адам каза болду. Төртүнчүсү оор абалда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалыматка караганда, жарандар 4-мартка караган түнү дарыгерлерге кайрылган. Үчөө Аксы райондук ооруканасына бара жаткан жолдо үзүлгөн. Алардын эмнеден ууланганы такталууда.

Райондук ички иштер бөлүмү уулануу фактысын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

 
Categories

ЖК ДЕПУТАТЫ А. АКМАТОВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын мүчөсү, депутат Алмазбек Акматов 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркум оорудан улам көз жумганын фракция лидери Алтынбек Сулайманов ырастады.

Акматов 1964-жылы Нарын облусунда туулган. Ал президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында эмгектенген. Эмгек жолун 1986-1991-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө ар кыл кызматтарда иштеп баштаган. 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Былтыр парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясы менен катышкан. Маркумдун артында беш баласы калды.

 
Categories

САХНА ЖАНА ТЕАТР ЖЫЛДЫЗЫ МЕНЕН КОШТОШУУ

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Коштошуу зыйнатына президенттик жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлери, бир катар мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, маданият ишмерлери, анын жакындары жана санаалаштары катышты.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун көңүл айтуу катын президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев окуду. “Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. Жамал апабыз улуу актриса катары калкка эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кайталангыс талантка чет элдик режиссёрлор да өз баасын берип келген. Сахна жана театр жылдызы Жамал Сейдакматованын жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, – деген президент өз кайрылуусунда.

Кыргыз Маданиятында опол тоодой орду бар актриса 16-февралга караган түнү катуу оорудан каза болду.

 
Categories

ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА ДҮЙНӨ САЛДЫ

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлады. Сейдакматова 16-февраль түнкү саат үчтө көз жумган. Кыргыз кино жана театр өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдүн Темировка айылында туулган. Кыргыз ССРнин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан. Сейдакматовага экинчи даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган. “Туңгуч” театрынын негиздөөчүсү Жамал Сейдакматова Совет доорунан бери кинодо жана театрда ондогон ролдору менен элге таанылган.

 
Categories

КЫРГЫЗ ЭЛ АКЫНЫ Р. РЫСКУЛОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты Кыргызстандын Жазуучулар бирикмесинин басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, акын көптөн бери ооруп жүргөн. Акыркы күндөрдө Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. Өмүрүнүн көп учурун чыгармачылыкка жумшаган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен басылып чыккан. Рамис Рыскулов кыргыз адабиятына жаңычыл акын катары кирип, поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген. Ал чет элдик акындардын ырларын кыргызчага которгон. Рыскулов сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенип келген.

 
Categories

ТЫЛДАГЫ ООРУКАНАЛАРДАН ЫСЫМДАР

Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновго Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Свердлов облусуна эвакуацияланган ооруканаларда курман болгон Кызыл Армия аскерлеринин ысымдары такталып, толукталган жыйнакты тапшырды.

Ооруканаларда курман болуп, Свердлов облусунда жерге берилген жоокерлердин архивдик материалдарынын арасынан, Кыргыз ССРинин атуулдары жөнүндө маалыматтар табылган, алардын айрымдары дагы эле дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болушу мүмкүн.

Жыйнак «Тылдагы ооруканалардан ысымдар» аттуу биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында Свердлов облустук жаштар коомдук уюму «Возвращение» («Кайтуу») патриоттук отряддарынын ассоциациясы» жана Свердлов облустук аскер комиссариаты тарабынан басылып чыккан. Долбоордун максаты Кызыл Армиянын аскер кызматчыларынын жеке маалыматтарын калыбына келтирүү, алардын ысымдарын аскер көрүстөндөрүндө жана обелисктердин тизмелеринде мындан ары түбөлүккө калтыруу болгон.

Архивдик материалдарды издеп табып, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында ушул жыйнакты басып чыгаргандыгы үчүн Башкы консулдук жогорудагы уюмдарга терең ыраазычылыгын билдирет.

Маалымат үчүн: Свердлов облусунда Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 161 эвакуациялык ооруканалар жайгаштырылган, алардын 49у Свердловск шаарында, 112си облустун башка шаарларында болгон. Свердловск ооруканаларында эң татаал операциялар жасалып, согуш фронтторунда эң оор жаракаттарды алган аскер кызматчылары ушул жерге жөнөтүлүп турган.

«Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Свердловск ооруканаларында дарылангандардын көпчүлүгү куткарылып, алардын дээрлик жарымы фронтко кайтып кетишкен. Бирок баардык эле жоокерлер операциядан жана дарылоодон кийин деле калыбына келе алышпай, Свердловдун көрүстөндөрүндө түбөлүккө калып кетишкен» – деп жазат «Возвращение» («Кайтуу») ассоциациясынын» кызматкерлери.

Жыйнактын маалыматтарына ылайык, Кыргызстандык жоокерлердин ысымдары жана фамилиялары, ошондой эле шаарлардын, райондордун жана айылдардын аттары төмөндө келтирилген. Көрсөтүлгөн маалымат тактоону талап кылат, анткени жыйнакты басып чыгарууда эски архивдик материалдар колдонулгандыктан, так эмес маалыматтар орун алышы мүмкүн.

Бул жыйнак Свердлов жеринде жаткан жоокерлердин жана офицерлердин туугандарын издөөнү улантуу жана аларды кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.

                        № п/пФИО,

Год рождения

Звание, должность,

в/ч

Место рожденияДата и место призываКогда поступилДата смертиМесто захороненияПричина выбытияДанные родственников
1Абакиров Аричбек (Аринбек),

1922

Красноармеец,

386 сд, учебный батальон

Киргизская ССР, Ошская обл., Севетский р/н.Советским РВК, Ошской обл.24.07.1943г.13.08.1943г.п. Дегтярка, Свердловская обл.умер от болезниОшская обл., Советский р/н, Чалманский с/с, мать Шяева
2Насыркулов Атабай,

1912

Красноармеец,

стрелок,

1316 сп

Киргизская ССР, Ошская обл., Наукатский р/н, к/з «1 съезд»Новоукатский РВК, Ошской обл.17.02.1943г.03.08.1943г.п. Дегтярка, Свердловская обл.умер от болезниОшская обл., Наукатский р/н, к/з «1 съезд» Насыркулова А.
3Бадамшин Хатиб Гарифович,

1920

Лейтенант, командир взвода,

898 стрелковый полк

Киргизская ССР, г.Джалал-Абад, с. СузакКуршабским РВК, Киргизской ССР, Ошской обл., Куршабского р-на12.11.1941г., слепое осколочное ранение области правой лопатки10.02.1942г.г.Карпинск, Свердловская обл.Остеомиелит лопатки. Туберкулезный менингит.Киргизская ССР, г.Джалал-Абад, с.Сузак, Бадамшин Гариф Н.
4Коваленко Никита Ефимович, 1902Рядовой, красноармеец, стрелок,

1 гвардейская стрелковая дивизия

Киргизская ССР, Октябрьский р-н, рудник Когенган-КорусОктябрьским РВК13.05.1943г.20.06.1943

(23.06.1943)

г.Свердловск, Нацменское 2 км. Московского трактаСквозное пулевое ранение правой голени, заболевание острый гломерулонефритКиргизская ССР, Октябрьский р-н, рудник Когенган-Корус, кв. 12, корп. 62
5Малинев Иван Устинович, 1900Рядовой, стрелок,

96 гв сп

Киргизская АССР, Акчийский с/с, к. КурумаймакКировским РВК, Фрунзенской обл.09.09.1942г.05.11.1942г.

13.11.1942г.

г.Свердловск, Михайловское, (бывшее Лютеранское)Туберкулезный перитонитКиргизская АССР, Акчийский с/с, к. Курумаймак, Малинева Олга Гордеевна (жена)
6Дженалдиев (Джаналдиев) Асангаже (Асангожо), 1898Красноармеец, 199 ЗСП 31А Западного фронта,Киргизская ССР, Иссык-Кульская обл., Тюпский р-нПржевальским РВК30.05.1943г.18.08.1943г.Широкореченское кладбище (могила №37), На Широкореченском мемориале: Дженалдиев А.Слепое пулевое ранение правого бедра, подвертельный порез бедренной кости. Коксит. Послеоперационный шок (Экзартикуляция бедра)Киргизская ССР, Иссык-Кульская обл., Тюпский р-н, Аранский с/с, колхоз «Бирлик», Жена Дженалдиева Батыхан
7Лигостаев Василий Дмитриевич,

1920,

Награжден

Орденом Красной Звезды

Старший сержант, командир орудия отдельного артдивизиона, 72 морская стрелковая бригадаКиргизская ССР, г.ФрунзеФрунзенским ГВК22.03.1943г.03.05.1943г.Широкореченское кладбище (могила №17)Рак прямой кишки и мочевого пузыря с прорастанием в окружающие ткани. Резкое общее истощение.Киргизская АССР, г.Фрунзе, ул. Заводская, дом 27,

мать – Лигостаева М.И. КП Свердловской обл., с. 449

8Мирзахмедов (Мурзахмедов) Юлдаш (Юлдаша),

1911

Рядовой, 17 СБР 2 б-нКиргизская ССР, Огутская (Огунская) обл., Молотовский р-н, колхоз БизбулакМолотовский РВК26.04.1943г.06.06.1943г.Нацменское кладбище, 12.06.1943г.Железисто-плевральная форма туберкулеза. Серозно-гемморагический плевритАбжамалова Овальде (мать), Киргизская ССР, Огутская (Огунская) обл., Молотовский р-н, колхоз Бизбулак
9Эмирзаков Талимбай (Далимбай),

1912

Рядовой 118 ЗСПКиргизская ССР, Дишлеватская обл., Карванский р-н, с. Спановца, колхоз ШевченкоКарванским РВК26.12.1942г.03.03.1943г.Михайловское кладбище, 12.03.1943г.ПеллаграТашабаева Чуликат (жена) Киргизская ССР, Дишлеватская обл., Карванский р-н, с. Спанцова, колхоз Шевченко
10Исмайлов Фоджан,

1917

Рядовой, 9 СП 3 ГСД 6-й ГСК 2 УА Воронежского фронтаКичкелинский р-н Фрунзенской области Киргизской ССРРынелажацкий РВК02.03.1943г.Киргизская ССР, Фрунзенская обл., Кичкелинский р-н, Колхоз Джанежал, отец Исмайлов Д.